1916,  Билге

Кыргыздын Кытайга качканы

Белек Солтоноев

Кыргыз Тарыхы. Китеп II

Биркулак, Каракол, Нарын арасындагы куралданган мужуктар жана буларга жардамга келген Алматы баштыгынын аскери көрүнгөн кыргызды тыялбады. Нарын, Каракол, Кочкор кыргыздарына каршы Алматы, Пишкек аскери баралбады. Ыбырайым Төлө уулу 200 бардеңке түшүргөн соң аскер барууга аракет кылса да, Боомдун жолун тоскон атаке сарбагыштан өтө албады, Кайсы күнү (20-августта) атаке сарбагыш бел-белдеги кароолчуларын алып, капчыгайды тоспостон жеринен үркүп, көлдүн аягы менен күн жүрүш шагына өткөн соң Каракол, Нарынга аскер өтө башташты. Орунбур, Ташкенден, Пишкекти басып жана Ферганадан Көгартты ашып, миңдеген биримдүү ас-кер келип, мындагы куралданган мужуктар менен бирлешип жана калган жолбашчы алып, көл айланасы жана Кочкор, Нарын, Жумгалга чабуул койду. Кыргыздар найза, союл, айбалта, эң эле көп болсо, 600гө жетпеген бардеңке, беш-он милтелүү кош ооз менен жабдыктанган. Жана согуш илимин билбегендиктен пулемет, замбирек менен жабдыктанган миңдеген аскерге туруштук бере албай, каршы турса да тыкат кылалбай жана жакын баралбай качты.

Аскер жана куралданган мужуктар соңунан түшүп, колго тийгенди жаш бала, катын-кыз дебестен кырды. Мал-мүлкүн талады. Тоодо, ар кайсы коңулда, карагай, чөлдө, мал-мүлкү менен жашынгандарды аңтарып, уулап жүрүп таап алып, башын кырып, мал-мүлкүн олжолоду. Кыргыздын тоого карагай-черге, талаага, орого таштап кеткен, мүмкүн жетирме кылган эгинин издеп жүрүп мужук жана казактар таап алды. Дүнүйө издеп оро экен деп бейит ачкандар да көп болду. Атаке сарбагыштан бир канчалык түтүн тынай элине тийиштүү Коңурчок деген жерде мал-мүлкү менен бекинип жатса, мужуктар таап алып, 70 эр бүлөсүн алып кетип, Тайгак менен Жел Аргы ортосундагы жолдун адындагы кызыл коргонго айдап кирип, баарысын мылтыктап өлтүргөн. Бул 70 кишинин ичинде жантай кыргызынан кедей Жайыл Коңурбаев болгон.

Каракол уездинен Сыртта Чаар Кудук деген жерде туз алганы келген 33 кишини (артык тукуму) Писковдун аскери отуз бирин өлтүрүп, экөөн Караколго алып келген. Анын бири атактуу манасчы Саякбай Каралаев болгон. Каракол уездинен Туюк Ат жайлоосунун жанында коңулда жашынып жаткан 15 үйлүү кишини мужуктар Барскоонго айдап келип, баарынын эшек тарамышын кыркып, денесине мык кагып, кыйнап өл-түргөн. Өлүктөрдү өрттөп жиберген. Бириндеп өлтүрүлгөнгө эсеп жетпейт.

Текеске качкан эл

Жогоруда кыдырбаштык арык тукуму көтөрүлүшкө кошулбай Кытайга качканын көрдүк. Көлдөгү саяк, бугунун жартысы Текеске качкан. Көлдөн 27, 28, 29-августтарда жалпы кеткен, жалгыз Актескейдин көчүгүндө Улакол элинен саяктан Жийдебай ажы ичинде 300 чамалуу түтүн калган. Эл качып бара жатканда арттан бирин-серин көчкө жетип баралбай жаткандарды мужуктар өлтүргөн.

