1916,  Билге

Кемигинде да, керкисинде да бар

Кыргыз элинин башына түшкөн чоң алаамат – үркүн жөнүндө буга чейин көп айтылып, көп жазылды. Бирок менин баамымда, бул трагедия бир жактуу чагылдырылып келатат. «Урушкандын жаагы да, жакасы да айрылат», «Кемигинде да, керкисинде да бар» демекчи, мен бала кезден элден, атаман уккан жана үркүн боюнча басма беттерине чыккан материалдарды жыйнап, кийинки муун чындыкты билсе, баатыр ата-бабаларын эскере жүрсө деген ниетте ушул макаланы жаздым.

Кыргыз элинин Россия букаралыгына өтүшү
Кокон хандыгынын беги Рахматулла Пишпек чебинде турганда кыргыздардан зекет, үшүр, олпоң жана башка салыктарды мурдагыдан да көп алып, зордук-зомбулугун күчөтө баштаганда солто кыргызынын манабы Байтик баатыр Рахматулланы алдап конокко чакырып өлтүргөн.

Өзбектер чептен чыкпай жатып алганда солтонун билермандары биригип, Алматыдагы генерал Колпаковскийге «биз оруска карайбыз, келип бизге жардам бериңиз» деп кат жазып, элчиликке киши жиберишкен. Колпаковский 500 аскер менен өзү баш болуп келип, 15 күн уруш кылып, Пишпек чебин алган. Байтик баатырга чен берип, уездге помощник кылган. Кийинки 1863-жылы Токмок алынган.

Саяк кыргызынын чоро уругунан Осмон Тайлак уулу оруска карабаймын деп Кашкарга – Жакыпбек ханга барып, мал-жаны жабыр тартып, тогуз жылдан кийин келип оруска кошулган.

Жумгалда турган сарыбагыш кыргыздары (Байтели, Шамен, Жаманак уруктары) 1865-66-жылдары Кочкорго көчүп келишип орустун карамагына өтүшкөн. Ушул эле жылы Таластын Кара-Буурасында турган багыш кыргызынан Сарымсак датка 150 түтүнү менен оруска караган.

Кокон хандыгы ич ара биримдиктен кетип турган убактан пайдаланып, 1875-жылы орус аскери чабуул койгон. Башында генерал Скобелев, кол алдында Куропаткин, Штакельберг, Гернибал ж.б., анын ичинде Шабдан баатыр да болгон. Парганалык кыргыздардан Жетим хан, Болот хан жана Курманжан датканы орустар колго түшүрүп алышкан. Бир үйгө камалган Курманжан датканы Шабдан баатыр орустардан сурап алып, өзүнчө багат. Орус карамагына өтүү боюнча шартнаамага кол коюлгандан кийин орустар Курманжан датканы чоң урмат-сый, ызат менен элине узатып жиберишкен. Бул жерде Датка энебиздин орустар менен сүйлөшкөндөгү акылмандыгы, көрөгөчтүгү жөнүндөгү сөз, албетте, башка.

Башка парганалык кыргыздар да оруска өз эрки менен өтүшкөн. Карабагандары күч менен каратылган. Ошентип XIX кылымдын экинчи жарымында тышкы жана ички душмандардын кесепетинен кыргыз эли толугу менен ыктыярдуу түрдө орус букаралыгына өткөн.

Кыргыздар орус падышачылыгынын карамагына өткөндөн кийин орустар кыргыздарды өз мыйзамынын негизинде башкара баштаган. Мурда кылган ээн баштыктары үчүн кыргыздын бир топ баш-көздүү кишилерин жазалап, абакка жапкан. Мисалы, Байтик баатыр кетментөбөлүк саяк Рыскулбекти чапканы үчүн абакка түшүп чыккан. Төрөгелди баатырды улгайган жашына карабай абакка салып, аябай сабап туруп бошотуп жиберишкен. Бугу кыргызынан Балбай баатырды Алматыдагы түрмөгө камап, ошол жактан башына уу сыйпап өлтүрүшкөн. Сарыбагыштан Адыл баатырды да абакка салып жок кылышкан. Солтодон Чолпонкулду, ж.б. бир топ кишилерди катуу кысмакка алышкан.

