Билге

Кокон автономиясы жана Мустафа Чокай

Кокон автономиясында Мустафа Чокайдын таасирдүү инсандардын бири болгон. Ал эми макалада анын ишмердүүлүгү каралган.

Азыркы учурда улутубуздун өткөн тарыхын изилдөөнүн, айрыкча азаттык идеяларынын жана боштондук күрөштөрүнүн тарыхый чындыгын иликтөөнүн актуалдуулугу жогорулоодо. Мындан 100 жыл мурун түркстандыктардын азат мамлекет курууга болгон алгачкы аракеттеринин көрүнүктүү окуяларынын бири Түркстан же Кокон автономиясын түзүү болгон. Россия падышачылыгынан жаңы гана кутулган түркстандыктардын бул алгачкы улуттук-мамлекеттүүлүгүн түптөө ошол мезгилдеги жергиликтүү интеллигенциянын алдыңкы демократиялык катмарынан чыккан чыгаан инсандардын бири казак элинин көрүнүктүү уулу Мустафа Чокаевдин ысмына байланышкан. Ошол себептүү бул макалада М.Чокаевдин Кокон автономиясын түзүүдөгү ишмердигине учкай да болсо токтолуп кетмекпис.

Февраль революциясы жана Түркстанда эгемен мамлекет түзүү идеясы

Мустафа Чокаев (1890-1941) 1890-жылдын 7-январында Ак-Мечит (Кызыл-Ордо) уездинин Олуя-Тарангыл (Сулуу төбө) деген айылында кыпчак уруусунун байгер чарбалуу үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы Торгой Кокон хандыгынан “датка” наамына ээ болгон адам эле. Атасы Чокай (1836-1918) өз убагында болуш болуп, бий, сот катары элге таанылган.

Мустафа жашынан тийешелүү билим алган, 8 жашында эле Анжыян-кыргыз көтөрүлүшү жөнүндө уккан. Бирок, Мустафанын мусулман фанаттык билим алуусунан чочулаган ата-энеси аны алгач үйдө сабатын жоюп, кийин Ташкенттеги орус гимназиясына киргизген. Гимназияда ал А.Ф.Керенский менен бирге окуган [22, 1-том, 512-б.]. Гимназиядан кийин Мустафа Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетине кирип, аны 914-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Студенттик жылдарда эле саясий ишмердиги башталып, демократ жана агартуучу катары калыптана баштаган. Мустафа 1911-жылы чыга баштаган “Айкап” журналынын, 1913-жылдан баштап Оренбургда жарык көрө баштаган “Казак” гезитинин ишмердигине аралашып, ошол кездеги казак элинин чыгаан уулдары Э.Бөкөйханов, АБайтурсунов, М.Дулатов, М.Тынышбаев, бир туугандар Досмухамбетовдор менен кызматташтыкта болгон.

1917-жылкы Февраль революциясын М.Чокаев Петербургда тосуп алган. Ошол мезгилде ал эсер партиясына кирген. М.Чокаев Убактылуу Өкмөттүн ишине активдүү аралашып, Э.Бөкөйхановду Талаа крайына, М.Тынышбаевди Түркстан крайына комиссар кылып дайындоого көмөк көрсөткөн.

Февраль революциясы Түркстан элдерининин алдына эгемен мамлекет түзүү маселесин күн тартибине койгон. Аны чечүү максаты менен Ташкентте 14-мартта “Шуро-и Ислами” уюму [28], ал эми май-июнь айында “Уламалар жааматы” түзүлгөн [26]. “Шуро-и Ислами” уюму, европанын демократиялык жетишкендиктерине негизделген жадиддердин идеологиясын, жаңычыл руханий баалуулуктарды жактап, ошого ылайык мамлекеттүүлүктү орноткусу келсе, Уламалар жамааты ортодоксалдык исламдын улантуучулары катары шариаттын принциптеринен тайбай, европалык манерадагы билим берүү реформасына каршы турушкан жана Түркстанда диний мамлекет түзүүнү колдогон.

440 делегат катышкан “Шуро-и Ислами” уюмунун уюштуруусу менен чакырылган I Түркстан мусулмандарынын курултайы 1917-жылдын 16-23-апрелинде Ташкентте өткөн. Курултайда талаш маселелердин бири болочок мамлекетти башкаруунун формасы болгон. Делегаттардын басымдуу көпчүлүгү келечектеги Түркстан мамлекети демократиялык республика болуусу керек деген пикирде турганы менен, анын формасы унитардуубу же федеративдүү болушу керекпи деген суроо талаш жараткан. Түркстан автономиялык мамлекеттик түзүлүшүнүн башкаруу түрү да талашты жараткан. Ал жерге байланыштуу болуш керекпи, же маданий автономия болушу зарылбы деген пикирлер делегаттардын түрлүү көз караштарын пайда кылган [2, 17-б.].

Курултайга катышкан делегаттар 1917-жылдын 21-апрелинде Түркстан мусулмандарынын Борбордук кеңешин түзүп, аны “Түркстан улуттук борбору” (Түркрамус) деп аташкан. Бул Борбор “Шура-и Исламинин” аткаруу уюму болучу. Борбордун аткаруу комитетинин төрагалыгына, башкалардан жаш болгонуна карабастан, М.Чокай шайланган [7, 24-б.].

Бул топтун түпкү максаты жергиликтүү элдин турмушун европа маданиятынын негизинде реформалоо эле. М.Чокаев Казакстандагы казак элинин саясий күрөштөрүнө да активдүү катышып турган. 1917-жылдын 21-28-июлунда Оренбург шаарында I жалпы казак курултайында катышып, Алаш партиясын уюштуруучулардын бири болгон [17, 302-303-бб.].

