Билге

Манастын ашы берилгенби?

Найманбай уулу Мукаш. Советтик Кыргызстан, 1991, 17 январь

Көзү өтүп кеткен маркумга жылдыгын эскерип, артында калган үй-бүлөсү, укум-тукумдары же жакын туушкандары, эли-журту ашын берүү, куран окутуу кыргыздардын абалтадан келе жаткан ата мурас салттарынан болуп калган.

Ошондой болгондон кийин кыргыздын каны, эң жогорку даңктуу батыры, эл атасы Манаска арналып кантип аш берилбей, куран окулбай калсын. Мүмкүн эмес да…

Бирок, көзү өтүп кеткен манасчылар Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаковдордун бизге калтырган эпос китептеринде же жана башка оозеки ырдаган ырларынан Манаска арналып аш берилгендигин угуп же китептерден окуганыбыз жок. Ал гана эмес 1986-жылы Мусаевдин кара сөз менен жазган китебинде да Манаска аш берилгендиги жөнүндө сөз жок.

Бардык эле адабияттарды окусак Манас өлөрү менен эле, Абыке, Көбөштөр кан ордосуна чабуул коюшуп, Каныкейди ур-бериге алышып, кордук көрсөтүп кирет. Ушундай кантип жосунсуз салттар болсун. Кыркын белгилей электе эле Каныкей, Семетей, Чыйырдыларды Букарага качыра коюшкандары Манас айтуучулар үчүн туура эле эмеско деп ойлойм. Чыны менен эле, Манасчылар же жазуучу, академияда иштегендер ушуну билишпейби? Же аш берилгени ачыкка салып айтылбаска башка да бир өзгөчө себеби барбы? Кээде айрым жазуучу, академияда иштеген илимпоздун сөздөрүнөн: Манаска аш берилген болсо, Манас чыныгы өлгөн адам болуп калат. Манас өлгөн эмес. Ал биз менен тирүү жүрөт, ошол үчүн Манастын ашы эч жерде айтылбайт деген сөздөрүн жакындагы өткөн республикалык жыйындагы трибунада сүйлөп жатканда угуп калып таң калдым.

Ошондон кийин Манастын ашы жөнүндө билгендеримди сиздердин ортоңорго салуну туура деп ойлодум. Эмесе Манастын китебин жазып жаткан сиздер билбесеңер, жылдыгы эскерилип Манаска чоң аш берилген. Кантип Манаска аш берилбей калсын. Болгондо да Каныкейдин демилгеси боюнча бүткүл Орто Азиядагы мусулман элдери чакырылып, Таластын өзүндө 30 күн созулган аш берилген. Ашка кытай, калмак сыяктуу кыргыздын душмандары гана чакырылган эмес. Анткени Манастын өлүмүнө Коңурбай себепкер болуп олтурбайбы. Экинчи жагынан алар дагы бир нерсеге шылтоолоп ашта чатак чыгарса, аларга мурдагы Көкөтөйдүн ашындагы такаат берүүгө, Манас болбосо да Алманбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жана башка чоң баатырлар жоктугунан, алакандай кыргызды талап кетээр деп кооптонушуп чочулашкан.

Манаска аш берилгендиги жөнүндө илгери өткөн чоң манасчы Жапый уулу Тыныбектин айтуусу боюнча кагазга түшүрүлгөн төрт миң сапча ыры менде бар эле. Эпостун бул бөлүгүн нарындык Мамбетов Обонбай деген адам сактап жүргөн экен. Арабчадан биздин орус алфавитине көчүрүп жазып алган ырын Чолпобаев Жапардан мен сурап алганмын. Жогорку эки кишинин тең көздөрү өтүп кеткенине 20-30 жылдар болуп баратат. Менин оюмча академияда да көчүрмөсү бар го деп ойлоп жүрчү элем. Көрсө жок окшойт.

