1916,  Билге

Чүй боюндагы көтөрүлүш

Белек Солтоноев

Кыргыз Тарыхы. Китеп II

Абды Ажынын сөзүн уккан соң, Коңурда жаткан атеке эли, жетиген, кыпчактар жана эстебестин айылындагы кедейлер-дыйкандар Самсоновка казак-орус-тарынын жайлоодо жаткан малын түн боюнча талап алып, бирин-серин жүргөн малай орустарды өлтүрүп, Кичи Кеминдеги элге кабар берген.

6 августта эртең менен Кичи Кеминдеги кедейлерден Болоткан баштык болуп, ар кайсы бал челекчи орустарды өлтүрүп, малын-үйүн талап, талкалаган. Самсоновкага келе жаткан жыйырма-отуз чамалуу жабдыктуу жай орустарды кыргыз кайтадан Самсоновка кыштагына айдап кирген.

Каройдогу Васильев партиясынын Алышчы орустарынан, Самсоновканы бет ала арабачан качып келе жаткан орустардан кыргыздар бир орусту найза менен сайып жарадар кылганда орустар көп нерсесин арабадан таштап, жеңилденип качып, атыша-атыша Самсоновкага кирип кеткен. Ушул күнү сарбагыш элинин абыла уругуна дыйкан-кедейлер Желаргы менен Тайгак бекеттери, жана кара жол менен Бишкекке карап айдап бара жаткан казыналык көп (60-70) аттарды талап алга 6-августта Жунуш Сасыке уулу Кичи Кеминди түн боюнча талап, бал челегин кыйратып, кемпир-чал, жаш балдарын өлтүрүп, кээ бир кыз-келиндерди өлтүрбөстөн пленге алды деп айтты.

Чоң Кеминдеги кишилердин айтканы-берген кабары: кыштакка тийбестен, чекене орустардын тамдарын Араззоот, Кардоонду талкалап, катын, жаш балдарын өлтүрүп, кээ бирлерин пленге алды деди, жана чөп чаап, мал багып жүргөн орустарды кары-жашына карабастан өлтүрдү деди.

7-августта атаке сарбагыш эли Чоң Кеминдеги орустан малын талап алып, тоодо жана талаада жүргөн бирин-серин, мал баккан эгинчи батырак орустарды өлтүргөн. Жол Булактагы Кардоон менен Аразоот тун калганын талап алган. Мен ушул күнү мойнумдагы Николайдын знагын үзүп ыргытып жиберип, жанымдагы печатын таштап жана концеляр кагаздарын сууга салып, кедей-дыйкан, букарага кошулуп, көтөрүлүшкө кошулдум. Бирок пристав аскери менен келип, Жел Арык, Бөрүбайдагы көтөрүлгөн кыргызды кубалаптыр, эми Чоң Кеминге келип, бузукту басат экен деген сөздү угуп, кокустан келип калса билдирбегеним үчүн мени аттырып жиберет экен деп заявление жазып, Баялы деген жигитти жибердим. Ал кайтадан келбеди. Аны Ак Бекет, быстровкалык крестьяндар тарабынан өлтүрүлгөнү кийин маалим болду. Карыган киши жиберели десек, мени эмне кылмак эле деп кайраттанып, болбостон жүрүп кетти. Билдирүүмө себеп болгон ахвалдар төмөнкү:

1) Казактан көтөрүлүш чыкты. Кабар угулар замат кыргыздар орустардын катын-кыз, жаш баласына, кедей, абышка, кемпир, малчыларына ырайым кылбастан өлтүрө баштады. Кедейлерин дагы өлтүрдү-Биздин урушарыбыз кыз-катын, жаш бала, абышка кемпир, кедей эмес десем, сен оруска боору ооруйсуң, өзүн, чокундук оруссуң деп мени өлтүрмөкчү, урмакчы болду дагы, ырайымсыздыгын андан бетер күчөттү. Приставка билдирилди деген сөздү эл угуп, кемпир, чал, катын-кызды, жаш балдарды, кедейлерди өлтүрүүдөн тыйылар бекен деп кыялыма келди.

2) Узун кулак кабардан казак басылып калыптыр деген кабар болду. Эгерде басылганы ырас болсо, балким кыргыз да басылып калса, көтөрүлүш жөнүндө эмне үчүн кабар бербедиң, деп мени атып жиберет ко деген ой мага келди.

3) Көтөрүлүш болгон чакта Исамудин Шабдан уулу Пишкекте болгон үчүн анын Чоң Кеминдеги агайындары эгерде бузукту биз чыгарып коюп, кокустан Исамудин келбей калса (Исамудин 9-августта келген) аны улук өлтүрөт деп ойлоп, Чоң Кеминдеги сарбагыш эли Исамудин келгенче кыштакка талоон койбостон токтоп турган. Бул окуя мага чоң коркунуч болду.

4) Бүтүн кыргыздын көпчүлүгү көтөрүлүшкө катыштыбы, жокпу, бизге билинбеди. Ал себептен, эгерде биз эл алды болуп бузук чыгарган болсок, кокустан журт текши көтөрүлбөй калса 40-50 түтүн аюке уругун атаке сарбагыш эли улукка көрсөтүп, баарыбызды кырдырат деп айыл арасынан ыргылжың сөздөр чыкты. Көтөрүлүш чыгаргандар мурункудай катын-кыз, жаш бала, кемпир-чалды, мал баккан малайды аябастан өлтүрдү. Бай-манаптар сулуу кыз келинди пленге алды.

Мен бул жерде дагы жана Кытайга барганда дагы плендердин спискасын бүткүл атеке сарбагыштан жыйып жүрүп, Кытайдан кайта келгенде 1917-жылы Октябрь айында Кытайдан баш жыюу комиссиясынан башчы комиссар Тынысбаевге колмо-кол тапшырдым. 7—8-августта Желпилдекте турган сарбагыш элинин дыйкан-кедейлери, тынай элиндеги кембагалдар баш кошуп, Талды Булак (Орловка) кыштагын талаган. Ушул күнү Токмок приставы Байгулов келип, кашын-да жыйырма солдаты бар Бөрүбайдагы Малай Кебентай уулу баштык кылган кембагалдар менен атышып, кыргыз качып кетип, тоого чыгып баруу кыйын болуп, Байгулов кечке жакын Самсоновкага кеткен.

