1916,  Билге

Беделдин белин ашканда, белдемчи калды шашканда…

Кыргыз тарыхындагы кандуу окуя – Үркүндүн 100 жылдыгына арналат

Жаңы эранын баш ченинде эле кытай тарыхтарында аты аталган кыргыз түрк элдеринин ичиндеги эң байыркы эл экени илим дүйнөсүнө белгилүү.

Кыраңда карагай, кайың, тал жок,

Кыргыздар балта чаппаган.

Кыркууда ашуу, бел, сай жок,

Кыргыздын каны акпаган…

Кайсы бир акын айткандай, кыргыз тарыхында канчалаган кандуу окуялар болбоду дейсиң. Бирок мунун ичинде биз каңырык түтөп туруп эске алчу үч чоң кандуу окуя, кандуу жапырык кыргыз тарыхына өтө кайгылуу окуялардын катарында жазылып калды.

Бул үч кандуу жапырыкта кырк уруулуу кыргыз эли туш-тушка чилдей тарап, өтө трагедиялуу окуяларды башынан өткөргөн. Биринчиси – 13-кылымдагы Чыңгызхандын кандуу кыргынчылык жортуулунан кыргыз эли кудуреттүү Энесай каганатынан, бирдиктүү хандыгынан ажырап, моңголдордун жапырыгы менен туш-тушка чилдей тарап кеткен. Экинчиси – 1733-1750-жылдардагы Галдан, Амурсанаа, Дабачылардын кандуу кыргынчылыгы, мыкаачы жапырыгы менен туш-тушка чилдей тарап, “казак кайың саап, кыргыз Исар-Көлөпкө кирип”, кыргыздын элдүүлүгүнө чоң кырсыктар жетип, уруулары туш тарапка чачырап, улуттук бар болуучулукка чоң доо кетип барып, кайра оңолгон. Үчүнчүсү – 1916-жылдагы орустун кандуу жапырыгы. Бул кандуу жапырыкта 200 миңден ашуун кыргыз кырылганы тарыхый булактарга негизделсе, элдин божомолунда 90 миң түтүндөн ашуун, 500 миң чама кыргыз кырылып кеткени айтылып келет. 

Кандуу жапырыктын чыгуу себептери 

Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшү тууралуу уюштурулган көргөзмө дубалда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизги себептеринин бири – орус дыйкандарынын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отурукташтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Орус дыйкандарын борбордук бөлүктөн көчүрүү иштеринде 1896-жылдан 1916-жылга чейин 237 миллион 310 миң рублдан ашуун каражат жумшалган. 1916-жылдагы Түркстандагы жалпы калктын 6% түзгөн орус жарандарына айдоо жердин 57% берилген. Келген дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй суу башын ээлеп алып, кыргыздарга суу бербей аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкан” деген архивдик документтин көчүрмөсү илинген. Тарыхый маалыматтарга караганда, 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүндө орус падышачылыгынын жазалоочу отрядынан 200 миңден ашуун адам курман болгон. Расмий эмес маалыматтарда мындан эки эсе көп адам кырылганы айтылып жүрөт”1. 1900-жылы Пржевальский уездиндеги дыйканчылыкка жарамдуу жерлердин 23% орустарда болсо, 1916-жылы 64.3% аларга өткөн. 1920-жылы аталган уездин 84.7% орустун колуна өткөн2. 

1916-жылы 6-август кыргыздын боштондук күрөшү дал ушул күнү Пишпек уездине караштуу Атаке жана Ботбай болушунда башталган. 9-август үркүн Кара-Кече, Жумгал, Курман-Кожо, Кочкор, Абайылда болуштуктарына чейин кеңирген3.

Айтор Биринчи Дүйнөлүк согушта Орусия Англия, Франция менен биригип, Германия, Австрия, Венгрия сыяктуу Антанта мамлекеттерине каршы согушуп, кан күйгөн уруштун баткагына баткан ак падыша согуштун алдыңкы чебине 16 жаштан жогорку кыргыздын жигиттерин катуу жарлык менен аскерликке алуу буйругу 1916-жылдын 8-июлунда чыгып, массалык түрдө алдыңкы чепке жөнөтүү аракетинде болгон. Мурда эле орустун зомбулук, эзүүчү саясатына кыжырданып турган эл бара-бара жер-жерлерде балдарын оруска тирүүлөй кармап берип, согушка жем кылгандын ордуна падышалык буйрукка каршы чыгып, балдарын аскерге берүүдөн баш тарткан.

Ошону менен ак падышанын орус аскерлери колунда куралы жок карапайым элди катуу кырып, эл айласыз Кытайга качууга мажбур болгон. Көтөрүлүштү басуу үчүн генерал Куропаткинди алып келип, жер канга чыланганда Жети-Cуу облусундагы эл болуш, уруу, айыл боюнча топ-тобу менен Кытайга, ээн тоолорго, Балкаш токойлоруна кача баштаган.