Ташкентте партиянын август айында өткөн регионалдык конференциясында казак автономиясынын түзүлүшүнүн салыштырмалуу радикалдуураак долбоору иштелип чыккан. Бүткүл казак улутунун басма сөз органы деп М.Чокай редакторлук кылган “Бирлик жуы” гезити аталган [27].

Убактылуу Өкмөттүн чечими менен 1917-жылдын 31-августунда М. Чокаев А.Ф.Керенскийдин сунушу менен Түрккомитетинин мүчөсү болуп дайындалган.

М.Чокай ошол кездеги саясий абал жөнүндө: “Биздин жолубузда эки тоскоолдук бар. Булардын бири биздин азаттыгыбыздын душмандары, ал эми экинчиси – өзүбүздүн артта калуубуз жана уюм түзүү ишинде тажрыйбабыздын жетишпегендиги. Бул эки тоскоолдуктун эң коркунучтуусу – экинчиси”,- деп жазган [7, 24-25-бб.].

Казакстанда “Алаш” партиясы түзүлүп жаткан чакта Ташкент шаарында Убактылуу Өкмөттүн Түркстан өкүлчүлүгүнүн ичинде ажырым башталган. Анткени, Убактылуу Өкмөттүн чечими менен 1917-жылдын 31-августунда М. Чокаев А.Ф.Керенскийдин сунушу менен Түрккомитетинин мүчөсү болуп дайындалган болучу [16]. Ал Түркстандагы саясий маселелерди жергиликтүү калктын кызыкчылыгына жооп бере ала тургандай кылып чечүүгө аракеттенген. А.Ф.Керенский М.Чокаевдин сунушун кабыл алып, Убактылуу Өкмөттүн курамында Түркстан иштери боюнча атайын комиссарлык түзүү пикирин билдирген.

Бирок, М.Чокай баш болгон “Шура-и Ислами” идеясын жактаган түркстандык “федералисттер” орус социалисттери менен Түркстандын келечеги жөнүндөгү маселеде тил табыша алган жок.

Октябрь төңкөрүшүнөн кийинки саясий автономия алуу далаалаты

Аңгыча Октябрь төңкөрүшү жеңип, 15-ноябрда Эл комиссарлар Кеңешинин төрагасы В.И.Ленин менен Улуттар боюнча эл комиссары И.В.Сталиндин колу коюлган “Россия элдеринин укуктарынын Декларациясы” жарыяланган.

Мындагы башкы идея мындан ары Россия элдери өз ыктыяры менен баш кошуусу жана улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу болгон. И.В.Сталин “Россиянын эзүүсүндө болгон улуттар үчүн Россиянын курамында калуу же көз карандысыз болуу укугун берүүгө тийишпис. Муну өз тандоолоруна калтырабыз”, – деп убада берген [3, 9-12-бб.].

Большевиктердин лидери Владимир Ленин жана Сталин

1917-жылдын 3-декабрында В.И.Ленин, И.В.Сталиндин колдору коюлган “Россия жана Чыгыштын бүткүл мусулман эмгекчилерине” деген кайрылуу жарыяланып, анда мусулман элдеринин улуттук жана маданий кызыкчылыктары кысымга алынбастыгы, Россияда жашаган элдердин укуктары Кеңеш өкмөтү тарабынан коргоого алынары айтылып, Кеңеш өкмөтүнө жардам берүүлөрүн өтүнгөн. Бирок, иш жүзүндө андай болгон жок.

1917-жылдын 2-9-ноябрларында Ташкентте Түркстан жумушчу жана солдаттардын III крайлык съездин чакырылып, “Бийлик жөнүндө декларация” кабыл алынган. Декларацияда “Эл комиссарларынын Кеңеши (Совнарком)” деп аталган Түркстан крайлык жумушчулар, дыйкандар жана солдаттардын Кеңеши мындан ары Түркстандын жогорку бийлик органы болуп эсептелет деп жазылган. Аталган декларацияда Түркстан Эл комиссарлар Кеңешинин курамына жергиликтүү калктын өкүлдөрү катышууга мүмкүн эмес деп жарыяланган. Комиссариаттын ичинде жергиликтүү өкүлдүн жок болушу Түркстанда пролетариат табынын күчсүздүгү жана жогорку деңгээлдеги кадрлардын жетишпегендиги менен түшүндүрүлгөн [9, 359-б.].

Бул чечим 1917-жылдын 2-ноябрында Петербургда кабыл алынган “Россия элдеринин укуктарынын декларациясынын” “улуттурдын өз тагдырын өзү чечүү укугуна” тескери чечим эле [15, 15-б.].

Ошентип, Борбордук Азия жана Казакстандын түштүк областтарын камтыган мурунку 5 областтуу Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагында болочок пролетардык диктатуранын идеологиясынын негизинде мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалы коюлган.

Түркстанда 1917-жылдын ноябрында Кеңеш бийлигинин орношунан кийинки абалды М.Чокаев мындай сүрөттөйт. Борбордо жана Түркстанда Кеңеш бийлиги орногондон кийин бүткүл россиялык мусулмандар козголуп, алардын ичинде түрк элдеринин биримдиги күч алып, “манифестациялар” башталат деп күткөн элек. Бирок, андай болбоду. Түрк элдери жашаган аймактар бириге алган жок, ар бири ыдырап, өз алдынча аракет жасап жатышты. 1917-жылдын 27- ноябрында Түркстан өзүнүн Элдик Кеңешин, Убактылуу Өкмөтүн жана Түркстан учредителдик жыйынын түзүү менен чыкты. Казактар Кичи жүзгө (Батыш Казакстандын чөлкөмү), Орто жүзгө (Борбордук Казакстандын чөлкөмү) жана Улуу жүзгө (Жети-Суу областы) деп аталган үч жүзгө бөлүнүп алып, бириге алган жок [16].

