Битик,  Видео

Ордо сахна – Жалжалым

“Жалжалым”
Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Жамин Акималиевдики

Ачылган аппак гүл көрсөм,
Окшотуп коём өзүңө.
Жаңсасаң боло жактырсаң,
Жалжалым, канчага минтип жүрөмүн?

Күттүрдүң мени гүл бакта,
Күүгүмгө калдым сен үчүн.
Күйүттүн оту өңдөнүп,
Жалжалым, көрүнгүм келет сен үчүн.

Ала-Тоо башы Ала-Арча,
Ала арча өсөт жанаша.
Алышып ойноп жүрчү элек,
Жалжалым, алты эле жашар балача