1916,  Билге

Үркүн: Кытайда калган Боз-Дөң кыргыздары

Макаланын автору, ШУАРдагы “Тил жана котормо” журналынын ​жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулу.

Үркүндү билбеген кытайлык кыргыздар

Кытайлык кыргыздардан Кыргызстанга каттоо кылып барса, ал жактагы боордоштордун биринчи суроосу «Үркүндө кеткенсиңерби?» деген болот. «Үркүн» аталмасына кулагы көнбөгөн кытайлык кыргыздарга, чынында, «Үркүндүн» жөн-жайын билгенче, бул суроо чың келип жүрдү. Мен Кыргызстанга эң көп каттаган киши катары да 20 жылдап Кыргызстандагы туугандарга ушул суроосунун жандырмагын айтып, «биз жергиликтүү кыргыздарданбыз, Үркүндү билбейбиз» деп келем. Чынында, мен сыңары ушул күндө, Кытайдагы 200 миң кыргыздын көп сандуусу жергиликтүү кыргыздар болгондуктан, Кыргызстанда болгон 1916-жылкы «Үркүндөн» толук маалыматтары жок. Эл ичинде, «кач-кач» болгон экен, «кач-качтан келген кыргыздар» деген айтым калган.

Кыргызстан 1991-жылдан кийин басма сөздөрдө Үркүн боюнча маалыматтарды берип, 16-жылкы «кач-качтан» (Үркүндөн) кытайлык кыргыздар да маалымат алды. Андан мурда, Үркүн боюнча жазылган чыгармаларды окуп, ошол чыгармаларда сүрөттөлгөн бактысыз кейипкерлерге жүрөк сыздатып жүргөнү чын. Андан да Сагымбай Орозбаков, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев сыяктуу атактуу адамдардын Кытайга келгенин, алардын чыгармаларындагы айтылган жер-суудан улам, өмүр баяндарынан улам кытайдагы кыргыздар, Бедел ашуусуна чукул Какшаал өрөөнүндөгү эл бир кыйла айкын билип калышкан. Кадыресе, Аалы Токомбаевдин Үч-Турпан базарын сүрөттөгөн: «Көчөдөгү көп эшек, көктү карай айкырат. Чаар допу досторум, чай ичип ал деп чакырат» деген базардын өз көзү менен көргөн көрүнүш саптарын жат айта алышат. Дегинкиси, кытайдагы кыргыздар 1916-жылдагы Кыргызстанда болгон Үркүндүн таасирин ошол кездин өзүндө Кытайга зор топ кишилердин келиши жана атактуу адамдардын келиши менен сезинишкен. Бул жерде өзгөчө белгилей турган нерсе, Кытайдагы кыргыздардын бардыгы эле Үркүндө келгендер деп санабоо, арийне Үркүндөн келип туруктап калган кыргыздар жок деп да эсептебөө керек. Чын эле, Кыргызстандагы 1916-жылдык «Үркүндүн» Кытайда жашаган жергиликтүү кыргыздарга таасири окшош болбогон: Кызылсуу кыргыз автоном обласына караштуу Ак-Чий ооданына (Какшаал өрөөнүнө) Үркүн таасири бир чама айкын билинген. Ал эми, Улуу-Чат ооданы, Ак-Тоо ооданы жана Артыш шаарынын Кара-жүл, Тегирменти айылындагы кыргыздар «Үркүндүн» таасирин, өз кезинде, өзгөчө сезинишкен эмес. Ошол себептүүдүр, кытайдагы кыргыздарга «Үркүндө» кеткенсиңерби? деген суроо чоочун туюлган.