Токмоктогу орустар калаадагы кыргызды өлтүрө баштаган. Ушул күнү атаке сарбагыштан 400 киши Самсоновканы камап турганда Ысмайыл Далбай уулуна тийген. 9- августта атаке сарбагыш эли шашкеде Шабдандын мечитине чогулуп, кеңеш кылып, ак боз бээ союп, Мөкүш Шабдан уулун хан көтөргөн. Мен бул кеңеште болбодум.

Эл орусту каптап келе жатканда саат бир чамасын-Чоң Кеминдин суусундагы Ново-Россейский кыштагынын көпүрөсүнө жеттим. Мөкүштү кан көтөргөн соң токтоткон кеңеш: ар кайсы айылдагы аскерликке чогулган кишилерге (жигитке) өз айлындагы кайраттуу кишилер башчы болсун, тамагына талкан, нан, сүзмө, курут алсын. Конгон жеринде талоондон түш-көн малдан союп жесин деп сөздү токтотуп, жалпы баары атка минип, туу кармашып, Ысмайыл ажы баштаган молдолор болуп Теңир колдосун деп түш ченде Чоң Кемин кыштагына көпүрө жагынан миң чамалуу киши чабуул койду.

Дүкөнчү орус жигит Соловянов (атасы ушул сапар кыргыздан өлгөн) алдыбыздан чыгып, «биз урушпайбыз» дегенде көптүн ай-туу боюнча Кемел Шабдан уулу жана мен төмөнкүдөй кат жаздык: «Эгерде жабдыгыңыздарды берсеңиздер аман-эсен узатып жиберебиз, эки сааттан калбастан жообун бергиле», — деп Кемел Шабдан уулу. Белек Солтоной уулу кол койгон, Бул орус кеткен соң журт мындайча кеңеш кылды: эгерде жабдыгын берсе, түтүнгө бир араба, бир аты менен аман-эсен Ак Бекетке чейин узатып коймокко, узатып барууга милдетти Кемел менен Белектин мойнуна такты.

Эки саатта жооп келбеди жана да бир аз күтүп турду. Орус жактан киши көрүнбөгөн соң, жооп бербес болгон экен деп чабуул койду, Калмырза деген өзбектин дүкөнүнө барып чогулуп, орустар алдын араба менен тосуп алган, каптаган кыргыздын алдынан качырып барган кедей Төлөмүшкө ок тийип эки күндөн соң өлдү. Болсун жана Бөтөй деген катындар баш болуп, 10 чакты катын «жаныңарды аябай жакшы урушкула», деп кыштактын жанына келип турду. Көтөрүлүш жасаган кыргыздардын бети ачык болуп, орустар катын-баласы менен камалып жатып, мылтыктап турду.

Кыргыздын көбү үйлөрдү талап, нерселерин алып, чиркөө менен тамдарын өрттөдү. Бакчага, короого жашынып калган катын-кыз баланы талап, аларды өлтүрдү. Ушул күнү кыргыздын колуна түшкөн бир катын, эки кызды (узун мурут дүкөнчүнүн катын-кыздары) мен сурап алып, айылыма эки күн багып, аман-эсен түн ичинде кыштагына жиберттим. Колго түшкөн катын-кыз баланын кээ бирлерин өлтүрдү. Кеминдин кыштагында өрт күйүп жатканда Кичи Кеминден Акмат Сасык уулу келип, Кичи Кеминдик орусту талап, билгенин кылып жатат. Бирок, казак бүткүл баш кишилерин карматып, уруша албас-тан качты. Жана тынчып калды деди. Мен кабар айтканы келдим эле, атаке сарбагыш элине бүт айттым деди. Муну уккан соң кеңешип, Алматы казагынан бизге жардам болбойт экен. Жол ачык болуп, бизге Алматыдан аскер келе берет экен деп, бел-белди тосмокко 200 чамалуу жигитти жибердик. Атаке сарбагыштагы жабдыкты эсептесек, он чакты бардаңке, беш-он колго октогон октору болуп, ар кайсы жерде чачкында болгон. 10-августта Чоң Кемин кыштагын тегеректеп тургула деп, 200 чамалуу жигит таштап, кедей-дыйкандар алардын ичинен Мөкүш болуп, 300 жигит Самсоновкага кетти. Мен барбастан, кечинде айылды тоонун бек жерине кондурмакка. Көк Ойрокко көчтүм. 9—10-августта Пишпек уезди Рамшиевич 40 чамалуу солдат жана Кара Булак казагынан Касен башчы 50-60 киши келип, Самсоновканын күн батышынан атаке эли менен атышып турганда аларды каптап калган 60-70 кедейдин туура арыкка туюк талып калганда кыргыздан беш киши өлгөн.

Ичинде Жетиген дегендин баласы болгон. Кедейлерди Болоткан жетип, найза менен Рамшеевичти саярда айна ок тийип, жөө калып, солдаттар кылычтап өлтүрүп кеткен. Өздөрү Рамшеевичти коргоп, Самсоновкага жөнөгөн. 11-августта Самсоновканын жанында Рамшеевич Байкулов, казак-орустар жана солдат полициялар болуп 100 чамалуу киши менен Мөкүш баш-тап, 500чө киши атаке сарбагыш эли (бир эсепте 600 киши) беттешип, кыргызда мылтык жок болуп, айбалта, чолу баш, найза менен качырганда аюке уругунун кедейи Бөкөй Курманкожо уулу жана башкаларынан 2-3 киши өлгөн.

Бир нече киши жарадар болгон. Окко чыдай албастан, «кыргыз Боролдойду көздөп кеткен. Мөкүш Кичи Кеминге ашып түшкөн күнү жол менен Боролдойду бет алып бара-жатканда казак-орустар жолдун боюндагы бактуу дувалды тешип алып көрүнбөй туруп, элди аткылаганда окко чыдай албай дувалдагы орусту качыра албай, талаага качкан. Мөкүш жана туу алган киши качпастан, бастырып жүрүп олтурган. Туунун бетине нечен ок тийип, канчалык жерин тешкен.