Большевиктер бийликти алгандан кийин бир катар улуттук коомдор жана уюмдар Ташкентти таштап кетүүгө мажбур болушкан. Анткени, Кеңеш бийлиги аскер жана милициянын күчү менен бүткүл шаарды көзөмөлдөп, улуттук интеллигенция өкүлдөрүнүн эркин аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берген эмес. Ошондуктан Түркрамус жана Түркстан Убактылуу Элдик Кеңеши да шаардан чыгып кеткен. 1917-жылдын ноябрынын ортосунда эки жолдошу менен М.Чокаев алгач Самарканга барган. Андан кийин Фергана өрөөнүнүн шаарларын аралап, мусулман калкынын көпчүлүгү төңкөрүлгөн Убактылуу Өкмөттү каалабашын, ошол эле учурда бийликке келген большевиктерге да ишенбей тургандыгын байкаган [16].

Саясий иштерди мындан ары улантуу үчүн М.Чокаев жана анын пикирлештери Кокон шаарын тандап алышкан. Бул жерде аларга “Шуро-и Ислами” менен “Шура-и Улема” уюмдарынын мүчөлөрү да кошулган. Ошентип, Кокон шаарында 1917-жылдын аягында идеологиялык жана тактикалык эки багыттагы күчтөр топтолгон. Биринчи топ – Түркрамус (М.Чокаев) саясий автономия алууну көздөсө, экинчи топ – Уламалар жамааты (С.А.Лапин) жадидчилердин бийликке жетишинен чочулап, аларды мусулман калкына душман көргөзүүгө аракет кылышкан [7, 47-б.].

Ажырымдыкка карабастан аталган топтор Кокон шаарында Түркстан курултайын өткөүүгө чечим кабыл алышып, натыйжада 1917-жылдын 9-12-декабрларында Кокон шаарындагы эски хан сарайында 203 делегаттын катышуусу менен Түркстан мусулмандарынын IV курултайы чакырылган.

Курултайда жалаң гана түркстандыктар эмес, большевиктерге каршы турган орус жана башка улуттардын өкүлдөрү да болгон.

М. Чокай төрагалык кылган бул курултайдын күн тартибинде эки маселе талкууланган. Алардын биринчиси – Түркстандын “Түштүк-Чыгыш бирикмесине (союзуна) кириши жөнүндө” болсо, экинчиси – Туркестандын автономиясы жөнүндө эле [10, 133-б.] Курултай 9-декабрь күнү эртең менен салтанаттуу түрдө ачылып, 10-декабрь күнү түштөн кийин башталган Түркстан автономиясы жөнүндөгү экинчи маселе кызуу талкууну пайда кылган. Талкуу эртеси 11-декабрь күнү да уланган. М.Чокаев автономияны жарыялаганга шашылбайлы, толук кандуу Түркстан мамлекеттүүлүгүнө ээ болууга тажрыйба, кадрлар, куралдуу күч жетишсиз, демек “автономия жарыя кылыш оңой, бирок аны сактап калуу өтө кыйын”, деген жүйөөлүү пикирин айткан [6, 27-28-бб.].

Бирок, баяндамачылар менен жарыш сөзгө чыккандардын көпчүлүгү Түркстан автономиясын жарыялоо зарылдыгын негиздешип, ошол эле учурда жер- жерлерден келген делегаттардын арасында Түркстанда өз алдынча падышачылык, атүгүл “халифат” куруу сунушу да киргизилип кеткен.

Негизинен алар “Улама” өкүлдөрү, Шер Али Лапиндин жаатташтары болучу. Айрым бир адамдар Түркстанды башкаруу үчүн Түркиядагы Осмон ханзаадаларынын бирин чакыруу керек деп да айтып чыгышкан [8, 7-11-бб.].

Кантсе да, 11-декабрдан 12-декабрга караган түнү саат 12.00дө салтанаттуу түрдө Түркстандын автономиясы (Туркистон Мухторияти) жарыяланган. Бир добуштан кабыл алынган Курултайдын резолюциясында Түркстан Россия федеративдүү республикасынын курамында территориялык автономия болуп түзүлүп, анын аталышы “”Түркстан автономиясы” (Туркистон мухторияти” – өзбекчеси, “Туркестанская автономия” – орусчасы) деп эсептелген.

Курултай ошону менен бирге эле бийликтин структурасын белгилеген: Учредителдик жыйын чакырылганга чейин бүткүл бийлик Түркстан Убактылуу

Кеңешинде жана Түркстан элдик (улуттук) жыйынында (Миллий мажлис) топтолуп, кийин жаңы курамга өткөрүлүп берилиши тийиш болгон. Түркстан автономиясынын Өкмөтү 12 адамдан түзүлүп, алар бир эле учурда Түркстан Убактылуу Кеңешинин да мүчөлөрү болушкан [15, 16-б.]. Тарыхта “Кокон автономиясы” деп аталып калган бул Өкмөттүн премьер-министри болуп алгач жетисуулук казак Мухамеджан Тынышпаев дайындалган. Ал бир эле учурда ички иштер министри да болуп эсептелген. Өкмөттүн тышкы иштер министрлигине М.Чокаев дайындалган.