Кытайга качкан эл туруп калган аймактар

Кыргызстанда «Үркүн» жөнүндөгү маалыматтарда айтылышынча, үрккөн эл, көбүнчө, Бедел ашуудан ашышкан. Ал эми Бедел ашуунун Кытай жак бети да «Бедел ашуусу» аталат. Ал ашуудан Кытайга түшкөн адам ШУАРдын Ак-Суу аймагына караштуу Үч-Турпан ооданына түшөт. Бул аймакта, көбүнчө, уйгур улуту жана аздап дүңган улуту жашашат. Үркүндөн келген кыргызстандык боордоштор ошол кезде мына ушул улуттардын үстүнө келип түшкөн. Ал эми Сагымбай Орозбаков сыяктуу эл таанып-жер таанып калган кишилер ошол эле Үч-Турпандын көкүрөк жагына жайгашкан, кыргыз району болгон Какшаал өрөөнүн өрдөп (Үч-Турпандан Какшаалга 200 чакырым алыста) ал жердеги жергиликтүү кыргыздарга барышкан. Ал эл-жер тааныбагандар Ак-Суу аймагынын жер-жерлерине чачырашып, ошол эле Мукай Элебаевдин романында, Касымалы Баялиновдун повестинде сүрөттөлгөн «Ажардын» көргөн турмушу сыяктуу ошол жергиликтүү элдин улагасында жан сактап кетишкен. «Үркүндө кытайга келген» деген кыргыздар тобунун жонунан айтылган географиялык жайгашуусу ушул ШУАРдын Ак-Суу аймагы болгон деп айтсак так болот. Биз төмөндө, ошол «Үркүндө» үркүп келип, Кытайга туруктап калган Боз-Дөң кыргыздары жөнүндө баян айтмакпыз. Себеби, Үркүндө келген кыргыздардын айылдык өкүмөт даражасында туруктаган тобу, типик мисалы да ушул Боз-Дөң кыргыздары болуп эсептелет. Айтып коюуга тийиштүүсү, «Үркүндө» келип башка жергелерге, атап айтканда, Текес, Моңгулкүрө, Шаты Жаман-Суу кыргыз айылдарына аралаша турук таап калгандары да бар. Бирок алар топтук бараанга жетпеген деп карадык.

Боз-Дөң кыргыздары 1916-жылкы Кыргызстандагы «Үркүндө» келип, ШУАРдын Ак-Суу аймагына караштуу Үч-Турпан, Онсуу, Байы сыяктуу оодандарына чачылган. Как эле Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романында, Касымалы Баялыновдун «Ажар» повестинде, Жусуп Турусбековдун «Ажал ордунда», Мукай Элебаевдин «Узак жол» чыгармаларында баяндалгандай турмушка кабылып, кайра Кыргызстанга кеткендери 1918-жылдар аралыгында кетип, ал эми кетүүгө өз кезинде чама-чаркы келбеген, кээ бирөө жай таап калгандары ошол эле аталган райондордо туруктап калган. Туруктап калган кыргыздар Ак-Суу аймагына караштуу Үч-Турпан, Онсуу, Байы сыяктуу оодандарына чачырап кеткен. 1937-жылы ошол чачыранды туруктап калган кыргыздарды Ак-Суу аймагына караштуу Онсуу ооданынын Вакбий жер деп аталган жерди өз кезиндеги Ак-Суу вали мекемесинен кыргыздарга ырасмий бөлдүрүп аны Боз-Дөң атап, бирден-экиден жан сактап чачырап кеткен кыргыздарды чогулткан. Ал чачырап кеткен кыргыздарга 20 жылдан кийин ким жер бөлдүрүп алып, ээлик кылып, ким чогулткан, алардын кийинки жагдайы кандай болгон, дегендерге токтолуу окурмандын билейин деген дитине баккандык болот го деп ойлодук. Анда сөз башынан келсин.

