Седентаризм

Билим

“Мен билемин” дегенде же “менин оюмча” дегенде, биз өзүбүздүн оюбузду айтып жатабызбы же башкалардын оюнбу? Башкалардыкын болсо, өзүбүз кандай алардын оюн кабыл алып калдык? Билимдин таасири кандай болот жана ойду кантип өзгөртөт?

Изилдөөчү ишин баштаарда билимдин булагын, анын жаралышын да текшериш керек. Илимий чөйрөдө жалгыз кана чын, текшерилген маалымат болгонуна ишенгенден алыс болуш керек. Анткени илимге таасир кылып, чындыктан алыстаткан факторлор көп. “Меники туура” дегендер өз далилдерин дайыма сунуштаганга даяр, бирок алардын билими чын бы же жөн эле чын болгонуна ишенеби? Билим дайыма чындык менен ишеничтин ортосунда турат.

Билим – чындык менен ишеничтин ортосунда турат

Кыргыз ойчулдар да чындык менен ишеничтин айырмасын билчү. Дүйнөдө чын менен жалганды ажыратчу. Жалган деген түшүнүк, бул дүйнө жөнүндө жалган ишеничтерди белгилейт. Ошондо билим чын менен жалгандын ортосунда болуп калат. Жалгандан чынга жолун өтүү – изилдөөчүнүн максаты.

Билим – чын менен жалгандын ортосунда

Ишеничтердин жыйындысы социалдык дүйнөнү түзөт, кыргыздар аны “жалган дүйнө” дечү. Дүйнөнүн өзү албетте чыныгы болгону анык, бирок дүйнө жөнүндөгү түшүнүктөрүбүз жалган. Жалган түшүнүктөргө таянган киши, жалган ой жүгүртөт, жалган ой – жалган жашоого алып келет. Ошол үчүн бул дүйнөнү жалган деп коёт. Бул өрнөк кыргыздардын ой жүгүртүүсү азыркы философияга окшоштугун көрсөтөт. Бирок курсубузда биз чындык менен ишенич деген түшүнүктөрдү колдонобуз.

Мисалы, коомубуздун көпчүлүгү байыркы кыргыздарды көчмөн деп эсептейт. Көчмөндөр болсо малчылык менен жанын багып, жайыттан жайытка көчүп жүргөндөр. Бул ишенич. Бирок Түштүк Сибирде жайгашкан Миңсуу өрөнүндө кыргыздардын эгинчилик өнөрү өнүккөнүнө археологиялык далилдер көп. Демек, кыргыздардын баары көчмөнчүлүк менен алектенген эмес, бир бөлүгү жер айдоого да катышкан. Кыргыздын эң белгилүү баатыры Манас, өз атын жер айдап, буудай чогултуп Ак Куула тулпарына айрыбаштаган.

Манас

Кандайча кыргыздын эгинчилик өнөрү жок болгон ишеничтер кантип жаралган? Жер айдабай, туруктуу жайы, айылдары жок көмөндөрдүн элеси жана буга ишенич кайсыл жактан келди?

Мындай ишенич, отурукташкан элдердин тарыхый булактарынан келип жатат. Бул жалгыз кана батыш тарыхчылардан эмес, чыгыш жылнамаалардан да табылат. Эчтеке айдабаган, туруктуу айылдары, шаарлары жок көмөндөрдүн элеси, тарых илим катары башталганда эле жаралган. Биздин заманга чейин 2-чи кылымда, байыркы Кытайдын эң белгилүү тарыхчысы, Кытай “тарыхынын атасы” болуп эсептелген Сыма Цянь, “Ши-цзи / Тарыхый жазмалар” чыгармасында хуннулар жөнүндө жазганын алсак:

Алар жайыт жана сууну издеп көчүп жүрөт, дубалдуу шаарлары жана жашай турган туруктуу жайлары жок. Жер айдабайт, бирок ар кимдин өзүнчө жер тилкеси бар.

