1916,  Билге

Нарын, Жумгал, Көлдөгү көтөрүлүш

Белек Солтоноев

Кыргыз Тарыхы. Китеп II

Жумгалдагы көтөрүлүш

Көл айланасы Кочкор, Нарындын баш-аягынан жана Чүйдүн көкүрөгүнөн көтөрүлүш чыгып кызып калган кезде, августтун 15-18 чамаларында Жумгалдагы саяктар Жумгалдын аягындагы Ак Чийдеги орустун кыштагын талкалап, мал-мүлкүн талап, катын-балдарын аёосуз өлтүргөн. Өлүктөрүн кыштактагы кудукка салган. Жумгалды сурап турган Меншиков дегенди өлтүрүп, анын бооз катынын багып туруп, кийин аскер келгенде анын башчысына тапшырган. Кочкордо Канаат жеңилгенде Көкүмбай качып келип, миң чамалуу түтүн менен үркүп көчүп, күндөп-түндөп жүрүп, Турпандын башы Какшаалга түшкөн. Жумгалдын аягындагы Кудай-берген Мырзабек, Түркмөн жана Биялга караштуу эл көтөрүлүшкө кошулбастан, тынч турган. Бирок, Курман Лепес уулу көтөрүлүшкө аралашса да, Мырзабек менен астыртан кабарлашып, көтөрүлүштүн жайынан Пишкектеги улуктарга билдирип турган. Көп элдин айтууна караганда Курман көтөрүлүшкө коркконунан амалы жок аралашты дейт. Себеби, Курмандын элинин айланасы бүткүл көтөрүлгөн. Маселен, күн чыгышында Кочкордогу эл жалпы көтөрүлгөн. Күн батышында Көкүмбайдын эли бүт көтөрүлгөн. Түн жагындагы кочкордук жана Чүйдөгү эл көтөрүлгөн. Нарын жагы (күн жүрүш) болсо сарбагыштар көтөрүлүш кылган.

Солтодогу көтөрүлүш Августтун 10-числосу чамасында Нурмамбет, Ысык Ата элдери көтөрүлүп, Сын Таш кыштагын талаган. Малын алып, калган бал-челектерин кыйраткан. Катын-бала аралаш беш орус өлгөн. Гущин деген Пишкектик бай орусту ылдыйкы Көк Кыяда Корчунун балдарынан Алооке өлтүргөн. Мындан кийин эл Көп Бейиттеги орус кыштагына чогулуп кеңеш кылып, ушундан баштап тыңдап кол курап, Канааттын Токмоктогу аскерине кошулган. Канаат келип бир кулакты камаганда, Жусуп Абыке уулу (Бөлөкбай солтосу) элден бөлүнө орусту жалгыз качырып бара жатканда окко учкан Нурмамбет, Ысык Ата, шамшы, бурана, тынай элдери жалпы Кочкорго түшүп, Канаат жеңилип калганда баарысы кайтадан Ысык Ата, Аламүдүн аша Чүйдөгү жерине келген.

Ысык Атаны ашып келген элден бир далай түтүн тоого бекинип жатканда Пишкекте уездге жигит болуп жүргөн Төлөмүш таз жана Сарпбай деген солто аскерин тоого баштап барып, айылдагы катын-баладан силердин эркек бүлөңөр кайда кеткен, айткыла, өлүм жок, тийбейбиз дегенде, катын-бала ишенип, тоого жашынгандарды айтып берген. Алардын баарысын чогултуп алып келип, Кош Булак деген жерге кырган. Баарысы 150 киши өлгөн. Ошол тууралу Ысык Ата, нурмамбет элдеринде ырдалып калган ыр:

Төлөмүш менен Сарыпбай,

Эл жыйнады талыкпай.

Казак-орус башчысы,

Айдап кел деп айкырды

Төлөмүш деп чакырды,

Мындан башка беш калмак деген жети үйлүү киши Кегетинин күн батышы Очор деген башы туюк, оозун эч ким аңтарбай турган тар жылгада бекинип жатып, талаадан эгин алып, оокат кылып жүргөндө бир күнү кечке жакын талаадан жылганы көздөп чыгып бара жаткан бир кишини алыстан орустар байкап көрүп, түн боюнча камынышып тоого чыгып, күн чыгарда туш-тушунан камап алып, жечи үйлүү кишини бүтүн кырган. Мындан башка да бирин-бири өлтүрүлгөн киши көп болгон.