Каныкейдин Манаска аш бердиргендигинин чындыгын далилдеп Тыныбектин айтуусу боюнча эпостун айрым жерлеринен бир аз үзүндүлөрүн келтирип көрөйүн:

…Каныкей калган кайгырып

Кан Манастан айрылып

Күкүктөй үнү басылбай

Күйүтүн тартып зар ыйлап

Наркты бузду Чиркин деп

Акылайга ар кылып

Сарайдын көркүн даң кылып

Сарамжалын жам кылып

Эрке катын Каныкей

Элге сөзүн шар кылып

Төрөмдүн ашын берем деп

Атбай журтка жар кылып

Эрке катын кеп баштап

Эми кирди эрмеке

Манастын ашын бермекке

Кайын атам болсо кары деп

Далай жашка барды деп

Баласы Манас өлгөн соң

Акылдан айнып калды деп

Кадимден кыргыз аш берсе

Карысы бийлеп берүүчү

Кары, жашы кеңешип

Барысы бийлеп берүүчү

Кандын ашы болгон соң

Калка кабар берүүчү

Кан Манастын ашына

Калк жыйылып келүүчү

Элет кыргыз өлгөн соң

Эркеги бийлеп берүүчү

Катын, бала карынын

Айтканына көнүүчү

Уялбай ашты башкарып

Ургаачы качан берүүчү

Ургаачы кылган кызматтын

Урматын эркек көрүүчү

Атаңды алып кашыңа

Бакайды алып башына

Абыке, Көбөш камынгын

Агаңар Манас ашына

Казына даяр кенен деп

Союлчу малды белендеп

Манаска кылган каражат

Барысын таап берем деп

Каныкей кылды кайратты

Казнасын жайнатты

Кылымга бүтүн аш бер деп

Кызыл тилин сайратты

Кеңешин угуп келиндин

Көбүнө аккан кебинин

Жакыпка жайлуу кеп болду

Бакайга насаат эп болду

Күрүлдөгөн Көбөшкө

Көкөйдөн кеткис кек болду

Акылман тууган Абыке

Артын айкап ойлонду

Абышкалар билсин деп

Алдына түшүп жойлонду

Көбөш турду күрсүлдөп

Көтөрүлүп түрсүлдөп

Темиркандын долосу

Ашын өзү берсин деп

Кара бет айтып калган соң

Кылдым деп Буга ардыкты

Каныкей кылып жардыкты

Көрсөтүп турсун бардыкты

Өзү билген шуркуя

Өзү билип берсин деп

Катын билген бул ашка

Кантип адам келсин деп

Мен билсем ашты бербейм деп

Бермек турсун көрбөйм деп

Күрүлдөгөн ит Көбөш

Көрүүнө чырды баштады

Көңүлү калган Каныкей

Бул чырынан качпады

Баласынын жашынан

Масылат кеби аксады

Аксакалдар билсин деп

Акылдан кашкөй шашпады

Акылга дыйкан Абыке

Айтып сөзүн тундурду

Аксымдык кылган Көбөштү

Аш бермекке көндүрдү

Бакай, Жакып баш болуп

Масилет, кеңеш токтоду

Карыса да Бакайга

Мына ушундай кеңештен кийин Бакай жалпы Атбай, Алашты жыйнатып кеңеш куруп, кемеге ашына ат чаптырып анда Тайбуурул чынып келди.

Андан кийин төрт тарапка – төрт мыкты жигитти күлүк ат мингизип күрөөкө тондон кийгизип, ашка чакырууга кабарчылыкка жиберет. Катагандын Канкошою, Элемандын Эртөштүгү, жакын тууган Таздын уулу Эр Үрбүгө, Акбалтанын Сырдымагы, Жедигердин Агышы, Эштектердин Жамшырчысы, Өзүбектин Сынжибеги жана казак кандарына, Самаркан, Букар, Ташкенге, Анжиян, Орчун, Кокон, Маргалан, Наманган, Кожент кыскасы ат жеткен жердин баарына кабарлатып чакырылгандар бүт келишти.

