Седентаризм

Седентаризм: көчмөндөрдү мамлекеттүлүктөн ажыратуу

Седентаризм – бул отурукташкан элдердин көчмөндөр жөнүндө элестери жана ишеничтери. Седентаризм дискурсу илимге катуу таасир кылып, көчмөндөрдү ырасмий жапайы, артта калган эл катары жарыялаган. Жапайы эл болсо, мамлекет кура албайт жана аны башкара албайт деген көз караш да ортого чыкты. Мындай ишенич, ырасмий илимий теориялар менен далилденип, көчмөн элдерди башкаруу үчүн колдонулган. Седентаризм көчмөндөр элдерди кантип маданият жана мамлекеттүлүгүнөн ажыратканын бул жактан көрөбүз.

Илимге таянып, өз элин өйдө, калган элдерди төмөн коюп баштаган киши – бул белгилүү шотландиялык философ, бүгүнкү экономикалык теориясынын негиздечүсү Адам Смит болгон.

Адам Смиттин “Улуттардын байлыгы” китеби

Адам Смит өзүнүн 1776 жылы Эдинбургта чыккан, “Улуттардын байлыгы” изилдөөсүндө, элдердин өнүгүшүн төрт доорго бөлгөн. 1. Hunting-Gathering Society же Аңчылар жана терүүчүлөр коому. Кийинкиси болсо – Pastoral, же Малчылык менен алектешкендердин доору. Ордуна Agricultural, же Эгин айдагандар, дыйканчылык келсе, эң өнүккөн коом Commercial же Соода, өнөр жай доорунда жашаганын жазып кетти. Адам Смит жалгыз кана экономикалык теориясын негиздечүсү болбой, экономикалык детерминизмди байкабастан негиздеп койгон. Детерминизм деген эмне? Жалгыз кана бир көрсөткүчтү алып, анын негизидинде жалпы бир түшүнүктү чыгарганга “детерминизм” дейт. Экономикалык детерминизм – жалгыз кана экономикага таянган жыйнтыктоочу түшүнүк. Адам Смиттен кийин экономиканы негиз катары алып, Европалык философтордун көбү элдерди өнүккөн жана өнүгө албагандарга бөлүп, иерархия түзгөн.

Адам Смит жана анын жолун жолдоочулары

Седентаризм дискурсу, Адам Смиттин авторитетин колдонуп, анын малчылыкты дыйканчылыктан төмөн койгонун айтып, көчмөндөрдү кемсинтип турган. Авторитеттүү теориянын негизинде, жалгыз кана экономиканын түзүлүшүнө карата элдердин арасында, теңсиздик жаралган.

Экономикалык детерминизм цивилизация түшүнүгүнүн негизинде жаткан. Гордон Чайлд, австралиялык археолог, неолитикалык революция деген терминди киргизген. Чайлд, неолит доорунда, 7 – 10 миң жыл мурда, кишилер аңчылык жана терүүнү таштап, көчүп жургөнүн токтотуп, эгин айдап жана туруктуу жайларга ээ болуп, байыр алганды – “неолит революциясы” деп атаган. “Неолит революция” теориясын карап көрөлү. Неолит же жаңы таш доорунда, адамзат, көчүп жүргөнүн токтотуп, отурукташып, эгин айдап баштаганда, ал кошумча продуктыга ээ болду. Бул кошумча продукт, эмгектин бөлүнүшүнө себепкер болуп калды. Азык-түлүктү өндүрүп чыгарбаган, бирок жаңы технологиялар, иштер, билим жана маданият менен алек болгондор көбөйгөн. Аркасынан да шаарлар пайда болушуна жол ачылып, неолит революциясы кишилердин цивилизацияларды курганга биринчи кадам болчу.

Эгинчиликти жараткан аймактар

Албетте, “неолит революция” түшүнүгү чындыкка жакын, бирок седентаризм дискурсу бул теорияны көчмөндөрдү кемсинтүү үчүн колдонгон. Адам Смит жана Гордон Чайлдтин авторитеттерин колдонуп, көптөгөн окумуштуулар көчмөндөрдү жапайы катары сүрөттөгөн. Эгин айдабаган жана шаар салбаган “таза көчмөндөр” жөнүндө нарратив так ушул себеп менен жаралган. Эгерде көчмөндөрдүн дыйканчылыгы жок экенин кабыл алсак, анда алар Адам Смиттин теориясына карата, отурукташкан элдерден деңгели төмөнрөөк болуп калат. Ошондой эле, эгин айдабаган, туруктуу жайлары жок болгон көчмөндөрдүн элесине ишенсек, анда алардын деңгели тээтиги 7-10 миң жыл мурда пайда болгон алгачкы дыйканлардан да ылдый түшөт. Теория боюнча да цивилизациянын негизинде жаткан, шаар менен эгин айдоо жок болсо, анда көчмөндөрдүн цивилизациясы болгонун жокко чыгарса болот.

