Седентаризм

Седентаризм: “таза көчмөндөр”

Бул бөлүктө “таза көчмөндөр дискурсу” кайдан пайда болуп, кандай таасир бергенин караштырабыз.

“Жердин ар бир алкагында өзүнчө бир  калк жашайт, бирөөсү отурукташкан, экинчиси көчмөн”, деп Рашид ад-Дин Хамадани аттуу тарыхчы, он үчүнчү кылымда өзүнүн белгилүү “Жами ат-Таварих” же “Жылнамалардын жыйнагы” чыгармасында жазган.

Улуу Талаа

Көчмөндөр жана отурукташкан элдердин мамилеси миңдеген жылдарга созулган. Арасында кээде согуш, кээде тынчтык болчу, кээде жакшылык, кээде жамандыгы да болчу. Бирок, отурукташкан элдерде, жалгыз кана согушчан, тоногон, шаарларды өрткө салган көчмөндүн элеси калды. Бул элес жалгыз кана отурукташкан элдердин тарыхында эмес, жалпы дүйнөлүк элесине айланды. Мисалы, “Game of Thrones” же “Тактылар оюну” деген белгилүү сериалда, Дотраки элинин элеси Скиттер же Сакаларга такалганы анык.

Дотракилер

Дотракилер жапайы, жалгыз кана күчү жана куралы менен талаш-тартыштарды чечкен, шаар- кыштактарды тоноо менен оокат кылган, эл катары көрсөтүлгөн. Ушуга окшогон көчмөндөрдүн элеси, “ордо” сөзүнө такыр башка маани берүүдө. Бизде “ордо” сөзү, элдин, мамлекеттин борборун, мыктылардын чогулган жерин түшүндүрсө, отурукташкан элдерде болсо, “ордо”, “орда”, “horde” сөзү, дайыма жылып турган, шаарларды тоноп өрттөгөн куралчан бир варварлардын жыйынын белгилейт.

“Гунндардын ордасы”

Ар бир эл өзүн дайыма айкөл, адилеттүү жана тынчтыкты сүйгөн эл катары сүрөттөйт. Согуш чыгып калса да, өзүн баскынчы катары көрсөтпөгөнгө аракетенет. Бирок биз, мындай көрүнүшкө өзүбүз да көнүп, кайта ушундай жапайы, согушчан, эркек элдин элеси менен сыймыктанып калганбыз. Бул элес кайдан жаралганын жана биздин эсибизге кандай сингенин түшүнбөй жатабыз.

Бүгүнкү илимдер Европада өнүгүп, бизге Орусия аркылуу келген. Европада жаралган илимге, алардын дүйнөгө көз карашы, ойлору, ишеничтери кошулуп кеткени анык. Европалыктардын ишеничтери камтыган илимди, “евроцентризм” дейт жана сынга алат. Анткени илим тарапсыз, объективдүү болбой, жалгыз кана европалыктардын көз карашын көрсөтөт.

Дүйнөнүн башында турган Европа

Седентаризм так ошол евроцентризмге окшош, анткени көчмөндөрдүн элесин жалгыз кана отурукташкан элдердин көзү менен сүрөттөйт. Седентаризм – англис тилинден “sedentary” – “отурукташкан” деген сөздөн келет. Бул терминди мен, 2007 жылы “Седентаризм” макаласы аркылуу киргизгенмин.

Орусияда “көчмөн таануу” же орусча “кочевниковедение” тармагы абдан өнүккөн. Бирок Орусия бул илимди, өзү басып алган көчмөн элдерди башкаруу үчүн колдонгон, ошондуктан “көчмөн таанууга” идеология да аралашып кетти. Бул идеология да көчмөндөр жөнүндө кээ бир ишеничтерди жаратты. Бул ишеничтерди да, биз совет доорунда мектеп аркылуу кабыл алганбыз.