Боз-Дөң кыргыздарынын таржымалы

Сөз болуп жаткан Боз-Дөң кыргыздарына мен 1991-жылы жетинин айынын (октабърдин) 19-күнү барып, алардын түбү-жайы менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон эле. Таалайга жараша, боздөңдүк кыргыздардын иш билгиси Мактыбай ажынын уулу Токтош Мактыбай уулуна (ошондо жашы 56 жашта эле) кезиктим. Ал киши ошол кезде Ак-Суу аймакта кызматта экен. Өзү Боз-Дөң кыргыздарына баштап барды. Боз-Дөң ошол кезде, «Боз-Дөң кыргыз айылы» деген аталыш менен айтылат экен. Мындай аталышы 1984-жылы Онсуу ооданынын ичиндеги автономия алган кыргыз айылы болгондуктан ошондой аталыптыр. Бул айылда ошол кезде 4925 жан саны бар болуп, кыргыздардын жан саны 1875 киши экен. Бирок кыргыздарды «Боз-Дөң чоң кенти» деген кыштакка жыйнаккы жайгаштырыптыр. Ал жер айылдык өкүмөттөн дагы 30-40 чакырым тоо жакка жөлөнүп, Муз арт ашуусун беттеп кетет экен.

Мен Боз-Дөң кыргыздарынын 1916-жылдагы үркүндө Бедел ашып келгендигин эстерине ала турган кишилерди издедим. Бирок ошол мен барганда эң улуусу Ашыбай Чүрөнбай уулу 88 жаш, Боржаке Самтыр уулу 75 жаш, Мамыр Дөкөлөң уулу 68 жашта экен, ошолор менен маектештим. Ал кишилер да бел ашып келген көрүнүштү эстерине ала алышпады. Чамасы, быякка келгенде туулгандыктарынан же жашы өтө эле кичик болсо керек. Атап айтканда, 1991-жылы «Үркүндө» бел ашып келгенди эсине ала алган адам жок болду. Бирок аталары ошол Үркүндө келгенин, Боз-Дөңгө кандай чогултулгандарын даана айтып калтырышкандыктарын айтып олтурушту.

Сыдыкбек Чекир ажы уулу ​- элин сактаган көсөм

Үркүп келип, Ак-Суу аймагында чачырап туруктап калган кыргыздарды Сыдыкбек Чекир ажы уулу чогулткан экен. Ал жөнүндө Токтош Мактыбай уулу мындай баянды айтып берди: «Боз-Дөңгө кыргыздарды 1935-жылдан 1938-жылдар аралыгында, ошол кезде Ак-Суу аймактык сакчы мекемесин башкарып турган Сыдыкбек Чекир ажы уулу деген киши чогулткан экен. Ал киши Кыргызстандан келген киши экен. Басмачыларды кармоо отриятын баштап келип, ал милдети бүткөн соң, ошол эле аймакта калып калат. Көрсө, Ак-Суу аймагынын кайсыл жерине барса да кой кайтарган чачыранды кыргыздарга кезигет. Ошондо, өзү ошол кездин валисына (губурнаторуна) өтүнүч жазып, «Вакбий жер» деген кыштакка кыргыздарды чогултуп отурукташтырып коюуну суранат. Ал суранычы кабылданып, ырасмий кагаз менен (мен барганда, кагаз али сакталуу дешти) жер бөлүп берилген соң, бүт эле Такиламакан чөлүнүн кылаасына чачырап кеткен кыргыздардын ар бир үй-бүлөсүнө чейин кыдырып барып, бир жерге чогулуп жашоо керектигин айтат. Бирок ал чачыраган кыргыздар «жан сактап калдык» деген менен, чогулууга моюндары кош жакпайт. Ошондо Сыдыкбек күчкө салып, «байып калдым» дегендердин малын элге союп талатып, үйлөрүн өрттөтүп, «мал карик болуп калыпсыңар, келгенде эки колуңар менен келдиңер эле, эми ушунчалык жан сактоого мал табылыптыр, мал-дүйнө дале табылат, бирок мына бул тилди (тилин чыгарып өзү колу менен кармап туруп) кайдан табасыңар?!» деп кыйкырганда, аны көрүп-уккандар акырын көчүп келип ушул Боз-Дөңгө чогулган экен. Эң алгачында чогулганда, 300 түтүн киши көчүп келиптир»,- деди.

