Седентаризм

Постколониализм

Билим дайыма чындык менен ишеничтин ортосунда

Билимдин күч экенин, анын бийлик үчүн колдоноорун да караштырып кеттик. Француз философ Мишель Фуко айткандай: билим – бул бийлик, бийлик – бул билим. Бийлик билимсиз иштей албайт та, билим сөзсүз бийликти жаратат.

Мишель Фуко: билим – бул бийлик, бийлик – бул билим

Билим сыяктуу ишеничтер жөң эле өзүнчө жаралабы, же аларды бирөөлөр жаратабы? Билимди бийлик жана башкаруу үчүн ким колдонот? Бүгүнкү сабагыбызда, билим менен бийликтин ортосунда турган көчмөндөрдүн тарыхын, постколониализм аркылуу караштырабыз.

Колониализм доору өзүнчө бир дискурс жараткан. Өткөн сабакта дискурс эң жөнөкөй түшүндүрмөсүн талкулаганбыз. Дискурс – бул, бири бири менен байланышкан символдор, мазмундардын системасы. Колониализм дускурсу да ушундай мазмундардын системасын курган. Ага карата колониализм – бул жөнөкөй жер жана элдерди басып алуу процесси эмес, бирок цивилизацияны, прогрессти жайылтуу кыймылы болгон. Колонизатор – баскынчылар алардын айтымында цивилизация жайылтуу миссиясын – “ак кишинин жүгү” же “white man’s burden” деп атачу.

Ак кишинин жүгү

Бул ишеничти колонизаторлор басып алган жерлерге билим берүү системасы аркылуу жайылтып, жергиликтүү элдерде ыраазычылык сезимин жараткан. Азыр деле кыргыздар Орусияга ыраазычылык билдирүүдө жана аны баскынчы катары кабыл албай, жашап турганын байкай алабыз.

Цивилизацияны жалгыз кана жапайы жерлерге жана элдерге алып келсе болот, ошондуктан жапайы маданиятсыз көчмөндүн элеси Орусия үчүн абдан маанилүү болчу. Кыргыздардын арасында, жапайы көчмөндөр жөнүндө ишеничти билим берүү аркылуу жайылткан. Муну ишке ашырыш үчүн, эң биринчи Кыргыздын тарыхын бурмалап жазган. Британиялык жазуучу Джордж Оруэлл буга: “өткөндү башкаргандар, азыркыны башкарат, азыркыны башкаргандар, эртеңкини башкарат” деген.

Постколониализм, же постколониалдык теория – бул колониализмдин маданий жана коомдук мурасын изилдеген, дисциплина аралык илимий багыт. Постколониализмдеги биринчи изилдөөлөр, Франц Фэнондан башталган.

Франц Фэнон

Өткөн кылымдын 25-чи жылы Франсыянын Мартиника колониясында төрөлүп өскөн, африкалык кулдардын урпагы, Лион университетинен психиатр кесибине ээ болгон Франс Фэнон “Кара тери – ак маскалар” китебинде минтип жазыптыр:

“Мен, негир – күнөөнүн символу болгонуна көнгөнүмдө, негирлерди жек көрөрүмдү түшүндүм. Бирок кийинчерээк, өзүм да негир болгонумду эстедим”

Франц Фэнон, колониализмдин кишинин аң-сезимине кандай таасир бергенин иликтеп чыккан. Колонизацияланган элдерди “кишиликтин ар кандай өзбелгилерден” такай ажыратуу – бул колониализмдин идеологиялык негизи. Колонизаторлор басып алган элдерге: “силер киши эмессиңер, кишиден тышкарысыңар” деген ойду туудуруп, аларга кем-кетик, кулдук сезимин сиңдирчү. Колонизаторлор, өз маданиятын алдыңкы эсептеп, жергиликтүү элдердин маданияттарын болсо, артта калган, артка тарткан маданияттар катары көрсөтчү. Фэнон 1961 жылы чыккан, “Жердин каргышы тийгендер” китебинде, мындай көрүнүштү “маданий империализм” деп атаган. Ошондой эле, мындай абал эки тарапка тең таасир берчү. Колонизаторлор да, өздөрү басып алган элдерди, киши катары көрчү эмес.

Джордж Оруэлл, өзүнүн 1939 жылы чыккан “Марракеш” чыгармасында, Фэнон айтып жаткан акбалды да байкаган. “Бүт колониалдык империялар бул фактыда негизделген. Күрөң тери кишилер – көзгө көрүлбөгөн кишилер. Үйүмдүн жанында дайыма отун ташыган кемпирлер өтчү. Бир күнү, мен бир кемпирди токтотуп, кичине акча берип койдум.  Кемпир таң калганынан кыйкырып жиберди. Аны байкаганым, ал үчүн жаратылыштын мыйзамын бузууга барабар болду го деп ойлоймун. Мен ой жүгүрткөн жокмун, мен фактыны айтып жатамын” деп жазган.

Азыр деле мындай көрүнүштүн таасири бар, анткени муруңку колонияларда кишилер кырсыктан же согуштан кырылса, дүйнөнүн эч кандай реакциясы байкалбайт. Кыргызда да, “киши болду” деген сөз, бийлик же байлыкка жеткендерге, же башкача айтканда “кожоюн” болгондорго гана айтылат. Кожоюндай болбогондор, кул болуп, киши катарынан алынат. Аларды да эч ким аябайт.

Кандайча бир топ элдер өздөрүн кемсинтип, киши катары эсептебей калды?