Көчмөндөрдү эгинчиликтен, маданияттан, цивилизациядан ажыратуунун пайдасын ким көрөт? Эчтеке айдабаган, шаар курбаган, кошумча продуктыны өндүрө албаган “таза көчмөндүн” элесин ким жаратты? Илимде, цивилизацияны жалаң кана отурукташкан (англисче “sedentary”) маданияттарга байлап, көчмөндөрдү жапайчылык деңгелине төмөндөткөнүн, мен “седентаризм” дискурсу деймин. Бул дискурс, Европада жаралып, Орусиянын “көчмөн таануу” же “кочвениковедение” дисциплинасында өнүккөн. Орусия, Европаны турап, цивилизациянын, маданияттын нурун, жапайы элдерге алып келгенин көрсөткүсү келген. Бирок Европадан артка калганын сезген Орусия, цивилизацияны ташыган “ак кишинин жүгүнө” окшошпой калды. Белгилүү жазуучу Федор Достоевский: “Европада биз күч күйөө, кулбуз, Азияга болсо кожоюндай келебиз. Европада татарбыз, Азияда болсо биз европалыктар болобуз. Цивилизатордук миссиябыз бизди Азияга алып келет” деп жазган.

Чокан Валиханов жана Федор Достоевский

Өзү Европадан артка калган, бирок Европадай болгусу келген, толтура кем-кетик комплекстерге ээ болгон, Орусия, “ак кишилердей” цивилизацияны кантип Азияга орното алмак? Империялык идеологтор бир чара тапкан. Азиядагы жашаган жана үстөмдүк ага кылган көчмөндөрдү, такыр эле жапайы эл катары көрсөткөн. Жапайыларга Европадан артта калсаң да, цивилизацияны жана маданиятты алып келе аласыңар да, анткени аларда эчтеке жок. Ошондуктан Адам Смиттин, көчмөндөрдү дыйкандардан төмөн койгон теориясы же Гордон Чайлдтин “цивилизация” жөнүндө жараткан түшүнүгү, Орусияда абдан бааланып, талашсыз бир догма болуп калган. Орусия өзү болсо, Европанын авторитетин пайдаланып, алардын идеологиялык таасиринин алдында калган. Мисалы, Европадан келген марксизм идеологиясына таянып, СССР курулган. Советтик Орусия цивилизатор миссиясын марксист идеологиясына ороп, кыргыздардын ичинде катуу таасир калтырган. Маркс, Адам Смиттин теориясына таянып формацияларды чыгарган. Формациялардын ичинде “Азиялык өндүрүү жолу”, Байыркы Грециядан да төмөнүрөөк турган. Сталин көчмөндөрдү бир аз өйдөрөөк жылдырып, патриархалдык феодализмге кошуп койгон. Дагы эле, бизди Ленин киши кылды, Союз болбосо Афганистандай жашамакпыз, бозүйлөрдө журмөкпүз дегенди, идеология жана пропаганданын күчүн сезбей айрым кыргыздар айта берет.

Бишкектеги Ленинге арналган эстелик

Идеологиянын таасири, көчмөндөрдүн тарыхын бурмалоого жол ачкан. “Таза көчмөндөр” дискурсу “историографиялык фактыларды” жаратып, көчмөндөрдүн шаарлары, туруктуу айылдары, эгинчилиги жок экенин белгилеп турду. Тарыхый булактарда жалгыз кана “таза көмөндүн” элесин жараткан фактылар алынып тарых окуу китептеринде колдонулган.

Седентаризм дискурсу дагы бир тушүнүк жараткан – бул: көчмөндөр, анын ичинде кыргыздар, тарыхта мамлекетке ээ болгон жок. Бул таң калуучу бир нерсе, өзгөчө кыргыздар үчүн, анткени жакында эле кыргыз мамлекеттүлүгүнүн 2200 жылдык маарекесин өткөзгөнбуз. Бирок, буга карабастан, кайта эле Советтик Кыргызстанды мамлекетибиздин негизи катары эсептейбиз. Эмнүчүн эки бир бирине карама каршы турган ойлорду кабыл алып турабыз? Мындай ой жүгүртүүгө так ушул седентаризм дискурсунун идеологиясы таасир берген.