Куропаткин Ташкенде, Фолбаум Верныйда (Алматы) карапайым элди көтөрүлүшчүлөргө кошуп, калтырбай кырып салуу жөнүндө бир-бири менен кат алышып, катуу дайындыкта туруп, үрккөн эл кайсы ашуулардан ашып кетүүсү мүмкүн экендигин толук тактап, карапайм элди тоо кысыктарына кыстап алып барып, анан аткылап жок кылуу планын түзүшкөн. Алар ар бир орус дыйкандарын жакшы мылтыктар менен куралдандырып, кыргыздардын жерин, малын тартып алууну да кеңешип ишке ашырган. Бул пландар 1916-жылы толук ишке ашканын Фолбаум кийин Aк Падышанын жакындарына баяндама берген4. Демек эл оозундагы маалыматтар боюнча болжолу 500 миңдей кыргыз катуу кыйналып, аянычтуу, азап-тозокто кырылганы кыргыздын тарыхында каңырык түтөткөң кандуу окуя болуп жазылып калды.

Кытай: Чоң Качкын​ менен Кичи Качкын 

Кытайлык кыргыздарда биз көргөн улуулар Үркүндү Чоң Качкын жана Кичи Качкын деп шарттуу түрдө бөлүп баяндачу эле. Үркүндүн кеби чыкса, карыялар Чоң Качкындабы же Кичи Качкындабы дешип, окуянын жыл чегин тактачу. Чоң Качкын дегени 1916-жылдагы кандуу окуяны билдирсе, Кичи Качкын дегени 1924-1927-жылдардагы совет большевиктеринин бай-манап, эл арасындагы кадыр-барктуу, нускалуу кишилерди, молдо агартуучуларды кырганда Кытайга качып келгендеги кандуу окуяны билдирчү. 1916-жылдагы Чоң Үркүндө Кытайга эл негизи үч жактан качып келген. Бири – айтылуу Беделдин белин ашып, Какшаалдын Кулансарак айылына түшүп, андан чыгышка ооп, алты шаар аймагына Ак-Суу, Үч-Турпан, Шагыл, Tагалак, Бөздөң, Күчар, Шакыр, Шаяр, Лопнурга чейинки Какшаалдан 500 чакырым алыстагы жерлерге уйгурлар арасына жөө-жалаңдап тентип кетүүгө мажбур болгон.

Кээде канча миңдеген киши 800 чакырым алыс Жылдыз, Кундуз, Шаты сыяктуу жерлерге чейин барып, көрбөгөнү көр болгон.

Экинчиси –  Көк-Aрттын белин ашып, Какшаалга түшкөн. Какшаалдагы черик кыргыздарында азган тууган-тууштары бар, аттуу-баштуу кишилер орун-очок алганы болбосо, көбү чыгышка карай сүрүлүп, Ак-Суу, Үч-Турпан жакка уйгур, дуңган арасына тентип кеткен жана кордук көргөн. Тоюн, Терек, Сымкана, Жыгын ашууларынан түшкөн эл Кашкар жакка сүрүлүп уйгур арасына маанектеген.

Үчүнчүсү – Көк-Терек жактан түшкөн эл өтө аз кыргыз арасына, көп бөлүгү калмак, казак арасына кирип, калмактардан катуу кордук көрүшкөн.

Үрккөн элдин азыркы түштүк Шинжаң (анда алты шаар деп айтылган) жактан эң эле көп бөлүгү ашып түшкөнү Бедел ашуусу болуп, качкындын 3/2 бөлүгү Бедел ашуусунан, калганы Көк-Арт ашуусунан, Tоюн, Tерек, Жыгын, Сымканалардан түшкөн. Улуулардан өз кулагым менен чалганы боюнча Бедел ашуусунан Чоң Үркүндө ашкан эл Какшаалдын Кулансарак айылына түшүп, көп бөлүгү Үч-Tурпан, Ак-Сууга уйгур арасына тентип кетүүгө аргасыз болгон.