Эл жапырт чектеги Музарт суусунун боюна барганда артынан 500-600 казак-орус жетип, алдындагы кырдай тосуп турган кыргызды замбирек менен эки мертебе аткан. Кыргыздын жартысы жана Стамбул түрктөрүнөн Самыбек баштык, төрт-беш түрк (Чубар Агач Капалдан качып келе жатып, Кулжага келип, Мусабаев деген уйгурга жолугуп, андан жабдык алып, кыргыздын көтөрүлүшүнө кошулуу ниети менен келип, качкан кыргыздын алдынан чыгып) менен биригип, казак-орустарды тосуп, тоо башынан ашканда казак-орустар кыргызды каптабастан токтоп калган. Казак-орусту тегеректеп урушалы десе түрктөр көнбөгөн.

Кыргыздар Музарттын суусуна жакын калганда, кечке маал тамак бышырып жатканда казак-орус келе жатат деген кабарды угуп, тамак-ашка карабастан, күн батарда жапырт барып, кечүү жок жерден кечкенде нечен бала, катын-кыз сууга агып кеткен. Суудан өткөн кыргыздардын алдынан кара калмак тосуп, көчтү өткөзбөй талаган. Катын-кыз, мал-мүлктү ала баштаганда кыргыздар калмак менен согушкан. Калмактар чыдай албай бир нече кишиси өлгөндөн кийин качкан. 60-70 кыз-келин түшүп кеткен. Кыргыздын көбү түн катып көчүп олтуруп, таң атканда Агиязга жеткен.

Калмактар бириндеген кыргыздарды талап турганда мурунку Текеске барып, Кытайга букара болуп турган. Кыргыздар келгенде калмактар талаганын койгон. Саяктардан Ырысалы Талканбай уулу орус менен. Кытайдын чегинде Нарынколдо көч алды болуп жалгыз көчүп бара жатканда кашында эки бойго жеткен карындашы, катыны жана айырмачта бир баласын ээрчитип келе жатса, он чактуу калмак келип бир карындашын ала качканда Ырысаалы эки калмакты жыга чаап, карындашын куткарып алган. Ырысаалынын жалгыздыгын билген соң калмактар кеч курун камай баштаган. Качырып келе жаткан калмактын биринин башын жара атып өлтүргөн. Калмактар атышып жаралуу болгондо Ырысаалы менин шайманым кетти, кайта көчкө чапкыла дегенде, бир карындашы көчкө карай чапкан. Көчтү көрө салып калмактар өлүгүн алып качкан.

Көч келгенде. Ырысаалы өлгөн. Кыргыздын алдынан дагы Кытай аскери өткөрбөскө чектен тосуп, бир тарапта калмактар талап, артынан казак-орус камап, жатып калганда алыстан качып арып-арып барган бугу-саяк, ачкалыкка дуушар болуп, чыдай албастан жашынып, уурданып, Кытай жерине качып өткөн. Кытайга баргандар мал-мүлкүнөн ажырап, тамак алып ичишке расходу түгөнүп калып, кыздарын уйгурга, дунганга, калмакка сата баштады. Дунган экен деп билбестен, кытайга саткан да болду. Кытайга бырышка чектен өтө албай калган кыргыз кайта көчүп, Музартта жатып, же Кытайга, же Россияга жете албай камалып ачкадан, сууктан өлгөндөрү көп болду (2 миңге жакын киши өлгөн). Кайта көлгө качып келгенди мужуктар өлтүргөн. Итке тала-тын да өлтүргөн дагы болгон.

Турпанга качкан эл

Жогоруда 20-августта атаке сарбагыш элдери Чоң Кеминден качып, 9-сентябрде Бедел ашкан деп айтылды эле. Кара Сазга барганда Тоң элинен Ысакалы Алматаев кайтадан көлгө түшкүлө же Кара-Сазга жата бергиле. Орус менен урушабыз дегенде атаке сарбагыш болбостон көчүп жөнөгөн.

Элдин артына карабай көчүп кетиштиң бир себеби: Ыбырайым түшүргөн мылтыктан ар айылга бир мылтыктан бергиле, ушул бардаңкени айылдан чогулган кедейлер обожо кылып, аскер менен урушалы десе, Шабдановдор, Ыбырайым жана башка манаптар бардаңкени бербеген дагы, мурунтан кызмат кылып келе жаткан өздөрүнүн жигиттери жана жылкычыларына бөлүп берген.