Солдатка барбайбыз, кызматчы бербейбиз деп кедей-дыйкан, орто чарбалар бузулуп турганда сокулук элинен кытай уругунан Эгемберди Сарык уулу кедейлер бирлешип, Сокулукка бээ союп, көтөрүлүш чыгарууга сөз байлашкан. Жамансарт эли тоодогу бал-челекчи орус Алёшканы бир баласы менен өлтүргөн соң Ак Суунун приставы 9 солдат менен барганда төбөй уругунан Ырыскул деген кедей качырып, буларды кайта кубалаган. Экинчиде 50 солдат эл болобуз деп алдап, кыргыздын жабдыгын алган. Тоодон айдап келип, 100 кишини Ак Сууга түнөтүп, жол чубай эртесинде 60 кишини өлтүргөн.

Эгемберди Сарык уулун жолдо же Пишпекте өлтүрүлгөнү маалим эмес. Жолдо келе жатканда киши качып кутулган. Калган 25 кишинин Пишкекке айдап келип, Алматы жолундагы Кара Жыгачка айдап барып өлтүргөн. Тоодон экинчи күнү актык кагаз алабыз деп участковой Гривановский келгенде бир далай кишини орус, кыргыз, өзбек балталап өлтүргөн. Анын эртеси Енчин деген стражникти баш кылып 60 орусту жабдыктан, тоого жиберип, бекинип жүргөн кыргыздын катын-балдарын издетип жүрүп нечен күнү кырып өлтүргөн.

Ырысбек Осмонбек уулу, Сарбагыш Мыктыбек уулу, Айылчы Татыбек уулу, Бектай Чолпонкул уулу, Алымбек Дыйканбай уулу, Жантай Кененсары уулу Николайдын тилегин тилеп, көтөрүлүшкө чыккан кыргыздан көп адамды өлтүргөн. Өзбектин балдары да Николайдын тилегин тилеп турган. Мааке уулу деген бир уруу айылдан 31 жан өлтүрүлгөн. Кара Балтада Сатай кыштагынан 14 киши өлтүрүлгөн.

Өтөгөн кыштагынан 160 киши өлтүрүлгөн. Талды Булак кыштагынан 144 киши өлтүрүлгөн. Жана да 308 кишини кара мужиктер жана анын катындары Ак Суудагы короого камап алып, айры менен сайгылап, орок-балта менен жана таш менен жанчып өлтүргөн. Мындан башка жаман сарт элинен 150 чамалуу киши өлтүрүлгөн. Тоодо-талаада бирин-серин жүргөн кыргыздарды өлтүрүп турган 10-20дан жабдыктанган мужуктар жыйылышып бир , айга жете кыргыздарды өлтүрүп, мал-мүлктү, жууркан-төшөктү талап турган. Тоодон талаага көчүп келе жаткан бир бала жигитти мужуктар атып өлтүргөндө, анын энеси бир орусту алкымынан алып, муштагылап жатканда аны да атып өлтүргөн. Жаш колуктусу мен күйөөмдөн калып не боломун деп жерден таш ала бир мужукту уруп калганда аны да өлтүрүп, мал-мүлкүн бүт талап алган. Өлгөн кишинин эсеби 700 чамалуу болуп, өлтүрүштүн аягы Хашкенден Кропаткин келгенде гана токтогон. Кропаткин бул жердеги ишти токтотуп, орустарга мылтык берип жабдып, Ысык-Көлдүн айланасы менен Чүйдө, Кочкор, Жумгал Атбашы Нарынга турсун деп буйрук кылып кеткен.

Кропаткин кеткенден соң өлүм токтосо да мужуктар чогулуп келип кыргызда акым бар деп Өктөбүр өзгөрүшүнө чейин мал төлөтүп алганы калбаган. Олуя Атага караган Ашмара, Чалдыбардагы эки болуш солто көтөрүлүшкө катышпай тынч турган. Күн батыш жагындагы меркилик казактар чогулуп, Ак Көз дегенди кан көтөрүп жатса, аны угуп Меркинин приставы барганда казактар пристав менен атышып, пристав Меркиге качкан. Казактар Меркинин жанындагы Кузьминка деген кыштакты өрттөп, зымды кыркып, көпүрөнү бузуп, эки-үч арабада кетип бараткан орусту өлтүрүшкөн. Булардын көтөрүлүшү 7-8 күндөн кийин басылган.