Кыргыз эли орустун карамагына өтүп, тышкы душмандардан бейкам болуп тынч жашап калганы менен, орустарга жакшы жерлерин тарттырып жиберишти. Орустар кыргыз жерине шаар-кыштак салып, отурукташа башташты, ал эми кыргыздардын мал жайыттары тарып, тоону карай сүрүлө беришти. Жыл өткөн сайын салыктардын көлөмү көбөйө баштады. Ал аз келгенсип жергиликтүү кыргыздын манап-болуштары бирге экини, үчтү кошуп, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылышкан. Мындан улам эл кош эзүүдө калып, экономикалык абалы бир топ начарлай түшкөн.

Улуу үркүндүн башталышы
1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуш башталып, орус армиясы алсырай баштагандыгына байланыштуу Орто Азия элдеринен аскерге алуу жөнүндөгү падышанын төмөндөгүдөй буйругу чыгат: «Фергана облусу боюнча жергиликтүү элден кара жумушка алуу жөнүндө жарыя»

15-июль, 1916-жыл

«Ушул жылдын июнь айынын 25-күнү согушуп жаткан аскердин артындагы кара жумушуна азирети улук император орус мамлекетинин орус эмес калкынан чегүү жөнүндө буйрук этти. Бул бийик буйрук кыңк этилбей жүзөгө ашырылышы ылазым. Ушунчалык улук талаптын мааниси кыңыр түшүнүлүп калбасы үчүн бир сыйра ачык чечмелеп коюш пайдалуу деп эсептейм.

Чегилген орус эместер согушка кирбейт, бар болгону аскердин артындагы (тылдагы) кара жумушун – жол, көпүрө оңдоо сыяктуу иштерди кылат. Бу өз үйүндө иштеп көнгөн эле иши болот. Ишке жараганы кетип, өз чарбасы бошоңдоп калбашы үчүн кам көрүлүп, ишке жарамдуу бүлөнүн баарын эмес, алгачкы учурда беш түтүндөн бирден гана жумушчу алышты бүтүм кылды Өкмөт. Кудай берсе, согуш бүтөт, жумушчунун кереги да жок болуп калат.

Өкүмдарыбыздын чакырыгына жергиликтүү калктын мекенибиздин азаматтары катары кубаныч сезим менен астейдил мамиле кылуусуна үндөйм. Ошондой эле орус куралынын жеңишинде орус эли эле эмес, жергиликтүү элдин да көрөр таалайы, багы бары ырас, жеңиштен соң ферганалыктар да азирети Өкүмдардын эркин астейдил аткара алдык деше алат».

Генерал-лейтенат Гиппиус

(Т.Касымбеков, «Кыргын», 160-бет)

Эми өмүрү «аскерге алынат» дегенди билбеген эл падышанын согушка жумушчу күчүн бергиле деген буйругун кандай кабыл алды?

Уезддин начальниги болуштарды, атактуу манаптарды Пишпекке чакырып, кыргыздардын балдарын солдатка бересиңер дегенде улуктун көзүнчө «макул, беребиз» дешип, чыккандан кийин башында Шабдан баатырдын баласы Самудин, Кочкордон келген болуш Канат ажы болуп кыргыздар өздөрүнчө жашыруун кеңеш курушкан. Ал кеңеште «ичтен чыккан ийри жыланды» – балдарыбызды солдатка бергенче орустар менен уруш кылабыз, казат кылабыз дешип, жер-жерлерден келген болуштар менен бир күндө уруш чыгармакка макулдашып тарап кетишет.

Эми кыргыздардын солдатка балдарды алуу жөнүндө орус падышасынын жарлыгына кыргыз элинин кадырман аттуу-баштуу адамдарынын ойлорун, кылган иштерин эскере кетели.

Кыдыр аке өз элин бөөдө кыргындан сактап калган
Кыдыр аке – Көлдөгү жети акенин бири. Аке деген наам эл тарабынан кадыры элге өзгөчө сиңген адамга ыйгарылат.

Кыдыр аке Бугу кыргызынын ичиндеги Арык тукуму уруусунан чыккан Байсарынын уулу. Ал 18 жашында Арык тукумунун болушу болуп шайланат. Өзүнүн адилеттүүлүгү, калыстыгы менен элге кадыры артып, баркы күндөн-күнгө жогорулап, катары менен алты жолу болуштукка шайланып, он сегиз жыл болуш болуп, элин башкарган.

