Седентаризм

Элет таануу

Элет деген сөз өзү эмнени билдирет? Элет бул Евразиядагы талаа, тоо жана чөлдөрдө жашаган, көпчүлүгү малчылык менен алышкан элдердин жалпы кыргызча аты. “Элет” деген сөз “көчмөн” сөзүндөн бир аз кеңирээк мааниге ээ болууда. Анткени элет ичинде эгинчилик, устачылык менен алектешкен, туруктуу жайга ээ болгон, көчпөй жүргөндөр да бар. Көчмөн болсо – бул мал менен жайыттуу жерлерге көчүп, жерин дайыма алмаштырып, көчө турган үйдө жашаган киши. Азыркы учурда “көчмөн” же “nomad” деп, иш издеп шаардан шаарга, өлкөдөн өлкөгө көчүп жүргөн кишини да атап калды.

Көчмөнчүлүқ, Африка жана Евразиянын тундра, тоо, талаа жана чөлдөрүндө, малчылык менен байланышкан элдердин арасында тараган. Алардын баарын “көчмөн таануу” (nomadic studies, кочевниковедение) изилдейт. Анын ичинде да малды бакпай бирок көчмөн катары эсептелген сыгандардай элдерди. Кээ бир балык улоо менен жанын баккан элдер да көчмөн катары таанылат.

Биз болсо “элет таануу” курсубузда, жалгыз кана Евразиянын Улуу Талаасында жайгашкан көчмөндөрдү талкулайбыз. Тектеш моңгол эли да, “элет” деген сөздү “өөлд” деп тааныйт.

Евразиялык көчмөндөр беш түр мал багат: жылкы, бодо мал, кой, эчки жана төө. Бирок эң негизгиси жылкы болуп эсептелет. Ат көчмөндүн канаты катары таанылган. Атка минип элеттер күчтүү дөөлөттөрдү курган.

Көчмөнчүлүктүн пайда болушун жана бул маселе боюнча теория жана гипотезаларды да талкулайбыз. Элеттердин кантип көчкөнүн, алардын коомдук түзүлүшүн, өз башкаруу системасын жана мамлекет түзүлүшүнө да басым кылабыз.

Көчмөндөр жөнүндө жалгыз кана фактыларды, андан башка ишенич жана элестер жөнүндө айта кетебиз, анткени бул да көчмөндөр жөнүндөгү таасирдүү маалымат.

Илим дайыма маалыматка таянат. Бирок эң биринчиден бул маалымат кайсы булактардан келгенин эске салыш керек. Тарыхый же башка бир булакты колдонгондо, автордун көз карашын жана ишеничтерин унутпаганыбыз маанилүү болот. Анткени билим дайыма чындык менен ишеничтин ортосунда турган, өтө субъективдүү бир нерсе.

Мисалы, көчмөндөрдүн тарыхы жана маданияты боюнча кээ бир маалыматты, биз отурукташкан элдердин булактарындан алабыз. Отурукташкан элдердин булактарына таянсак көчмөндөрдүн бир элесине ишенич пайда болот. Элет элдери болсо өзүн башкача сүрөттөйт. Ошондуктан ар бир илим бул ишеничтерди эске алышы керек.

Азыркы илимдер Европада өнүгүп, бизге ошол жактан Орусия аркылуу келген. Бирок бир четинен мындай Европа сунуштаган билим бир тараптуу катары кээде сынга алынат. Биз да европацентризм сыяктуу маселеге көңүл бурабыз.

Орусияда “көчмөн таануу” же орусчасы “кочевниковедение” тармагы абдан өнүккөн. Бирок Орусия бул илимди, көчмөн элдерди башкаруу үчүн колдонгон. Ошондуктан “көчмөн таанууга” идеология жана пропаганда да аралашып кетти. Бул идеологиялык пропаганда көчмөндөр жөнүндө кээ бир ишеничтерди жаратты. Бул ишеничтер идеологияга баш ийген илимге таянган соң, аларды биз совет доорунда мектеп аркылуу кабыл алганбыз.

Мындай илимий сыяктуу ишеничтер абдан катуу таасир берген, анткени биз илимге ишенгенге көнүп калганбыз. Идеологиялык илимдин көчмөндөр жана өздөрүбүз жөнүндөгү билимибизге таасирин изилдеш үчүн биз келээрки сабактарыбызда постколониализм ыкмасы менен таанышабыз.

Бул таасирдин күчү азыр деле сезилет. “Көчмөн” же “элет” дегенде, ойго кандай элес келет? Мисалы азыр, “элет” деген сөз, алыскы айыл, маданий борборлордон алыс жайгашкан жерлерди билдирет. Жүз элүү жыл мурда болсо, “элет” же “элатиййа” дегендер, Кокоң хандыгын элдеген жана башкаргандарды билдирчү.

“Көчмөн” деген түшүнүктү алсак, жапайы жырткычка окшогон, шаарларды өртөгөн, илим билимди, маданиятты түшүнбөгөн кишинин ойго келгенине көнүп калдык. Азыр да “элеттикке” жакын “кыргызчылык” деген сөз, коомубузда эң жаман нерселерди камтыган түшүнүккө айланды. Көчмөн, бул артта калган, прогресске көнө албаган, шаарда жашай албаган, жана эчтекени өнүктүрө албаган киши менен байланышып калган сөз болуп калды.