Нарындагы көтөрүлүш

Тогуз-Тородогу эл бузулуп, Атайке кыштагын талап алгандан соң, Көгарттан көп аскер ашып келген. Бул аскерге саяк элинен Калпа Келдибек уулу союш, отун-суу берип үй тиккен. Бул аскер Нарын суусунун күн жүрүш жагынан туруп, күн жагындагы чогулган элди замбиректеп аткылаган. Мындан соң, көтөрүлүш жасаган эл ичинде чолук болуп Турпанга качкан. Шатен элинен Касымаалы Мамбеткан ичинде 200 түтүн уруш салбастан, мал-мүлкү менен аман-эсен Кашкар бетине качып түшкөн. Каш-кардын Чоң Багыштын жеринде турганда артынан эсенгулдун Манай казы Чокойов киши жиберип «силерге өлүм жок» деп кайтадан көчүрүп алган. Касымаалынын бир баласы, бир жолдошу менен Нарындын участковою Ковалев чакыртып алып, набактыга камап коюп, бир нече күндөн кийин үчөөн дарга тарткан. Кайта келген 200 түтүндөн чыгым болдук жеп, көп мал-мүлкүн алган. Токтооку деген 50 түтүн бир урук айылдан миңге жакын кой жана канчалык айгыр, ат алган.

Субан элинин (Нарын) жартысы, ажы эли, бүткүл Он Арча (тынымсейит. Бүтүн шаркыратма, моңолдор) элинен бир канча көтөрүлүш кылып, бирин-серин орус бекеттерин талап алып, Нарынды бир нече күнү камап, маңдай жакы жактан аткылап турганда Нарындагы аскер ок жаадырганда кыргызда мылтык жок болгондуктан качышкан. Булар Чүйдөн качкан элди аралашып, мал-мүлкүнөн ажыраба-стан, көбү Какшаал менен Турпанга көчүшкөн.

Ысык-көлдөгү көтөрүлүш

Көл айланасындагы бугу-саяктын боз балдары көбүнчө орто чарба кедейлери солдаттыкка барбайбыз, жиберебиз деген болуш-бийлерди өлтүрөбүз, Николайга каршы уруш чыгарабыз деген имиш сез угулуп калып, Караколдун уезди кол алдындагы кызматчы кишилерди, болуштарды 1-августта чакырып алып: «кызматкер бересиңерби» деп жооп сураганда, баары бир ооздон «беребиз» деген.

Өздөрүнчө жашырын сүйлөшүп, көтөрүлүш жасоого сөздөрүн токтоткон. Башка Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал жана Чүй боюндагы кыргыздар менен кабарлашып, пикир алышып турмакчы болгон. Тескейдеги кыргыздан Ысагалы — Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгалдагы эл менен кабарлашып турмак. Күңгөйдөгү турган саяк кыргызынан Талканбай, Чуй боюндагы кыргыз менен Шабдандын балдары аркылуу кабарлашып турмак. Талканбайдын аларга берген убадасы мындай болгон: «Эгерде Чуй боюндагы кыргыздан көтөрүлүш болсо, күңгөйдөгү орус кыштактарына өрт коймок. Бул өрттү көрүп, тескей кыргызы бүт-күл көтөрүлмөк. Эгерде көтөрүлүш тоо арасындагы элден чыккан болсо, Ысагалы башчы кыргыздар тескейдеги орус кыштактарына өрт коймок. Өрттү көрүп күңгөйдөгү жана Көл башындагы эл көтөрүлмөк. 1-августта Караколдогу аскердин бардыгы 20 казак-орус болгон.

7-августта бапа кыргыздары Беделдин белин тосуп, пост болуп турган он солдатты өлтүрүп, жабдыгын алган. 8-августта Тоңдогу саяктар жер ченегич эки орусту өлтүргөн. Ушул 8-августтун түнүндө Карой-Саройдогу саяктар көтөрүлүп, тегерегиндеги орус кыштактарына өрт койгон. Колго түшкөн орустун көбүн өлтүргөн.