Кыдыр аке 1913-жылы падыша Романовдордун династиясына 300 жыл толгондугуна байланыштуу Петербургда өткөн салтанатка катышып, падышага жолборстун баласын тартуу кылат. Мындай тартууга ыраазы болгон падыша Кыдыр акеге абдан баалуу белектерди берип, ошол мезгилде өткөн төртүнчү Думага катыштырып, генерал-губернатордун жардамчысынын чексиз бийлигин өмүр бою калтырып, падышалык армиянын полковниги деген чин ыйгарган.

Каракол уездинин начальниги Иванов 1916-жылдын жай айларында уездге баш ийген болуштарды, бийлерди жана Кыдыр аке сыяктуу элге кадыры бар адамдарды чогултуп, падышанын буйругун окуп берген. Ошол эле жыйында 20 жаштан 50 жашка чейинки эр адамдар аскерге алынарын жарыялап, тизмесин тактап, аскерге узатуу мөөнөтү белгиленген.

– Биздин эл ушул кезге чейин аскер кызматына адам берген эмес. Ал жөнүндө элдин түшүнүгү жок. Ошондуктан биз эл менен кеңешип көрүшүбүз керек.

Андан соң гана ар бир болуш жыйынтыгын айтсын. Болбосо эл арасында чатак чыгып кетиши мүмкүн. Эл менен сүйлөшүү үчүн болуштарга мөөнөт бериңиз, – дейт Кыдыр аке.

– Эл деген эл! – начальник каарын чача карады. – Эл деген падышанын буйругун аткарышы керек!

– Биздин эл аскер иштери менен тааныш эмес. Баары бир акылдашпасак болбойт!

Каарданып ары-бери баскан Иванов сүйлөшүүгө бир жума убакыт берет да:

– Бир жумадан кийин тизме менен келесиңер, болбосо согуш мезгилинин мыйзамына ылайык Сибирге айдатам. Же атыласыңар! Сөз бүттү! – деп элди таратып жиберет.

Ошонун эртеси эл ичи дүрбөп, ар кайсы жерде өткөн жыйындарда, топтордо: «Балдарыбызды аскерге бербейбиз!» деген ураандар көтөрүлүп, буга көл айланасындагы көпчүлүк эл кошулуп кетти. Чүйдө орустарды кубалап чыгыптыр, солдатка балдарын бербейт экен деген кабар тарап, эл ого бетер толкуп турду.

Кыдыр аке Петербургга чейин барып, орус аскеринин куралын, жабдуусун билгендиктен, элдин толкунуна өтө тынчсызданып, көл боюндагы болуштардын баарына кабар берип, жыйын өткөрүүнү туура көрөт. Чакырылган бардык эл дөңгө чогулду. Сөздү белек уруусунан келген Сооданбек баштады:

– Кыдыр аке, сиз баарын билесиз, эл ичи тынч эмес. Чүйдөгү солто, сарыбагыш элинен ушу бейшемби күнү бир убакытта орустарга сокку урабыз деген кабар келди. Биз да аларга кошулалы деп жатабыз. Белектин жигиттери курал-жарагын камдап, буйрук гана күтүп жатышат.

– Андай кабарды билем. Бирок, орустарга кол салуу менен бүтүндөй кыргыз элин курмандыкка чалып саларыбызды ойлодуңарбы? Силердин колуңарда эмне курал бар? Ушул союлуңар менен оруска каршы согушасыңарбы? – Кыдыр аке баарын айланта карады.

– Кыдыр аке, биздеги учкаяк атчан жигиттерди эсиңизден чыгарбаңыз. Алар октон мурун жетет керек болсо.

– Ал жигиттердин эрдигин танбайм, бирок орустун беш атар мылтыгы, пулумот деген бат атар куралы, ал эмес замбиреги бар. Жанагы жигиттерди аскерге ыраа көрбөй жатып, мылтыктын алдына курман чалгыңар барбы?! Жок, андай кылбайлы… Биз катылбасак эле баары жайында болот. Мен Караколдогу оезго кат жөнөттүм эле… Бир аз чыдагыла, сүйлөшүп көрөлү, баатырлар?!

– Анда жөн эле баш ийип берелиби?

–  Биздин орустарга баш ийгенибизге жарым кылым болду. Азыр орустарды Караколдон кубалап салып жеңишке жетишпейбиз. Алардын ичкериде – Верный, Олуя-Ата, Бишкекте чептери турат. Аякта миңдеген аскерлери бар. Алар аз келгенсип, бул жердеги мен дыйканмын деген ар бир оруста бирден мылтык бар. Алар да жөн жатышпайт.