Ошол баяндан кийин, Сыдыкбек Чекир ажы уулу ким? дегенди көп жылдан бери изиктеп жүрчүмүн. 2010-жылы «Кызылсуу кыргыз басмасынан» «Ак-Суу кыргыз санжырасы» аттуу китеп басмадан чыгыптыр. Анын түзүүчүсү кытайлык кыргыздарга белгилүү жазуучу, акын, коомдук ишмер, Ак-Суу аймагы Үч-Турпан ооданында жетекчилик кызматта болгон Нурдун Жунус уулу экен. Ал китептеги баянында Сыдыкбек Чекир ажы уулун мындай айтыптыр:

«Сыдыкбек 1916-жылы атасы менен кошо Кытайга келген. Ак-Суу аймагынын Бай ооданына караштуу тоо арасына туруктап турушкан. Аралыкта айылдаштары менен болгон чырдан улам, ошол Бай райондук абактыга камалган. Ал абактыдан качып чыгып, Кыргызстанга кетип калат. Тигил жакка баргандан кийин да колхоздо жакшы иштеп, айылдын сакчыканасына (коргоочулугуна) жумушка орундашат. Кызматы көрүнүктүү болот.

Сыдыкбек кийин, Советттик Кыргызстандын аскердик кошуунуна кирет. 1935-жылы «төртүнчүлөр» аталган отурияд менен Кытайга келет. Андан Ак-Суу аймактык сакчы мекемесине башчы болуп жумуштанат…» (караңыз, аталган китептин 45-бетине). Бул маалымат мурда мен 1991- жылы алган маалыматты толуктап, Сыдыкбектин ким экенин айкындап берди. Көрсө, Боз-Дөң кыргыздарын бир жерге чогулткан Сыдыкбек өз кезинде Ак-Суу аймактык сакчыкананын башчысы болуп турган кези экен.

1991-жылы, мага Боз-Дөң кыргыздарынын аксакалы Мамыр Дөкөлөң (кезинде 68 жаш, уруусу дөөлөс, таанылуу тарыхчы Анвар Байтурдун окутуучусу) Сыдыкбек жөнүндө мындай айтып берген: «Сыдыкбек 1937- жылы баш оона айында байдын Кара-Бак деген жеринде (Боз-Дөңдөн 30 чакырым аралыкта) кыргыз мектебин курдурган. Ага эң алгачкы болуп Мусуралы мектеп башчысы болгон. Мугалимдери Момун апенди, Үсөнбек дегендер эле. Ал Боз-Дөңгө мектепти 1940-жылы салдырган. Мугалимдери Мусуралы, Шабалы, Касымалы, Айтике, Абдыш молдолор болгон».

Мындагы маалыматтарга караганда, Сыдыкбек Чекир ажы Боз-Дөңгө кыргыздарды чогултуп эле койбой, мектеп курдуруп, элди маданиятка жетелеген киши болуптур. Ошого Боз-Дөң кыргыздары Сыдыкбекти «Бакай» аташып кеткен дейт (караңыз, Нурдун Жунуска). Сыдыкбек Чекир ажы 1940-жылдардын баштарында Кыргызстанга кайра кеткен. Ал анын атасы Чекир ажы да бүлөсү менен андан мурдараак Кыргызстанга кайтып кеткен деген маалыматты айтышат.

Боз-Дөң кыргыздарынын өзгөчөлүгү

«Бакай» аталган Сыдыкбек, чын эле, Боз-Дөң кыргыздарын маданиятка, өздөрүнүн тилин, салт-санаасын сактап калууга баштаганын мен 1991- жылы аларды аралаганда туйдум. Демейде, жергиликтүү кытай кыргыздарында жаңыча мектеп куруу эң алгачкылары 30-жылдарда башталган болсо, кийин чогултулган Боз-Дөң (Карабак) кыргыздары да алардан калышпай, 1937-жылы кыргызча мектеп курууга жетишкен. Алар менен маектешүүдө жашангандардын көп сандуусу сабаттуу, ал тургай, Кыргызстандын кирилл жазуусун биле тургандар бар экенин байкадым. Турмуш салтында кыргыздын баякыл эле пейли менен жашоосу айкын көрүнүп турду. Тил өзгөчөлүгү сөз башында «н» тыбышын колдонбой турган сөздөрү көп экени, мисали: «ноопаз» эмес, «оопаз»; «намаз» эмес «амаз» сыяктуу. Андан «с» тыбышынын «з» тыбышына алмашуу кубулушу, мисали, «тозуп алды, итти тоз» деген сыяктуу. Андан калса, шилтеме ат атоочторду «мобу – мына бу» атай турган өзгөчөлүктөрү билинип турду.