Тарыхчылар изилдөө жасаганда, эң негизгиси, тарыхый булактарды колдонуу. Бирок ал булактарды критикалык анализсиз кылбай колдонсо, анда бул булактарга таянуу эмес, булактарга табынуу болуп калат. Мындай нерсени, Британиялык тарыхчы Эдвард Карр, “булактардын фетишизми” деп атаган.

Эдвард Карр. Тарых деген эмне?

Эмнүчүн булактагы фактылар анализсиз колдонулат? Тарыхчы өз чыгармасын жазып жатканда бир идеологиялык макстатты көздөшү мүмкүн. Же болбосо, автор китептен китепке көчүп жүргөн фактыны текшербей, авторитеттерге ишенип колдонушу мүмкүн. Ошондо ал тарыхый фактыны, чындыкты колдонбой, ошол эле Эдвард Каррдын айтымында “историографиялык фактыны” колдонот. “Историографиялык факты” деген эмне?, жана тарыхый фактынан кандай айырмасы бар?

Биринчиден, “историография” дегенди талкулайлы. Историография – бул бир темага арналган тарыхый чыгармалардын жыйындысы. Мисалы, көчмөндөргө арналган, аларды изилдеген тарыхчылардын чыгармаларынын баарына “көчмөндөр историографиясы” дейбиз.

Ошол эле “Ши цзи / Тарыхый жазмалар” чыгармасында “Хуннулар жөнүндө баяндамасында” аларды “жер айдабайт” деп сүрөттөгөн. Бирок, башка бөлүмдөрдө хуннулардын эгинчилиги жана жер айдоо өнөрү бар экени анык болуп жатат. Биздин заманга чейин 89 жылы, хуннуларда бир балекет болгондо “Ши цзиде” минтип жазылган: “Бир канча ай кар жаап, жут болгон, кишилер арасында оорулар тараган, талааларда эгин бышпай калды”. 33 жылдан кийинки окуяда, 66 жылы хуннулар “чыгыш жана батыш кол башчысылардан, ар бирөөдөн 10 миң атчан алып батышка жер айдоого жиберген” деп ошол эле “Тарыхый жазмаларда” айтылган. Ошол эле убакытта жазган кытай тарыхчысы Ши Гу: “Түндүктөгү өлкөлөрдө суук эрте келет, жер айдоого ыңгайсыз болсо да, хуннулар өлкөсүндө жер айдайт”.

Изилдөөчү “Ши цзи” тарыхый булагын колдонгондо, мындай фактыларды байкабай, хуннулардын эгинчилиги бар экенин эки жолу көрбөй, “жер айдабайт” деген эле бир сүйлөмдү алса, анда бул фактыга “историографиялык факты” деп айтылат. Тарыхый булакта жазылган фактылардан керектүүсүн тандап, өз чыгармасында аны колдонгон автор, чындыкты жаратпай, ишеничке же жалганга жакын болуп калат. Демек, тарыхый булактан керектүү фактыны алып, элге жайылган фактыга “историографиялык факт” дейбиз. Бул факт тарыхый булакта бар, тарыхый китептерде да бар болгон үчүн “историографиялык факты” деп аталат, бирок тарыхый фактыдан алыс болушу мүмкүн.

Ушундай “историографиялык фактылар” китептен китепке, сөздөн сөзгө көчүп жатып, дискурс жаратат. “Дискурс” франсызчадан “discours”  – “сөз сүйлөө, ойлоо” деп которулган өтө кенен бир түшүнүк. Кыскачасы: дискурс бул, бири бири менен байланышкан символдор, мазмундардын системасы. Мындай системаны изилдегенине дискурс-анализ дейт. Мисалы, эгерде биз эмнүчүн көчмөндүн элеси, сүрү дүйнөдө ушунчалык каарду, арам болуп калганын билейин деп керектүү ыкмаларды колдонуп изилдесек, анда бул дискурс-анализ болот.