– Кыдыр аке оруска сатылып кеткен. Мунун сөзүн укпагыла! Казатка чыгабыз. Орустардын эгинин өрттөп салабыз. Орустар менен сүйлөшүүнүн кереги жок! – деген чечимге келет топтолгон эл.

– Жигиттер, мени оруска сатылып кетти деп күнөөлөп жатасыңар. Бирок, мен эл алдында ак кызмат кылдым. Оруска малымды саткандырмын, бирок элимди саткан эмесмин. Мен Орусиянын борбор калаасына барып келген адаммын. Анын учу-кыйрысыз жерин, көп элин, курал-жарагын, сууда жүргөн кемелерин, эчен түркүн замбиректерин көргөм. Ошон үчүн жаным күйүп айтып жатам. Элди бөөдө кыргынга учуратпайлы. Орус дегениң аттын түгү болсо, биз кыргыздар анын кашкасынча жокпуз!..

Кымыз менен этке тойгон жигиттер (Кыдыр акенин өзүнүн эле теңтуштары) «Сөзүң менен куруп кал, Кыдыр!» деп камчылары менен жер сабайт дейт. Акыры кеңешке келген адамдар тарайт, бирок, баары бир казатка аттанабыз деген кээ бир кесирдүү манаптар менен дөөгүрсүгөн жигиттер элди жалпы көтөрүлүшкө үндөп кетишет. Ошол күнү Караколго кеткен Кыдыр акенин уулу Акимкан кайтып келип, оездон алакандай кат алып келет. Анда: «Урматтуу полковник мырза! Сиздин кыргыздар бүт жерде көтөрүлүп, оруска каршы аттанып жатат. Мен бул ишке жол бербейм. Эгер орус элинен же орус аскеринен кенедей чыгым болсо, анда аео деген болбойт! Саламым менен Иванов» деп кыскача жазылган.

Бөөдө кырсык болорун сезген Кыдыр аке Арык-Белек элине жигиттерин чаптырып, орустарга катылбасын деп жандалбас урат. Бирок, толкуп алган эл бейшемби күнү орус айылдарына чабуул коюп, Талды-Суу, Түп, Ак-Суу, Покровка кыштактарын талкалап, дандарын өрттөп, колуна тийген орустарды катын-бала дебей өлтүрүп, Каракол шаарын алууга тегиз аттанат.

Каракол чебин камалоого келген кыргыздардын кылкылдаган колун башкаруу ар кимдин колунда болуп, чың тартип болбогондуктан, биринчи эле чабуулда учкаяк атчан мыкты жигиттердин көбү кырылып, пулеметтон, мылтыктардан атылган жалпы ок жабыла ат койгон жигиттерди чөп оргондой оруп салды. Эл четинен тарап кете баштады. Жазалоочу отряд качкан элдин артынан түшүп, андан корккон эл түп көтөрүлө Кытай жерин көздөй качат.

Кыдыр аке полковник чининдеги мундирин кийип, курал-жарагын асынып, сыртта казак-орустарды күтүп турду. Уезддин жардамчысы болуп жүргөн поручик эки аскердин коштоосу менен Кыдыр акелер турган жерге бастырып келишти.

– Полковник мырза! Көл айланасындагы кыргыздар кечээ Каракол чебин алалбай, бүгүн бытырап качып баратышат. Орус аскерине жана орус элине кысым көрсөткөн ар бир кыргыз атылат. Ал эми качкындар ошол эле жеринде жок кылынат. Бул падышанын буйругу.

– Карапайым элде күнөө жок, поручик. Катын-балдарды кыргынга  дуушар кылбагыла?!

– Андай болбойт, полковник мырза! Согуш деген согуш. Губернатор сурооңузду канааттандырып, сиздин элиңизге тийбөө жөнүндө буйрук берди. Бирок, сиздин азыркы чегараңыз бир топ тарыды. Бул жагы Ак-Суунун оюна чейин, тиги жагы Сары-Камыштын сазына чейин. Андан бир карыш өткөн кыргыз ошол жерден атылат.