Ысакалы токто десе болбостон көчкөн үчүн болорго керек, атаке сарбагыштан, өсүк уругунан нарындык тынымсейиттер он жылкы уурдап кеткен соң артынан барып ажыраткан. 9-сентябрда 80 чамалуу киши Беделди ашып, кечинде Көгүрүмдү аша турган кең жылгага жакындадык. Биз көчтөн мурун баралы деген максатыбыз биринчиден жерин чалуу, экинчиден кытайдын улугуна сүйлөшүү эле. Беделди ашканыбызда белде жана орто кароолдо Кытайдын кароолчусу жок экен. Ооздогу кашаттын башында карыган бир кытай кароолчу бар экен. 10-сентябрда ал кытайга аз-маз акча берип өттүк. Бизден мурун сарбагыш кыргызынан эч ашпаган. Бугу, саяктан ашкандары бар экен.

10-сентябрде көч Беделди ашып конуптур. 11-сентябрде биз Жаман-Суудагы бир черикке түштөнүп жатсак, Турпандагы Абналдан жигит келип: «Сиздерди Абнал чакырды» деп, эт жеген соң, мени, Балыкчы Боронбаевди, Токтосопу Сарбозовду алып барып, Турпандагы чериктин болушуна кондурду.

Эртең менен Балыкчы Боронбаев базарга кетип, Токтосопу менен мени, жигити менен болуш Абналдын канцелярине алып барды. Канцелярди «жамыл» дейт экен. Биз эшиктен киргенде кызыл барансуз менен эшигин каптаган үйдүн алдына чоң бети жайык 40 чамасында бир кытай чыга келди. Артынан 15 чамалуу кытайдын улуктары ээрчип чыкты. Бизди кулдук ургун деп жүгүнттү. Бир уйгурду чакырып алып тилмеч кылды. Ошондо астына келген кытай: «Силер ким болосуңар, мында эмне үчүн келдиңер?» — деп добушун катуу чыгарып сурады. Мен: «Биз кыргыз деген элбиз, орустун букарасы элек, орус өкмөтү мурун жерибизди алды эле, эми эр-бүлөңөр кызматка, солдатка барасыңар деди. Биз барбайбыз дедик, улуктары камап, өлтүрө баштаган соң биз чыдай албай көтөрүлдүк. Начар букара болгонубуз үчүн жабдыктуу аскер бизди басып, өзүбүздү аёосуз кырып, мал-мүлкүбүздү талап алгандыктан жанды куткармакка Кытай мамлекети, сиздерге баш пааналап, жериңизге турууга уруксат сурап, тиленип келдик», — дегенде баягы чоң кытай (кийин сурасак ал Аксуунун Дотайы жандыралысы экен) биз орус падышасы менен элбиз, силерди мында келтирбейбиз, — деди.

Ошондо менден мурун жанымдагы жолдошум Токтосопу: «Катын-бала, эл-журт ачкадан кырылып бара жатат, мал арыгынан өлүп жатат, тоо суук болду, казак-орус элдин арты-нан кууп кырып келе жатат, бизге ырайым кылыңыз, жериңизге өтүшкө уруксат кылыңыз» — дегенде өздөрүнчө бир аз сүйлөшө калып:

«Андай болсо тоо арасында тургула, калаага топурап келбегиле, мында орустун Кашкардагы консулу тарабынан коюлган аксакалдары бар, аларга көрүнүп калсаңар кармап алат, баягы күнү Нурмамбет Чекиров деген кыргызды кармап кетти», — деди. «Биз, ыраазыбыз, жакшы болуңуз», — деп кулдук уруп турдук эле, алар өтүнө басты, бизди кайткыла деди. Биз дагы кулдук уруп жөнөдүк. Кайтадан Жаман Суудагы жолдошторубузга келсек үч-төрт кишиден башкасы кытай кармайт экен деп качып кетиптир. Ушул күнү 12-сентябрда кайта келип Беделдин оозуна кондук.