Курултайда жалпы элге Түркстан автономиясы демократиялык эркиндиктерди, интернационалдуулукту коргойт, Түркстан крайын туруктаган көп улуттуу элдердин ынтымак-ырашкерлигин, кызматташтыгын жана руханий өнүгүүсүн даңазалайт деген мазмундагы атайын Кайрылуу жарыяланган [15, 16-б.].

Кокон автономиясынын жарыяланышы жөнүндө атайын кат Ташкенттеги Кеңеш бийлигине жиберилген. Алар андан ары Петербургга бул жөнүндө телеграмма салышкан. Түркстандын автономия болуп жарыяланышын калк кубаныч менен тосуп алган. Декабрь айында Түркстандын бир катар ири шаарларында “Туркистон мухторияти” Өкмөтүн крайдагы чыныгы, бирден-бир элдик бийлик катары тааныган митингдер, демонстрациялар өткөн.

Жергиликтүү басма сөз каражаттарында түркстандык белгилүү агартуучулар, интеллигенттер жана улуттук-прогрессивдүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жандуу пикирлери менен автономияны колдоп чыгышкан [15, 17-б.].

Кокон автономиясынын Өкмөтүнүн алдында бир катар кечиктирилгис иш-чаралар бар эле. Эң башкысы уламдан-улам бийлигин күчөтө баштаган большевиктердин таасирин азайтуу болучу. Бирок, бул үгүт иши ийгиликке жеткен жок. Анын үстүнө улам күч алып келе жаткан ачарчылык элдин абалын өтө оорлотуп жиберген. Тарыхый булактардын маалыматтарына караганда ачарчылык айрыкча Фергана өрөөнүндө катуу болуп, 1917-жылдан 1923-жылга чейин Фергана өрөөнүндө эле өлгөн 1 миллиондон ашык адамдын көбү ачарчылыктан каза болгон делет [28].

Кокон автономиясынын кыйынчылыктарынын бири финансы маселеси болгон. Алгачкы мезгилде Кокон Убактылуу Өкмөтүндө бир нече жүз миң гана рубль каражат бар эле. Анын үстүнө 1918-жылдын башында Коконго келген Түркстан Элдик комиссариатынын мүчөсү, эмгек эл комиссары П.Г.Полтарацкий Кокон шаарынын жумушчу жана солдаттар Кеңешинин төрагасы, большевик Е.А. Бабушкин менен бирге Кокон автономиясына каршы активдүү үгүт иштерин жүргүзүп [18], атүгүл Кокон гарнизонунун куралдуу күчтөрүнүн жардамы аркасында Мамлекеттик банктын Кокон бөлүмүн улутташтырып салган эле. Кокон банкынын улутташтырылышынын натыйжасында келип чыккан кризистен улам Кокон автономиясынын Премьер-министри М.Тынышпаевдин ордуна, активдүүрөөк жана эрктүүрөөк деп саналган М.Чокаев дайындалган [12, 13].

М.Чокаевдин алгачкы иши финансылык маселени чечүүгө болгон аракеттен башталган. Натыйжада Премьер-министрдин орун басары Шахислам Шагиахметов (Ислом Султан Шоахмедов) 30 миллион рубль көлөмүндө ички карыз (кредит, заем) кагаздарын чыгарууга “Калк кеңешине” сунуш кылган [12, 13]. Аны ишке ашыруу чынында административдик басым менен жүргөн болучу. Бул чечим кол өнөрчүлөрдү, дыйкандарды, соодагерлерди нааразылыкка алып келген.

Кокон автономиясынын алдындагы дагы бир маанилүү маселе, жаңы гана туулган мамлекетти коргой ала турган Куралдуу күч түзүү болучу. Аскер ишине мобилдүүрөөк деп эсептелген элет калкына Кокон автономиясынын таасири али жете элек, анын үстүнө кадрдык да, каржаттык да булактар жокко эсе эле. Натыйжада, бир ай ичинде болгону 60тай гана киши ыктыярдуу аскерге жазылышкан. Согуш министрине дайындалып, мамлекеттеги башкы командачы деп эсептелген полковник М.Чанышевдин аракеттери натыйжа бербегендиктен, Кокон автономиясынын жетекчилери Фергана өрөөнүндө жоокерлиги менен таанылып калган корбашы Эргешти жигиттери менен кызматка чакырууну чечишкен. Ошол мезгилде Эргеш Кокон шаарынын эски шаар бөлүгүндө милициянын башчысы болуп иштечү. Эргеш кезегинде падыша каторгасында болуп, бир топ каторжниктер менен бирге Сибирден качып келген адам болгон. Ошентип, Эргеш Кокон автномиясына расмий түрдө милициянын начальниги болуп дайындалып, анын жигиттери милиционерлер деп катталышкан [12, 13]. Эргештин куралдуу кошуну тез эле көбөйүп, кай бир маалыматтарга караганда февраль айында 4000 кишиге жеткен.

Кокон автономиясы тышкы байланыштарды түзүүгө да аракеттенген. М.Чокай алгач Кокон автономиясынын тышкы иштер министри катары декабрда казак, башкорт курултайларына катышуу үчүн Оренбургка барган болучу. Ал Оренбургда 5-13-декабрларда II казак курултайына катышып, Алаш Ордо автономиясынын түзүлүшүнө күбө болгон. Курултайда Түркстан автономиясы тууралуу маалымат берип, атүгүл Алаш Ордо автономиясынын Өкмөтүнө мүчө да болууга үлгүргөн

М.Чокайга декабрдын акырында тезинен Коконго кайтып келүүгө туура келген [8, 11-б.]. Кокон автономиясы 1918-жылдын январынын баш ченинде Түркстан Эл комиссариатынан бардык бийликти Кокон Убактылуу Өкмөтүнө өткөрүп берүүсүн талап кылып, Түркстандагы Кеңеш бийлигине каршы чечкиндүү күрөш баштоого бел байлаган. Бирок, күч тең эмес эле.

