Седентаризм

Постструктурализм

Колонизаторлор, өздөрүн башкалардын алдында көтөрүп, басып алган элдерди болсо, кем-кетик көрсөтүп турган. Муну да илим аркылуу жеткизип, ьилимди багындыруу үчүн колдонуп, империялар билим-бийликти, же башка сөз менен айтканда, бийликти негиздеген билимди жараткан.

“Биз” – жакшыбыз, “башкалар” – жаман, дегенде, дүйнө экиге бөлүнүп, абдан жөнөкөй ак-кара түстүү көрүнөт. Ушул сыяктуу каршылаш экиликтерге философияда “структура” деген ат коюлган.

Колониализм “батыш – жакшы”, “чыгыш – жаман” деген каршылаш экиликти жаратып, “чыгышты” башкарып турган. Империядагы метрополия, өзүнүн колонияларын башкарыш үчүн көп каршылаш экилик структураларды жараткан. Империя, “метрополия-колония” экилигинде, биринчисин прогрессивдүү, экинчисин артта калган, өзүн ачык, өнүккөн, башкасын жабык, токтоп калган коом катары көрсөтүп турган.

Америкадагы Прогресс айымдын илгерилеши

Мындай каршылаш экиликтер дайыма иерархиялык структураны тизип, биринчисин өйдөлөтүп, экинчисин ылдыйлатып, колониалдык билим-бийликтиндин негизи, маңызы болуп, азыркы илимге катуу таасир берген. Постструктурализм ыкмасы, ушундай, ичинде иерархиясы болгон, бирөөсү башкарган, экинчиси баш ийген, каршылаш экиликтерди сынга алууда.

Албетте, экилик структуралар ар бир маданиятта бар: күнгөй/тескей, өйдө/ылдый, эр тарап/эпчи тарап, жана башка, бирок мындай структуралардын ичинде иерархиялар болсо, бул билим-бийликтин көрсөткүчү.

Иерархиялык экилик структураларда биринчиси үстөм-гегемонияга караштуу, экинчиси болсо – баш ийген, subaltern, болууда. Структурализмди сынга алуу, эң биринчи Францияда 1960 жылдары жаралган. Ошону менен катар, 1968 жылдын майында, Францияда жаштар жана жумушчулардын мамлекетке каршы көтөрүлүшү башталган. Европада көбүнчө мамлекет/коом, коом/киши жана эркек/аял деген иерархиялык экилик структуралары сынга алынган.

Париж, 1968

Мурунку колониялар болсо, постструктурализмди, колониализм жана модернизмди сынга алыш үчүн колдонгон. Империялар, жергиликтүү элдерди башкарыш үчүн колониалдык билимди жараткан. Бийлик колонияларды багындыруу үчүн, заманбап/салттуу, батыш/чыгыш, ак/кара, маданияттуу/маданиятсыз, прогрессивдүү/артта калган, өнүккөн/өнүгүп жаткан сыяктуу иерархиялык каршылаш экиликтерди жаратып, колониалдык билим түзгөн. Колониализмдин ачык формасы бүтсө да, колониалдык билим дагы эле сакталып, неоколониализмдин негизи болууда.

Илимдердин көпчүлүгү Батышта жаралган үчүн, Европа текебердик сезимине ээ болуп, өзүн чындык жана бейтарап билимди жарата алычуу күч катары эсептеп калды. Муну колумбиялык илимпоз Сантьяго Кастро-Гомес, нольдук чекиттин гибриси деп атаган (гибрис – текебердиктин синоними). Европа өзүн бейтарап байкоочу жана жалгыз кана илимий ыкмаларга таянган билим жараткыч болгонуна ишенип, башкача ойлонгондорду байкабай калды. “Мындай стратегия Европанын башка маданияттарга каршы үстөмдүгүн жаратып, илимди билимди жараткан жалгыз булагы катары жарыялаган”.

Ушинтип Европалык илим, жалгыз кана билимдин булагы болуп калды. Окумуштулар буга “жаңы орто кылымдар” деди. Орто кылымдарда чиркө чындыкка ээ болгонун жарыяласа, эми болсо илим, же тактап айтканда Европада жаралган илим, чындыкка монополия кылып жатат.

