Абдимиталип уулу Нурсултан

Кыргыз эли өзүнүн көп жылдык тарыхында “жылдызы жанган учурларды” да, кан жуткурган оор күндөрдү да башынан өткөрдү. Кыргыз элинин тарыхындагы эң оор, кандуу жана эң аянычтуу учурлардын бири катары 1916-жылы болуп өткөн көтөрүлүштү айта кетсек болот. Падышалык Россия режимине каршы чыккан бул көтөрүлүш өз максатына жете алган эмес. Сан жагынан бир кыйла аз, өтө жөнөкөй курал-жарак менен жабдыктанган эл, дүйнөлүк империя деп эсептелинген, саясий жана экономикалык жактан бир канча алдыга озунуп өнүккөн, аскер күчтөрү мыкты куралданган жана бир нече кылымдар бою согушуп, согуштук тактикаларды жакшы өздөштүргөн, ар кандай согуштук кырдаалдарга жедеп бышып калган чоң күч менен болгон кармашта бул көтөрүлүштүн максатына жетүүсү мүмкүн эмес эле. Көтөрүлгөн элди басуу үчүн жөнөтүлгөн жазалоочу отряд кыймылга катышкандардын көбүн кырып, кырылгандан калганы Кытайга качып барып, баш калкалоого аргасыз болгон. Бул кандуу окуя кыргыз элинин тарыхый эс-тутумунда “Үркүн” деген ат менен белгилүү. Тарыхчылар тарабынан 1916-жылкы көтөрүлүшкө адилеттүү баа бериле элек. Айрымдар бул окуяны бунт, козголоң катары баалашса, тарыхчылардын бир даары бул окуяга улуттук-боштондук күрөш макамын берип келишет. Бир канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен бул кандуу окуяга акыры татыктуу баа берилет деген терең ишеничтебиз.

Үркүн окуясынын өзүнө саясий, илимий жактан татыктуу баа бериле электе “Үркүн” деген аталышка каршы чыккан топ пайда болду. Бул топ жазуучулар, саясатчылар, коомдук ишмерлерден туруп, өз ойлорун ММКлардан билдирүүгө жетише алышты. Бул топтун ою боюнча “үркүн” деген сөз кыргыз элин шылдыңдоо иретинде чыгарылган. Себеби, кой үркөт, жылкы үркөт, адам үркпөйт, адам коркот, чоочуйт ж.б.у.с. мисалдарды айтып келишет. Алар “үркүн” деген сөздүн ордуна “кыргын”, “чегинди” деген сөздөрдү колдонуу зарылдыгын баса белгилеп келишет.

Сөзүбүз куру болбосу үчүн бул топтун дооматтарынын айрымдарын көрсөтүүнү туура таптык. Алсак, КРнын Эл жазуучусу Эрнис Турсунов “Де-факто” гезитинин 2011-жылы 21-июлда берген маегинде “Негизи, башында аталышы үркүн эмес, “кыргын” болчу. Кийин, шылдыңдап “үркүп качкансыңар” деп атып ошондой аталып калды” дейт[1]. Үркүн аталышына каршы чыккан инсандардын бири акын, жазуучу Абдырахман Алымбаев (көпчүлүккө Баяс Турал деген ысым менен белгилүү) мындай дейт: “Ушул күнгө чейин оңдолбой келаткан дагы бир термин бар. Ал “үркүн” деген сөз. Бул 1916-жылкы окуяга байланыштуу бир акылман окумуштуунун ойлоп тапкан термини. Бул сөздү ойлоп тапкан адам “орус” эмес. Анткени, биринчиден, орус бул сөздү билбейт. Экинчиден, анын мааниси эмне экенин түшүнбөйт. Муну ойлоп тапкан адам “кыргыз” да эмес. Кыргыз адамы эч качан өз элине карата мындай сөздү айтмак эмес. Анткени, кыргыз бул сөз кандай жаныбарга тиешелүү айтыларын эң сонун түшүнөт. Муну ойлоп тапкан адам кыргыз кебетесин кийген манкурт же ички бир душман. Негизи, бул сөз, кыргыз эли өз тилине өзү түшүнбөй калганын көрсөтүп турат. Болбосо, ал муну мындан 17 жыл мурун эле өзгөртүп салмак. Анда талдап көрөлү.