“Көчмөн” же “элет” сөздөрүн алсак, ойго алардын кайсы элеси келет? “Элет” деген сөз, алыскы айыл, провинция, маданий борборлордон алыс жайгашкан жерлерди билдирип калды. Жүз элүү жыл мурда, “элет” же “элатиййа” дегендер, Кокоң хандыгын элдеген жана башкаргандарды билдирчү. “Көчмөн” деген түшүнүктү алсак, жапайы, жырткычка окшогон, шаарларды тоногон, илим билимди, маданиятты түшүнбөгөн кишинин элесине көнүп калдык. Азыр да “элеттикке” жакын “кыргызчылык” деген сөз, коомубузда эң жаман нерселерди камтыган түшүнүккө айланды. Көчмөн, бул артта калган, прогресске көнө албаган, шаарда жашай албаган, жана эчтекени өнүктүрө албаган киши менен байланышып калган сөз болуп калды.

Кокондогу кыргыздар

Бул ишенич кандай пайда болуп?, жана биз, көчмөндөрдүн урпактары, бул жагдайга кандайча көнүп, кабыл алганын мен седентаризм дискурсу менен байланыштырам. Седентаризм, англис сөзү ‘sedentary’ – ‘отурукташкан’ сөзүнө байланышкан бир термин. Седентаризм термини “евроцентризм”ге окшошуп бир тараптуу көз караш сунуш кылат жана отурукташкан элдердин көчмөндөрдөн артыкчылыгын далилдейт.

Седентаризм – бул тарыхый дискурс жана отурукташкан дүйнөнүн көчмөндөр жөнүндөгү элеси. Седентаризм көчмөндөрдү маданият жана цивилизациядан алыстатып, иерархиялык кийинки экиликти калыпка келтирет: отурукташкан – бул жакшы, прогрессивдүү, цивилизациялуу  – көчмөн болсо – жаман, жапайы, кутурган.

Скифтердин элеси

Седентаризм дискурсу, көчмөндөргө кошуна болгон бүт евразиялык отурукташкан калктардын жылбаян жана тарыхый булактарында жаралган. Жерине маданиятына карабастан өнүгүп, илимде үстөмдүк кылган европалык илими аркылуу ырасмий болуп калган. Седентаризм эгинчиликсиз жана туруктуу жайсыз “таза көчмөндөр” жөнүндө баяндамаларды (нарратив) киргизип цивилизация жана маданияттан көчмөндөрдү алып салган.

“Таза көчмөндөр” жөнүндө тарыхый нарратив кантип жаралган?

Бир нече булактарга карап көрөлү:

Биринчи үзүндү байыркы гректердин эң белгилүү тарыхчысы Геродоттун, биздин заманга чейинки 5-чи кылымда жазылган китебинден алынган:

Геродоттун айтымында, Персия шахы Дарий скифтерге кол салганда алар салгылашуулардан качып өлкөнүн ичин көздөй кетип турган. Дарий скифтердин башчысы Иданфирска “күчүң бар болсо согуш, жок болсо башыңды ий” деп бир элчи жиберген. Ошондо:

Сен мени түшүнбөдүң, Персия башчысы, мен эч качан коркуп бирөөдөн качкан жокмун, азыр да сенден да качкан жокмун. Жасаганым адаттан тышкары эмес, жок, бул кадимкидей эле тынчтык убактысындагы жашоо түрүм. Эгерде, эмнүчүн сени менен согушпай жатканымды билгиң келсе, анда сага минтип айтам: өлкөбүздө шаар же иштетилген талаалар жок. Шаарды жоготсок же тебеленген эгиндерди көрсөк салгылашмакпыз, бирок бизде экөөсү тең жок – деп Иданфирс жооп бериптир.

Экинчи үзүндү болсо, биздин заманга чейин 2-чи кылымда жашаган, байыркы Кытайдын тарыхчысы Сыма Цяньдын “Ши цзи” чыгармасындагы “Хуннулар жөнүндө аңгемесинден” алынган:

“Оттуу жер жана сууну издеп, жылып жүргөн; дубалдуу шаарлары жана жашай турган туруктуу жайлары жок болгон эл. Талааларды иштетпейт, бирок ар кимдин өзүнчө жер тилкеси бар”.

