Көрк

Кыргыз оймосу (туш кийиз баяндамасы)

БАЯНДАМАЛУУ ОЮУНУН АЙКАЛЫШТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

(Булак: Рындин М. В. Киргизский национальный узор. Ленинград — Фрунзе 1948г.)

Баяндама: Чөбү буралып мол өскөн бийик тоолуу жайлоодо байдын малы багылат. Мындагы кээ бир койчулар өрөөнгө түшүп буурсун менен жер тилип, эгинин сээп бүтүрүп коюшкан эле. Алар турган боз үйдүн чала тартылган түндүгүндөн жаңырган айдын шооласы жымыңдайт.
Ушул малда койчулар мыкты такаланган аттарын токуп миништи да, кыя жолдогу бирин-серин бадалга далдаланып жогору бастырышты. Булар жете келген коңшу айылда да кыйынчылык турмуштан жапа чегишкен кедей-койчулар турушчу. Аттарынан түшүшүп, кургак бытактардан алоолонто от жагышты. Беркилерге ай балталарын камдоого жардам беришти.
Качан түн кирип, айлананы коюу караңгылык каптаганда кедей койчулар колдоруна ай балталарын алышып, чогуу кайра аттанышты. Бүгүн булар жайлоонун төрүндөгү ак өргөө тарапка бет алышмак. Улам аыялап бийиктеген майын беймарал жайылап жүргөн аркар-кулжа менен бугудан бөлөк эч жан көрүнбөйт. Айлана жымжырт мемирейт. Кедей койчулардын ак өргөөгө жете келишкен бутакта конгон каргалар да, бейкапар кепшен турган эчкилер да туюшкан жок.
Ак өргөөдө ыйык тумар бар болчу. Ал байлыгы менен дөөлөтүн, малы менен мүлкүн сактаган. Анын малы жайылган жайыттарды булактын суусун сактап турган тумарлары да болгон. Ак өргөөнүн ээси дайыма токчулук менен молчулук заманда өмүр сүрүп, кобыл чыгарылып жасалган кооз жаргак шымынын белине өзгөчө ыйык тумарды курчанып жүрчү. Умай эненин элесин сүрөттөгөн бул тумар аны жана анын балдарын суук көздөрдөн сактаган. Ал эми ак өргөөнүн төбөсүнө орнотулган аркардын мүйүзү анын байлыгынын белгиси болгон.
Ак өргөөнүн ары жагында самсаалап эскирген боз үйлөрдө байдан өз укуктарын талап кылган кедей койчулар камакта жатышкан. Буттарына кишен салынган койчуларга байдын дасторконунан калган калдыктарды берише турган. Камакта жаткан иттер менен кайтарып турушту.
Жакадагы өрөөндөн келишкен койчулар күзөтчүлөрдүн боз үйүн эч тоскоолдуксуз эле басып алышты. Байдын өргүп жаткан короо-короо кой-эчкисин айланып өтүштү да ак өргөөгө жакындашты.
Кечке жуук келишкен меймандар бул учурда той-тамашанын үстүндө эле. Сыртта меймандардын мыкты такаланган аттары байланып турат. Үй ээси меймандарга арнап уй жана көп кой сойду. Табакты кенен тартты. Эт жеп болгон соң, меймандар ооз комузда ойноп көңүл ачышты. Той-тамаша аяктаары менен ак өргөөнүн улагасына саймаланган кооз ат жабуу салынап, бармактарына оймок боосун байланган аялдар тегерете отурушту. Аларга кымыз сунулду. Күтүлбөгөн жерден ак өргөөгө жулунуп кирген кедей койчулар байды жазалап, кишиленген койчуларды боштондукка чыгарышты

Жаңырган ай
Кереге көз
Тай туяк
Койдун мүйзү
Жалбырак
Буурсун тиши
Аттын туягы
Аттын такасы
Кыя жол
Кедей койчунун боз үйү
Кургак бутак
Алоо
Ай балта
Беш манжа
Кулжанын башы
Бугунун мүйзү
Ак өргөө
Карга тырмак
Текенин мүйзү
Тумар
Булак
Гүл
Бермет мончоктор
Ит куйрук
Оймок боо
Көөкөр
Ат жабуу
Умай эне
Киши
Кобул
Чынжырдын тогоосу
Сөөк