• 1916,  Билге

    Үркүн-100: Абдрахманов: Кыргыздарды тукум курут кылуу стратегиясы иштелип чыккан

    Коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов «Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө» аттуу эмгегинде улуттук-боштондук кыймылынын өбөлгөлөрүн, себептерин, жүрүшүн, натыйжаларын терең талдоодон өткөргөн. Көтөрүлүшкө улуттук-боштондук мүнөзүн берип, антиорустук кыймыл деп атаган.  Ошондой эле, ал 1916-жыл каргашалуу окуяларды мүнөздөгөн. «Фольбаум менен Куропаткин кыргыз калкынын тукумун курут (геноцид) кылыш үчүн стратегиялык план иштеп чыгышкан», — деп эң негизги эки мисалды келтирген. Көтөрүлүштүн көбөйүшүн алдын алуу Жети-Сууда көтөрүлүш башталаары менен эле анын бүт Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү Германия менен согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган. Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган облустагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген. Алардын 1105 атчан…

  • 1916,  Билге

    Үркүн: «Узак жолдогу» тарыхый чындык

    “Узак жолдун” автору Мукай Элебаев жубайы Бурулча менен. Бүгүнкү күндүн көзү менен караганда, тарыхый чыгарма болбогону менен, “Узак жолду” тарыхый чындыкты таасын сүрөттөгөн роман катары баалоого толук негиз бар. Романдагы тарыхый булактарга өтө жакын турган эпизоддор, окуялар буга айкын далил болуп берет. Эмесе “Узак жолдогу” баш каармандын басып өткөн турмушу менен, ал өзү күбө катары сүрөттөгөн окуяларды тарыхый документтердин негизинде карап көрөлү. Роман баш каармандын үй-бүлөсүнүн кыйын абалга туш келгенин сүрөттөө менен башталат. Көтөрүлүш алдында башкы каармандын энеси өлүм алдында жаткандыгы, атасы болсо чиедей ач балдарынын эртеңин ойлоп убайымга баткандыгы чыгармада турмуштун өзүндөгүдөй көз алдыга тартылат. Санаага чөккөн ата кезерип отурган балдарына өзөк жалгар бир нерсе таап келиш үчүн кап…

  • 1916,  Билге

    Кытайдан элдин кайтканы

    Карашаар, Луп, Кашкар, Жаркентке жете чачырап кеткен жана Кулжа өлкөсүндөгү качкындар падыша түшүп, урият болгонуна текши ишенип, азаттык болгонуна көздөрү жеткен соң ар кайсы кыштакка жана тоого чачыраган качкындар жыйылып, жол азыгын камдап, кытай, дунган, уйгурга берген кыздарынын көбүн уурдап алып кайта жөнөгөн. Жолдо келе жатканда көбү уурулукка кирген. Тянь Шань тоолорун жана Кызыл Кыя, Санташ ашып, сапырылып, күндөп-түндөп, эң азында 40-50 түтүн жөө жалаңдап көбү өлгөндөрүн көмүүгө пурсаты келбестен, оору кишилерин көтөрүп, алып, эгерде алып жүрүүгө дарманы келбесе, жанына идишке суу коюп, азыраак тамак, талкан менен жар түбүнө болбосо таштан үй кылып зоо түбүнө таштап, кайрылып келип алабыз, — деп өздөрү жүрө берген. Маселен, Кара Саздын башына сарбагыш элинен…