Ашка Нойгуттан Шыгайкан келбей калды. Мындай башка Акун канга гана кабар берилбейт, себеби Манас өлüондө келип топурак салбагандыктан чакырылган жок. Чогулган элдин алдына Бакай чыгып Манаска жакын туугандарынын бири Урбу болот. Ошондуктан:

Ашты Урбу бил деди

Сенден башка билүүчү

Аштын ээси ким деди

Мунун жалпы эл макул табышып, жардамчысына Эр Агышты, түпкү кеңешчисине Бакайды дайындашты. Таластагы бүткүл кыргыз эли 30 күнү конок алышып, Ала-Тоодой эт, Алакөлдөй чык кылып дегендей аш тамагы берилип, кыргыздын салттуу оюн, тамашаларынын бардык түрлөрү ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, эр оодарыш, жамбы атыш сыяктуу бардыгы болду.

Ошентип Манастын ашы берилип бүткөндөн кийин гана Каныкейди Абыкеге тийгин, болбосо балаңды да, өзүңдү да өлтүрөмүн деп Көбөшкан ордого чабуул койдурганда Каныкей Семетейди көтөрүп Чыйырды энесин Букарага жөө качкан. Мындай көрүнүп турган чындыкты эпоско кошпой коюунун кимге эмне пайдасы бар.

«Каныкейдин Манаска аш бериши» деген эпосту мен жакында илимдер академиясына өткөрүп бердим, эми мындан ары жалпы жумуруятка жарыяланат го деген ойдомун.

Манастын ашы

(такташалы)

Шүкүрбек Бейшеналиев

Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган эки макала «Советтик Кыргызстанга» жарыяланды: 17 январдагы санына «Манастын ашы берилгенби?» Мукаш Найманбай уулунуку, 2-3 февраль 1991-ж санына доцент Лайли Үкүбаеваныкы «Ашы берилген» деп тактоо иретинде чыкты. Экөө тең өзүнчө туура. Ээсинин аты так жазыльаган мурас күдүк туудурбай койбойт. Каерден табылса, ошо чөлкөмдөгү чыгармачыл адамга ыйгаруу ниети болору лазым. Көргөн көз, уккан кулакта жазык жок. Манаска аш берүү калайыкка белгилүү, китеп болуп басылган Сагынбай менен Саякбайдын варианттарында, С. Мусаевдин кара сөзгө айлантып жазган «Манасында» да жок болсо Найманбай уулунун табылгага сүйүнүп жардаганы, төрт миң сапча ыр дастандын («Каныкейдин Манаска аш бериши») кол жазма көчүрмөсүн илимдер академиясына өткөргөнү адамкерчиликтүү мамиле.

Ал эми Л.Үкүбаеванын илимпоздук шык менен дал ошондой Манаска аш берүү эпизодун сактап жүрүшкөн, үзүндүлөтүп өз ооздорунан уккан карыя адамдарга, болгондо да Тоголок Молдонун талантына табыган, ошо дастандын кол жазмаларын күнү бүгүнкүдөй бапестеген менин урматтаган жердештерим: Биримкул Токобай уулу менен Жусупжан Молдокан уулуна кеңири баарлашып билген табылгаларды журтубузга кабарлаганы өтө маанилүү.

Экөөнү тең, айрыкча Л. Үкүбаеваны колдоо менен тактоо, кошумчалоо иретинде пикир айтмакмын. Лайли түшүнгөндүк кылып магнитофонуна түшүргөн, Тоголок Молдонун «Семетейинин» толук вариантынын жазмасы, ж.б. казалдар бар сексенден өткөн Молдо Жусупжан да, эл агартуунун отличниги, менин мугалимим Биримкул аксакал да Куртка айылында бирге жашаган курбу адамдар. Алардан улуураак жакында көзү өткөн жазмачы, чечен Турсунбек, Лайли сөз кылган Жусупжан мурастаган жазма казынанын ээси сабаттуу атасы Жепкетердин Мырзалысы, кайда жүрсө папкеси толо казал ала жүрүчү, үнү коңгуроодой актив бажасы Такырбаш Ыманкул уулу өз алдыларынча агартуучулар, эл арасында кадырман адамдардан болушкан. Сөз казынасын жогору барктап, чогулгандарга күндөп-түндөп окуп, айтып жарп жазып, элдик кенчти ишенимдүү жакындарына табыштап өтүшкөн. Жусупжан карыянын «Бул айтып жаткан сөз Тоголок Молдонуку» дегени, Манастын ашын баяндашы эч талаш туудурбас чындык.

