Көрк

Кыргыз оймосу (баяндамалар – 6)

БАЯНДАМАЛУУ ОЮУНУН АЙКАЛЫШТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

(Булак: Рындин М. В. Киргизский национальный узор. Ленинград — Фрунзе 1948г.)

Баяндама: Ай жаңырган мал. Кечкурун боз үйдө “кобул” салынып кооздолгон жаргак шымчан кишилер отурат. Алардын алдына кулжанын эти тартылып, эттин көптүгүндөн каргыларга да ташталды (Сайма)

Жаңырган ай
Кереге көз
Кобул
Кашык
Карга тырмак
Кулжа мүйүз

Баяндама: Жазгы жайлоонун бийик түрүнө чыгуучу кыя жолдун боюнда жаткан буурсун жаңырган айдын жарыгынан көрүнүп турат. Берээкте тигилген боз үйдө саймаланып кооздолгон ат жабуу салынган; үй ээси мейман жоросу менен дем алууда. (Күмүш сөйкөнүн бетине түшүрүлгөн оюм

Ачылып келаткан гүл
Ат жабуу
Боз үй
Буурсун тиш
Жаңырган ай
Кишинин буту
Кыя жол

Баяндама: Өрөөндө ачылып калган учур. Али да болсо кызыл-тазыл гүлгө бөлөнгөн жайлоо бүгүн түн кучагында. Асманда бирин-серин ала булут каалгыйт. Жарганаттын учканы жана эч нерседен капары жок кепшеп турган тоо текелер көрүнөт. Шоңшогой боз үйлөргө жакын жерде жалбырактар менен чала жабылган кайык жатат. Ичкериде кооз ала кийиздер салынган. Анда отурган кобул чыгарылып саймаланган жаргак шымчан кишилерге кулжанын эти тартылды. (Сайма)

Жалбырак
Гүл
Кайык
Шоңшогой боз үй
Кулжанын омурткасы
Пахта
Тоо текенин мүйүзү
Жарганат
Булут
Кобул
Кулжа мүйүз