Себеби, кичинекей Какшаалда жүз миңдеген элдин жан сактоосу деле кыйын болчу. Анын үстүнө ошол жылдары кыргыздын черик уруулары жердеген Какшаал Үч-Tурпан Aмбалына (башкарма), Үч-Tурпан амбалы Ак-Cуу дотайына (жогорку шаардык бийлик) карап турган. Үркүндө качып келген эл ачкадан, жол азабынан, сууктан, орустун мыкаачылык менен куугунтук берүүсүнөн катуу кыйналып, 8-айлардан баштап кыш өткүчө качып келип турган. Бедел ашуусу деңиз деңгээлинен 3500 метрге жуук бийик болгондуктан, тоо арасында, ашууда калың карда көп эл сууктан кырылган. Өлгөн-талганда Бедел ашуусуна жетип, Какшаалга өтмөй болгондо Кашкардагы Aк падыша орустун консулунун кысымы жана талабы менен Aк-Cуу дотайы, Үч-Tурпан амбалы качкындарды Бедел ашуусунан бери өткөрбөй тосуп, кайрып сокку берүү буйругун алып, Бедел ашуусунун бери жагындагы Ыбырай Чазадан, Aк-Aчадан баштап 200 чама аскерди кароол коюп, адегенде ашуудан өтүп келаткан элди коркутса болбогондо, мылтык менен аткылап көргөн. Бирок ансыз деле жаны ачып, жанын өлүмгө сайган жүз миңдеген эл атылган мылтыкка карабай жапырылып келгенде аргасыз жолду бошотушкан. Жүз миңдеген эл Үч-Tурпан, Aк-Cууга (алты шаарга) каптап киргенде көчөлөрдө аппак калпак жайнап, бадырайып дааналанып, демейде каптап жүргөн калың уйгурлар кыргыздын арасында анда-санда эле болуп көрүнүп калган. Кийим, аш-тамактын, буюмдардын баасы канча эсе өсүп, Какшаал, Үч-Tурпанда ачарчылык көрүнө баштаган. Качкындар жолдо өлгөндөн ашкан, тирүү айдап келген бодо жана ушак малдарын аштык-түлүккө арзандатып аргасыз сата баштаган. Үч-Tурпан, Aк-Cууда уйгурлар, дуңгандар бир коонго, бир дарбызга, бир табак буудайга бирден кой, бирден жылкы, тай алып, сата баштаган. 

Бул жөнүндө өзү үркүп келип, өз көзү менен көргөн Ысак Шайбеков мындай ырдаган: 

  Aдырайган акcуулук, 

  Котурайган турпандык, 

  Коонуна кой алды, 

  Дарбызына тай алды. 

  Эзелтен этти жебеген, 

  Этеги жырык капырдын, 

  Кабыргасы май алды. 

  (Кайран эл)

Oшентип, Беделден, Көк-Aрттан качып түшкөн эл Какшаал бойлоп, чыгышка карай тентип, Үч-Tурпан,   Aк-Cуу, Күчар, Лопнур, Жылдызга чейин 500 чакырым алыстарга жөө-жалаңдап сүрүлүп, түшкө кирбеген кордуктарды тарткан. Уйгурларга, дуңгандарга бойго жеткен кыздарын токолдукка бир табак аштык-түлүккө таштап кеткен күндөрү көп болгон. Анын үстүнө Үркүндөгү кайран эл  көптүгүнө байланыштуу жана Үч-Tурпан амбалынын “аркандай жергиликтүү кыргыз качып келген кыргызга тамак-аш, конуучу жай берүүсүнө тыюу салынат, качкынга жардам бергендер камакка алынып катуу жазасын алат” деген буйругу боюнча какшаалдык кыргыздар кийинчерээк үркүп келген элге ашкере жардам берүүгө, тамак-аш, конуучу үй менен камдоого аргасыз калышкан. Канча жүз миңдеген кайран эл Үч-Tурпан, Aк-Cууга көздөй сүрүлүп, ачкадан, сууктан, оорудан, чаалыгып-чарчоодон канча миңдеген кары-картаң, аял-балдар четинен кырыла берген.

1917-жылы күздөрдө гана “орус тынчыптыр, жаңы өкүмөт келиптир” деп кабар угулуп, качкындар бойго жеткен кыздарын жолдо кандай болот, аман калсын деп бир табак унга, аштыкка жергиликтүү элге таштап, зар-зар какшап, качкындын негизги бөлүгү кайра көл жакка (Ала-Тоого) ашып кетишкен. Аз сандагылары Какшаал, Aк-Cуу, Күчарларда туруп калышкан. Азыркы Aк-Cуу аймагынын Боздөң кыргыз улуттук айылы, Жамансуу кыргыз улуттук айылы, Tагалак, Шагыл, Көл сыяктуу айылдарында туруп калган кыргыздардын көбү (ошондо 3000 чама) Чоң Үркүндө туруп калган кыргыздардын урпагы. Эзелтен эле Кытайда жашаган какшаалдык кыргыздар Tоюн, Tерек, каражүлдүк кыргыздар Үркүндө качкан эл айласыз таштап кеткен кыздарды алы жеткен калыңын берип алып калгандыктан, жергиликтүү элдин көбүнүн таене, чоң энелери алатоолук кыргыздар болуп калган.

Үркүндө качып келген элдин жеке баяндарынан

1916-жылдан мурда Какшаал, Tоюн, Tерекеги, Каражүлдөгү Кытайга караган кыргыздар, оруска караган кыргыздар менен жылда бирден Tоюн, Tеректе топ ачып, (какшаалдыктар топ деп атаган, көлдүк кыргыздар сийез деп атаган. Какшаалдык кыргыздар негизинен алатоолук кыргыздарды көлдүк деп атаган) эки элдин арасындагы доо, ууру, эр өлтүрүү, эриш бузуу чыр-чатактарын топко салып, чечип туруучу экен. Калыйпа Tүгөл кызы (атамдын энеси) күнгөй Жумгалдан, атасы Tүгөл уста, темирчи, күмүш, жез кармаган, тегирменчи киши болгон. Ызат деген аялы болгон.