Кырылган элдин кайгы-капасы Кыдыр акени убайымга салып, бир жанын коргоп алакандай жерде отура беришти намыс көрүп, акыры бүт элин көчүрүп, өзү билген жол менен Кытай жерине ооп кетет. Кийинки жылы падыша тактан кулаган соң кайтып келип, туулуп өскөн Кереге-Ташты мекендеп жашап жүрүп, 1926-жылы каза болгон.

Бул чоң алаамат кыргындан Кыдыр аке аз да болсо өз элин, тууган-туушкандарын бөөдө кыргындан сактап калган. Кыдыр акенин айылынанмын деп орустардан аман калган кыргыз көп болгон. (Токтобек Болчуров, «Кыдыр аке», Нарын, 1993-ж.).

Кемигинде да, керкисинде да бар
Аңгыча Ыбрайым, дагы бир уулу Нурдин экөө дөбөгө чуркап чыгышып, орустарды үчөөлөп ата башташат. Бара түшүп бирөө, дагы бара түшүп экинчиси аттан кулап жатып калышат. Орустун калганы бир чоң кабакка кирип бекинишет. Аңгыча артта келаткан башка мергендер да келип калышат.

Ыбрайым орустар менен атышып турганда Мөкүш баштаган бир тобу келип, Атаке-сарбагышты чогулуп турган жеринен орустар мылтыктап, чыдай албаган эл Чоң Кеминге качып түшкөнүн айтат.  Ошол күнү орустар менен атышкан мергендердин саны кырк, алардын артында аттарын кармап турган эл 300 чамалуу эле. Атышуу күн батарга жакын токтоп, орустар качкан. Ок тийип өлгөн орустун саны 14кө жеткен. Кыргыздар ошондо өлүп жаткан орус командиринин жанынан генерал Вольбаумдун колу коюлган: «Восставшим киргизам, в особенности атаке-сарбагышевцам пощады не давать» деген буйругун таап чыгышат. Ал күнү атышкан жерде кыргыздан үч киши жаралуу болуп, экөө мерт болот. Атаке эли үркүп келе жатканда көчтү Кара-Кыянын оозунан тосуп, он жети аял-эркекти орустар кылычтап өлтүрүшкөн.

Көк-Жондо 100дөй киши кароолго коюлат. 20-августтун түнүндө жүздөн ашык казак-орус кароолчуларга көрүнбөстөн, жолсуз жер менен тоодон өтүп, таң атаарда Чоң Кемин кыштагына кирген. Күн тоо башына тие электе Чоң Кеминдеги камалып жаткан орустар жабдыкталып, Чолок-Кайыңдынын оозундагы элди каптап чыккан.

Андан казак-орустар Шабдан баатырдын мечитине барып, андагы Жантай хандан калган тууну алып, мечитти жана башка үйлөрдү өрттөшкн. Кайыңдыны каптап чыккан жарактуу орустар бир далай катын-баланы өлтүрүп, айылдарды талап, көп мал айдап, бүлүк түшүрүп кайткан.

Шабдан баатырдын балдарына караштуу адамдар жана башка элдер Шыргыйды ашып үркүп, суунун боюна конуп, таң атканда көчүп, Көл аягынан өтүп, Тескей тарабына – Ала-Баш, Коңур-Өлөң деген жерге барышат. Эртесинде саяк Баатыркан, кыдык Ысакаалы баш болуп бир канча киши келет.

Ошондо саяк Баатыркан: «Биз бугу, саяк болуп Караколго барып атыштык. Көптөгөн кишилерге ок тийип, кыргыздар туруштук бералбай качтык. Силерге ишенип турсак, силер да үркүп келип калдыңар, эми кандай кылабыз?» дейт. Шабдан баатырдын баласы Кемел: «Николай чоң падышалардын бирөөсү болчу. Эми бул жерге бизди эч жашатпайт. Кытай жерине тезинен баруубуз керек» деп жооп берет. Ошол жерде тургандар Кемелдин сөзүн кубатташат. «Андай болсо бугу, саяк алдыга түшөлү, Атаке-сарбагыш, сиздер жабдыктуусуздар, артыбызга түшүңүздөр» дейт кыдык Ысакаалы. Атаке-сарбагыш, Жантай балдары буга макул болуп, бир жумага жетпеген убакыттын ичинде бул жерден чыгып кетели деген сөзгө токтолушат.

