1916,  Билге

1916: Казакстандагы көтөрүлүш жетекчилеринин бири – украин Афанасий Латута

Тынчтыкбек Чоротегин

1916-жылкы Борбор Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандардын арасында славян тектүүлөр да болгон. Алардын бири – украин Афанасий Латута.

1916-жылкы Акмоло көтөрүлүшү

Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы Кыргызстанда расмий белгиленди. Казакстанда бул окуяны коомдук демилгелерге таянып гана белгилешти.

Тарыхта дурус маалым болгондой, Казакстандын Жети-Суу жана Торгой аймактарында 1916-жылы ири көтөрүлүш очоктору болгон.

Көп айтылбаган үчүнчү ири очок – Акмоло облусун, анын ичинде Корголжун (Қорғалжын) талаасын да камтыган. Мында 1916-жылдын август (баш оона) айынан кыш айларына чейин оторчул орус армиясынын жазалоочу аскерлери менен салгылашуулар жана ар кыл кагылышуулар болуп турган.

Сарбаздар (ыктыярдуу жоокерлер) топторун түзгөн казактар Корголжун, Карабулак, Коржинкөл, Эрментоо (казакча Ерейментау) жана башка болуштуктарда партизандык (эски көчмөндүк тийди-качты) ыкма менен падышалык жазалоочу аскерлерге тынымсыз сокку уруп турушкан. Аларга Петропавловск, Көкчөтоо (Көкшетау), Атбасар, Караганды, Жезказган, Байкрңур, Спасск шаарларынан казактар келип кошулган.

Ошол жылдын аяк оона (сентябр) жана тогуздун айы (октябр) айларында көтөрүлүшчүлөрдүн саны 40 миңге чейин жеткендиги маалым.

Эрментоо болуштугунда Сатбай ажы (Сатбай-кажы) мырзаны хан шайлашкан. Демек, көтөрүлүштүн бул очогунда мамлекеттик эгемендик идеясы башкы идеяга айланган.

Жетекчи жана каарман инсандардын арасында Сыздык баатыр Бейсен уулу, Молдажа Жадаев, Куаныш ажы, Оспан Шон уулу, Нурлан Кияш уулу, Алсен Шомши уулу, Рахымжан Мади уулу, Маметбай Шабат уулу, Жакып Мырзакожа уулу, Адилбек Майкөтов, Иса Даулетбеков жана башкалар болгон. Алардын көбү курман болгон, айрымдары өз кошуундары менен Торгой облусуна ооп, Абдугаппар менен Амангелди Иман уулунун көтөрүлүшчү аскерлерине кошулган. Кытайга үрккөн акмололук казактар да болду.

Казакстандагы 1916-жылкы көтөрүлүштүн картасы.

Афанасий Латута (Жакып Жоламан) – көтөрүлүш очогунун лидери

Акмоло көтөрүлүшүнүн Корголжун очогундагы лидерлердин бири Рахымжан Мады уулу (Мадин) таянган инсандардын бири – теги украиндик Афанасий Латута (Жакып Жоламан; 1890-1970) болгон.

Анын туулгандагы ысымы – Афанасий Латута (украинче – Опанасiй Олександрович Латута), бирок ал 1905-жылдагы Биринчи Орус ыңкылабындагы саясий ишмердиги үчүн өспүрүм экендигине карабастан Акмолого сүргүнгө айдалган.

Афанасий казактардын арасынан баш паана таап, мурда теги кул болгон Жоламан деген казактын асыранды баласы болуп калат да, Жакып (Якуп) ысымын алат. Казак тилин мыкты билип калат.

Көтөрүлүш чыгаардан мурда эле Афанасий Латута (Жакып Жоламан) Жарташ (Жартас) деген капчыгайда казактар үчүн мектеп ачып, аларга арап жазмасынан тышкары орус тилин, кирил жазмасын үйрөтүп жүрдү. Дал ошол капчыгайда ал көтөрүлүш очогунун болочокку жолбашчысы Рахымжан Мады уулу менен кезигишип, достошуп калат. Афанасий Рахымжанга Орусиянын өзүндө, Украинада болгон революциялык толкундоолор жана падышалык режимди кулатуу үчүн күрөш жөнүндө өз билгенин баяндап берет.