Ал эми Кеңеш бийлиги Кокон автономиясынын жарыяланган биринчи күнүнөн баштап эле аны “мыйзамсыз” деп атап, ага каршы активдүү күрөш жүргүзө баштаган болучу. 1918-жылдын 18-декабрдагы чечим менен Кокон шаарынын жумушчулары куралдандырылып, Кокон гарнизону күчтөндүрүлгөн.

23-январда Кокон автономиясын талкалоо, өкмөтүн таратуу жана мүчөлөрүн камоо, куралдуу күчтөрүнүн командалыгын алмаштыруу сыяктуу иш-чаралардын мерчемдери кабыл алынган [5, 250-б.].

1918-жылдын февралында Түркстандагы антибольшевиктик казак-орустардын жана ак гвардиячылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин кызыл гвардиячыларды Кокон автономиясына каршы жиберүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 1918-ж. башында Оренбург шаары большевиктердин колуна өткөндөн кийин Ташкент-Москва темир жолу да ачылып, Түркстандагы Кеңеш бийлиги борбордон жетишерлик курал-жарак жана кошумча аскер ала алган.

Февраль айынын башында Кокон шаарына 11 эшалон артиллериялык куралдары бар кавалерия жана пехота күчтөрү келген. Ошентип, шаар үч тарабынан курчоого алынган.

Кокон автономиясынын талкаланышы

Кокон автономиясын талкалоого бир катар даярдыктар көрүлүп, кызыл гвардия австро- венгер согуш туткундарынан турган жалданма аскерлер, армян дашнактары сыяктуу куралдуу топтор менен күчөтүлгөн. Түркстанда ошол кезде 1300 чамасында армян аскери бар эле [30].

Улам татаалданып бара жаткан бул кырдаалда Скобелев (Маргалаң) шаарынын шаардык думасынын кеңеши Кокон автономиясы менен Ташкенттеги Кеңеш бийлигинин ортосунда келишим түзүүгө ортомчулук кылуу максатында Кокон шаарына тынчтык делегациясын жиберген Буга Кокон автономиясынын жетекчилери да макул болушкан. Натыйжада 17-февраль күнү Кокон шаарында тычтык конференция уюштурулуп, пикир алмашуулар менен кошо эле расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлө баштаган. Тынчтык конференциясында Кокон ревкому тарабынан 27, Кокон автономиясы тарабынан 24 киши катышкан [12, 13].

Тынчтык конференциянын иши эми гана жүрө баштаганда Кокон автономиясынын согуш министри полковник М.Чанышев Кокон шаарынын ревкомуна Кокон гарнизону жайгашкан сепилди 17-февраль күнү саат 16.00 чейин анын колуна өткөрүп берүү жөнүндө ультиматум койгон. Мындай ультиматум “Шура-и Улема” уюмунун, алардын пикирин колдогон Эргештин кысымы астында болгон. Анткени, уламалар Кокон автономиясынын большевиктик ревком менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнө каршы болучу. 18-февраль күнү “Шура-и Улема” уюумунун реакциялык канаты мечиттерде, эл арасында “капырларга каршы ыйык согуш – газаватка” үндөгөн шыкактоосу абалды курчутуп жиберген. Уламалардын колдоосунун натыйжасында Эргештин бир нече миң жигиттери кырдаалды өз колуна алып, 18-февраль күнү Кокон автономиясынын аскер министри Махдий Чанышевди баш кылып бир нече министрди, орус офицерлерин камакка алган. Мустафа Чокаев жана бир нече башка жетекчилер качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошентип, тарыхта “Уламалардын төңкөрүшү” [12, 13] деп аталып калган 1918-жылдын 18-февралындагы окуя факты жүзүндө Кокон автономиясынын тарашына алып келген.

Демократияны, прогрессивдүү жана конструктивдүү жол менен Түркстанды эгемендүүлүккө карай багыттаган автономисттердин бийлиги, реакциялуу уламалардын (молдолордун) колуна өткөн. Алар Эргешти “Кокон ханы” деп жарыялоого аракеттенишип, большевиктерге гана эмес, аларга жан тарткан саясий күчтөргө “газават” жарыялашып, Февраль, Октябрь революциялары алып келген зор өзгөрүүлөрдүн алдыга өнүгүшүн теңирден тескери нукка бура алышкан. Реакциячыл “Шура-и Улема” иш жүзүндө башчы, ал эми Эргеш алардын колундагы марионет болуп калган. Буга жооп кылып, 19-февраль күнү Кокон ревкому Кокон автономиясына Кеңеш бийлигин таануу, Түркстан калкын Кеңеш өкмөтүнө баш ийүүгө чакырган үндөө жарыялоо, элдеги куралды жыйнап, большевиктерге өткөрүп берүү, автономиянын милиция аскерин тез арада таратуу сыяктуу талаптардан турган ультиматум койгон.