Казак-орустун Көк-Жондо жеңилгени

Мен жана агайыным 50 түтүн чамалуу жоо арасында турмак үчүн Көк Ойрокко 10-августта көчүп, 11-августта кайтадан келе жатсак Карагайлуу Булактын ички далаасындагы элге кабар бермекке алдыбыздан Ыбрайым Мөкүштүн жигити чаап келип: «Ыбрайым Көтмалдыдан көп мылтык, ок түшүрдү, аскер бөлүп алды», — деди. Муну уккан соң , кубанып, катуулай жүрүп Үч Булактын оозунда калган үйүнө келип конуп, тамак бышырып жеп, эртесинде аттанып, Кашка Жолдун күн батыш бетине келип 30 чамалуу киши карап турсак, эл быт-чыт болуш Чоң Кеминди бет алып көчүп калган экен. Төмөндө түшүп келгенибизде, алдыбыздан атаке элинин калың көчү жолукту Андан өтүп, Кичи Кемиңдин далаасына келип, Кийик Сарыга жакындаганда Самсоновка казак-орусунан талап алган миң койду айдап бара жаткан Оторбай Кудайменде уулу жолукту дагы айтты; «Аскер көбүрөөк келип шашып көчүп калдык, төмөндөп барба, оруска капталып каласың», — дегенде Көк Жонго чыгалы деп Кийиксарынын күн батыш жакы каптал жолго түшүп, кырчага чыкканыбызда жылга-жылга менен качып Көк-Жонду бет алыс калган экен.. Ойдогу талаада кандуу арыктын орто коолорун, аскердин келе жатканын көрдүм, төшкө жакын жерде 2 жан-тайдан Жанек, Ыбрайым, Абдылда келе жатыптыр.

Анда-санда кайрылып кубалап келе жаткан казак-орустарды аткылап келе жаткан экен. Бизге жете келди. Бир аздан соң бир жүз чамалуу атчан аскер Үч Эмчектин Кичи Кемин жакы бийик капталга келгенде баары аттан түшүп, аттарын жетелеп басты. Атчаны 3-4 киши болду. Булардын жөөлөп кечигип калганы-нан биз пайдаланып, мурун жонго- чыктык. Эгерде казак-орус тезирээк жүрсө эң алдыда биз ченде 300 чамалуу кишини колго түшүрөт эле. Биз Кашка Жолдун үстү, бийик чокучанын Жол Булак жакы бетине барганыбызда бир чакырым жерден казак-орустарды аткылап жакыныраак жеттик. Бир киши өлдү. Жантай деген кедейдин атына ок тийип калды эле Жума качкын уулу учкаштыра качты. Султан Далбек уулу «кайта качырбасак кырылабыз» деп бура тартып бакырып турганда ок тийип жаралуу болуп качты.

Байсал Кедей уулуна ок тийип өлдү. 200 чамалуу киши элек, бири-бирибизге карабастан качтык. Көбүнүн аты жүралбай жетелеп калды. Менин атым семизден жүрбөй калганда таштап жөө качууга жоор атымды кыя албай артта калганымда агабыздын баласы кайрылып келип алдына мингизди.

Атымды коштой качтык. Алдыбызда көчүп бара жаткан эл көчүн таштап, көбү катын-баласына карабай качкан экен. Бир жаш келин жөө калыптыр. «Мени ала кеткиле» деп жалынганда Алике Алымбек уулу учкаштыра качты. Биз Кашка Жолдун белине барганда баякы ордо чокудан казак-орус ашып чыкты, Бир далай кечигип калды эле, бизди кууп келе жатканда көчкөн көчкө капталып, жетиген Абыл 16-17 катын-бала, кыз-келин өлүп, ошол жерге буйдалып калган экен. Биз Кашка Жолдун белине 40-50 киши ан-дан-мындан кошулуп турганда казак-орустар түз өң жер болгон үчүн кылычын сууруп ала аткылады. Эл-дин көбү жондой жана Чоң-Кеминдин талаасын карай түшө качты. Мен дагы талааны көздөй качтым. Казак-орус Кашка Жолдун белине жакындап келгенде сарбагыш элинин жантай уругунан (калмак), эки ыстарчын элден 70 чамалуу кедейлер найза менен качырганда 2 киши өлүп, бир нече киши жана аттар жаралуу болгон; казак-орустар түшө калып жапырт мылтыктаганда чыдай албастан качкан, Ушул чакта Кичи Кеминдин Кашка Жол жакы бетине оодарылып кеткен Ыбрайым Төлө уулу элдин тоо тоодо качып бара жатканын жана Көк Жондо каптап келе жаткан казак-орустарды көрүп, кайта тезинен келип, казак-орустар Кашка Жолдун белине жакын калганда алардан мурун келип, Чоң Кемин жакы жолдун күн батыш жакы бийик дөбөдө жашынып туруп калган, Казак-орустар кашаттын башына чыгып, Кашка Жолдун белине жакын алдыңкы коого кирээрде Ыбрайымдын баласы Ажымүдүн жана эки жакын иниси атканда 2-3 казак орус аттан кулаган. Казак орустар жапырт аттан түшүп атышкан. Атыш түштө башталган, Кашка Жол менен төмөнкү чатта бир жолдошум менен качып бара жатсам, кайрылып караганда белден кыргыздар тосуп атып калсаң экен. Ошол кезде: «Ыбрайым атышып орусту токтотту», — деп бир. Жигит чаап келди. Жолдошум менен кайтадан кайтып бара жатсам Кашка Жолдун Жолбулак жакы кырчадан 30 чамалуу казак-орус кылычтарын сууруп ала Чоң Кеминди көздөй чаап калды. Алдынан үч кыргыз чү коюп келип, кыраңчадагы майда кой ташка жашынып туруп окту төгүп жибергенде казак-орустардын кайта качканын көрдүм. Келсем 5-6 казак орус 4 ат жыгылган экен. Октор баарынын башына тийген. Атышкан уч киши: Нурдин Искендеров, Жакып Боромбаев жана Абдыракман Надырбеков деген, барысында жаңы бардеңке болгон. Жаңы мылтыкты кайдан алдыңар — десем: «Ыбрайым түшүргөн бардеңке эмеспи», — деди. Алардан өтө Кашка Жолдун белине келсем кырк чамалуу бардеңкечен жигиттер далдага жашынып казак-орусту аткылап жаткан экен. Ыбрайым кара топучан ак бешмантын шымданып 40 кишиге ок таратып берип мындай ат, андай ат деп атчан бастырып турган экен. Ок аткан жигиттердин артынан аттарын кармап, жөө түшүп турган элдин болжолу 360 чамалуу киши, эки жактын атышы күн батарда токтолду. Ушул кезде карыган чал Кара уста Чоро уулу «жоо качты» деп дөбөдөн кайта кыйкырып келди. Чуу коюп келсек казак-орус качкан экен. Бир нече өлүк калыптыр. Атышкан жери орулбаган бийик арпа экен.

