• 1916,  Билге

    Кытайдан элдин кайтканы

    Карашаар, Луп, Кашкар, Жаркентке жете чачырап кеткен жана Кулжа өлкөсүндөгү качкындар падыша түшүп, урият болгонуна текши ишенип, азаттык болгонуна көздөрү жеткен соң ар кайсы кыштакка жана тоого чачыраган качкындар жыйылып, жол азыгын камдап, кытай, дунган, уйгурга берген кыздарынын көбүн уурдап алып кайта жөнөгөн. Жолдо келе жатканда көбү уурулукка кирген. Тянь Шань тоолорун жана Кызыл Кыя, Санташ ашып, сапырылып, күндөп-түндөп, эң азында 40-50 түтүн жөө жалаңдап көбү өлгөндөрүн көмүүгө пурсаты келбестен, оору кишилерин көтөрүп, алып, эгерде алып жүрүүгө дарманы келбесе, жанына идишке суу коюп, азыраак тамак, талкан менен жар түбүнө болбосо таштан үй кылып зоо түбүнө таштап, кайрылып келип алабыз, — деп өздөрү жүрө берген. Маселен, Кара Саздын башына сарбагыш элинен…

  • 1916,  Билге

    Кыргыздын Кытайга качканы

    Белек Солтоноев Кыргыз Тарыхы. Китеп II Биркулак, Каракол, Нарын арасындагы куралданган мужуктар жана буларга жардамга келген Алматы баштыгынын аскери көрүнгөн кыргызды тыялбады. Нарын, Каракол, Кочкор кыргыздарына каршы Алматы, Пишкек аскери баралбады. Ыбырайым Төлө уулу 200 бардеңке түшүргөн соң аскер барууга аракет кылса да, Боомдун жолун тоскон атаке сарбагыштан өтө албады, Кайсы күнү (20-августта) атаке сарбагыш бел-белдеги кароолчуларын алып, капчыгайды тоспостон жеринен үркүп, көлдүн аягы менен күн жүрүш шагына өткөн соң Каракол, Нарынга аскер өтө башташты. Орунбур, Ташкенден, Пишкекти басып жана Ферганадан Көгартты ашып, миңдеген биримдүү ас-кер келип, мындагы куралданган мужуктар менен бирлешип жана калган жолбашчы алып, көл айланасы жана Кочкор, Нарын, Жумгалга чабуул койду. Кыргыздар найза, союл, айбалта, эң эле…

  • 1916,  Билге

    Нарын, Жумгал, Көлдөгү көтөрүлүш

    Белек Солтоноев Кыргыз Тарыхы. Китеп II Жумгалдагы көтөрүлүш Көл айланасы Кочкор, Нарындын баш-аягынан жана Чүйдүн көкүрөгүнөн көтөрүлүш чыгып кызып калган кезде, августтун 15-18 чамаларында Жумгалдагы саяктар Жумгалдын аягындагы Ак Чийдеги орустун кыштагын талкалап, мал-мүлкүн талап, катын-балдарын аёосуз өлтүргөн. Өлүктөрүн кыштактагы кудукка салган. Жумгалды сурап турган Меншиков дегенди өлтүрүп, анын бооз катынын багып туруп, кийин аскер келгенде анын башчысына тапшырган. Кочкордо Канаат жеңилгенде Көкүмбай качып келип, миң чамалуу түтүн менен үркүп көчүп, күндөп-түндөп жүрүп, Турпандын башы Какшаалга түшкөн. Жумгалдын аягындагы Кудай-берген Мырзабек, Түркмөн жана Биялга караштуу эл көтөрүлүшкө кошулбастан, тынч турган. Бирок, Курман Лепес уулу көтөрүлүшкө аралашса да, Мырзабек менен астыртан кабарлашып, көтөрүлүштүн жайынан Пишкектеги улуктарга билдирип турган. Көп элдин айтууна…