Бул ультиматумга М. Чокай күчтүн большевиктер жакта экендигин моюнга алуу менен бирок, “биз өзүбүздүн улуттук укугубузду таануудан башка жолубуз жок. Бул согушта сиздердин бизди жеңишиңиздерге күмөн санабайм, бирок, Түркстандагы Кеңеш өкмөтүн моюнга алуудан баш тартабыз…..” деген жооп берген. Бул сүйлөшүүдөн жыйырма минут өткөндөн кийин большевиктердин куралдуу күчтөрү Кокон автономиясынын жетекчилери отурган үйдү өрттөп жиберишкен. Бирок, эл массасынын негизги бөлүгү Эргешти да, большевиктик ревкомду да колдоп чыккан жок.

Атүгүл, Кокон автономиясынын бир катар жетекчилерине, алардын ичинде М.Чокаевге Кокондон чыгып кетүүгө жардам берген [7, 45-б.].

19-февралдан баштап Кокондо кырдаал укмуштуудай тез өнүгүп жатты.

Түркстан Эл комиссариатынын төрагасы Ф.И. Колесов 19-февралда Эргешти “токтоосуз каптитуляциянууну” талап кылган ультиматум койгон. Бул ультиматум четке кагылгандан кийин К.Моисеевдин (Шкарупанын) башчылыгында 140 адам, 4 замбирек, 4 пулемет менен коштолгон кызыл аскер Коконго кирген. Алгач артиллерия эски шаарды бир нече саат аткылагандан кийин ар бир квартал үчүн кандуу кармаштар башталган.

Натыйжада 1918-жылдын 19-22-февралдарындагы салгылашууларда Эргештин күчтөрү кызыл гвардиячылар, аларды колдогон кызыл мусулман партизандарынын, Кызыл-Кыя шаарынан келген шахтерлордун жана Кокон шаарындагы большевиктер тарабындагы солдаттардын, армян дашнактарынын жардамы менен толук талкаланган [18]. 20-февраль күнү Эргеш белгисиз тарапка качып кеткен.

Баймырза Хаиттин изилдөөсүндө кандуу кармаштын аягында “согуш өтө катуу арбыды. Көчөлөр бир нече ирет колдон-колго өттү. Аягында шаар өрткө оролду. Үч күн канга боелду” деп жазылат [5, 250-251-бб.].

Большевиктер менен армяндар шаарда 10 миңден ашык адамдарды жок кылышкан делет башка изилдөөлөрдө. Мусулмандардан канча адамдын өлгөнү жөнүндө маалымат жок. Баймырза Хаит болсо армян бандиттери 1918-жылдан 1919-жылдын башына чейин Маргалаң, Андижан, Кокон шаарларынын тегерегиндеги айылдарда 20 миң түркстандыктарды өлтүрүшкөн деген маалымат берген [4, 145-146-бб.].

М. Чокай 1918-ж. 2-мартында “Улуг Түркистан” газетине жарыялаган макаласында ошол кездеги абалды мындайча баяндайт: “Эргеш каракчы баш болуп, Кокондо сарттар большевиктер менен согуш баштаганда, аларда жеңилебиз деген ой болгон жок. Ошол үчүн алар: “Эми сарт заманы болуп калды. Эргешти хан көтөрөбүз. Ферганада сарттардан башка жан калтырбайбыз. Кыргыз менен большевиктин эч бир баркы жок. Ногой болсо, ал мусулман эмес, – деп кыштак сарттары шыбырашып, сарттан башка жандын баарын кырып жиберүүгө бел байлап, колдоруна бычак, балта, кетмен, орок, аркан, жип, чынжырларын алып, көчөгө батпай, күпүлдөшүп кетти. Түркстан калкынын негизги душманы большевиктер эмес, наадандар болушту”, – деп жазган [24, 234-235-бб.].

20-жылдардагы ыктыярдуу милиция отрядынын жетекчилери

Ошентип, 1918-жылдын 19-22-февралдарында эки айдан ашык жашаган Кокон автономиясы талкаланган. Окуяга күбө болгон адамдардын маалыматтары боюнча Өкмөт үйү, басмакана, амбулатория кармаштарда күйүп кеткен. Шаардагы 11 миң короо-жай, 37 мечит, 11 медресе, банктар, дүкөндөр, коммерциялык кеңселер, базарлар, мектептер жана имараттар күлгө айланган. “Улуг Туркистан” гезитинин 1918-жылдын 2-апрелиндеги санында Кокон шаарынын үчтөн бир бөлүгү өрттөнгөн жана талкаланган, миңдеген кокондуктар үй-жайсыз, кийим-кечексиз жана тамак-ашсыз калышкан, мындай апаат согуштан кийин да болгон эмес, өлгөндөрдүн так саны белгисиз деген маалыматтар берилген [11, 201-б.].

Алаш ордонун саясий иштериине аралашуу

Кокон автономиясы жоюлгандан кийин М.Чокаев зор кыйынчылыктар менен Ферганадан Казакстандын батыш чөлкөмүндөгү шаарларга өтүп, Алаш ордонун саясий иштерине аралашкан. 1918-жылдын акырында Oренбург казак-орустарынын атаманы А.И.Дутов өзүн “монархист” катары көрсөтө баштагандыктан башкорт элинин чыгаан уулу А.З.Валиди менен бирге эсерлердин лидерлери Виктор Чернов жана Вадим Чайкин уюштурган атаман А.И.Дутовду жок кылуу максатындагы козголоңго да катышкан. Бирок, козголоң ачылып калгандыктан А.З.Валиди менен М.Чокай качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Андан кийин Мустафа эмиграцияга кетип, Батуми, Стамбул аркылуу Парижге жетет да, ал жерде жашап калат [25]. Парижде жашаган жылдары, М.Чокаев ал жактарда жүргөн мусулман өкүлдөрүн чогултуп, “Кавказ, Түркстан жана Украина элдеринин достугу” коомунда активдүү иштерди баштаган. Мустафа Лондондо, Парижде, Варшавада бир катар баяндамаларды жасап, большевиктик Россиянын улут саясатын ашкерелеген. Ошол эле учурда өзүнүн түрк элдерин бириктирүү жана цивилизациялуу жашоого жетүү боюнча саясий концепциясынын үстүндө тынымсыз иштеп турган.