Ошону менен 1-сентябрдан Тоңдон көчүп, Беделдин ашуусунан 10-сентябрда өтүшкөн. Мылтыкчан мергендер көчтүн алды-артында болушуп, арттан кууп келген, жолдон жолуккан казак-орустар менен атышып отуруп Кытай жерине түшүп барышкан. Белде нечен күнү катуу бороон шамал болуп, эл жүрө албай, далай мал-жан кырылган. Мал ачкачылыктан туурдук-үзүктү жеп жиберген. Белде калган иттер мал менен кишинин өлүгүн жеп кыштан чыгып, жыл ооп кайткан элди кадимки карышкырдай качырып талаган.

Кытайга барганда кытайлардын Дөөтай деген чоңу үрккөндөрдү баштап келгендер Шабдан баатырдын балдары экенин билип, куралдарын тапшырттырып, азык-түлүк ж.б. жардамдарды көп берген. Алар Турфанда, Кашкарда турушуп, 1922-жылы туулуп-өскөн жерине келишет. Шабдан баатырдын балдарынан мурун келген Атаке-сарбагыш эли Совет өкмөтүнүн жардамы менен бир топ тыңышкан.

Кеминдеги улуу Үркүн алааматын эскерип жатып, хан Жантай уулу Төлө ажынын көрөгөчтүк менен айтылган акылман сөздөрү жана анын уулу Ыбрайымдын эрдиги менен орустардан бир канчалаган курал тартылып алынып, алардын жардамы менен көптөгөн кыргыздардын өлүмдөн аман калышы – чексиз эрдик. Азыркы муун Үркүн баатырларын дагы терең изилдеп, айыл-кыштак, көчөлөргө алардын аттарын түбөлүккө калтырса, чыгармалар жазылса, көркөм тасмалар тартылса ашыкча болбойт эле.

(Б.Солтоноев жана Төлө ажы Ыбрайымдын жазып калтырган материалдары пайдаланылды).

Тоңдогу көтөрүлүш
Азыркы Той районунун Ак-Терек айылында туулуп-өскөн атам Сарыбаев Бакир Үркүн жөнүндө көргөн-билгендерин көп айтаар эле. Ошондогу кыргыздардын орустарга каршы көтөрүлгөнүн жактырбай төмөнкүлөрдү дайыма айта бергенден да тажачу эмес.

– Жайдын толуп турган маалында болуш Баатыркан элди чогултуп жыйын кылды. Ошондо мен 12-13 жаштагы тестиер бала элем. Бардыгы азыр деле күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Баатыркан: «Оез болуштардын баарын чакырткан экен, мен да барып жыйынына катышып келдим. Ак падыша кыргыздарды солдат бересиңер дептир. Баарыбыз берели дегенибиз менен, болуштар болуп өзүнчө кеңешип, «солдат бербейбиз, ичтен чыккан ийри жылан – балдарыбызды солдатка бергенче уруш кылабыз, орустар менен казатка чыгабыз» деп макулдаштык. Силер эмне дейсиңер?» дегенде, эл толкуп, «балдарыбызды бербейбиз, андан көрө орус менен уруш кылабыз» деди. «Андай болсо эртеңден баштап урушка даярдана бергиле» деп, жоого аттанчу болжошкон күндү айтып болуш кетип калды. Эл ичи аябай уу-дуу болуп, найза, чочмор, шалк этме ж.б. куралдарын, азыктарын камдап, минчү аттарын таптап даярданып калышты. Болжошкон күнү куралчан кылкылдаган атчандар Кольцовкадагы (азыркы Бөкөнбаев айылы) 15-20 түтүндөй жай жаткан дыйкан орустардын үй-жайын өрттөшүп, жаш-кары, катын-баласына карабай баарын өлтү­рүшүп, анан бойго жеткен  (чамасы 15-16 жаштарда) бир орус кызды айдап келип калышты. Бечара кыз жылаңайлак, жылаңбаш, көйнөгү дал-далынан айрылган. Ат үстүнөн туруп жон талаштыра чапканда кыз чыңырып жолдун аркы четине чыга качат, аяктан чапканда чыңырып жолдун берки жагына өтө качат…

«Эй, каапыр кыргыз, бир аёо сезими жок» деп атам ошо кызды айтканда тим эле ыйлап ийчү. Чыныбек ажынын Абылкасым деген орусча тил билген баласы баягы колго түшкөн орус кыз менен сүйлөшсө кыз: «Орус менен бекер эле урушуп атасыңар. Жылдызды карагылачы, жылдыз канча көп болсо, орус ошончо көп. Баары бир оруска алыңар жетпейт» дептир. Кийин ал кыздын тагдыры эмне болду, билбейм.