Метрополия жана колониялардын арасында иерархия түзүш үчүн, колониалдык билим заман, убакыттын башкача бир сезимин жараткан. Колониалдык убакыт элдерди прогресстин жолуна салып, алдыңкы жана арттагы улуттарга бөлүп иерархия түзүүдө.

Албетте, дүйнөдө технология жана экономикалары өнүккөн өлкөлөр бар, бирок бул өнүгүүнү маданиятка байлап, европалык илим, өздөрүндөн башкаларын маданияттары артта калган элдер деп жарыялаган. Өнүгүш үчүн жалгыз кана европалык маданиятты кабыл алыш керегин, жана бул ийгиликтин жалгыз кана жолу деген илимий сыяктуу тастыктоолор жайылган.

Мисалы, ХХ-чы кылымдын башында, белгилүү германиялык социолог Макс Вебер, капитализмдин жаралышын протестант этикасына байланыштырып, конфуцийчилик базар экономикасына жарабаганын да айтып кеткен. Бүгүн болсо конфуцийчилик туткан Кытай, Тайвань жана Сингапур – дүйнөнүн экономикасында “Азиялык жолборстор” деген наамга жетти. Эми болсо Макс Веберди шылдыңдаган, “Конфуцийчилик жана капитализм” деген макалар чыгууда.

Структурализм “биз” жана “башкалар” экиликти жаратып, “башкаларга” клише, стигмаларды чаптап турат. “Биз” менен “башкалар” же “биз” жана “алар” деген эмне?

Бул философия жана психологиядан алынган терминдер. Адамзат, бөлүнгөндү өнөр кылып алган. Раса, дин, маданият, тил, класс, жашаган жери, музыка жана башка факторлор кишилердин топторго бөлүнгөнгө шарт түзөт. Ар бир топ, өзүн “биз” деп, башка топторду “башкалар” деп атайт.

“Башкалар” дайыма бирдей көрүнөт, “биз” болсо ар кандайбыз, түрдүүбүз, ар бирөөбүз уникалдуубуз. “Башкалар” – жаман, “биз” – жакшыбыз. “Башкалар” туура эмес жолдо баратканын дайыма байкайбыз. “Биз” болсо, кээде ката кылсак та, тандаган багытыбыз туура деп эсептейбиз. Эгерде “башкалар” айтканыбызды угуп, “биздей” болсо, анда алар да туура жолго туруп, жакшы боло турганга мүмкүнчүлүк жаралат.

Ушундай көрүнүш ар кандай топтордо, элдерде бар. Бирок колониализмден өткөн элдер өздөрүн кемсинтип “биз” – жаманбыз, “башкалар” – жакшы деп калган. Кыргызда да “биз” дегенде, “бизди” көрсөтө турган “кыргызчылык” касиети бар. Азыр “кыргызчылык” элдин жалгыз кана жаман өзгөчүлүктөрүн белгилейт. Биз жалкообуз, өнүгө албайбыз, өлкөбүздү башкара албайбыз, менталитетибиз ушундай да, деген сөздөрдү күндө угабыз.

Ар бир киши, ар бир эл, өзүн колдон келишинче мактаганды жакшы көрөт. Ар бир элдин өкүлү өз элин, меймандос, айкөл, адилеттүү катары көрсөтөт. Анан кандайча азыр элибиз өзүн жамандап калды?

Колониализм убагында “биз – жакшыбыз”, “башкалар – жаман” деген түшүнүк илим тармагына тараган. Бул концепция европалыктарды өнуккөн, акылдуу, калган дүйнөнү баарына үйрөткөн, жакшылыктын борбору катары көрсөтүп турган. Көчмөндөр да ушуга окшогон башкалар категориясына кирген. Тарыхта көчмөндөр дайыма бири бири менен согушуп, өзүн башкара албаган, жалкоо, шаарлары же эгинчилиги жок, маданиятсыз коом катары көрсөтүлгөн. Европалык тарыхчыларды окуп көрсө, көчмөндөрдү мындай абалдан куткарыш үчүн, империялар өз чек араларын кеңейткенге аргасыз болуп, Улуу Талаага келген.