Барыда уйпаланып кызыл ала болуп кеткен экен. Арпаны аралап жүрсөк жарадар болуп чени бар бала төрө жаткан экен, наган менен атаарда наганды жулуп алып, өзүн өлтүрдү. Наганды Ыбрайым Төлө уулу алды. Кылычты Байаке Шадыкан уулу алды. Жанын аңтарсак бир кагаз чыкты, окуп көрсөк жандаралы Вольбаумдун колу коюлган буйрук экен.

Сөзү бул: «Көтөрүлүш чыгарган кыргызды, көбүнчө атаке сарбагыш элине шапкат кылбагыла» деген, «Восставшим киргизам — особенности атаке-сарбагишевцам пощады не давать».

Күн батканда эл чогуусу менен Жолбулактын белине жакын жердеги таш башатка келип конду, сүзмө курут, бышырган эт жеп жерге жатышты. Күң ачык болду. Ушул күнү Көк Жондо уруш болордон мурун Самсоновкадан Кичи Кеминди бет алып келе жаткан алты казак орусту атаке элинин кедейлери атышып, кайта Самсоновкага кубалаган. Жолбулакты бет алган отузчалык аскери Жолбулактын Боролдой жакы оозунан элди таратып, көбү качып Кеминге түшүп, артынан Мөкүн менен Малай атышып, бир аз токтотуп анан качкан. Аскер Жолбулак ашып, оозуна жакындаганда алдынан Ысамүдүн чаап келип, ташка жашынып туруп атышкан; ок тийип бир кедей өлгөн Аскер Жолбулактын оозуңдагы коргонго кирип, тешип алып атышкан. Буларды түн боюнча камап, атышы көбүн өлтүргөн. Азы качып кутулган. Ошондо колго түшкөн бир аскерди өлтүрбөй Кемел Шабданов багып туруп, кийин качарда аман-эсен өз атын берип жиберген.

Ыбрайымдын мылтык көтөрүлүшү

Бай-манаптын балдарын мында калтырып, анын ордуна кедей балдарын жиберишке уезд жана башка улуктар менен кеңешмекке кеткен Ысамүдүн Шабдан уулу, атаке-сарбагыш элдери бузук салыптыр деген кабарды Пишкектен угуп чыкканы жатканда 8-9-августта Пишкектен жөнөткөн кызыл жылкы байлаган казыналык арабадагы жана алып бара жаткан 7-8 солдаттын жокторун көрүп, элден «бул эмне» деп сураса «ок-дары экен, Караколго барат» деген. Ысамүдүндү улукка чакырып алып «Элиң бузук салыптыр» дегенде «Мен аны тезинен барып токтотомун» деген. Ысамүдүн келип шашып, кээ бир жолдошуна карабастан качып чыккан. Тезинен жолдо келе жатып Ыбрайымга жигит чаптырып айткан; «Бир нече кызыл желек байлаган мылтык, ок-дары салып, бир топ солдат кетип бара жатат. Ошону ылажы кылып түшүрүп алсын дегенде, Ыбрайым тосо чыгып Боомдун капчыгайынан көрүп, арабадан мурун жетип, Көтмалдыдагы эски бекеттен тосуп туруп, атын далдага бир жигитке карматып коюшкан. Араба тарткан атты жана бир нече солдатты жыга атканда солдаттар арабаны таштап качкан. Арабадагы бүткүл жабдыкты колго түшүргөн кезде жартысын аңдып турган арык тукумунун кыргыздары талап алган. Жартысын Ыбрайым баштаган чогултуп келген кедей-дыйкандар талап алган. Араба тарткан жамшик татар бала жигит колго түшүп, кыргыз менен бирге Турпанга барып кайткан.

Көк Жондун урушунан соң атаке сарбагышы эки башка жакка барбастан Чоң Кемин кыштагын күн-түнү камап турду. Күңгөйдөгү саяк кыргызынан Рысалы Такамбай уулу келип, көл айланасында болгон көтөрүлүштү айтып бир даңк алып кетти. Шамшы элинен Төрөмбек келип, качпастан согушалы деп элине жиберди. Токмок, Пишкектеги болуп жаткан аңгемеден кабар бермекке келем деп кайта кетти. Башка байланышары болуп, Акыра ашып жүргөндүктөн казактан барып кабар алып кел деп эл мени жиберди.

16—17-августта жайык элине Алике Алымбек уулу жана кедейден Төлө Жөкө уулу барып келди. Күндүз түн бирдей Көк Жонду, Кашка Жол, Кара Кыя, Жолголотту кайтарып турду. Боом менен Токмокко кетип бара жаткан Нарын учасковою Ковалевту атаке сарбагыш элинен Чоткара Чагатайов ичинде 12 кедей атышып колго түшүрө албаган. Ковалев бала чагында Өзбек Бошкой уулунун багуу менен жетилип, кийин окушка кирип, Пишкекке председатель болуп турган. Андан Нарынга учасковой начальник болуп бекилген.

Токмок, Биркулак, Кочкордо болгон көтөрүлүш

Тынайдан Дүр, Сооромбай мурунтан көтөрүлүш кылды деген кыргыздарга сөзүн кошуп келсе да көтөрүлүш чыккан кезде Токмокто болуп аны улуктар тышка чыгарбастан мейман туткун кылып турган. Дүрдүн улукка берген жообу:

«Менин 400—500 түтүнүм бар, башкаларынын эсебин алалбаймын» деп 400 түтүн урушпасын деп киши жиберип турган; калган тынай эли Шамшы, Бурана элдерине кошулуп көтөрүлүш чыгарган. Кызыл Суу Талдыбулактагы тынай эли сарбагыш элине кошулуп, Талдыбулак орусун жана башка жерди талап алган.

Келдик уругунан Төлө калын аскер Токмок уюгуна жалгыз ат коюп барып, найза менен сайарда аны жүзбашы дунган найза менен сайып өлтүргөн. арты-нан айбалтачан барган батыракты кошо өлтүргөн..

Шамшы элинен Мамбеталы, Мураталыны кошпой туруп, Кочкордон Канаат келгенде кошулган. Шамшы элинин Кубат уулу дал болгон болушу биз урушабыз деп катын-баласы менен 7—8 жан эски Токмоктогу орустун жанына келип конгондо мужуктар баарысын өлтүргөн. Токмоктогу мужуктар ичиндеги кыргызды катын-бала, кары чал дебестен кырган. Андагы чала казак Райымбекти баласы менен өлтүргөн. Кыргыздар тамдын төбөсүнө тааныш орус, дунган, өзүбек, ногойго корголоп туруп, түн ичинде качып чыккан.