1924-жылы ал Парижде «Жаш Түркстан” аттуу журнал түзүп, анын басылмаларын Лондондо жана Германияда англис тилинде, Францияда жана Польшада француз, поляк тилдеринде тараткан [25]. 1927-жылы М. Чокай досу А.З.Валиди менен бирге Стамбулда чыгара баштаган «Жаңы Туркстан» аттуу журналдын сандарында анын көптөгөн пикирлери жарык көргөн. «Жаңы Туркстан» журналы 1927—1931-жылдары Түркстан элдеринин Улуттук коргонуу саясий органы деп эсептелген. А.Шульгин аттуу изилдөөчү бул журнал “Кенеш Өкмөтүнүн саясатын сындап, окуяларды фактылар менен далилдеп турган”, – деп баалаган [1, 314-б.].

Журналда Түркстандын жана Казакстандын XX кылымдын башындагы саясий абалы, түркстандык элдердин жана казак элинин алдыңкы интеллигент-демократ өкүлдөрүнүн ойлору жана пикирлери бул журналдын беттеринен үзүлгөн эмес. М.Чокаев болсо совет тарыхнаамасында кездешпеген көптөгөн материалдарды так ушул журналдын сандарына жарыялап турган.

Мустафа саясатчы гана эмес, чыгаан жазуучу, журналист жана тарыхчы катары өзүн көрсөтө алган. “Түркстан Кеңеш бийлигинин алдында” деген ат менен 1935-жылы Парижде жарык көргөн китеби, француз тилинен орус тилине которулуп, 1993-жылы Алматыда “Айкап” басмасынан жарык көргөн [20].

Бул китепте пролетардык диктатуранын түпкү маңызы ачылып берилип, падышалык орус империализминен большевиктик Кеңеш бийлигинин империализмине алып келген саясат ашкереленген. Китептеги кириш сөзүндө М.Чокаев: “улуттардын өз тагдырын өзү чечүү укугу бөлүнүп кетүүгө чейин…” дегени менен иш жүзүндө ал куру сөзгө, ал эми бөлүнүп кетүү укугу болсо контрреволюциялык эсхатологияга айланды”, деп жазган [20, XX-б.].

М.Чокаев 1918-жылы башталган басмачылык кыймылына “элдик мүнөз” берген биринчи изилдөөчү [29, 11-б.]. М.Чокаевдин журналисттик тариздеги бай материалдары Парижде көп. Париждеги Чыгыш тилдер жана цивилизациялар институтундагы М.Чокаевдин материалдарын 1980-жылы америкалык окумуштуу Э. Лаззерини жыйнап, анын тизмесин жарыялаган. Анда орус, француз жана түрк тилдериндеги 1919-40-жылдардагы жазылган макалалары, каттары жана мемуары берилген [19].

Андан тышкары М.Чокаевдин 20-жылдардын экинчи жарымынан 30-жылдардын башына чейинки аналитикалык серептери, рефераттары, макалалардын кол жазмалары, котормолору алгач Германияга түшүп, бирок поляк чалгынчыларынын жардамы менен СССРдин Министрлер Кеңешинин Өзгөчө архивине түшкөн [16]. М.Чокаевге байланышкан материалдарды Анкара университетинин профессорлору Тахир Чагатай менен Абдулахап Октай Мустафанын 60 жылдыгына арнап чогултушуп, 1950-жылы Стамбулда “Түркстан улуттук козголушу жана Мустафа Чокай” деген китеп даярдашкан [22, 8-б.].

1998-жылы Алматыда жарык көргөн Мустафа Чокайдын 1929-39-жылдарда “Жаш Түркстан” журналында Париж жана Берлин шаарларында француз жана немец тилинде жарык көргөн макалаларынын жыйнагынын томдугу Мустафанын негизги идеяларын чагылдырган [14]. “Жаш Түркстан” журналында жайгашкан макалаларынын “1917-жылдын эстеликтери” аттуу тизмесинин басымдуу бөлүгүн Мустафа Чокайдын жубайы Мария айтып берип, “Жубайынын айтуусу менен Мустафа Шокайулы” аттуу жыйнак жарык көргөн [21].

Ошондой эле Стамбулда 2006-жылы “Эдиль-Урал фонду” тарабынан басылган М.Чокайдын “Жаш Түркстандан тандалган макалалар” аттуу жыйнагы чыккан [10].

Мустафа Чокай уулу “Түркстан легионун” уюштургандардын бириби?

Совет бийлигинин тушунда КГБ тарабынан таратылган “Мустафа Чокай уулу Түркстан легионун” уюштургандардын бири деген жалган жалаа-версия көп жылдарга чейин советтик тарыхнаамада колдонулуп келген. А чынында немецтер Парижди оккупациялап алгандан кийин Мустафа Чокай да камакка алынып, аны Берлинге жиберишкен. Бул жерде ал бир жыл чамасында жүрүп, Өзбекстандын Бухара республикасынан 1922-жылы эле Германияга окууга жиберилип, ал жакта жашап калган Вели Каюм-хан аттуу адамга жолугат.