13-сентябрда Беделдин орто капчыгайында конуп жаткан айылыбызга келдик. 14 –сентябрда ооздогу кароолго көчүп келсек, баягы карыган кытай көчтү өт-көрбөс болду. Акча, кой берели десек өткөрмөк болду эле, чирик кыргызынан милтелүү мылтыктары бар беш-алты жигит жана бир абышка өткөрбөйбүз деп көчтү токтотту. Акча, мал берели десек, «сайдын ташындай алтын-күмүш берсеңер да өткөрбөйбүз» деди. Ошондо күч менен өттүк демек чериктер атабыз деп жулкунду. Аталбады.

Көчкөн эл өткөн соң, Чериктерге азоолак теңге бердик. 15-сентябрда Беделдин оозуңа чыга конуп, 16-сентябрда минген аттарыбыз, унааларыбыз жүрбөй жетелеп араң дегенде Сапар-байга жетип кондук. Ушул 16-сентябрда Беделдин белин тосмокко бара жаткан жүз чамалуу кытайдын чериги жолукту, Биздин көчтөн (атаке, сарбагыштан алдыда көчүп бара жаткан биз элек) мал, бул алган жок. Биздин артыбыздан ашкан элден белден өткөрбөйм деп жатып канчалык айгыр, ат тартуу алган экен. Ал тартуу менен токтоп калбастан, аскери мал-мүлктү, жууркан, таза кийим жана башкаларды талап алган. Жакшы камчы болсо дагы алган, эгерде сураганын бербесеңер кайтадан Россиянын жерине сүрүп таштайбыз дегенде эл коркконунан сураганын бүткүл берген. Кыскасы, көзү көргөндү койбой алган. Казак-орус жана мужуктар артынан кубалап, жакын калып, алдынан кытай өткөрбөй, талаганын ук-кандан соң, бир далай эл Тянь Шань тоолорунун ары жакы, берки жакы капчыгайларга жашынып калган.

Элдин көпчүлүгү Бедел эмес, башка майда ашуулардан жашынып ашып түшкөн. Кашкардагы консулдун койгон аксакалдары кармап алат деген сөз менен кыргыздын баш кишилери калаага көп кирбестен, тоо арасында болду. Болсо да жаман кийим-кийинип, аттарын буруп, жашырып жүрдү. Орус жеринен арып, ачка болуп канчалык ашуу ашып, канчалык суулар кечип, суукка тоңуп, күндүз-түн тыным жок кенен уктабай качып барган эл ичер-жерине тамак жок, кийер кийим жок, арыктап калган малын арзан баага, ичерлигине сатты. Делбе чөп жеп малдын көбү делбеден өлдү. Көпчүлүгү малайлыкка жалданды. Бозо салып сатып, ала кийиз, шырдак, жууркандарын ээр токумдарын сатты. Үй-мүлкүн сатып болгондон кийин катын-кыздын мончок-шуру, сөйкө, билерик, шакек, чолпу сатылды. Кичине эркек балдарын сатуучулар болду.

Акырында дунганга, уйгурга кыздарын сата баштады. Тоодогу, таладагы кыштактарды аралап, нан үчүн сенделип жүргөндөр көбөйдү. Турпан шаары четте болуп, элдин көпчүлүгү анда барып, шаарды кымбатчылык басты. Ошол себептен кайсы жерде эгин арзан десе, эл ошол жерге барабыз деп, балдарын көтөрүшүп, жөөлөп-жалаңдап жөнөштү. Аксуу, Аксы, Бай, Куча, Шайа Бөгүр, Карашарга жете кетти. Марал Башыга келип, Артышка барып, андан Кашкарга кирди. Андан өтүп Жаркентти, Аксуу, Турпан, Куча малга жай болбогон үчүн оокаттуу кыргыздар көчө-көчө Бай шарына барып, андан айдак чыгып, көп дегенден көбү жылдыз ашып, Күнөзгө кетти. Оокатсыз кедейлер тентип кетти. Оокаттуу кишилерди ортодон кара-жат чыгарып баккыла десе, кулагына илбестен өз малын ала качты.