Биримкул аксакалдан «Манаска аш берүү» Тоголок Молдонун варианты, макалада көрсөтүлгөн 12 дептер барлыгын уккам. Атасы Токобай бизге жезде эле. Чанда гана эл суранып, көңүлү жайдарыланганда чүчтө сакалын жайкап мукам доошу менен бакылдата, мен уккан манасчылар: Байымбет, Багыш, Молдобасандай өтө уккулуктуу келиштире (Сагынбайдын, анын баарынын устасы, пири Тыныбектин ыргагын, ыкмасын улап) эт бышымдап айтчу. Анын Сагынбайдан дагы, Тоголок Молдодон дагы Манаска кулак төшөп шыктануусу ыктымал. Арийне, сөз төркүнү Сагынбай менен Тоголок Молдонун экөөнү тең улуу дастанчы Тыныбектин шакирти болгондуктарында эмести.

Былтыр Тоголок Молдонун 130 жылдык тоюнда Лайли далил туткан сөз кунарын ыйык баалаган карыялар: Биримкул, Жусупжан кыйла жердештери менен радио, теле көрсөтүү аркылуу борборго келишип, мейман кабылдашып демилгелүү катышышты.

Эми кеп учугу суурулган соң алигиче көпчүлүккө белгисиз «Манастын ашынын» берилгенин баяндаган вариант небактан эле бар болсо да элге алигиче жеткизбеген күнөө өзүбүздө экендигине токтололу.

Илимпоз Лайлинин эл арасындагы сакталган улуу жазгыч акындын «Манаска аш берүүсүн» таап жардаганы өзүнчө кубанычтуу иликтөө. А чын чынына келгенде илимдер академиясынын кансалыгында Тоголок Молдо өзү табыштаган «жалгыз жазма вариантта» Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганынан кийин атайын «Манастын ашы» деген бөлүм бар. Анны окуган, изилдеген белгилүү чөйрө гана билет. Кап десеңчи, ага Л. Үкүбаева кабардар болгондо «Ашы берилген» макаласын абдан тереңдетип, кеңитип жазмак.

«Тоголок Молдонун варианты» деген 1981-ж. «Илим» басмасынан чыккан маанилүү монографиясында адабиятчы жана акын О. Сооронов «Манастын ашы» бөлүмүн он алты бапка бөлүп кеңири талдоо жүргүзөт (китептин 28-29 беттеринде).

Ага токтолбойлу. «Манаска аш берүүнүн» жалпы мазмууну төмөнкүчө жорупталат.

Манастын күмбөзүн орнотуп жыл маалына толгондо Каныкей баатырга аш берүү жөнүндө Абыке менен Көбөшкө акылдашат. Көбөш Акылай жеңесинин тилине кирип «Катын берген аш кайсы болмок эле» деп Каныкейге кыяпат айтат.

Каныкейди колдошуп Бакай, Жакып, Абыке көптөп Көбүштү көндүрүшөт. Кокондон Сынчыбекти, Ташкенден Кайымбекти, Букардан Шамыратты, Алайдан Эштекти, Жамгырчыны, Котондон Төштүктү, Айран-Суудан Агышты, Кымыз-Суудан Кожошту, Ат-Башыдан Кошойду, Чоң-Кеминден Үрбүнү, Сары-Аркадан Көкчөнү чакыртат. Чакырууга Акбалтанын Сердимак, Ырчы уул, Абыш, Чыңгыштарды аттандырат. Шыгай Манаска бата кылбагандыктан Бакай аны чакырбай коёт.