Акбекет, Быстровкадан орустар айланасындагы кыргызды айдап келип, кырган. Августтун орто ченинде Токмоктон 40 чамада киши (дунган, өзүбек, ногой аралаш) Шамшынын. сайы Кара Чекендиге келип атышканда Шамшы, Бурала, Тынай жана Нурманбет элинен көп киши келип, элдин алдында шамшылык Эшпай атчан качырып бара жатканда атына ок тийген андан соң Кошой деген качырып кирип пулеметту атып турган солдатты өлтүрө сайган. Жана Сулайман Сасыкулов бирин өттүрө сайганда солдаттар мылтык, кылыч, нандарын таштап, Токмокко кире качкан. Масымкожонун атына ок тийип калганда эл токтоп калып, качкан орусту кубалай албай калган. Ушул кезде Кочкордон Канаат 30 киши менен келип, колун алып, Кеминге кайта кеткен.

21-22 августта Кочкордон Шамшы ашып Канаат башчы 400 киши келип шамшы, тынай, бурана, нурманбет эли чогулуп, Канаатты кан көтөргөндө эл келип Токмокту тегеректеген. Атаке сарбагышка барып, кайтадан келе жаткан ойуз баштык аскер чыгып келип, Бурананын төмөн аягы Масымкожонун мечитинин алды жагындагы кашатка Ажыбек замбирек орнотуп ата баштаган. Башта замбирек көрбөгөн эл чочуп кол салалбаган. Орустар замбирек менен атып туруп, кечке жакын Токмокко кеткен.

Жаныш эли казактан көп түтүн Токмоктун башынан кечип кыргызга кошулмакка көчүп бара жатканда мужук менен солдаттар алдынан чыгып катын-бала дебестен көп кишини өлтүрүп, мал-мүлкүн талап алган.

Канаатты кан көтөргөн эл чогулуп, Канаат ичин-де болуп 2000 киши августтун аягында (Бир Кулак орусун талаган. Бир Кулактын суу жагы ачык калып атышкан, кечке жуук кыргыздар каптаганда сууну кече качканы бөлүнүп, жаш балдарынан сууга кеткен. Орустан 4—5 киши, кыргыздан 7—8 киши өлгөн. Ушул талоондо. Канааттын аскеринде бардаңке, башы милтелүү мылтык барысы 40тан ашпаган. Атаке сарбагыш эли үркүп кеткен соң Алматыдан, Пишкектен аскер келе баштаганда нурмамбет эли, жаныш казагынан бир азы бурана, шамшы, тынай элдери үркүп Кочкорго түшкөн.

Кочкордон Байдалы деген инисин, ичинде 300 кишини жана кайтадан Токмокко жибергенде 27—28-сентябрда Шамшынын күн-батыш жакы чыканагы Эки Алча, Алмалуу деген жерде жабдыктанган орустарга капталып калып, 50—б0ка жакын кишини кырган, калганы качып кеткен.

Жогоруда Кара Коодон Ковалевдон качып кеткени айтылды эле. 25—26-сентябрда Нарындан отуз чамада арабалуу келе жаткан 30—40 аскери менен бир далай орустарды кууп келе жатабыз деп саяк Көкөмбайдын кишиси келип Канаатка кабар берген; Канаат Кочкорго чогулган асык, сарбагыш, солто, казактан 4000 чамалуу киши менен келип, Бөзбекеттин төмөн жагынан 50—60 мергенге (ичинде Атакан Тезекбай уулу бар) кара жолдун каршысындагы жоон арыктын суусунун жээгиндеги чийге жашынтып коюп жана кара жолдогу кичине көпүрөнү бузуп, эл артынан бийик кашаттан карап турган. Келе жаткан орустар көпүрөнү оңдоп жатканда чийдеги жаткандардан бери мылтык аткан орустар кашаттагы элди жапырт атканда качкан. Аны көрүп чийдеги мергендер дагы качкан. Орустар өлүгүн алып шашпастан Кара Коого кирип кеткен. Эл түн бою камап алабыз деп Кара Коого келип жатканда орустар тун катып жүрүп кеткен. Мындан соң Надырбек, борукчу, ниязбек сарбагыштары бириндеп Турпанга кача баштаган, 30-сентябрь чамасында Алматыдан келген 200 чамалуу Силенко баштык казак-орустар күндүз саат 11 чамасында Караколдун ойу, токойун башындагы Төрөгелди тукумунан Авазбектин тамына пулемет орнотуп, Канааттын 700 чамалуу аскерин ата баштаганда кыргыздар жапырт качкан.

Казак-орустар түшө калып, жапырт атканда кыргыздан бир нече киши окко учкан. Түш мезгилде кайта жапырылып калган. Жартысы токойго кирип, жартысы ортокко, жартысы Караколду деп алып кетип, калың көч алдына түшүп кач-канда артынан казак-орустар кубалап, ак белде жатып, катын-бала дебестен ийрип туруп ата берген, Булардын көбү казак болуп, кыргыздар тоо арасына чыга берген. Кыргыздар баш кошуп, түн боюнча жыйылабыз деп урушмак болгондо 700 жөө солдаты, 200 атчан казак-орусту Касымбек Баатайов менен Кудайберген Райымбеков баштап келе жатат деген кабарды алган соң жана атчан аскердин келгенин көрүп кыргыздар бет-бетинен качкан.

Каракоого аскер келгенде аны менен аскер атыш-кан. Келген аскер 200 чамалуу киши болуп, атыш беш күнгө созулуп бир-бирине чабуул кылалбаган. Ушул чакта Жумгалдан бир миң чамалуу киши келип, ичинде Көкөмбай баштык жана Байзактын балдарынан башка Караке чилтен Эшимбек жана Балбак болуп Канаатка кошулган.

Сентябрдын аягында эртең менен Кызарт жактан 200 чамалуу киши көрүнүп, аны кыргыздар биздин кол экен деп турганда алар келип кыргызды ата баштаган. Ошол чакта мурунку урушуп жаткан 200 аскер кыргызга чабуул койгон. Кыргыз эки аскердин ортосундагы аткан окко капталып, Канаат кылычтап айдаса да окко туруштук бере албай качкан. Кабарда Канаат найзачан, атчан качырып кирип, бир аскерди сайып, жеткирбей кайта качып кеткен. 200 аскер Алтын Булактан кайта көч Караколдон үркүп, казак-орустар көчкө жетип, катын-бала, кары жаштан Каракол, Бучук, Ак белдеги элдин кырылганы болжолу 1200 чамалуу жан болгон.