Ачкалыктын себеби, жакшы кийими, төшөнчү жок болгондуктан элге келте, котур, чечек каптады. Оорудан өлгөн элдин эсеби белгисиз. Эң кеп болду. Кыргыздын боз балдары чыдап туралбай, уйгурларды талап-уурдай баштады. Бул маселе улугуна билинип калган соң, «кыргызды айда» деген буйрук чыкты. Элдин тынчы кетип бир жерге туралбай кыштын шартылдаган суугунда «кайсы кыштак-тагы сарт жакшы экен» деп ар кайсы кыштакка барып сыйынып турду. Ушул чакта Котон шаарында оба (чума) бар деп уктук.

Кыштын толук чагында Каралодон Бычков баштаган жүз казах, орус Бедел ашып келип, Турпандагы Кытайдын айылына «кыргыздын бузук баштаган баш кишилерин кармап бериңиз» дегенде Анбал мен кыргызды тааныбаймын, өзүң калаадан таанып кармап ал, калаадагы бектерге кармап бер дегенде Бычков Турпандан киши кармай баштаган. Малай Көбөнтаев деген кыргыз казак-орустун колуна түшүп, аны кам-чылап сабап туруп кутулган. Казак-орустар Аксууга келип киши кармаган (Мен Аксууну кыштап калдым эле. Түн ичинде качып чыктым) кезде Шабдандын балдарын катуу издеп табалбаган себеп, Шабдандын балдары Турпанга жаңыдан киргенде анжиандык ак-сакал Абдыкадыр кармайбыз деп келгенде, алар карматпай ушул бойдой көчүп олтуруп, байдын тоосу Карабакка кыштаган. Бычков 70-80 кишини кармап алып, Беделдин белинин алдындагы кароолго барып конгондо эл жаткан кезде Балыкчы Боронбаев эшикке даарат ушатууга чыгамын деп кошо барган солдатты таш менен жыга коюп качканда калган солдаттар артынан кубалап бири кеткенде аны дагы жыга муш-тап качып бара жатканда жарга жыгылып калып, казак-орустар кармап келип кылычтап өлтүргөн. Калган кыргыздарды Бычков алып барып Караколдогу набактыга салдырган.

Бычков келип элден 70-80 кишини кармаганда эл коркуп, көбү Бай, Күч, Луп, Шаяга кеткен. Тоонун ичиндеги туюк черге бекинген. Пишпек, Нарындан качып барган кыргыздар — аяк менен сарбагыш өтө начар болду. Мал-мүлкү чак келбегенде башын саткан ушулар болду. Жакын кирден качкан себептен жана апийими барлыгынан бугу кыргызы артыкча демдүү болду. Бугунун алсызыраагы тынымсейит уругунан учурады. Көбүнчө сарбагыштар бир түндө 70-80 чакырым жерден мал уурдап келип турду. Топтогон төөлөрдү айдап келип, үстүнө алачык тигип коё салып, артынан ээлери келген-де төө көргөнүбүз жок, канакей таап алгын дегендерге айылды көрсөткөндө ээси алачыкта кайдан төө болсун деп айылдын тегерегин карап кайта кеткен. Кээ бир чакта уйгур менен кытайдан кыргыздар өлтүрүп да койду. Кыргыздын мындай тынчтык бербегенин кытай үлгү билип, бир жерге тургузбай ары-бери ай-дап турду.

Кытай мусулмандарынын улугуна, бектерине союш берип, көчпөй турганы да болду. Кыргыз өз ичара баланча уруу, каракчы деп кытай улуктарына жамандап бирин-бири чагымдап тургандары болду. Маселен, сарбагыш ууру деп бугу айтса, бугу ууру деп сарбагыш айтты. Аныгында тынымсейиттен башка бугулар уурулукка катышкан жок.

Кытайдан элдин кайтканы

Нарын, Жумгал, Көлдөгү көтөрүлүш

Чүй боюндагы көтөрүлүш

1916-жылындагы Кыргыз көтөрүлүшү