Колонизаторлор басып алган элдерди, жалгыз кана курал күчү менен башкарбай, билим күчүн да пайдаланган. “Чыгыш таануу” (востоковедение, orientalism) же “көчмөн таануу” (кочевниковедение) сыяктуу илимий тармактар, колонизацияланган элдердин артта калганын, маданияттары кем-кетик болгонун илимий негизинде айтып берчү. Палестин окумуштуусу Эдвард Саид, так ушул “чыгыш таануу” илимин изилдеп, “Ориентализм” китеби менен постколониализм теориясына таасирдүү салымын кошкон.

Эдвард Саид колонизаторлор дүйнөнү “биз” жана “башкалар”га бөлүп, элестетилген сызыктарды өткөзгөн. Мисалы, Батыш менен Чыгыш. Мындай абалды, Саид – “элестетилген география” деп атаган. Чындыгында, Кытай менен Индия, же Аравия менен Алтайдын ортосунда көп өзгөчүлүктөр бар, бирок “батыш” үчүн бул артта калган, караңгы, “чыгыш” атту бир регион болуп калган.

“Чыгыштын” артка калганын тастыктап, атыш жалгыз кана өзүнүн өнүккөн илими Чыгышты изилдей алат жана сүрөттөй алат. “Чыгыштын” элеси “батышта” жаралып, чындыкты эмес, “чыгыш” жөнүндөгү “батыштын” ишеничтерин чагылдырып турган. Бул ишеничтер илим сөрөй “чыгыш таануу” аркылуу жергиликтүү элдерге окуу жайларда берилген.

Ориентализм, “чыгыш жөнүндө билимге” айланып, батыштын чыгыш жөнүндө ишеничтерин ошол эле чыгыш өлкөлөрүнө таратты. Жергиликтүү калк өздөрү жөнүндө батыштын китептеринен окуп, өздөрүнө батыштын көзү менен карап калган. Ориентализм болсо, чыгыштагы элдерди артта калган, өздөрүн башкара албаган эл катары сүрөттөп, батышка баш ийдирген. Бул билим-бийлик экиликти Мишель Фуко: “Бийлик билимсиз иштей албайт, билим да сөзсүз бийликти жаратат” деген.

Басылган, эзилген элдердин үнү угулбай, кожоюн-ээлери кана кол астындагылардын тарыхын, илим аркылуу жазып калган. Постколониализм теориясында мындай көрүнүштү “үстөм” же “гегемония” дейт. “Гегемония” термини, бул мааниде италиялык философ, Антонио Грамши тарабынан киргизилген.

Антонио Грамши

Грамши боюнча, бийликтегилер, баалулуктар, нормалар, ишеничтерге таасир кылып, өз дүйнө көз караштарын жалпы кабыл алган тартип жана үстөм кылычуу идеология катары киргизет. Бул үстөм же гегемонияны сакташ үчүн, бийлик, керектүү билим берүү, маалымат жана маданиятты таратуу системасын колдоп турат. Грамши, өз көз караштары үчүн фашисттик Италияда түрмөгө камалган да, ал жактан өзүнүн эң таасирдүү “Түрмөдөгү жазмаларын” чыгармасын жазган. Цензурадан өтүш үчүн “пролетариат” сөзүн жаза албай, “subaltern” сөзүн колдонгон – “баш ийгендер, кол астындагылар, эзилгендер” деп которсо болот.

Үстөм-гегемонияда астында жашаган “subaltern-баш ийгендердин” үнү угулабы? Же бийликтин көзөмөлүндө болгон массалык маалымат каражаттары, телевидение, радио, илим алардын үнүн басабы?

Бул суроону, Индиялык философ Гаятри Спивак берген.

Спивак, колонизаторлор жергиликтүү калты кемсинтүү үчүн “эссенционализмди” колдончу деп жазган. Эссенционализм – латин сөзү “essentia” – “маңыз, негиз” дегенден тараган философиялык түшүнүк. Ал бир нерсенин туруктуу сапат-касиети бар экенин билдирет. Бирок колониализм эссенционализмди элдер үчүн колдонуп, ар бир элдин кандайдыр бир сапаты бар болгонуна ишенчи. Аларга баш ийген элдердин, көбүнчө жаман сапаты бар болгонун, кээде, илимий ыкмалар менен далил келтирчү.  Ошондо колонизарлорго ишенсек, жергиликтүү калк – Африкада же Азияда болобу, –  жалкоо, көралбас, эки жүздүү болуп сүрөттөлчү. Биз да, кыргызчылык дегенде, жалкоолук, көралбастыкты кыргыздын маңызында болгонуна ишенип калганбыз. Көчмөндөрдүн да каардуу, жапайы, арам болгонун дайыма адабият же кинодон көрүп, ага көнүп жатабыз.

Постколониализм теориясы абдан кенен жана татаал суроолорго жоопторду издеп жатат. Бүгүн биз четин эле караштырып, негизги авторлор жана алардын ойлору менен таанышып кеттик. Колониалдык билим, империяны баскынчы катары көрсөтпөй, кайта цивилизация, прогрессти алып келген, жергиликтүү калкты караңгылыктан сактаган күч катары көсөткөн. Колониализм калтырган мурас, тарых жана маданиятка таасир берип, жапайы, жалкоо, колунан эчтеке келбеген, маданиятсыз көчмөндүн элесин жараткан. Бул ишеничти кабыл алган жергиликтүү элдер, өзүн кем-кетик сезип, баскынчыларды караңгылыктан чыгарганы үчүн алкыштап чыгып, башын ийип берген. Билим бийликти жаратканын ушундан көрүп жатабыз.

“Өткөндү башкаргандар, азыркыны башкарат, азыркыны башкаргандар, келечекти башкарат”. Кандай болсо да, Совет дооруна дагы эле ыраазычылык сезген кыргыз эли, бул сезим кайдан келгенин тактап чыгыш керек.

Элэри Битикчи