9-августта эртең менен күңгөй-тескей кел айланасындагы бугу, саяк жапырт көтөрүлүп, оруска чабуул кылган. Өлтүргөн, талаган, өрт коюп, жыгачка аскан. Ушул күнү бугу, саяктан Такабай Байсоорунду камап, орустар казыналык бакка камалган. 11-августта Кыдырбай Сары уулу урушка катышпастан, Көл башындагы бир болуш эл менен Кытайга көчүп кеткен.

8-августта Караколдон 20 казак-орус түн катып жүрүп Байсоорунга келгенде, анын айланасындагы, бүткүл мужук качып келип, Байсоорунга тыгылган экен. Келген казак-орустар аларды бүткүл катын-баласы менен Караколго алып кетишкен. 12-августта Түп калаасында бугу, саяк биригип уруш кылып, кызык уруш чагында бугудан Ырыскелди Берик уулу өлгөндө, эл кайта качкан. Күңгөйдөгү кыштактарды талкалап жүргөндө бакаш саягынан Бокош орусту качырып кирип, ок тийип өлгөн.

17-18-августтарда Чоктал, Чолпоната, Аксуу кыргыздары көлдүн башын көздөп көчүп бара жатканда алдынан Кара Баткактан жарактанган 300 орус чыгып, катын-бала болуп 600 киши өлгөн. Эң соңунда жалгыз атышып, бугу кыргызынан токой уулу уругунан Султанбек орусту токтоткон. Тескейде 9-11-августта жете Кальновка, Гоголевка (Барскоон), Тарткан кыштактарын жеңип алып, бүлөсүн колго түшүргөн, көбүн өлтүргөн.

11-августтан баштап, 3 миң киши Кызыл Сууну каптаган. Кызыл Суу менен Караколдун ортосундагы орустар калып Караколго келген. 13-августтун түнүндө Караколдон Кысан деген ногой 40 аскер менен келип, камалган кыргызды чиркөөнүн төбөсүнө» атып турган. Кыргыздар Кызыл Сууну каптаганда орустун тосуп койгон тосмосунан өтө албай көп кыргыз өлгөн. Ушул түнү Кысан мужуктарды Караколго көчүрүп кеткен. 15-августта кыдык, саяк, бапа, желдең, жети өгүз кыргыздан куралган 5000 киши. Караколго бет алып келип Ырдыкта туруп, саяк Батыркан Ырайымбек уулун кан шайлаган.

Мылтыксыз кыргызды Кысан Ибраимов, Касым Ниязов жана дагы бир топ ногойлор 60 солдат менен келип, кыргызды качырып Кызыл Суунун белине жете кубалаган. Кыргыздан 50 чамалуу киши өлүп, аскери тараган.

17-августта бапа, желдең кыргыздарынан түзүлгөн 300 киши Орто Жаргылчакта 60 аскерге кабылып, Аскерден 12 киши өлүп качканда аларды Караколго чейин кубалап барган. Өлүктөрүн таштабастан ала кеткен. Мында абдан кайратты көрсөткөн желден, уругунан Берикбай болгон.

20-августта бапа, желден, кыдыктан 1000 жигит Ак Терек деген жерде ичтен келген 300 аскерге учурады, үч күн атышып, орус аскеринен төрт киши өлгөн, кыргыздар аман калган, 25-августта солдаттар тоо жагынан курчаганда, кыргыз качкан, катын-бала, малы менен көчүп, Барскоонду үч миң түтүн өрдөгөн. Артынан 300 солдат кубалап, 100 солдат бузук салганда Болпоң Шадыкан башчы үч киши, үч бардеңке менен көчтүн артында солдаттарды тоскон, Күң батарда Болпоңдун бутуна ок тийип, жолдошу кайтадан атка мингизип жүрүп, ашууну ашалбай жаткан элге жеткен.

Көл кыргызынын беттешип, урушуунун эң соңу ушул. Мындан кийин Кытайды аша башташкан. 27-августта тескейде Кырчын деген жерде качып көчүп бара жатканда саяк, чиркей уругунан 40-50 чамалуу түтүндө катын-баласы менен 300 аскер кырып таштаган.

Кытайдан элдин кайтканы

Кыргыздын Кытайга качканы

Чүй боюндагы көтөрүлүш

1916-жылындагы Кыргыз көтөрүлүшү