• 1916,  Билге

    1916: Казакстандагы көтөрүлүш жетекчилеринин бири – украин Афанасий Латута

    Тынчтыкбек Чоротегин 1916-жылкы Борбор Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандардын арасында славян тектүүлөр да болгон. Алардын бири – украин Афанасий Латута. 1916-жылкы Акмоло көтөрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы Кыргызстанда расмий белгиленди. Казакстанда бул окуяны коомдук демилгелерге таянып гана белгилешти. Тарыхта дурус маалым болгондой, Казакстандын Жети-Суу жана Торгой аймактарында 1916-жылы ири көтөрүлүш очоктору болгон. Көп айтылбаган үчүнчү ири очок – Акмоло облусун, анын ичинде Корголжун (Қорғалжын) талаасын да камтыган. Мында 1916-жылдын август (баш оона) айынан кыш айларына чейин оторчул орус армиясынын жазалоочу аскерлери менен салгылашуулар жана ар кыл кагылышуулар болуп турган. Сарбаздар (ыктыярдуу жоокерлер) топторун түзгөн казактар Корголжун, Карабулак, Коржинкөл, Эрментоо (казакча Ерейментау) жана…

  • 1916,  Билге

    Үркүнгө чейинки орусташтыруу саясаты

    Жети-Суу облусунун администрациясынын кызматкерлери. 1910-жыл. 1916-жылкы Улуу көтөрүлүш жана анын кайгылуу уландысы болгон Үркүн жөнүндө изилдөөлөр 1920-жылдардан бери келе жатат. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин макаласын сунуштайбыз. 1916-жылкы көтөрүлүштүн түпкү себеби Былтыркы “Тарых жана маданият жылында” ондогон жаңы пикирлер айтылды, азыр да жазылууда. Улуу көтөрүлүштүн себептери, башталышы, жүрүшү, жыйынтыктары жана анын тарыхый маанисин баалоо боюнча ондогон окумуштуулардын, коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин баалуу илимий жыйынтыктары коомчулукка жеткирилип жаткандыгына карабай, кыргыз тарыхнаамасы бул илимий маселе боюнча жаңы бийиктиктеги методологиялык принциптерге толук өтүп бүтө электиги, талаш-тартышка түшкөн илимий суроолор дагы эле арбын экендиги тастыкталууда. Ал жөнүндө балтыр жаз айларында “Азаттык” үналгысынын интернет-сайтында “1916-жыл: суроосу арбын Улуу көтөрүлүш” деген макалада жаздык…

  • 1916,  Билге

    1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана кыргыз бай-манаптары

    1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш очокторун архивдик жана фолклордук-санжыралык маалыматтарга негизденип иликтеген тарыхчы, доцент Рыскул Жолдошов өз макаласында кыргыздардын көтөрүлүшүндө көрүнүктүү орун ээлеген бийлер жана башка “эл жакшылары”, ошондой эле, өз элине чыккынчылык кылган айрым төбөлдөр тууралуу баяндайт. Изилдөөдөгү өксүктөр Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири – 1916-жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелет. Орус баскынчыларынын оторчул колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин көтөрүлүшү жана андан кийинки Улуу Үркүн жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет. Жалпы элдик боштондук кыймыл…