Мустафа туткунга түшкөн мусулман солдаттардын абалын жакшыртуу, аларды жеңил иштерге орноштуруу боюнча бир катар иштерди жүргүзүп, Вермахтын жетекчилигине чейин кирип турган.

М.Чокайдын “Түркстан легионун” түзүүгө эч кандай тиешеси болгон эмес, себеби “Чыгыш легиондорун” түзүү буйругу герман башкы командачылыгы тарабынан Мустафа өлгөндөн кийин 3 күн өткөн соң, башкача айтканда 1941-жылы 30-декабрда чыгып, 1942-жылдын апрелинде гана алгачкы отряддар түзүлө баштаган. Айрым бир маалыматтарда Мустафа Чокай “Вели Каюм-хан тарабынан уу берилип өлтүрүлгөн” деген версия бар. Вели Каюм-хан чынында эле кийин “Түркстан легионунун” “ханы” болуп немецтерге көп кызмат көрсөткөн адам. Бирок, Мустафанын “Түркстан легиону” менен байланышы таптакыр болбогондугун тарыхый материалдар ырастап турат [23].

1941-жылы күзүндө ал Польшадагы жана Украинадагы советтик туткундардан абалы менен таанышып келүүгө уруксат алат да, ал жакта жүргөндө Мустафа келте оорусун жуктуруп алган. Келгенден кийин ооруканада 1941-жылы 27-декабрь күнү каза болгон [25].

Адабияттар

1. Abdulvahap Kara. Türkistan Ateşi Mustafa Çokay’ın Hatyatı ve Mücadelesi, da yay., İstanbul, Kasım 2002. 383 s.

2. Baymirza Hayit. ”Basmacılar” Türkistan Milli Mücadele Tarihi (1917-1934), Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları. Ankara, 1997.-367 s.

3. Baymirza Hayit. Milli Türkistan Hürriyet Davası. 2004, Ankara. 641 s.

4. Baymirza Hayit. Sovyetler Birliğinde Türklüğün ve İslamın Bazı Meseleleri. Türk Dünyası Araştırmaları Vakfı, İstanbul, 1987.-260 s. Ош МУ жарчысы II чыгарылыш 2012 102

5. Baymirza Hayit. Türkistan Devletlerinin Milli Mücadele Tarihi, Türk Tarih Kurumu Basımevi, Ankara -1995.-447 s.

6. Çokayoğlu, M.Y. Eşinin Ağzından Mustafa Çokayoğlu, Yaş Türkistan Yayını, İstanbul, 1972.-166 s.

7. Mustafa Çokay. 1917 Yılı Hatıra Parçaları, Yaş Türkistan Neşriyatı, Ankara 1988.-70 s.

8. Mustafa Çokay. Yeni Türkistan Dergisi. Sayı 1. Haziran 1927. Yıl 1.

9. Sergey A. Zenkovsky. Çev. İzzet Kantemir, Rusyada Pan – Türkizm ve Müslümanlık, Üçdal Neşriyat, 1971.-435 s.

10. Yaş Türkistan’dan Seçilmiş Makaleler, Ayaz Tahir Türkistan İdil-Ural Vakfı Yay.İstanbul 2006.-487 s.

11. Абдуллаев Р. Хроника противостояния // Звезда Востока. 1995. №11-12. С.201.

12. Алексеенков П. Кокандская автономия // Революция в Средней Азии. Сб. 1. Ташкент, 1928. С. 23—40.

13. Алексеенков П. Кокандская автономия // Революция в Средней Азии. Сб. 2. – Ташкент, 1929. -С. 43—81.

14. Беннигсен А., Лемерсье-Келькежей Ш. Пресса и национальные движения среди мусульман России до 1920 года // Алем. Литературно-художественный и общественно-политический альманах. – Вып. 1. -Алма-Ата: Жазушы, 1991. 446 с.

15. История Узбекистана. Учебно-методическое пособие (часть 2). -Ташкент, 2001.-15- б. 16. Исхаков С. М. Русская революция 1917 года и тюрки Центральной Азии.

17. Қойгелдиев М.Қ. Алаш қозғалысы (Көмекші оқу құралы) – Алматы: Санат, 1995. – 368-б.

18. “Кокандская автономия” Советская историческая энциклопедия. — М.: Советская энциклопедия. Под ред. Е. М. Жукова. 1973—1982.

19. Мендикулова Г.М. Исторические судьбы казахской диаспоры. Происхождение и развитие. Алматы, 1997. С.91-92.

20. Мустафа Чокай-оглы. Туркестан под властью советов (к характеристике диктатуры пролетариата) Алма-Ата. Айкап, 1993.

21. Мустафа Шокай. Мария Шокай. Естеликтер. Истанбул, 1997. 512 б.-1

22. Мустафа Шокай. Тандамалы.1-2-томдор. Алматы.”Кайнар”, 1998.99.-512.б.-432-б.

23. Мусульмане на службе Bермахта.

24. Нұрпейісов К. Алаш һәм Алашорда. Алматы: Ататек баспасы, 1995. – 256 б.

25. Садыкова Б. Мустафа Чокай в эмиграции. Алматы.-Изд-во “Мектеп”,2009.

26. Сибирская речь. Газета // 1918. 5 август.

27. Февральская буржуазно – демократическая революция в России и Казахстан.

28. Хронологическая таблица по История Узбекистана.

29. Чокаев М. Революция в Туркестане. Февральская эпоха// Вопросы истории, 2001, № 2. С.3-19.

Ташманбет Кененсариев

Тарых илимдеринин доктору, профессор

Булак: BBCKyrgyz