Бул кыргында солто, сарбагыш баарысы 6000 аша түтүн болгон. Тоо арасына барганда кыргыздар бүгүп туруп, көп жерде найза менен качырып, каптаган аскерди токтоткон. Ат көп өлгөн. Мал, мүлк аскердин колуна көп түшкөн. Аягы Талды Булак, башы Каракол, эки ортодо жаткан өлүктүн көптүгү эсепсиз болгон.

Өлгөндөр катын-бала болуп, эр-азаматтан аз өлгөн. 30 солдат менен бир төрө кууп келе жатканда болбой уругунан Токтоной, Көбөй дегендер тосуп туруп, төрө орусту өлтүргөндө калганы качып арткы аскерине кошулган Ак Белдин кырына солдат каптап келгенде Жукеш Төлөк уулу төөнү чапкылап атышып, эки солдатты жаралуу кылып, жантай уругунан Саспак деген бир жигит качырып барып бир солдатты жыга сайганда солдаттар кайта качкан. Эл тоо-тоого бекинип калган соң, Анжияндан Тогуз Торо басып аскер келген соң, кыргызга бүлүк салбастан тынчыткан; мындан соң аскер тарабынан кыргызды өлтүрүш болбогон.

Канаат канчалык жолдошу менен Кытайга качып бара жатып Жалак белге барганда элимди,катын-баламды өрткө таштап, өзүм жанымды ала качып барып оокат кылгандан өлгөнүм артык, не да болсо элимдин ичинде болоюн деп, кайта келип Кочкордун Баш Караколунда жаткан.

Бобров баштык 700 жөө, 200 атчан аскер 3-өктөбүрдө Караколго жетип калган. Элге тийбестен мал мүлктү алып, баш киши бересиңер, калганыңар мал болосуңар дегенде кыргыздар тынчып жай-жайына жатын калган.

Курманды бир баласы менен сурактан соң бошоткон. Ысак деген баласынын эки колун байлап дарга тартканы алып бара жатканда Ысак чыканагы менен жанындагы орусту түрткөн. Бабров: «Шайтан эмне түртөсүң?» — дегенде Ысак алдындагы дарга тартылган кишини көрсөтүп айткан: «Мен жашмын жана болушмун, дарга тартпаңыз, буйруган кызматыңды кылайын», — дегенде бир ногой солдат тилмеч болуп, сөзүн айткан. Ошондо Бобров Ысакка: «Канаатты кармап бересиңби?» — дегенде;

Ысак: «Кармап беремин», — деген.

Бобров Ысакты дарга бүтүм кылган кагазды кызыл сыя менен каршы-терши тартып өчүрүп, Ысактын колун чечтирип, жаткан жерине алып келип, чай берген. «Сен кокустан качып кетсең», — дегенде

Ысак: «Качпаймын», — деген. Андай болсо атаң кепилге алсын деп Курманга кепилге берген.

Ысактын жанына аскер кошомун дегенде болбостон аскерсиз өзүм барып кармаймын дегенде Бобров ынаган.

Ысак жигиттери менен Канаатты издеп жүрүп таба албай анын жигити, асык Сагымбекти Канаатты таап бергин өлтүрөмүн деп кыйнаганда Сагымбек айтып берген. Канаатты Жолколоттун ичинен табалбай калып, эртеңки шүүдүрүм менен изин кубалап барып Сууктан таап, Ысак болгон окуянын баарын рас жеринен айтып: «Мен сизди таап беремин деп атам. Курманды кепилге койуп келдим, барсаңыз сизди тирүү койот деп ойлобоймун, эгерде качсаңыз кошо качамын, атам Курман өлсө өлсүн», — дегенде Канаат баласы Карынбай менен кеңешип олтуруп барууга макул болгондо Ысак жабдыктарын талкалатып, Канаатты алып жүргөн.

Каракоого келгенде Бобров менен Силенконун Нарынга кеткенин угуп, Канаатты артынан алып. жүргөн. Нарынга жакын калганда Сагымбекти калтырып, Канаатты Бобров менен Силенкого Ысак тапшырган.

Канааттын Ысак деген баласын аскер кармап келип, Улаколдо Ак Терек деген жерде дарга тарткан. Жана башка канчалык киши тартылган.

Канаатты бир канча кишиге кошуп Пишкекке айдап барып, андан, Алматыга набактыга камаган. 1917-жылында Никелей тактан түшөрдүн алдында 57 жашында набакта жатып ооруп өлгөн. Сөөгүн кийин Кеңеш өкүмөтү орногондо алган, Канаат узун бойлуу, көп семиз эмес, толук, бети агыш, кандуураак , ээги узунураак, койкөз, чокчороок жээрде сакалы болгон. Өзү өкүм, сөзү ачык, мусулманча окуу, жазуу билген, сөзгө чечен, курч, кайраттуу киши болгон, 1904-жылы ажыга барган.

1860-жылы Канаат аскери менен келип Узунагачта жеңилип качканда туулган, ошол себептен атын Канаат койгон. Тынай элинен 500 түтүн Дүргө караштуубуз. Дүр оруста калды. Бизге орус залал кылбайт деп жана келсин деген. Дүрдүн кабары болгон соң, кайта жерине көчүп келгенде Дүргө караштуу элди башка бөлүп алып жана башка тынай элинен ээрчип келгендерди Кызыл Суудагы Егнат деген орус жана Кызыл Суу, Токмок, Покровка, Орловка орустары Көк Жарда 300 чамалуу катын-бала аралаш кыргыздарды өлтүргөн.

Шамшы, тынай, бурана кыргызы Жумгал, Нарын, Кочкорду кыштап калган. Канаат Кочкордо жеңилгенден баштап Курман Лепес уулу, Касымбек Баатай уулунун арааны жүрүп барып кыштап калган. Сарбагыш кыргыздарына зорлук көрсөтүп, мал-мүлкүн көп алган. Ондоп жакшы айгыр аттарын алган.