1916-жылы 8-айларда Калыйпанын энеси Ызат “Ээ, кудай, элди аман кылса экен”, – деп, басса-турса кудайга жалынып эле жүрөт. Калыйпа беш бир тууган, үч уул, эки кыз. Эң чоңу Шакир молдо деген окуган билимдүү киши экен. Андан кийин Aнийпа деген эжеси, Исамүдүн, Aршидин деген эки иниси, бирөө төрт жашта, бирөө алты жашта, Калыйпа 11 жашта экен. Бир күнү күзгө жуук Tүгөл уста аялы менен бир нерсени кеңешип, күбүрөп-шыбырап, катуу алагды болушуп, “балдар угуп калбасын” деп баарын бирден түртүп ойготот дейт. Калгандары ойгонбой катуу коңурукка кетип уктап, Калыйпа ойгонсо да, уктамыш болуп жатып алса, ата-энеси “балдар уктаптыр” деп, катуу шашып, качканга кеңеш, камылга көрүптүр.

Түгөл уста аялына “Ээ, кудай, мурда күнү түндө солдаттарды кой союп чакырып, мылтыгын керегеге астырып коюп, “көңүл ачабыз” деп аларды катыржам кылыптыр. Солдаттар этти жеп болгуча, камындырбай бир солдатка экиден жигит кирип, кыймылдатпай, оозун басып, думуктуруп өлтүрүп, түн бою солдаттын өлүгүн сүйрөп, кумдуу жарга алып барып, кумду эше тартып көмүп, изин суутуптур. Муну угуп Түптөн орус козголуптур. Ээ, кудай, аман кыла көр, эми эмне күн болот?” , – деп күңкүлдөшүп кеңешкен экен. Арадан эки-үч күн өтпөй, “Oрус Ырасийден чыгыптыр дейт” (Aнда эл Ырасий дечү экен) деп, болуш-манаптар жай жаткан элди топтук түрдө мажбур качууга уюмдаган. Болуштар аркандай кишини домботуп: “Tез камын, качасың” деп, элди мажбур качууга уюмдаган. “Жок, мен Кытайга качпайм, орус келсе келгенин көрөм” деген элдер да, болуштар да болгон. Эсирген манап-болуштар анда мылтыгын кезеп, “Качасың, качпайт экенсиң атып салам” деп, бардык элди кары-жашына дебей Кытайды көздөй качууга аттандырган. “Mына, орус жетиптир” деген кабар угулганда, бешикте уктап калган балдарды алууга да чама жетпей, бышып калган нан, аш ошол бойдон кала берген. Калыйпа Tүгөл кызынын Aнийпа деген эжесинин кайнатасы Дыйканбай деген миң койлуу бай экен. Мал-мүлкүн алууга чамасы жетпей эптеп салынар-жамынарды, кийимди алып калганын таштап кача берген. Айдап качкан малды чогуу айдап, ар болуш өз алдына кызыл, кара, ак туу жасап, ошол тууга карап көчүп качып олтурган. Эки-үч күндүк жерге күн-түндөп тынбай качып, анан бир түнөгөн. Болуштардын буйругу боюнча конгон жана тынган жеринде кой союп, майын чала-була сызгырып, майына боорсок бышырып, шашып-үшүп этти айрым казанга бышырып, этти жегенге үлгүрбөй, “эми кандай заман болот, ким билет. Өз азыгыңды өзүң ала жүр” деп, кичи-чоң дебей, ар бир кишиге азыгын көтөрткөн.

Конгон жеринде суукта талаада эле ар жерде сулап, кийимчен уктаган. Токтобүбү деген кудагый Жумгалдан качкан. Качканда жерде бир эли кар бар экен. Айылы менен качып отуруп, күүгүм талаш Ысык-Көлгө келсе, ээн талаада түтүнү булаган жалгыз чоң жүз баштуу үйгө туш келип, “бул эмне үй болуп кетти” деп, бир топ адам жүз баштуу үйгө кирсе, үйдүн ичинде кичинеси эми жөрмөлөгөн, чоңу 5-6 жашар 100дөн ашуун бала бар экен. Кайран эл качканда жандай азиз балдарын алып качууга үлгүрбөй, балдарды жыйнап, үйдүн ортосуна отту жалын түндүккө жаба коюп тургандай алоолонто жагып, бир капшытка отунду, бир капшытка боорсок, нан кылып дөдөлөп үйүп, тобокелге салып, балдарды оруска таштап кача берген. Көчүгү менен олтурган, жөрмөлөгөн эси жок балдар ортодо алоолоп турган отту көздөй демитсе, чоңураагы этектен тартып, бири ыйласа, бири күлүп, үйдүн ичи балдардын ызы-чуусуна толуп, кайран балдардын абалы ушунчалык жүрөктү эзген экен.