Бир күнү таң атпай жайнаган калың көч, сандаган мал, асынгандары бирден мылтык, «Алагөз-Каба, үркөсүңөрбү, же силерди атып кетебизби» деп демитишип, биздин айылды көп эл каптап кирип келди. Көрсө, алар Кеминдеги Атаке-сар-багыштан Төлө ажы уулу Ыбрайымдын Боомдон түшүргөн мылтыктарын асынышып, үркүп, Кытай жерине көчүп-качып баратышкандар экен. Биздин эл да ызы-чуу түшүп, алар менен кошо аралаша көчүп калдык. Көчүп баратып Кольцовка тушка келгенде биздин айылдын аксакалдарынын бирөө: «Бөлөк жер, бөтөн жерге барганда эле жыргап кетмек белек. Андан көрө өлсөк да, тирилсек да өз жерибизде бололу» деп айтты. Ошону менен биздин айыл Кольцовкадан кайра тартып, өз жерибизге келдик. Ар кайсы жерде адашкан ээси жок мал көп. Биздин эл баягы малды четинен алып келип союп жеп жатты.

Биз кайра көчүп келгенден кийин бир жума өтүп-өтпөй орустар келди. «Сарбагыш барбы?» деп сурагандары эле сарбагыштар. Асынгандары беш атар мылтык, кылыч, тапанча. Мингендери жулкунган аттар, аскер кийимчен, погондору, топчулары тим эле жаркырайт.

Кырк шейит
Биздин айылдан бирөө бир орус жетим тестиер баланы багып жүргөн экен. Ошол баланы бетине кармап кыргыздар орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты.

Бала айтыптыр, «булар көтөрүлүш кылбай жөн эле жатышат. Мени багып алышкан, эч капа кылышкан жок» деп. «Андай болсо биз силерге тийбейбиз, ылдыйлап түзгө түшкүлө» дешет орустар. Ошону менен кыргыздар колдоруна ак чүпүрөк байлашып, орустар айткан жерге түшүп, үйлөрүн тиге башташат. Ошол маалда элдин арасынан бирөө орустарга кара мылтыктан ок чыгарып жиберет. Мына, анан чатак башталат… «Ким атты, тапкыла!» деп, орустар куралсыз элди ат менен омуроолотуп, кыйнай башташат. Кичине эле шектүү дегендерди байлап-матап айдап кетишет. Эртеси башы бир бөлөк, денеси бир бөлөк болуп жаткан кырк кишинин сөөгүн табышат кыргыздар. Көрсө, баягы кармап кеткен кишилерди бир жерге айдап барып орустар кылычтап өлтү­рүшүптүр. Бардыгы кырк бир экен, бирөөсү ошол жерден качып кутулат. Эл чуру-чуу түшүп өлгөндөрдүн ар бирине көр казып, чогуу бир жерге коёт. Азыр ошол жер «Кырк шейит» деп аталып, мурунку К.Маркс (Кара-Коо айылы) колхозунун борборунан түштүккө карай, Думананын белине жетпей 5-6 км. алыстыктагы жолдун боюнда.

Мына ошентип эси жок бир «баатыр» кырк кишинин убалына калды. Алар ошо кезде болуп-толуп турган солкулдаган кырчындай жаш жигиттер болушса керек…

Жумгалдагы көтөрүлүш
Көл айланасы, Кочкор, Нарын жана Чүйдө көтөрүлүш чыгып кызып калган кезде, августтун 15-18и чамаларында Жумгалдагы саяктар Жумгалдын аягындагы Ак-Чийдеги орустун кыштагын талкалап, мал-мүлкүн талап, катын-баласын аёосуз өлтүргөн. Кочкордо Канат хан жеңилгенде Көкүмбай манап миң чамалуу түтүн менен үркүп көчүп Турпандын башы Какшаалга түшкөн.

Жумгалдын аягындагы Кудайберген, Мырзабек, Түркмөн жана Биялга караштуу эл көтөрүлүшкө катышпастан тынч турган. Уккан кабарга караганда, Түркмөн ж.б. манаптар жарадар болгон орустарга жардам берип багып турушкан. Падышанын жазалоочу отряддары келгенде жергиликтүү орустардын айтканы менен жогоруда аталган манаптардын эли эч жакка качпай аман калган.