Жаныш элинин казактары кыштабастан кайта көчүп кеткен. Тынай, шамшы, бурана элдери Чүйгө кайта качып келгенде Токмок, Покровка, Биркулактагы мужуктар күн-түн тындырбастан Токмокко айдап, кыргызда баландай малым, акым калган деп элди айоосуз талаган. Үркүндөн, чапкындан чыккан, элдин калган-каткан мал-мүлкүн ала мужуктар аягына чыгып жарды кылып бүткөргөн соң, бул эл 1917-жылы жыл аягында ачарчылыкка дуушар болуп көбү өлгөн.

Атаке, сарбагыш элинин Кытайга качканы

20-августтун түнүндө Көк Жонго Балыкчы Боромбай уулу жана Султан Далбай уулу ичинде болуп, 100 киши кароолдо жатса, жүздөн ашык казак-орус жана канчалык менен ашып келип, кароочуларга көрүнбөстөн жолсуз жер менен тоодон өтүп, тан атаарда Чоң. Кеминдин кыштагына кирген. Бул кезде Кемин суусунун түп жагында Кичи Кеминде бир түтүн калбастан Чоң Кеминдин тескейине өткөн.

Чоң Кемин кыштагы менен белдерди тоскон кароолчулардан башка киши болбогон. Аскер болгон кыргыздар Калмак Ашуу менен Тарсуунун ортосу Мөкүшкө жакын жердеги алкым менен суу боюна конуп жаткан. Күн тоо башына тиелекте Чоң Кеминдеги камалып жаткан орустар жабдыкталып, Чолок-Кайыңдынын оозундагы элге каптап чыккан. Келген жүз чамалуу казак-орустар жана казактар Калмак Ашуунун оозундагы Кардоонго туруп, кыргызды бир аз аткылап, кыргыздар карагайга чыга бергенде артынан барбастан, Мөкүштүн айылын көздөп келе жатканда мен таңашырган тору атымды жаңыдан отко койдум эле. Кармайын десем атым казак-орусту карай качып, аны араң айылыбыздан бир бала кармап берди. Мен атка минип Мөкүштү издеп келе жатсам, артымдагы казак-орустар Калмак Ашуунун күн батыш жаккы жолдун алдындагы бир коргонго жамынып туруп атты. Мен Шабдандын коргонунун күн чыгыш жагына келсем, сайдын жарына жашынып туруп жантай уругу кедейлерден: Малай Көбөнтөй уулу, Малай Мырзаке уулу аткылап турган экен.

Булар атышып калган кезде кыргыздар качып, тоодогу карагайды пааналап кирди. Аскер карагайды аралап, тоого келе албастан жылганын оозундагы 17—18-августта казактан качып келген Туулак баштык кылган казактарды бир миң коюн колго түшүрдү. Бул миң кой мурунку күнү тоого кетмек болгондо жер үчүн туяк кат аламын деп сарбагыш элинин манабы Абдырахман Эстебес уулу токтотуп алган эле. Туяк кат албагын деп башка эл айтса да болбостон алган:

Андан казак-орустар Шабдандын мечитине барып, андагы жөлөнүп турган жантайдан калган тууну алган. Мечитти жана башка үйлөрдү өрттөгөн. Кайыңдыны каптап чыккан жарактуу мужуктар бир далай катын-баланы өлтүрүп, айылын талап, көп мал айдап, бүлүк түшүрүп кайткан. Атаке сарбагыш эли Тору Айгыр, Түз Ашуу, Үч-Кайыңды, Калмак Ашуу, Көрколду аша баары жапырт ушул 20-август күнү кечинде Көтмалдыны имерилип малдары менен Боз Бармактын Улакол жакы ою Ак Өлөңдөгү Алыштын алдына барып конгон. Атаке сарбагыш үркүп үстүнө барганын көрүп, андагы Семиз Бел эли арык тукуму кечинде жапырт андан көчүп жөнөгөн. Эртесинде баары көчүп, Улаколдун сазына барып конду. 21-августта күн ачык эле. 22-августта эл өрүү (өчүү)5 болуп Исамуддин Шабдан уулу унаам жок деп ар старчын айылдан экиден ат, бээ жыйып алды. 23-августта бир миң чамалуу түтүн кыш түшөлекте Кытай жерине өтөбүз деп кеңеш кылып, 24-августта көчүп Улакол менен Талдынын ашуусуна барып конду. Ушул күнү күн каар алып, тоо баштарына кар түшүп, суук болду. Көтмалдыдан жол тособуз деп 25-августта жабдыктанган 300 чамада киши Ак Өлөңгө келип жаттык. Күн ачык эле. 26-августта кайттык. Мен мурун көчкөн элдин артынан жүрүп, үйүмө 27-августта Каракужурдун башы, Жалак Бел аша Кара Саздын башына жете кондум. 28-инде өрүү болуп, 29-унда Кара Саздын аягына конуп, 30-августта Тоңго барып кондук.

Шабдандын балдары жана Төлө, Мамыт, Алагуш, Баяке, Далбай балдары, калган бүткүл манап баш болуп, миң чамадай түтүн бугу, саяк, сарбагыш менен канааттанышып туруп, орус менен урушабыз деп Улаколдун көл жагына токтоду. Буларга кошулабыз деп Тоңдон кайтадан Алике, Байымбет көчүп, калган элге кошулабыз деп кетти.

Нарындан орус алып, Казы Чокой уулунун жардамы боюнча Чылабай деген манап келип, Каракужурга көчүп бара жаткан атаке элинен Бектен менен Жетибай жана башкалардын айылын чаап алып кеткен. Нарындан Ковалев баш болуп 30 солдат келе жатканда Каракоого жакын жерден черикчи элинин жигиттери алдынан чыгып, алардан бөлүнө эки бала жигит атчан качырганда буларды атып өлтүргөн. Артындагы качырып келе жаткан эл токтоп калган. Ковалев качып Каракоого кирген.

Анда көп токтобостон үчүкө элин каптап чыгып келе жатканда арык тукуму кыргызынан Сагын баштык болуп 80 жигит, Көтмалдыда Ыбырайым түшүргөн бардаңкеден 30 мылтык алган экен. Орустан мурун көчкөн байдын коргонуна жетип, бакка жашынып туруп атышканда 2-3 солдат аттан жыгылып, калганы токтоп калган. Жыгылган солдаттардын өлүү-тирүүсү билинбеген. Солдаттар кайта Каракоого киргенде булар менен чүкө эли, арык тукуму жана атаке сарбагыштан мин чамалуу киши катышкан! Дувалга жашынып атышып турган таздар уругунан Сокубаш төрт солдатты атып өлтүргөн. Дувалдан башын чыгарып атмак болгондо орустар Сокубашты башын жара атып өлтүргөн.