Курманжан датка

Европалык илим, көчмөндөрдү так ошол “башкалар” катары сүрөттөп чыккан. Анан көчмөндөр ушунчалык жаман болсо, өзүн башкара албаган, чыр эл болсо, албетте “жакшылардын” курамына киргиси келип, империянын борборуна элчилерди тез тез жиберип турат. Европалыктардын айтымында, “башкалар” өздөрүн кем-кетик болгонун сезип, жакшылыкка умтулат. Эл караңгы болуп муну сезбесе, элдин эң мыкты уулдары, өз элин жаман экенин түшүнүп, “жакшыларга” элчи жиберет.  Ошондуктан, евросентрик тарыхта, империялар эч качан багындыруу же согуш аркылуу келбейт. “Башка” элдер дайыма өз калоосу менен империянын кучагына келип турат. Көчмөндөр да Орусия империясына так ошол өз ыктияры менен кирген. Москвада жазылган тарыхты окуп көсөк, дайыма “добровольное присоединение Киргизии к России” же “кыргыздын Орусияга өз эрки менен киргенин” билип калабыз. Империя эч качан кылыч менен келбейт, ага “башкалар” дайыма өз эрки менен баш ийет.

Тарыхта муну “баскынчысыз нарратив” деп атайт. Империянын курамына кирген “башкалар” өздөрүн жеңилген эл катары сезбейт, кайта жакшылыктын тарабына киргенине сүйүнөт. Бизде дагы эле советтик доор – эң бактылуу, ток, бейкапар доор катары эсептелет. Советтик режим миллиондогон күнөсүз кишини өлтүргөнүн эч ким байкабай калды.

Советтик пропаганда, Британия же Франциянын колониалдык идеологиясынан үлгү алып, окшош ыкмаларды колдонгон. Пропаганда иерархиялык экиликтин негизинде курулуп, жаман/жакшы, прогресс/салт, жаңы/эски, отурукташкан/көчмөн сыяктуу экиликтерди колдончу. Бул ыкмада, жалгыз кана өз “жакшылыгын” көрсөтүү менен чектелбей, башканын “жамандыгын” айрыкча  белгилечү. Европалык же советтик маданиятты прогрессивдүү деп атап, башка маданияттарды салттуу, демек артка тарткан, артта калган маданияттарга кошкон. Европалык маданиятка кошулбагандарды, опера, балетке көнбөгөндөрдү – маданиятсыз киши деп жамандачы. Ушинтип жергиликтүү калктардын маданияты акырындап четке сүрүлүп жок болууга аз калган.

Союз жоюлганда, мурунку советтик республикаларда маданий кайра жаралуу кыймылы башталган. Бирок бул жүрүм кайта эле эски, колониалдык доорунан калган, салыштырманын, иерархиялык экиликтин, ичинде болууда. Эми кыргыз салттуу маданият жакшы, батыштыкы болсо жаман болуп калды. Салттуу маданият коомду туура жолго сала турган бир күч болсо, батыш маданияты коомду, үй бүлөнү, мамлекетти талкалай турган бир жамандык болуп калды. Мындай абал, коомубузга эч кандай бир жаңы түшүнүктөрдү алып келбеди – бул эски иерархиялык экиликтин, оодарылган колдонуусу. Демек, колониалдык ой жүгүртүүдөн кача албай, империя колдонгон ыкмаларды өзүбүз колдонуп баштадык. Өзүн “жакшы”, башканы “жаман” деп баалаган коом, өнүгүп өзгөрө албайт, башкалардан да керектүү нерселерди үйрөнө албайт.

Постструктурализм теориясы мындай абалды сындап, “деконструкция” ыкмасын сунуштайт. Деконструкция түшүнүгүн, Франциянын колониясы болгон Алжирда төрөлүп өскөн философ Жак Деррида сунуштаган. Деконструкция – бул иерархиялык экиликтен, башканы кемсинтип өзүн улуктоодон кетүү ыкмасы. Ошондо кана колониалдык ой жүгүртүүдөн кутулуп, анык эркиндикке жетебиз.

Жак Деррида

Элэри Битикчи