Эл

Көчмөндүктүн келип чыгышы

Көчмөндүк, же номадизм (грекче nomas, nomados – көчүү, көчүп жүрүүчү) – калк тиричилигинин малчылык менен байланышкан турмуштун өзгөчө формасы. Отурукташпаган, бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн көчмөн элдин жашоосу миңдеген жылга созулган. Биздин заманга чейин 2-чи миң жылдыктын аягы – 1-чи миң жылдыктын башында Евразиянын тоо-талаа жерлеринде жашаган уруулардын көчмөн малчылыкка өтүшүнө байланыштуу Көчмөндүк пайда болгон. Көчмөндүккө өтүү мал башынын көбөйүшүн, ээн жерлердин өздөштүрүлүшүн, уруу аралык байланыштардын өөрчүшүн шарттаган. Адегенде Азиянын Кара деңиз жээктеринин, Түндүк Африканын тоо-талааларын мекендеген көчмөн чарбаларда кой, эчки, төө, жылкы багылган; кийинчерээк Арктика аймагында көчмөн бугу чарбасы пайда болгон.

Түндүктөгү бугу багуу чарбасы

Мал чарбачылык өзү мезолит-неолит доорлорунда, мындан 10-8 миң жыл мурда жаныбарларды колго үйрөтүп, бакмалаштыруу менен катар пайда болгон. Албетте малды жалгыз кана көчмөндөр багып жүргөн жок. Мал чарбалыктын төрт башкы түрлөрү: атайын малчы баккан, алыскы жайытта багуу, жарым көчмөн, көчмөн түрлөрү. Алгачкы учурда үй жаныбарларды эт үчүн багышкан жана этинен башка терисин, сөөгүн, мүйүзүн, кылын өндүрүшкө, чийки зат катары колдонушкан.

Кийинчерээк малды саап сүтүн пайдалануу пайда болгон. Ал биздин заманга чейин 4-3-чү миң жылдыктан тартып уйду саай баштаганда жана сүттөн түрдүү азыктарды жасоону үйрөнгөндөн кийин чоң чарбалык мааниге ээ болгон. Ушул эле өңүттөн алганда жүндөн буюмдарды токуу пайда болгон жана таралган. Эчкинин кылынан токулган кездемелер пайда болгон.

Малдын күчү алгач үрөндү тебелетип топуракка көмүүдө, дан ташууда, жүк ташууда, бир аз кийинчерээк гана чийнелерге чегүүдө пайдаланган. Жер айдоочу куралдар пайда болгондон кийин мал күчүн колдонуу дагы кеңейди. Үй жаныбарларынын түрүнө, аларды багуунун, пайдалануунун ыкмаларына жана техникасына, климаттык жана физикалык-географиялык шарттарга жараша дүйнөнүн ар кайсы райондорунда түрдүү мал чарбалык системасы калыптанган:

Түндүк Африка менен Түштүк Европадан Түндүк Кытайга, Түштүк Африкага чейинки жарым талаалуу, тоолуу райондордогу алыскы жайытта багууга жана жайлоодо багууга негизделген кой жана эчки чарбасы;

Чыгыш Африкада, Батыш Африканын айрым жерлеринде, Азиянын айрым райондорунда салыштырмалуу нымдуу талаалуу аймактарда алыскы жайытка айдап багууга жаңы жарым көчмөнчүлүккө негизделген бодо мал өстүрүү;

Евразия талааларында көчмөн жана жарым көчмөн чарбадагы кой, эчки, жылкы чарбасы;

Түштүк-Батыш Азиядагы, Сахарадагы жана Орто Азия менен Борбордук Азиянын бир катар райондорундагы көчмөн жана төө чарбасы;

Тибеттеги жайлоодо багылуучу кой, ачки жана топоз чарбалыгы;

Евразия түндүгүндөгү жарым көчмөн жана көчмөн бугу чарбасы;

Анд тоолорундагы отурукташкан шарттарда атайын малчы баккан же жайытта айдап багылуучу лама чарбасы.

