• 1916,  Билге

    Үркүн: Кытайда калган Боз-Дөң кыргыздары

    Макаланын автору, ШУАРдагы “Тил жана котормо” журналынын ​жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулу. Үркүндү билбеген кытайлык кыргыздар Кытайлык кыргыздардан Кыргызстанга каттоо кылып барса, ал жактагы боордоштордун биринчи суроосу «Үркүндө кеткенсиңерби?» деген болот. «Үркүн» аталмасына кулагы көнбөгөн кытайлык кыргыздарга, чынында, «Үркүндүн» жөн-жайын билгенче, бул суроо чың келип жүрдү. Мен Кыргызстанга эң көп каттаган киши катары да 20 жылдап Кыргызстандагы туугандарга ушул суроосунун жандырмагын айтып, «биз жергиликтүү кыргыздарданбыз, Үркүндү билбейбиз» деп келем. Чынында, мен сыңары ушул күндө, Кытайдагы 200 миң кыргыздын көп сандуусу жергиликтүү кыргыздар болгондуктан, Кыргызстанда болгон 1916-жылкы «Үркүндөн» толук маалыматтары жок. Эл ичинде, «кач-кач» болгон экен, «кач-качтан келген кыргыздар» деген айтым калган. Кыргызстан 1991-жылдан кийин басма сөздөрдө Үркүн…

  • 1916,  Билге

    1916: Казакстандагы көтөрүлүш жетекчилеринин бири – украин Афанасий Латута

    Тынчтыкбек Чоротегин 1916-жылкы Борбор Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандардын арасында славян тектүүлөр да болгон. Алардын бири – украин Афанасий Латута. 1916-жылкы Акмоло көтөрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы Кыргызстанда расмий белгиленди. Казакстанда бул окуяны коомдук демилгелерге таянып гана белгилешти. Тарыхта дурус маалым болгондой, Казакстандын Жети-Суу жана Торгой аймактарында 1916-жылы ири көтөрүлүш очоктору болгон. Көп айтылбаган үчүнчү ири очок – Акмоло облусун, анын ичинде Корголжун (Қорғалжын) талаасын да камтыган. Мында 1916-жылдын август (баш оона) айынан кыш айларына чейин оторчул орус армиясынын жазалоочу аскерлери менен салгылашуулар жана ар кыл кагылышуулар болуп турган. Сарбаздар (ыктыярдуу жоокерлер) топторун түзгөн казактар Корголжун, Карабулак, Коржинкөл, Эрментоо (казакча Ерейментау) жана…

  • 1916,  Билге

    Үркүнгө чейинки орусташтыруу саясаты

    Жети-Суу облусунун администрациясынын кызматкерлери. 1910-жыл. 1916-жылкы Улуу көтөрүлүш жана анын кайгылуу уландысы болгон Үркүн жөнүндө изилдөөлөр 1920-жылдардан бери келе жатат. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин макаласын сунуштайбыз. 1916-жылкы көтөрүлүштүн түпкү себеби Былтыркы “Тарых жана маданият жылында” ондогон жаңы пикирлер айтылды, азыр да жазылууда. Улуу көтөрүлүштүн себептери, башталышы, жүрүшү, жыйынтыктары жана анын тарыхый маанисин баалоо боюнча ондогон окумуштуулардын, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин баалуу илимий жыйынтыктары коомчулукка жеткирилип жаткандыгына карабай, кыргыз тарыхнаамасы бул илимий маселе боюнча жаңы бийиктиктеги методологиялык принциптерге толук өтүп бүтө электиги, талаш-тартышка түшкөн илимий суроолор дагы эле арбын экендиги тастыкталууда. Ал жөнүндө балтыр жаз айларында “Азаттык” үналгысынын интернет-сайтында “1916-жыл: суроосу арбын Улуу көтөрүлүш” деген макалада жаздык…