Ковалев коргондо камалып жатып, коргондун эшигин бекитип коюп, төр жагын бузуп чыгып, таңга жакын качып кеткен. Кыргыз эртең менен кубалап, Ковалевге жетпей кайткан. Кочкордун аягындагы эл: Надырбек, борукчу, ниязбек бул уруштан мурун Тезекбай Түлкү уулу кан көтөргөн. Жумгалдагы саяк Көкүмбай Чыны уулун кан көтөргөн эле.

Илгери көчүп кеткен атаке сарбагыштан мин чамада түтүн 1-сентябрда Тоңдон көчүп, Жаман Эчкиге жетпей кондук. 2-сентябрда Жаман-Эчкинин аягына кондук. Күн бүркөк болду. 3-сентябрда Жаман Эчкинин оозуна кондук, кар жаады. 4-сентябрда Жаман Эчкини аша Тарагай жакы ичине кондук, күн ачык болду. 5-сентябрда Тарагайдын суусун кече күн чыгыш жаккы Боз Күдөргө кондук. Күн суук болду. 6-сентябрда Кара Сайдан өтүп, Чоң Тоонун алдына кондук. 7-сентябрда өрүү, болбостон, Ыштыкка кондук. Биздин айылдан үч төөнү тыным Сейиттен Соорумбек уулу уурдап каткан жеринен таап алдык. 8-сентябрда Келин Тайгакка кондук, күн ала бүркөө болуп, кийиктин кумалагын терип жактык. 9-нда Беделдин алды күн батыш жаккы боордогу кичине тектирчеге айылды кондуруп, Кытайга барып сүйлөшөбүз деп 80 чамалуу киши Беделди ашып барып, Орто Кароолдон өтүп, күн чыгышындагы көк жылгага кондук. Август 30 күн болбостон, 31 күн болсо керек эле. Кыскасы, Беделдин белин салт 9-сентябрде аштык.. Көч 10-да ашты. Бул менин дептеримде жазылганы.

Эл Кара Сайга барганда мал арыктап, өлө баштады. Көбүнчө урушка минген жакшы айгыр, аттар өлдү. Кишинин көбү жөө чубады. Бирине каралашпай, малсыз жөө калган кедейлерге жардам көрсөтпөдү. Жолдо көчтүн артынан жөө чубаган киши 20-30дан болуп жүрдү. Күн суук, отун жок болгондуктан аркар-кулжанын тезегин жакты. Эгерде күн жааган болсо, эл отундан өтө жүдөйт эле.

Беделдик түн жак учунда Келин Тайгактын оро-парасында эки-үч орустун өлүгү бар экен. Ал чек арадагы аскер окшойт. Аны бугу кыргыздары көтөрүлүш жаңыдан чыкканда өлтүргөн экен. Августтун аягында атаке сарбагыш элин Улакол саягы барлыгы 300 чамалуу киши болуп, Көтмалдыда 100 чамалуу казак-орус менен атышкан. Казак-орустар жайылып курчамак болгондо, Жийдебай Ажы башчы саяктар токтобостон качып кеткен. Ибраим Түлө уулу бийик жерден тосуп атышканда бир казак-оруска ок тийип токтоп калган. Анын өлгөн-өлбөгөнү маалым эмес. Түн ичинде Көтмалдыда көп, от чыкканын көрүп, 2-3 киши жашынып барып караса, көп арабада жүгү менен калын эл бар экен.

Чүйдөн Качып келе жаткан кыргызбы десе, орусча сүйлөгөнүнөн аскер экен деп кайта келип, алардын Караколго кайтып келе жаткандыгын көрүң, алдыбызды тороп калбасын деп күндөп-түндөп Турпанды көздөп качкан. Тоң Тозорго барганда кырк чамалуу казак-орус көчтү беттеп келе жатканда Ыбырайым баш болуп отуз чамалуу жигит казак-орус жакындаганча күтүп туруп, тосуп туруп аткан, Бир солдат жыгылып, калганы кайта качкан. Ушул аскерлер ушул күнү эртең менен абыла уругунан сарбагыш кыргызынан бир нече катын-баланы өлтүрүп, мал-мүлкүн талап алган.

Булар качып-келе жатканда артынан аскер кубалап, аны тар жерде алдынан тосо атышып, батрак абыла уругунан Кайырбай деген киши токтоткон. Эл артыбыздан аскер келип калат менен күндөп түндөп көчүп Беделге келгенде колдорунда кошо келе жаткан орустун катын-балдарынын кээ бирлерин өлтүргөн, кээ бирлерин тийбей коё берген. Анткен себеби: орусту көрсө Кытай чек арадан өткөрбөйт деген жалган ушак тараган. Көбүн Кытайга алып өткөн. Белде нечен күнү катуу бороон-шамал болуп, эл ашалбай, далай мал жана киши кырылган.

Мал ачкалыктан туурдук – үзүктү жеп жиберген. Отун табалбай жилик-сөөктү жагып, казанды кардын үстүнө тамак асып, бышырып, оокат кылган. Белде калган иттер мал, кишинин өлүгүн жеп кыштан чыгып, кайта ашканда элди кадим карышкырдай качырып талаган. Бедел, Көгүрүм, Кайчын ашкан эл кыйналбай ашып, бирок, алдынан чек арага келген Кытайдын чериктери малын, мүлкүн, таза кийимин алган, эл көп чыгым болгон. Апийим издеп таңылчакты чачып, анын ичинен жакшы нерсе чыкса алган. Бугу, саяк Үзөңгү Кууш ашып, Какшаалга түшкөн.

Кытайдын аскери талап алып өткөрсө да, Кытайга караган черик уругу кыргыздын көчүнүн алдын тосуп, өткөрбөйбүз деп жатып алган. Союш берели десе сайдын ташындай алтын-күмүш берсеңер да өткөрбөйбүз деген. Акыры кыргыздар туулдум — өлдүм, тутандым — көрдүм, сен түгүл орустан да корккон жокпуз деп, уруп – согуп жатып өтүшкөн. Кытай аскери 100 чамалуу черик Беделдин билип тосуп калган. Белдерде 5-10дон койгон чериктен кароолчулары болгон.

Кытайдан элдин кайтканы

Кыргыздын Кытайга качканы

Нарын, Жумгал, Көлдөгү көтөрүлүш

1916-жылындагы Кыргыз көтөрүлүшү