“Мулан” мультфильмдеги хуннулар

Дискурс-анализдин бизге эмнеге кереги бар? Айтканымдай, билим чындык менен ишенич же жалгандын ортосунда турат. Ишеничтерди жараткан нерсе – дискурс. Бельгиялык политологтор  Эрнесто Лакло жана Шанталь Муфф өздөрүн белгилүү “«Гегемония жана социалисттик стратегия»” китебинде, биздин коомдук дүйнөбүз, маани-мазмун жардамы менен калыптанган, дискурс аркылуу курулат деген теориясын сунуштаган. Дискурс, коомдо таасирдүү болгон ишеничтерди билим катары көрсөтүп, кишилердин чечимдерине да таасир берет. Франсыз философу Мишель Фуко айтымында: “билим – бул бийлик, бийлик – бул билим”.

Европалыктардын элесиндеги каракчы-гундар

Фуко дискурстун изилдөөсүнө өз чоң салымын кошкон. Философияга “археология” ыкмасын киргизип, ал ар бир замандын өзүнчө бир ой жүгүртүү структурасы бар экенине ишенген. Фуконун “археологиясы” дискурсту идеялардын жыйындысы катары карабай, практикалар катары изилдейт.

Мишел Фуко

Ошондо дискурс дайыма идеологияга же дагы бир окшош максатка кызмат кылат. Идеологиялык дискурсту колдонгон автор, атайын максат менен өзүн билимдүү көрсөтүп, кандайдыр бир ишенич жаратат. Автордун авторитетин башкалар колдоп, жаратылган ишеничти коомго жайып, дискурстун жашоосун узартат.

“Ши цзи”ни жазган Сыма Цян же анын эмгегин бүтүргөн баласы, атайлап “Хунну жөнүндө баяндама” деген бөлүмүндө, аларды атайлап эле “жер айдабайт” деп сүрөттөгөн. Ушул эле китепте, башка жерден хуннулардын эгин айдоолору бар экенин эки жолу көрсөтсө да, “хуннулар жер айдабайт” деген дискурсту жаратып жатат. “Көчмөндөр жер айдабайт” деген дискурс, кытайлыктарга эмнеге керек болгон экен? Анткени кытайлыктар, жер айдабаган элди, артта калган жапайы катары көрсөтөт. Хуннулар болсо, Кытайдын душманы болгон соң, аларды варвар катары көрсөтүш керек болчу. Ошондуктан, кытайлыктар “көчмөндөрдүн жер айдабаган” деген дискурсту жаратып чыккан жана миң жыл бою колдонуп жүргөн.

Өздөрүн маданияттуу, башкаларды караңгы, жапайы катары көрсөтүү Кытайды бийлегендер үчүн абдан керектүү нерсе болгон. Эзүү-кысууга чыдай албаган Кытай дыйкандары “хуннулардын жашоосу шайыр” деп көчмөндөргө качып турган. Негизи, Улуу Кытай сепилинин курулушунун бир максаты да, дыйкандардын качууга тоскол жаратуу болчу.

Улуу Кытай сепили

Эгерде хуннуларды ушинтип маданиятсыз, каардуу, эгин айдоосу жок, катары көрсөтүп турса, Кытай дыйкандын аларга качууга ниети калабы? Демек, ушундай билим сыяктуу, билимге окшогон, бирок чындыктан алыс болгон ишеничти жаратуу бийлик үчүн абдан пайдалуу болот экен. Фуконун “билим – бул бийлик, бийлик – бул билим” сөзү чындыкка жакын болгонун айтсак жаңылышпайбыз.

Демек, тарыхта дайыма билимге окшошкон, бирок чындыктан алыс болгон ишеничтер, дискурстар жаралып, коомдогу чечимдерге, мамилелерге таасир берип турган. Бул дискурстар билимге күчтүү таасир берип, кыргыздар айткандай “жалган дүйнөнү” жаратты. Чыныгы дүйнөнүн маанисин түшүнбөй ишеничтерди билим катары кабыл алып, аларды ээрчип билим тармагы да чындыктан алысташы мүмкүн. Ошондуктан дайыма билимдин чындык менен ишеничтердин ортосунда болгонун унутпайлы.

Элэри Битикчи