Жаныбарларды унаа катары пайдаланганда аңчылык менен алектенген чарбалардын да продуктивдүүлүгү өсөт. Бул Сибирдин жана Түндүк Евразиянын бугу менен аңчылык кылуучулар, Түндүк жана Түштүк Американын талааларынын атчан аңчылары, Түндүк-Батыш Африканын төөчөн аңчылары.

Үй жаныбарларын кармаган бардык элдерде аларды тоюттандыруу, дарылоо, сактоо, бир кыйла өнүккөн элдерде малдын башын өстүрүү сыяктуу милдеттери болору шексиз. Үй жаныбарларына кам көрүү эркектердин да, аялдардын да жумушу болгон, бирок ар кайсы коомдордо алардын бул ишке катышуусу ар түрдүү болгон.

Көбүнчө эркектер мал жайып кеткен, ал эми аялдар айылда калган малга кам көргөн. Бир нече түрдүү мал болсо, анда эркектер ирилерин (төө, жылкы, уй), ал эми аялдар майда жандыктарды (кой, эчки) багышкан. Саан, сүттөн азыктарды жасоо көбүнчө аялдардын жумушу болон, бирок бир катар элдерде (Индияда тода, Түштүк Суданда динка жана башкалар) уйларды эркектер саайт. Көчмөн сомалилерде аялдар майда жандыктарды, ал эми эркектер уйлар менен төөнү саашат. Туарегдердин айрымдарында эркектер төөнү гана, ал эми аялдар уйларды, кой-эчкилерди саашат.

Мал чарбачылык техникасынын эволюциясында малды короодо багуунун пайда болушу белгилүү бир кадам болгон. Ал Европада коло доорунан бери белгилүү. Мал жаюуда аны көзөмөлдөө жана жырткычтардан коргоо үчүн көпчүлүк малчылар мурдатан эле итти пайдаланып келатышат.

Малчылыктын пайда болушу менчик укугунун өнүгүүсүнө кыйла таасир берди. Үй жаныбарлары башынан эле индивидуалдык менчикте эле, ал эми жайыттар көпкө чейин айрым общиналарга таандык болгон. Малга ээ болуу социалдык мамилелерге чоң роль ойногон, анткени мал калыңга кошулган, мал менен эмгек акы төлөшкөн, эти сыйлуу тамак болгон жана ар кандай тойлорду, ошондой эле арбактарга, кайберендерге багышталган ритуалдарды өткөрүүдө кеңири пайдаланылган.

Ошондуктан малчылык дыйканчылыкка караганда кадыр-барктуу кесип болгон. Ал турсун дыйканчылык чоң чарбалык мааниге ээ болгон элдерде да малчылык кесипти урматташкан. Мунун негизинде малга карата рухий турмуштун өнүгүүсүнө кыйла таасир берген өзгөчө сый мамиле, кастарлап урматтоо пайда болгон, эпостордо, мифологияда, ырларда, фольклордо, бийлерде, көркөм искусстводо малчылык мотивдерин ролу чоң, турмуш-тиричилик лексикасында да малчылык терминдер көп колдонулат.

Орто Азиянын негизги урууларында чоң аймактарга көчүп-конуп жүрүүчү чыныгы көчмөн чарбалар 10–11-кылымдарда калыпка салынган. Жер шартына жараша Көчмөндүктүн негизги үч түрү болгон: 1) «меридиандык» көчүү (казактар сыяктуу малды жайында түндүккө, кышында түштүккө сүрүү);

2) «чөлдүк» көчүү (түркмөндөр сыяктуу малды кудуктан кудукка же кудук тегерегине айдоо);

3) «тике» көчүү (кыргыздар сыяктуу малды өрөөндөгү кыштоолордон бийик тоолуу жайлоолорго сүрүү).