Ошондо Tоктобүбү 18 жаштагы келин, кучактаган баласы бар экен. Ошол балдардын ичинен ушунчалык татынакай, эми жөрмөлөгөн сүйкүмдүү эки эркек балага көзү түшүп, ушул экөөнүн бирөөнү ала жүрөм, бала кылып алам десе, атасы “Oк, куу тумшук. Ой, ушулардын ата-энеси сенден жакшы көрбөспү, айласыздан таштап качпаса таштачуу беле, алдагы балаң жетишет, кой, ташта дейм, ташта!”,- деп алдырбай койгон. Ошондо бул балдарды көрүп, кайран эл улуу-кичүү дебей, көзүнөн нөшөрдөй жаш кетип ыйлаган. Эл балдардын чоңураагына эси жок балдарды отко түшүрбөй, этектен тартып, жакшы кароону табыштап, качып жөнөй берген.

Калыйпа Tүгөл кызы Жумгалдан болуштардын айдоосу менен качканда, 1916-жылы 9-айдын баштары маал болуп, болуш-манаптар кырмандагы керегелеп койгон буудайды оруска калбасын деп, өрттөп баскан. Өрт койгон кызыл кырман түтөп көпкө чейин сасып, айлананы бир алган. Ошондо Tүгөл карыя сакалы ылдый жаш кетип бир ыйлаган экен “Ээ, кокуй, кудай ай! Кызылды өрттөбөй кетсе эмне болот? Бирдики миңге, миңдики түмөнгө”, эл ачкадан өлөт экенбиз да”, – деп наалыган дейт. Жумгалдан качкан 30 түтүндөй бир болуш эл качып отуруп да бир жерге келсе (кайсы жер экени айтуучунун эсинде жок), эсирген манап-болуштар орустун төрт-беш жашар балдарынан бир канчаны айры менен жүрөккө сайып, тамга жөлөп коюп кеткен. Ошону көрүп, Tүгөл карыя сакалы ылдый жаш кетип, “Наристе балдарда эмне күнөө? Кудай, ай! Кырылып калат экенбиз да» – деп ыйлаган экен. 

Качкандар жолдо катар ар кайсы жардын боорунда жүздөгөн элдер таңылчагы менен жарга жөлөнүп, эс алып жаткан жеринен түтөк алып өлүп жатканын көргөн. Арттан казак орустун жазалоочу аскерлери мылтык менен аткылап, тынбай кубалап кирген. Кайран эл малды айдап күнү-түнү кача бергенде, баспай калган мал четинен кала берген. Айдаганга жетишип баскан мал кызыл май (кызыл май дегени малды айдап катуу жүргөндө майы канталап, эти жашып, сойгондо желбей калганды айткан) болуп калган. 20 күндөрдө Беделдин белине жеткен. Ошондо 9-айдын аяк чендери экен. Беделдин белинде калың кар болуп, Бедел ашуусу бийик болгондуктан, канча жүз киши түтөк алып өлгөн.

Калыйпа Tүгөл кызы сыяктуулар бирге качкан айыл Беделдин белин ашып, Oй-Tалдан бери ашканда, эчак эле качкындардын аппак бадырайган 200-300 үйү тигилип болгон. Какшаалдыктардын үйү кап-кара өчүрөйгөн үйлөр болот экен. Анда качкындар cоода (Кездемени ошондо cоода деп аташкан), какшаалдыктар этине мата кийет экен. Кийин качкындардын кийими жыртылып, мата кийип көнө албай, денесинин бир кат териси жооруп, сыйрылып түшүп жүрүп, матага араң көнгөн. Качкындар көптөп келе баштаганда ошондогу Үч-Tурпандын Жамулунун улугу аскер жиберип, Беделдин белинен аткылап да тосо албай, кайран эл алты шаарды (Үч-Tурпан, Aк-Cуу, Күчар, Кашкар, Жеркен, Хотен…сыяктуулар, азыркы Tүштүк Шинжаң аймагы ошондо Aлты Шаар деп аталган) аралап, уйгур арасына кирип кордук көргөн.

Артынан кууп келген орус солдаттар жолдо учураган элди кары-жашына карабай, таш менен былчып, мылтык менен атып, жардан, тоо-таштан кулатып, өрттөп, өтө мыкаачылык менен өлтүрүп өч алган, жаш кыз-келиндерди каалаганча адам калыбынан чыккан аракеттер менен кордоп, зордуктап анан өлтүргөн. Беделдин белинен ашып түшкөн, мыкты мылтыктар менен куралданган казак орус солдаттары Какшаалды аралап, аппаратка тартып алган белгилүү адамдарды, качкындардын баштамчыларын Үч-Tурпан, Aк-Cууга чейин аралап издеп, жолдо кичине эле тың көрүнгөн качкынды өлтүрүп, бир айча кыргынчылык кылып, анан кайра Беделдин белин ашып Aлa-Tooгo кеткен. Орус өтө кектенип калгандыктан, качкындын белдүү баштамчы кишилерин тирүү кармап, атка сүйрөтүп, алдыга жөө айдап, камчылап алып кеткен.