Колониализм идеологиясы, басып алган элдерди кемсинткени менен, империя аларга баарын алып келгенин, аларды баарын үйрөткөнүн да айтып кетет. Дагы эле советтик доордо жашоо башталгансып, кыргыз көркөм сүрөтчү өнөрүнүн негиздечүсү, алфавиттин негиздечүсү, мамлекеттүлүктүн негиз салычуусу деген наамдарга ээ болгондордун саны көп. Колониализм доору бүткөндө жана колониялар эгемендикке жеткенде, империялар, мамлекетти биз куруп бергенбиз деп кайта чыгышты. Кайта эле, Европада жаралган жана жалгыз кана Европанын үлгүсүнө таянган терминдердин колдоосу менен көчмөндөрдөн мамлекет алынды. Макс Вебер же Маккиавели жараткан мамлекетти билдирген терминдерге таянып, алардын авторитетин колдонуп, көчмөндөрдө “мамлекет” жок болчу деген сөздөр пайда болду. Конструктивизм теориясын пайдаланып, азыркы Борбор Азиядагы улуттарды большевиктер жараткан дегендер да чыкты. “Улуттар атасы Сталин” деген комунисттик пропагандадан алыс кетпеген илимге ишенсе болобу?

Союздун убагында тарыхты бурмалоо күчүнө кирди. Орус эли Сталин айткандай “теңдердин биринчиси” болуп, башка элдердин мугалими жана агасы болуп калды. Инилердин жашы болсо, аганын жашынан ашпай туруш керек. Байыркы Русь 9-чу кылымда пайда болгондуктан, ини элдердин жашы да, тарыхы да андан ашпаш керек болуп калды. Кыргыздардын тарыхы так ушул максатка карата экиге бөлүнгөн. Бүгүнкү Теңир тоо кыргыздары, Энесай кыргыздарга эч кандай тиешеси жок болгону да айтылган. Кыргыздардын эл катары калыптанышы XVI кылымга такалып калган. Союздун убагында орустардан башка элдердин калыптанышы 9-чу кылымдан кийин болчу. Ошондо да кыргыздар, советтик тарыхый китептерде мамлекетке ээ боло албады. Мамлекеттүлүктү болсо, советтик республика болгондон кийин кана алган. Буга чейин “племенной союз” же “уруулар биримдигинде, конфедерациясында” жашаптырбыз. Азыр деле, кээ бир Орусиялык окумуштуулар, хуннулар империясын мамлекет деп атабай, “суперсложное вождество” деген терминди колдонуп жатат.

Европада жаралган мамлекетти да, көчмөндөрдүн мамлекети менен салыштырып, көп өзгөчөлүктөрдү тапса болот. Бирок, көчмөндөрдүн мамлекетинде Европаныкындай өзгөчүлүктөрү жок деп, демек, көчмөндөрдө мамлекет жок болчу деген ой жүгүртүү абдан колониалдуу бир түшүнүк. Албетте, колониализм көчмөндөрдү абдан өзгөрттү. Аларда европалык мамлекет чынында эле жок болчу, европалык музыка, европалык маданияты, европалык жазуусу жана европалык цивилизациясы да жок болчу. Көчмөндөрдүн өздөрүнүн мамлекети, музыкасы, маданияты, цивилизациясы бар болчу. Бирок Орусия буга макул болуп кабыл алса, өзүнүн цивилизаторлук миссиясынан ажырап, элдердин эсин башкара турган куралдан ажырап калат.

Седентаризм – бул отурукташкан элдердин тарыхы жана анын негизинде жаралган теориясына таянган дискурс. Европалык же седентаристтик теорияларды колдонсок, көчмөндөр жапайы, согуштан жана отурукташкан калктарды тоноодон башканы билбеген эл катары көзгө көрүнөт. Седентаристтик илим көчмөндөрдун урпактары болгондордун ичинде кем-кетик сезимин жаратат. Седентаризмди деконструкция кылып, өзубүз жөнүндө башкалардын билимине таянбай, өзубүз билимди жаратышыбыз керек.

Элэри Битикчи