Албетте, көчмөндөрдүн башка да, позитивтүү элеси бар. Бул элес, көчмөндү айкөл, эр жүрөк, асыл, сөзгө турган, жаратылышка жакын, бирок дагы эле жапайы катары сүрөттөйт.

Италиялыктар 1967 жылы тарткан “Урсус – кыргыздардын коркунучу” деген тасмадагы кыргыздарды кантип элестеткенин билесиңерби?

Режиссер “жалын бийдин” өзгөчө түрүн көрсөтөйүн деген окшойт

“Элет таануу” жалгыз кана Улуу Талаанын көчмөндөрдүн тарых жана маданияты жөнүндөгү курс болуп чектелбейт. Биз көчмөндөр жөнүндө ишеничтерди, алардын кантип жана эмнүчүн пайда болгонун, кандай таасир бергенин жана эмнүчүн сакталганын да талкулайбыз.

Демек, билим, чындык менен ишеничтин ортосунда турганын билдик. Муну эске алган илимий ыкманы “эпистемология” деп атайт.

Эпистемология – билимдин булагына, анын жаралышына карап, изилдөөнүн методологиясын тандайт. Методологияны тандагандан кийин изилдөөнүн методтарын тандаса болот. Элет таануу – бул көчмөндөрдү изилдеген бир илимий тармак. Бул тармак тарых, антропология, этнография, археология, социология жана башка социалдык жана гуманитардык илимдердин метод же ыкмаларын камтыйт.

Көчмөндөр жөнүндө илимдин тамырларына карайлы. Тилекке каршы, көпчүлүк учурларда көчмөндөр жөнүндөгү маалымат аларга таандык эмес булактардан алынган. Демек көчмөндөр башкалардын көзү менен көрсөтүлчү. Бир четинен илимий ыкма бузулган жок, анткени маалымат тарыхый булактан алынып жатат.

Бирок. Изилдөөчүлөр үчүн колдонулган булакта, бизди кызыктырган нерсе КАНТИП сүрөттөлгөнү маанилүү болот. Изилдөөчү, булактагы маалыматты жөн эле пайдаланбай, булактын автору ал нерсе жөнүндө кантип жазганын да эске алыш керек. Мисалы, бул Орто кылымдарга таандык Европалык манускриптерде көчмөндөр киши жегич катары көрсөтүлүп жатат. Бул сүрөттө Париждик Мэтью, өзүнүн Хроника Мажора чыгармасында татарларды киши жегич катары баяндап жазган. Муну менен чектелбей, көчмөндөрдүн аттарын болсо бак, бутак жегич деп сүрөткө тарткан. 

Париждик Мэтьюнун Чоң Хроникасындагы көчмөндөр

Ошол эле заманда курулган Хэрэфорд катедралда, көчмөндөрдү каралагандар андан да өттү. Ал жакта сакталган манускриптте, көчмөндөр болгон Иссидондор, балдары өлгөн ата-энесинин денелерин жеп жаткан сүрөтү бар.

Ушуга окшош булактардын таасири үчүн, көчмөндөрдүн дагы бир жагымсыз элеси дүйнөгө тараган. Бул каракчы, тоноочу, баскынчы, ууру көчмөндүн элеси.

Мындай көрүнүш дүйнөдө популярдуу болгон кино жана мультфильмдер менен да таралып жатат. Мисалы, 1998 жылы Голливудта чыккан “Мулан” мультфильмде, гундар каардуу арам болуп көрсөтүлгөн. Байкап көрсөңөр, гун башчысы шаңүйдүн аты да абдан каардуу экен!

Буга чейин айтылган Париждик Мэтьюнун Кроника Мажора жеген чыгармасындагы ат менен салыштырууга болобу?

Айтканымдай, биз көчмөндөр жөнүндөгү ишеничтердин сакталышын жана таасирин ушундай мисалдарга таянып, эмне максаттар менен пайда болгонун да курсубузда көрөбүз. Азыр болсо бир суроо жаралып жатат. Көчмөндөрдүн жагымсыз бирок кеңири тараган элестерди ким жараткан?

“Көчмөн таануу” илимий тармагы жаралганда, колдонулган көпчүлүк булактар отурукташкан элдерге таандык. Отурукташкан жана көчмөн элдерге бөлүнүү, “көчмөн таанууга” абдан каттуу таасир берген. “Баарыдан мурда, Жердин ар бир алкагында өзүнчө бир  калк жашайт бирөсү отурукташкан, экинчиси көчмөн” деп Рашид ад-Дин Хамадани “Жылнама жыйнагы” атту чыгармасында он төртүнчү кылымда жазган. Бул бөлүнү эки тараптуу өтө субъективдүү көз карашты жаратты. Мындай көрүнүштү түшүнүш үчүн биз постструктурализм жана деконструкция ыкмаларын курсубузда колдонобуз.

Демек, элет таануунун максаты, Евразиялык көчмөндөрдү изилдөө үчүн жаңы куралдарды жана ыкмаларды үйрөтүү. Бул ыкмалар идеологиялык жана улутчул илимий көз караштардан алыс болот жана көчмөндөрдүн объективдүү көз карашка салым кошо турганына ишенебиз

Элэри Битикчи