Солтодогу көтөрүлүш
Августтун ондорунда Нурмамбет, Ысык-Ата элдери көтөрүлүп, Сын-Таш кыштагын талоонго алып, орустун бал челектерин кыйратып, катын-баласы аралаш беш орусту өлтүрүп жиберишкен. Нурмамбет, Ысык-Ата, Шамшы, Бурана, Тынай элдери Канат хандын аскерине кошулуп, жалпы Кочкорго түшүп, Канат хан жеңилип калганда баарысы кайтадан Ысык-Ата, Аламүдүн ашып Чүйдөгү жерине келишкен.

Ысык-Атаны ашып келген бир нече түтүн эл тоодо бекинип жатканда Бишкекте уездде жигит болуп жүргөн солтодон Төлөмүш жана Сарыбай дегендер орус аскерлерин баштап барып, 150 кыргызды Кош-Булак деген жерге алып келип кырган. Мындан тышкары, Кегетинин күн батышы Очор деген жерде «Беш калмак» жети үйлүү кишини орустар өлтүргөн.

Сокулук эли «балдарыбызды солдатка бербейбиз» деп, бээ союп антташып, баталашып оруска каршы көтөрүлүшкө чыккан. Тоодогу бал челекчи орусту баласы менен өлтүрүшкөндө 50 солдат барып «жарашабыз» деп элди алдап, 100 кишини айдап келип, жолдон алтымышын өлтүрүп, он беш киши качып кутулуп, калган 25 кишини Бишкектин Кара-Жыгач багынын ичинен атып өлтүрүшкөн.

Бир ай бою ондон-жыйырмадан болуп топтолгон куралчан орустар талаа-түздө 700дөй кыргызды кырып жиберишкен. Кыргыздарды өлтүрүү Ташкенден генерал Куропаткиндин келиши менен токтогон.

Олуя-Атага караган Ашмара, Чалдыбарга караган эки болуш солто эли көтөрүлүшкө катышпай аман калган.

Нарындагы көтөрүлүш
Тогуз-Тородогу эл көтөрүлүп, орустардын кыштагын талап алышкан. Көк-Арттан солдаттар ашып келип элди замбирек менен атканда, эл Турпанды көздөй качкан.

Нарындагы субан эли, тынымсейит, моңолдор кыргыздары көтөрүлүш кылып, орус бекеттерин талап, Нарынды бир нече күн камап турушкан. Нарындагы орус аскери элди ок менен атып чыкканда кыргыздар туруштук бералбай, Чүйдөн качкан элге аралашып, мал-мүлкүнөн ажырабастан, көбү Какшаал менен Турпанга түшүп кетишкен.

Ат-Башыдагы сарбагыштардын билерманы Чоконун Казысы көтөрүлүшкө катышпай, эч жакка качпай, элин аман сактап калган.

Аксы, Талас эли 1916-жылда
Көрүнүктүү коомдук ишмер, 1937-жылы репрессияга кабылып атылып кеткен Эсенаманов Эркинбектин Иманбек деген атасы Улуу Октябрь революциясына чейин бүт Талас элине таасири күчтүү ири манап болгондуктан, 1916-жылдагы падышалык тартипке каршы чыккан кыргыз көтөрүлүшүндө Талас элин ага катыштырбай: «Силер ордуңардан козголбой, орус кыштактарына кол салбай жата бергиле. Эгер падышанын жазалоочу отряды Таласка келе турган болсо, мен силерге кабар берем. Менден кабар болмоюнча, тынч болгула» деп Талас элин көтөрүлүшкө катыштырбай аман алып калган. (Зияш Бектенов).

Таластан 1000, Аксыдан 500 бала аскерге алынып, Москвадан ары Минск, Белоруссияга чейин барышып, орустун ооруктагы (тылдагы) жумушун кылып, эл-жер көрүп аман-эсен эл-жерине кайтып келишкен. Алардын ичинде 1921-жылы ыктыярдуу атчандар отрядынын командири болуп басмачылар менен күрөшкөн, Аксы районунун Тегене айылынан Арстанаалы Осмонбеков да бар эле.

Кеңеш БАКИР уулу“Кыргыз Туусу”23.08.-02.09.2011