Конок алууда Баймат азолок чыр чыгарат. Көкөтөйдүн ашын Манас башкарса Манастын ашына Үрбү башчылык кылат. Көкөтөйдүн ашынан айырмалантып Каныкей аңзалу кошок кошот. Каныкей Шыгайдын каршылыгын, Абыке, Көбөштүн жасаган мамилесин, Семетейдин болочокку тагдырын безеп, Кошой баштаган кыйласынын камкордугун мактап узун сабак кошот, Манастын бакма уулу Желдеңбай да кошокто эскерилет. Кошок уланып атпай журт жапырт кулак төшөп жатканда конок алууга жарабаган Көбөш жылкыны айдатып кетип арамдыгы билинет. Үрбү менен Агыш арсыз Көбөштү сабашып, күнү Акылайды (Көбөшкө тийчү) байгеге саябыз деп опузалашат.

Оюн тамаша: эңиш, күрөш, эр сайыш, төө чечмей, жамбы атыш, таздардын сүзүшү, ат чабыш ж.б. шаңдуу өтөт. Биринчи күлүккө миң жамбы, 9000 дилде, 90 кызыл нар сайылат. Ат чабышка алты жүз буудан айдалып, айдоочуга Чыңгыш шайланат. Көкөтөйдүн ашында Манастын Аккуласы чыккан. Манастын ашында Үрбүнүн Кыйды Кара аты алдыда келе жатканда Каныкей укса уят деп Семетейдин Тайбуурулун астыга өткөрүп чыгарышат.

Токсон беш жашаган Кошой Каныкейге ыраазычылыгын билдирип, ашка чын баасын берет: «Көкөтөйдүн ашына аш жетпейт, анткени аны Манас башкарган. Манастын ашы чыр-чатаксыз тынч өттү, бул жакшы жагы, бирок жыйнаган элиң аз болду. Жакшылап аш бергенге өз балаң жаш болду».

Найманбай уулу кабарлаган Тыныбектин варианты делген «Манастын ашына» окуяны Үкүбаева Жусупжан агадан угуп «ал кол жазманы убакыттын жетпегенинен толук жаза албаганына» өкүнгөн эпизод Тоголок Молдонун кансалыкта катылуу кол китебинин эле көчүрмөсү чыгаар. Баса, элүүнчү жылдардын аягында Нарындын «Сегизинчи мартынан» убагында Байымбем атанын али күүлү кезинде Курткада айылдык кеңештин төрагалык кызматында жүргөн созмөр, кадырлуу адам Кожоке Оморов калың түптөлгөн араб арибинде сулуу жазылган Тоголок Молдонун «Манасын» алып келгенде академиядагы Манасоведдер мунун түп нускасы бизде бар дешип албай коюшканда кайран киши кайра эллине көтөрүп кеткен. Былтыр Кожоке маркумдун иниси убагында актив болуп жүргөн, азыр карыя А. Оморовдон сурамжыласам Нарындык бирөөлөргө алгоолонуп кеткенин, кеим экенин дайнын так айталбай койду. Мукаштын колуна тийген балким, ошо болуп жүрбөсүн, балким башкадыр.

Кантсе да «Манастын ашы» сүйүнчүлөнүп баалуу табылгага айланып өзүбүздүн илим кенчи сакталган академиябызга табышталганына курсантпыз.

Кол жазмалар бөлүмүндөгү жана Манас секторундагы окумуштууларыбыз бирдикте талдашып, мынчалык түптүү элди түрүлтө сөз козголгон соң («Манастын ашы») Тоголок Молдодон сырткары Ыбырай Абдыракман уулунун вариантында да барлыгынан даректербиз, кимдики болсо да илимий жыйынтыкты гезитибиз аркылуу калайыкка айкындашарына ишенебиз, күтөбүз.

2.1991

__________

Манастын ашы боюнча адабият жана макалалар:

Найманбай уулу Мукаш. “Каныкейдин Манаска аш бериши” // Фрунзе шамы. -1991. -9 январь.

Үкүбаева Л. “Ашы берилген: Манастын ашы жөнүндө” // Советтик Кыргызстан. -1991. -2-3-февраль.

Бейшеналиев Ш. Манастын ашы: («Советтик Кыргызстан» газетасына жарыяланган макалаларга карата тактоо) // Советтик Кыргызстан. – 1991. -9-10-февраль.