1916-жылдын баш оона айында Корголжун болуштугунда чыккан көтөрүлүштүн жолбашчысы болуп Рахымжан Мады уулу чыга келди, ал эми Афанасий анын идеологиялык колдоочусу болуп калды. Жаш чагындагы тажрыйбаларын Афанасий көтөрүлүшчү казак боордоштору менен бөлүштү.

Талаа жери болгон (анча-мынча дөңсөөлүү жана капчыгайлуу) аймакта – азыркы Корголжун районунда – казактардын тыналы уруусунун жана башка уруулардын өкүлдөрү беш болуштукту түзүп байырлаган. Тыналы уруусу 12 уруктан турган. Алгачкы баскычта ар бир урук өз башчысын шайлап, Рахымжан Мады уулунун аскерине 5-10дон жигит жөнөткөн.

Көтөрүлүшчүлөр Иванушкин аттуу приставдын чакан кошуунун талкалашкан. Бул иш-чарага Афанасий (Жакып) да жигердүү катышкан.

Көтөрүлүшчүлөр усталарды жыйнап, алар болсо найза, айбалта, кылыч, канжар сыяктуу көчмөндөрдүн салттык курал-жарагын жасашкан. Жазалоочу аскерлерден тартып алынган мылтыктар да колдонулган.

Омбудан (Омск) келген аскер губернатору Павел Николаевич Кошуро-Масальскийдин аскери менен көтөрүлүшчүлөрдүн салгылашууларынын бири Кызыл-Сеңир жергесинде өткөн. Афанасийдин сунушу менен көтөрүлүшчү казактар жалпы саны 700 жоокерге чейин жеткен мылтыкчан төрт топту түзүшкөн, алар жалпы 5 миңдей көтөрүлүшчүнүн өзөгү болгон.

Партизандык ыкма менен көтөрүлүшчүлөр ырааттуу чегингенде, мергендердин топтору аларды калкалап, падышалык жазалоочуларга каршы ок атып турган.

Кошуро-Масальский казактарга колго түшүп калуудан чочулап, Акмолого (Акмолинск) кайткан.

Бирок оор куралданган падышалык аскерлер көтөрүлүш кошуундарын четинен ойрон кылып алдыга жыла берген. Айрым көтөрүлүшчүлөр абакка түшкөн, айрымдары үрккөн эл менен чогуу Кытайга кеткен, айрымдары Торгой облусундагы көтөрүлүшчүлөргө кошулган.

Бул казак баатырлары Торгойдогу 1916-жылдагы Амангелди Иман уулунун көтөрүлүшүнө катышкан

Бирок, маалыматка караганда, Акмолонун айрым аймактарында тийди-качма тактиканы колдонгон көтөрүлүшчү топтордун каршылыгы падышалык режим кулаганга чейин токтотулган эмес.

Корголжун аймагындагы көтөрүлүштүн лидерлеринин бирине айланган Жакып Жоламан (Афанасий Латута) кийинчерээк болшевиктер партиянына мүчө болуп, 1919-жылы Аккуш-Нура болуштугунда болшевиктик уюкча (ячейка) түзгөн. Казактар аны үйөздөгү Кеңештин Биринчи курултайына депутаттыкка казак элинин атынан шайлашкан (1920-жылдын жазы).

Жакып (Афанасий) өзүнүн эки уулуна тең казакча ысымдарды берген (Бостандык, Теңдик).

Соңку сөз.

Афанасий Латутаны – карапайым украиндерден чыккан. Ал 1890-жылы падышалык Орусиянын Киев губерниясынын Канев үйөзүнө караштуу Миронов болуштугундагы Масловка кыштагында Александр Кондратьевич Латута ысымдуу украин дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1970-жылы Казакстанда дүйнөдөн кайткан бул инсанды сөөгү украин, эти казак дешке болот. Аны казак эли өзүнүн чыгаан баатырларынын бири катары санайт.

2016-жылы Афанасий Латута тууралуу Казакстанда көптөгөн макалалар жарыяланып, анын жаркын элеси тууралуу жылуу сөздөр, “айкелин тургузалык, көчөлөргө атын берелик” деген жана башка сунуштар байма-бай айтылды.

Булак: Азаттык