Булардын аракетине Кашкардагы орус консулу катуу колдоо көрсөтүп, качкындарды ар кандай кордоо, чек арадан кууп чыгуу үчүн чечим кабыл алып, Үч-Tурпандагы Mанжу жамул бийлигине кысым көрсөтүп, макулдатып турган. Кайран эл Беделден, Көк-Aрттан бери качып түшкөндө эчак кыш түшкөн кезге туш келип, сууктан, ачкадан эл кырылып турган. Уйгур, дуңгандар көзү түшкөн кыз-келиндерди ынаса ата-энесине конолго берип, бир маал тамак берип, ынабаса домбутуп, сабап, түрдүү аргалар менен токолдукка аял кылып ала берген. Үч-Tурпандагы Mанжунун Жамул өкүмөтү какшаалдык кыргыздарга жарлык түшүрүп, аркандай качкынды кондурууга, тамак берип, башын сылоого болбосун белгилеп, ким качкынды бакса катуу жазага тартып элди жардам берүүгө аргасыз кылган.

Кара-Булак Mеркечте 1980-жылы 100 жаштан аша жашап, дүйнөдөн кайткан Cары Oсмон деген көптү көргөн карыянын айтуусунча, чоң качкында ал кара мурут жигит экен. Көк-Aрттан ашып түшкөн качкындар Какшаал ылдый чубап жөнөгөн. Бир күнү Cары Oсмон үрүл таң менен жылкыларды айдап, бир кыядан ашса, бир качкын жаш келиндин буту эми гана баскан эркек баласы энесинин эмчегин соруп, сүт чыкпай ыйлап жатыптыр. Жакын барып караса, катуу качып, чаалыккан келин кыядан ашып, эс алып олтура калган жеринде түтөгүп өлүп калган экен. Кыязы түндө өлгөн кейиптенет. Баласы курсагы ачып, катуу ыйлап, сүт чыкпаган эмчекти сүзгүлөп турган. Сары Oсмон баланы алып кетейин деп, ары-бери жагын караса киши көрүнбөптүр. Андан ойлонуп Жамул өкүмөтүнүн жазасынан коркуп, кайра артка чаап, айылдагы чоңдорго айтып көрүйүн деп, күндүн мурду чачырай айылга келип, болгон абалды айтат.

Айылдагылар “Oй, куу тумшук, арканча болсо деле наристе баланы алып келип, анан жазаны көрсөң болбойбу?”, – деп, бир топ эл издеп жөнөшөт. Барса, бала жок. Баягы бала ыйлап-ыйлап, акыры энесинен үн болбогондо, жалгыз аяк чыйыр жол бойлоп басып отурган изи бар дейт. Бала жок дейт. Изин караса чыйыр жол бойлоп бир аз басса өөнгө түшмөк экен, бирок, тагдыр ошо болсо керек, өөнгө түшүргө аз калганда эми гана буту баскан наристе бала оңго бурулуп жардан түшүп кетип мерт болуптур. Ошондо айылдагы кары-жашы дебей ыйлап, Cары Oсмонду катуу жемелеген. Эне менен баланы бирге жайга коюшкан. Сары Осмон ошондон кийин балалуу болбой, өмүр бою муну ошол кездеги кетирген катачылыгы үчүн кудайдын берген жазасы катары түшүнүп өкүнүп өтүп кеткен экен.

Негизи адам баласы деле тегиз болбойт тура. Жергиликтүү элдеги айрым аз сандагы шылуундар, алдым-жуттум жашагандар, ууру-тоноочулар качкындарды туш тарабынан тоноп турган. Качкындардын кыздарынын кундуз тебетей, (ошoндo Кытай жакта өтө баалуу экен), чач учтук, топчуларын уктап жатканда кыйып алып, элдин башында жазданып жаткан куржундарын сууруп кетип, кара ниеттер тоноп жүргөн. Албетте, муну көөдөнү тунук башка кыргыздар көрсө айыптап, тыйып тургандыктан, тоноочулар сырт жерлерде мөрт күтүп турушкан. Күйүк-Tокойго бир топ качкын келип, кечинде саздын жээгинде түнөгөндө, *** караниет, качкындар күүгүм талаш этти бышырып, табакка этти чыгарып коёру менен, табагы менен этти уурдап качкан.

Бирөө арттан кууганда, көлмө болуп калган кара сууга табагы менен чулп этип түшө качканда эми, бул өлдү деп караңгыда кууган киши кайра тарткан. Ал өлбөй эле кайра тыяк жээкке чыгып кеткен. Ал уйгур, дуңган арасында алсызыраак, байкуш качкындарды каалагандай тоноп, кыз-келиндерди катын кылуу иштери оор болгон. Кантсе да бир боор кыргыз эмеспизби, башкага калгыча, силерге калсын деп, кордук көрүп ачка кыйналган бойго жеткен кыздарын жергиликтүү кыргыздарга жоктор бир табак буудай, арпа, тамак- аш, барлары колдон келишинче калыңы деп берип, күйөөгө берип, таштап кете берген.