Боз-Дөң кыргыздары өздөрүнүн кайсыл уруудан экенин жакшы билишет. 1991-жылы, Буржаке Самтыр уулу аксакал (ошондо 75 жашта, уруусу дөөлөс) Боз-Дөңдө кыргыздардын мындай уруулары бар экенин айтып берди: «Боз-Дөңдө жан саны көбүрөөк уруу дөөлөстөр болуп, дөөлөстүн булбул уулу, зумбул уулу, абышка уулу (чулумдан тараган) деген тукумдары бар; андан калса, саяк уруусу болуп, саяктын барак, чоң чарык, ала көз тукумдары бар; сары багыш, моңолдордон бар; андан бир кыйла көбүрөөгү бугу уруусу болуп, кыдык, бапа, желдең тукумдары бар» деген эле.

Боз-Дөң кыргыздарында комузчулук өнөр үзүлбөгөн. Эң улуусу 88 жаштагы Ашыбай Чүрөнбай уулу экен. Ал киши комузду өзүнөн мурдагы устаты Жумабай Байтөлө уулунан үйрөнгөнүн айтты. Маек учурунда, өзүнүн комузу менен камбаркан, чоң толгоо, кер толгоо, сур толгоо күүлөрүн чертип берди. Бул күүлөрдүн баянын айтып чертет экен. «Кер толгоо» дегени «Керимбайдин сөзү» деген мааниде деп айтты. Мамыр Дөкөлөң аксакал да комузду жакшы чертет экен. Булардан кичүү комузчулары: Ташбай Чорем (70 жаш), Бейше Чорем (65 жаш), Жээналы Касым (50 жаш), Жөмөкбай Суранчы (50 жаш), эң жашы Долкун Мукас (18 жаш) сыяктуулар комуз чертип беришти. Сыдыкбек Чекир ажы жыйнап койгон эл мына ушинтип тилин, уруусун, комузун унутпай, өзүнчө бир айылдык өкүмөт болуп жашап жатышат.

Боз-Дөң кыргыз айылында, кыргыздардын жан саны 2000 киши гана болсо да, маданияты эрте ойгонгондуктан, ушул эле кыргыздар ичинен Осмон Ачакей бий, Мактыбай шаңыя (айыл өкүмөт башчысы) чыккан. Касым Бегали комузчу, Осмон Молдакун ырчы, Мусуралы Ыйман сыяктуу чыгармачыл адамдары өткөн. Андан кийин, таанылуу тарыхчы Анвар Байтур уулу, ШУАРга таанылуу кино артиси, компиюзотор Баякун Алимбек уулу, таанылуу куудул Исламжан Кудайберди уулу, геология илиминин доктору, профессор Муктар Мамбетказы уулу сыяктуу адамдар жетишип чыккан.

Ушул күндө, «Боз-Дөң кыргыз айылы» 1984-жылы өзүнчө автономия алган айылдык өкүмөт бийлигинде жашашат. Айыл башчысы жана кыргыздар бар кентинин башчылары кыргыз улутунан коюлат. Мектепте балдары өз тили менен окутушат. Айылдын жалпы өнүгүүсү ШУАРдын башка айыл-кыштактары менен тең темпте өнүгүүгө, замандашуу шыбагасына жетишкен. Алар өздөрүн «келгин» сезишпейт. Арийне башка жергиликтүү эл да аларды «кодулоо» жоругунда болбойт. Боз-Дөң кыргыздары ошол бир барча жердин кожоюну болуп жашашат.

Макелек Өмүрбай уулу, ШУАРдагы «Тил жана котормо» журналынын жооптуу редактору, филология илимдеринин доктору.

(Автордун стили жана терминдери сакталды)​

Булак: Азаттык