Үчүнчү үзүндү болсо, ХХ кылымдын башында, Жети сууда большевиктердин комиссары болгон, Дмитрий Фурмановтун “Козголоң” чыгармасындан алынган:

“Мен аны, Климычты, аягына чейин угуп, андан кийин эмнүчүн кыргыздар малчылык менен жашап жүргөнүн түшүндүрүп баштадым. Көчүп жүргөн элдин отурукташканы, малчылыктан эгинчиликке өтүш абдан узун жана оор жумуш. Көчүп жүргөн кыргыздарды отурукташкан эл кылыш үчүн Кеңеш бийлигинин иштерин Климычка айтып бердим. Ар бир элдин жашоосунда тарыхый периодтор белгилүү тартип менен алмашат. Кыргыздар, көчмөн болгону, жерге отуруп эгинчилик менен алектенбей жүргөнү үчүн күнөөлү деле эмес. Эч кандай өзгөчө улуттук зыяны деле жок. Эгерде башка бир эл, ушундай шарттарда жашап калса, ал деле ушундай өзгөчүлүктөргө ээ болмок” – деп Фурманов түшүндүрүп берди.

Эдвард Карр киргизген “историографиялык факты” деген түшүнүктү киргизген эле. Керектүү фактыларды колдонуп, башка фактыларга көз жумганда, “историографиялык факты” пайда болот.  “Таза көчмөн” нарративи ушундай үзүндүлөрдү колдонуу менен жаралган. Анткени бул сүйлөмдөргө таянсак “көчмөндөрдүн” шаар салуу же эгинчилик өнөрү жок болгонун тастыктай алабыз. Бирок ошол эле чыгармаларда башка фактылар кездешет, бирок ага “таза көчмөндөр” нарративин жараткан тарыхчылар такыр көңүл бурбайт.

Геродот, скифтердин ата-бабаларына кудай алтын соко бергенин жазган. Сыма Цянь болсо китебинин башка бөлүмдөрүндө, “Бир канча ай кар жаап, жут болгон, кишилер арасында оорулар тараган, талааларда эгин бышпай калды” деп жазып жүрөт. Же “чыгыш жана батыш кол башчыларындан, ар бирөөдөн 10 миң атчан алып батышка жер айдоого жиберген” деп ошол эле “Тарыхый жазмаларда” айтылган. Ошол эле убакытта жазган кытай тарыхчысы Ши Гу: “Түндүктөгү өлкөлөрдө суук эрте келет, жер айдоого ыңгайсыз болсо да, хуннулар өлкөсүндө эгин айдайт”.

Төө менен эгин айдаган казак

Фурманов болсо Климыч менен кыргыздар жөнүндө Жети сууда баратып сүйлөшкөн. 1911 жылдагы өткөн катоодо, Пишпек уездинде кыргыз чарбалардын 94% эгинчилик менен алектенген деген фактылар бар, бирок комиссар менен Климыч үчүн кыргыздар дагы эле көчмөн болуп көрүнүп жатат.

Таза көчмөндөрдүн элеси кандай пайда болуп калды?Көчмөндөрдүн тарыхы – бул отурукташкан дүйнөнүн тарабынан жазылган нарратив же аңгеме. Бул жалгыз кана Башкалар жөнүндө айтылган нарратив эмес, бул идеологиялык дискурс. Отурукташкан элдердин, анын ичинде орус элинин, баатыр жомоктору көчмөндөргө каршы күрөшүндө негизделген. Отурукташкан элдер өздөрүн көчмөндөргө карама каршы коюп, алардын жашоо тарзын жапайы, өнүккөн эмес катары көрсөтүп өз маданиятын жогору койчу.

Башкаларды кемсинтип өздөрү үстөмдүк сезимине ээ болду. Көчмөндөр менен таанышкан отурукташкан элдер, өз идентификациясын көчмөндөр менен күрөш аркылуу курган. Алар үчүн көчмөндөр менен күрөш бул жакшылык менен жамандык, цивилизация менен жапайчылыктын күрөшү катары көрсөткөн. Седентаризм дискурсу, эгинчилик жок болсо, кошумча продукт болбойт, кошумча продукт болбосо – өнүгүү болбойт, өнүгүү болбосо – маданият болбойт деп, көчмөндөрдү жапайы бойдон калтырып салган. Бирок көчмөндөрдүн эгинчилиги болгонун тарых тастыктап берди. “Таза көчмөндөр” болсо – бул, тарых менен байланышпаган, көчмөндөрдү маданияттан алыстаткан, идеологиялык нарратив болгонун бул жактан көрдүк

Элэри Битикчи