Айрым элдерде (курддар, афгандар) Көчмөндүктүн отурукташкан, чала көчмөн түрү өкүм сүргөн. Көчмөндөр мал менен гана чектелбестен, дыйканчылык, соода-сатык, аңчылык менен да кесиптенишкен. Көчмөн калктар убактылуу чоң саясий бирикмелерге («көчмөн империялар») баш кошуп, чоң аймактарды каратып, тарыхый процесске таасир тийгизген. Көчмөн элдер материалдык (боз үй, анын жасалгалары, ат жабдыктары, айрым жоо куралдары, колдонмо искусствонун үлгүлөрү ж. б.) жана рухий (баатырдык эпос, элдик оозеки лирикалык ырлар, жомоктор ж. б.) маданияттын өзгөчө түрүн иштеп чыккан. Бирок Көчмөндүк коомдо уруулук мамилелер сакталып, өндүрүш жай өнүгүп, натыйжада социалдык мамилелердин өөрчүшү кечеңдеген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында көчмөн элдерди отурукташтыруу ишке ашырылган. Учурда көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган эң байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилиги дүйнөлүк маданияттын бир тармагы катары иликтенүүдө.

Кыргыздардын этностук, социалдык өнүгүүсү, материалдык, руханий маданиятынын калыптанышы көчмөндүк менен тыгыз байланыштуу. Кыргыздар Борбордук Азиянын байыркы көчмөндөрү менен бирдикте көчмөн цивилизациясын түзгөн элдерден. Татаал, кескин континенталдуу климат шартында мал багуунун, тукумун жакшыртуунун ыкмаларын иштеп чыгышкан.

Материалдык маданиятынын бардык тармактары көчмөн жашоого ылайыкталган. Жердиги жыгачтан, чийден, кийизден жасалган боз үй – көчмөн устачылык чеберчилигинин туу чокусу. Ал тез тигип, тез чечүүгө, ташууга ыңгайлуу. Кийиз, атка токулуучу үзөңгүлүү ээр токум, шым (таар же тери) жана башка буюмдар көчмөн кыргыздардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы. Көчмөн элдердин анын ичинде кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы – өзгөчө баатырдык эпостору болуп көрбөгөндөй бийик деңгээлге көтөрүлүп, оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк эталону катары таанылды. Көчмөн жашоонун маңызы жалаң гана мал багуу менен чектелбестен, башка жардамчы чарбалар – аңчылык, соода, устачылык, зергерчилик, ошондой эле колдонмо-жасалга өнөрлөрү дагы өнүккөн.

Дыйкан чарбасы да көчмөн жашоого мүнөздүү өзгөчөлүктөр менен гүлдөгөн. Кайрак жерди иштетүүдө – арпа, таруу өстүрүүдө, арык менен суу алып келүүдө көчмөндөр өздөрүнө гана таандык ыкмаларды иштеп чыгышкан. Көчмөн шартта мамлекеттик түзүүнү, өлкөнү башкаруу системасын иштеп чыгууну жакшы өздөштүрүшкөн. Хандык бийликке негизделген Евразиянын көчмөн империяларынын, анын ичинде 9–10-кылымда Борбордук Азияда түзүлгөн Кыргыз кагандыгынын дүйнөлүк тарыхтан алган орду салмактуу.

Көчмөндөр менен отурукташкан элдердин ортосундагы алакалар жашоо тиричиликтин жаңы формаларын, технологияларын жаратып, жаңы этностук топтордун пайда болушун шарттаган. Жаңы этномаданий жана саясий жалпылыктарды түзгөн. Көчмөндүк өзүнүн тарыхый эволюциясында бир нече өтмө формаларды басуу аркылуу (жарым көчмөндүү, жарым отурукташкан, жакын арага мал жайуу жана башка), аягында биротоло отурукташкан жашоо моделине өткөн.