Билге,  Элки

Кенже Кара. Семетей. 1903 жыл

Кенже Каранын Семетейи 1903 жылы А.Г. Белинский тарабындан жазлыган

Андыяндын белинен
…. элинен
…. Көй-кап белинен,
Калың Ногой элинен
Астындагы Тай-бурул
Кудай билет ким билет
Алданын өзү билбесе
Айтканым жалган келбесе
дүрбү ….
Булгарыдан кабы бар
Кудай билет ким билет
Суу аржак болгон чоң жолор
Жанынан сууруп алды дейт
Тегеретип жер көздөй
…. дүрбү салганы
Анын ары жеринен
Агарыңкы көрүнөт,
Агаргандын бер жагы
Карарыңкы көрүнөт,
Караргандын бер жагы
Кубарыңкы көрүнөт
Чыгып келди бир топ жан
Болбой албай болду таң.
“Жанымдагы Күл чоро
Оо кашымдагы Кан чоро
Кимиң барсаң аның бар
Тай-буурулду минип ал
Ак күбөнү кийип ал
Жатып алба жай аял
Кабар ала койсоңор
Жаткан жерибилсеңер
Байге алса замбирек
Жер барбаган бадирек
Аны сапарга алып бар
Тай-буурулум болгондо
Сыны жакшы болгондо
Ар мүнөзү көңүлчөк
Табы жакшы болгондо
… мүнөзү…
Күлүк Тай-буруул …
…. кийди эле
Тай буурулду минди эле
Астымдагы Тай-Буруул
Кимиң барсаң аның бар
А Тай-Буруулду минди эле
Ак-Кубөнү кийди эле
Жатып алба жай аял
Кабар ала койсоңор
Жаткан жери билсеңер
Ак-Келтени асынып
….. эле.
Астындагы Тай-Буруул
… менен асылат,
Арам өлгөн Тай-Буруул
Абайы менен жабылат,
Көкүлүн көккө ыргытат,
Туягын эерге мылгытат
Калың үйүрдөн бөрттү эле.
Өңгү-дөңгү желдирип,
Өрт жаккандай алдырып,
Эңги-деңги желдирип,
Эңке аткандай алдырып,
Болуп гана барган ошол!
Чоң Үргөнчкө бард’эле,
Чоң Үргөнчтүн белгиси
Күкүк болуп күүлөнүп,
Күңгүрөнүп сүйлөнүп,
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Оо кудай билет ким билет?
Чоң Үргөнчтүн белгиси
Күкүк болуп күүлөнүп,
Күңгүрөнүп сүйлөнүп,
Нече бөлүк түрлөнүп
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Тоодо мөңгү бузулуп,
Кары, суусу кошулуп,
Карагай менен сал агып,
Кайың менен тал агып,
Үйдөй болгон карагай
Бары бирге кошулуп –
Кудай билет ким билет?
Үстүндөгү ак көбүк
Камырдай болуп жуурулуп,
Аны көргөн адамдар
Заманасы куурулуп,
Төө өркөчтөп төгүлүп
Жаткан экен Чоң Үргөнч!
Жер-жерге минди жүгүрүп –
Үйдөй болгон кара таш
Суу түбүндө шалдырап,
Чоң Үргөнчкө барганда
Жер-жерге минди
Кенже Каранын үнү бул китептен алынган: «The Semetey of Kenje Kara. A Kirghiz Epic Performance on Phonograph». Daniel Prior. Turkologica, 59. Harrassowitz Verlag – Wiesbaden, 2006. Кыргыз тексти Ишембай Оболбековтуку

Leave a Reply

Your email address will not be published.