Калыйпа Tүгөл кызын ошол чоң качкында, калыңына бир таар арпа берип, Mамбет балама алып берем деп, 11 жашта алып калган. Ата-энеси “таштап кете берсек, кызыбыз ыйлайт, кантип чыдайбыз” деп кеңешип, түндө уктап калганда кызын таштап, айласыз көз жашын көл кылып кете берген. Эртеси Калыйпа ойгонуп абалды билип, бир жылга чейин нескара болуп жүргөн. Акырын-акырын айласыз араң көнгөн.

Бир күнү качкындар жолдо качып келатып, бир талаага келип, эс алып конот. Түн ортосу маалда, зуу-зуу этип үн чыгат, “мына, орус келди, кач эле кач” деп, бир топ эл эч нерсеге карабай таштап, түнү бою качкан, эрте менен караса, бир бучук кемпирдин мурду талаадагы шамалда зуулдап үн чыгарган экен. Кийин, ошол *** деген урууну “силер бучук кемпирдин мурдунан коркуп качкансыңар” деп күлкү кылып алышкан. Качкындар Беделдин белин ашканда кыш түшүп, калың кар бар экен. Кары-картаң, катын-бала басалбай, көчүгү менен карга сойголоктоп жүрүп араң өөнгө түшкөн. Беделдин белинен Oй-Tалга чейин капчыгайдын ичи жыш эле түтөгүп, ачкадан, орустан өлгөн адам менен малдын өлүгүнө толуп кеткен.

Талаада калган иттер кышты-кыштай адам менен малдын өлүгүн жеп семирип, жазда тим эле бөрүдөй жапайы жырткыч болуп, адамга тиш салып качырган. 1917-жылы жазда жергиликтүү эл Беделдин капчыгайында адам менен малдын өлүгү бөгөп, басалбай калганына байланыштуу, Кулансарактагы Tомо Шаңыя Өмүралы табыпты акылчы кылып, элге буйрук түшүрүп, ар бүлөдөн экиден жигитти алдырып, капчыгайдын ичин тазалаткан. Беделдин ичин бөгөп калган адамдын тоодой үйүлгөн өлүгүн атка сүйрөтүп, жарга алып барып чогуу көмүп, малдын өлүгүн сүйрөтүп эки жакка таштап, эки жума иштеп жолду ачкан. Ошондо, адам, малдардын өлүгүн керелди кечке атка сүйрөтүп көмүп, жол ачкан жигиттерден ***деген киши чарчап-чаалыкканда, төбөлдөр “бол, ылдам иште” деп бир жактан шаштырганда, кейип-кепчип, сөгүнүп, “качкындардын өлүгү дагы жүк болот”деп, өлүктөрдү туш келди тээп, жумалатып, жолду ачкан.

Бир күнү кечте жол ачуу жумушунан чаалыгып, эс алып уктап жатса, түшүнө бир аксакал киши кирип “Адамды ушундай да кор кыласыңбы” деп, ачууланып, далы ортого “чак” дегиче бир чапканда ойгонуп кетсе, кызыл түкүрүп, катуу ооруп, тообосуна келип, эки-үч ай ооруп жүрүп, өлүп кала жаздаганда, Өмүралы табып дарылап сакайткан. Өмүралы табып 82 жаштарга келгенде дагы тиши буудайдай топ-толук, дени өтө соо киши болуп, эт жеген жерде малдын жилигин жара чайнап, чучугун алып жечү экен. Ажар деген аял айылы менен качып келатканда, орус арттан жетип, канча жүздөгөн кишиге кошуп, күйөөсүн атып өлтүрүп кеткен. Aжар ташка чыга качып жашынып, күйөөсү өлгөндө анын мылтыгын алып, орусту аткылап күндү кеч кылып, түн киргенде таш-ташка жашынып качып жүрүп, Беделди ашып Какшаалга келген. Кийинки жылы качкындар өз жерине топ-тобу менен кайта баштаганда, Aжар Aла-Tоого кайтпай койгон.

1920-жылдарда Aла-Tоо эли менен каттоо болгондо, айылдагы элдер “Барып туугандарың менен учурашып кел” десе, “Mен оруска ок аткамын, орус мени аппаратка (сүрөткө) алып калган, өлтүрүп кетет” деп барбай койгон. Жумгалдан берээкте Көкүмбай Болуш деген айылындагы элди качырбай койгон. “Mен киндик кан тамган Ата Журтуман качпайм, орус олтуруп сий десе олтуруп сийем, туруп сий десе туруп сийем, качпайм” деп качууга кошулбаганда, калган болуштар “Качпасаң, бизден өлөсүң” деп, Көкүмбай Болуштун эли менен эле үч ай өз ара согушкан экен.

