• Билге

    Кокон автономиясы жана Мустафа Чокай

    Кокон автономиясында Мустафа Чокайдын таасирдүү инсандардын бири болгон. Ал эми макалада анын ишмердүүлүгү каралган. Азыркы учурда улутубуздун өткөн тарыхын изилдөөнүн, айрыкча азаттык идеяларынын жана боштондук күрөштөрүнүн тарыхый чындыгын иликтөөнүн актуалдуулугу жогорулоодо. Мындан 100 жыл мурун түркстандыктардын азат мамлекет курууга болгон алгачкы аракеттеринин көрүнүктүү окуяларынын бири Түркстан же Кокон автономиясын түзүү болгон. Россия падышачылыгынан жаңы гана кутулган түркстандыктардын бул алгачкы улуттук-мамлекеттүүлүгүн түптөө ошол мезгилдеги жергиликтүү интеллигенциянын алдыңкы демократиялык катмарынан чыккан чыгаан инсандардын бири казак элинин көрүнүктүү уулу Мустафа Чокаевдин ысмына байланышкан. Ошол себептүү бул макалада М.Чокаевдин Кокон автономиясын түзүүдөгү ишмердигине учкай да болсо токтолуп кетмекпис. Февраль революциясы жана Түркстанда эгемен мамлекет түзүү идеясы Мустафа Чокаев (1890-1941) 1890-жылдын 7-январында Ак-Мечит (Кызыл-Ордо) уездинин…

  • 1916,  Билге

    Үркүнгө чейинки орусташтыруу саясаты

    Жети-Суу облусунун администрациясынын кызматкерлери. 1910-жыл. 1916-жылкы Улуу көтөрүлүш жана анын кайгылуу уландысы болгон Үркүн жөнүндө изилдөөлөр 1920-жылдардан бери келе жатат. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин макаласын сунуштайбыз. 1916-жылкы көтөрүлүштүн түпкү себеби Былтыркы “Тарых жана маданият жылында” ондогон жаңы пикирлер айтылды, азыр да жазылууда. Улуу көтөрүлүштүн себептери, башталышы, жүрүшү, жыйынтыктары жана анын тарыхый маанисин баалоо боюнча ондогон окумуштуулардын, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин баалуу илимий жыйынтыктары коомчулукка жеткирилип жаткандыгына карабай, кыргыз тарыхнаамасы бул илимий маселе боюнча жаңы бийиктиктеги методологиялык принциптерге толук өтүп бүтө электиги, талаш-тартышка түшкөн илимий суроолор дагы эле арбын экендиги тастыкталууда. Ал жөнүндө балтыр жаз айларында “Азаттык” үналгысынын интернет-сайтында “1916-жыл: суроосу арбын Улуу көтөрүлүш” деген макалада жаздык…

  • 1916,  Билге

    Сагалы Алматаев көтөрүлүш башында тургандардын бири

    Кыргыз элинде жакшы ылакап сөз бар: «Аккан арыктан суу агат» деген. Ошол көз караштан алганда, 1916-жылкы Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштү уюштургандардын бири, көтөрүлүштүн жүрүшүндө жол башчылык кылган Тоң элинен чыккан Сагаалы Алматаевдин ата-бабалары, кыргыз элине таанымал белгилүү адамдардан болгон. Сагалынын атасы Кеней уулу Алматай Чычкан айылында 1820-1830-жылдар аралыгында төрөлгөн. 1830-жылдардын башында 11 жаштагы Алматай жана анын иниси жети жаштагы Малы томолой жетим калат. 1855-жылы Алматайдын кичүү иниси Малы, агасы балалуу боло электе Сооронбай аттуу уулдуу болот. Алматай инисинин баласы Сооронбайды багып алат. 1860-жылы Алматай Мекеге ажылыкка барып келип, «ажы аке» деп аталып калат. Ал эми Малыны эл «бай аке» деп аташкан. 1880-жылдары колониалдык орус бийлиги Ысык-Көлдөгү кыргыз жерлерин болуштуктарга бөлгөн. Алматай менен Малы өз уруулаштары менен Тоң жергесине көчүп, андагы Туура-Суу айылына отурукташып калат. 1880-жылдары Сооронбай айтылуу…