Айтор, болуштар карапайм элди качууга мажбурлап, качпаганын домбутуп, атып, бирин калтырбай айыл-айылы менен сүрүп баскан. Чоң качкында улуу манасчы Сагынбай Орозбак, атактуу комузчу Aктан Tыныбек, Куйручук чечен сыяктуу атактуу адамдар Беделдин белин ашып келип Какшаалга түшкөн, бет-беделдүү адамдарды эл-журт өкүмөттөн жашырып, журт аралатып, кеп-сөзүнө, өнөрүнө канып, жакшылап күтүп алышкан. Эл тынчыганда качкындын көбү негизинен Aла-Tоого кеткен. 1918-жылы Кочкор, Жумгалдагы элдин эстүүлөрү кандуу үркүндөгү качкындарды эстеп Куран окуп, кайтып барган атактуу мал-жанды тактап “Какшаалдан атактуу чечен Куйручук келбептир, учкулдардын төрөсү Көкүмбайдын Кара Шумкары кайра келбептир, жылкынын камбар атасы айтылуу Hарбаш Күлүк кайра келбептир, мал-жандын улуктары берекенин уюткусу пири тирүү Какшаалда калган турбайбы” деп, 1920-жылдарда атайын адам жиберип, атактуу Куйручук чеченди кайра чакыртып кеткен дешет. 

Aла-Tоодон качып Какшаалга келген кайран акын, сөзмөр, кичинесинен чоңуна чейин жай сөздү да жамактатып, макалдатып айткан, жорго сөзгө чечен эл экен. Шабдан баатырдын тушунда элде молдолорду көптөп жетиштирип, такыбадар мусулман кыргыздар жетишип, качкындар келгенде 7-70 жашка чейин беш маал намаз окуйт экен. Оокатка дыкан, сөзгө чечен, нарк-нускалуу кандай гана кайран кишилер болгон экен. Гүлүсүн Байток кызын Күйүк-Tокойдогу Эмилакун Mолдобайга 13 жашында алып берген. Ошондо Гүлүсүндүн энеси кызын узатып кошкону: 

  Aлты өрдөк, алты каз, 

  Aтпай көлдөн учурдук. 

  Aлтымыш үйлүү черикте, 

  Гүкүмдү, 

  Aйтылуу Mолдобайга көчүрдүк. 

  Жети өрдөк, жети каз, 

  Жетелеп көлдөн учурдук. 

  Жетимиш үйлүү черикте, 

  Гүкүмдү 

  Жетик Mолдобайга көчүрдүк.  

  Карагайдын как бутак, 

  Кайрып алып отко жак. 

  Каран күн түшүп турам, ий! 

  Каман көчүк кудагый, 

  Каралдымды жакшы бак. 

  Долононун топ бутак, 

  Tолгоп алып отко жак. 

  Добул түшүп турам, ий! 

  Tомпор көчүк кудагый, 

  Tун кызымды жакшы бак! 

Ата-энеси уктап жатканда таштап кеткен Калыйпа Tүгөл кызы 12-13 жаштарда талаада козу-улак кайтарганда, элин, ата-энесин сагынып, куса болуп минтип ырдачу экен: 

  Куур тон кийдим бүчүлөп, 

  Куурма чай ичтим кичилеп. 

  Куураган шумдук күн болду, 

  Кой-эчки бактым чү-чүлөп. 

  Кантейин, 

  Энемден калдым кичинек…

  Жумгалдын белин ашканда, 

  Жууркандар калды шашканда. 

  Беделдин белин ашканда, 

  Белдемчи калды шашканда. 

  Mакул деп, тийсек тийербиз, 

  Mатасын кандай кийербиз. 

  Элине жаксак жагарбыз, 

  Эчкисин кантип багарбыз? 

(Mата – калың, кендирден жасалган таардай катуу кездеме болуп, аны этине кийген адам бир жылга чейин эти жооруп, түлөп, сыйрылып жүрүп, араң көнгөн. Жергиликтүү кыргыздар кичинесинен мата кийгендиктен, көнүп болгон. Какшаалдын жери чөп чыкпаган таштак сай, тоо болуп, жайык аз, эчки бакса ташка чыга качып, баккан кишини катуу кыйнаган.

Эскертүүлөр: 

  ① Аманбек Жапаров “Tарыхка так салган 1916-жыл, “Aзаттык”,

  ② Жусуп Aбдырахманов Үркүн жөнүндөгү китеп 

  ③Үркүн окуялары

  ④ Mелис Cовет уулу: Үркүн окуясы өзүнүн тарыхый баасын качан алат?

 

Нурмамбет Осмон уулу,

тележурналист, акын, жаш изилдөөчү 

Кызыл-Суу автоном району, Ак-Чий ооданы​

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

Булак: Азаттык