“Үркүн” деген сөздүн уңгусу – “үркүү” деген этиштен. Жылкы үркөт, кой үркөт. Негизи, айбан, мал үркөт. Адам үркпөйт, адам “чоочуйт”, “коркот”. Кыргыз “үркүү” деген сөздү адамдан башка, көбүнчө жапайы жан- жаныбарга карата колдонот. Адамга карата бул сөз айтылбайт.

Анан дагы бул сөз бир эле адамга эмес, бүтүндөй бир элге карата айтылууда. Дээрлик 70 жыл бою кыргыз ушул сөздү өзүнө таандык кылып айтып келди. Бул чындап эле кыргыздын эл болбой калганын далилдеп турат”[2]. Үркүн тууралуу талаштын учугу кыргыз саясатына аралашкан инсандарды да кызыктырып, алардын арасынан колдоо тапканга да үлгүрдү. Мисалы, кыргыз саясатынын активдүү өкүлдөрүнүн бири, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да бул аталышка каршы позициясын мындай деп билдирет: “Мындан кийин «үркүн» деген сөздү унуткула. Ал Орусия империясы кезинде, совет доору кезинде башка элдерге кыргыздар үркүп, качып кеткен деген бир формулировка керек болгон”[3].

Жогоруда көрсөтүлгөн пикирлердин авторлорунун баары кыргызга таанылган инсандар экендиги белгилүү. Алардын үркүн деген аталышка болгон каршы ой-пикирлери акырындык менен калк арасына таралаары шексиз. Бир жагынан бул топтун демилгесинде деле туура ойлор бар. Бирок, бир маселени көтөрүп чыгуудан мурун ал тууралуу маалыматтарды, жазылган эмгектерди, макалаларды чогултуп, окуп чыгып андан кийин гана маселени көтөрсө туура болмок. “Үркүн” аталышы тууралуу тарыхчылардын арасында да бирдиктүү ой-пикир жок. Кээ бир тарыхчылар жогоруда айтылып кеткен жазуучу, коомдук ишмерлердин пикирин кубаттаса, бир даары бул аталышты өзгөртүүнүн кажети жоктугун белгилешет. Мисалга алсак, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары” аттуу макаласында бул маселеге кыскача кайрылып өтүп, “Үркүн” термини көбүнесе “Кыргыздардын жер которуусу” же “Кытайга качуусу” деген түшүнүктө пайдаланылаарын жана профессор Жеңиш Жунушалиевдин “үркүн” деген түшүнүк Махмуд Кашкаринин сөздүгүндө да жогорудагыдай түшүнүктө берилээрин, андыктан аны колдонуудан качпашыбыз керек деген көз карашын белгилейт [4].

Ошол эле учурда тарыхчылардын арасынан да бул аталышка каршы чыккандар жок эмес. Алсак, “Үркүн” терминине каршы чыккан айрым тарыхчыларыбыз өз оюн ММКлар аркылуу айтпаса да, бул аталыштын туура эмес экендигин тар чөйрөдө билдирип жүрүшөт. Чынында эле “үркүн” деген сөз ушунчалык жек көрүндү, коркунучтуу сөзбү? Же бул сөз кыргыз элин дүйнөгө маңкурт катары көрсөтүп, улуттук ар намысыбызга тийип, кыргыздын эл болбой калгандыгынын далилиби? “Терминдер тууралуу талашышпайт, терминдер тууралуу макулдашышат” демекчи, бул талаш-тартышта өзүбүздүн көз-карашыбызды билдирүү үчүн “үркүн” сөзү тууралуу маалымат бере алчу айрым тарыхый жазма булактарга кайрылып көрүүнү туура таптык.

“Үркүн” аталышынын келип чыгышы түрк элдеринин анын ичинде кыргыз элинде кездешкен үрк- этиш сөзүнөн тураары шексиз. Жалпы түрк элдеринде үрк сөзүнүн “коркуу”, “чоочуу”, “кооптонуу”, “тынчсыздануу”, “санаа тартуу”, “калтылдоо”, “селт этүү”, “качуу” сыяктуу маанилери кездешет [5]. Ал эми орто кылымда карахандар доорунда жашап өткөн улуу тилчи, энциклопедист Махмуд Кашгари тарабынан жазылган “Диван Лугат ат-Түрк” (Түрк тилдер жыйнагы) сөздүгүндө кой үркти деген сөз менен бирге будун үркти (калк үрктү) деген сөз кездешет [6]. Ушул эле сөздүктүн башка жеринде İrtış suwın keçsedi, Budun anın ürküşür / [душман] Иртыш дарыясын кечип өтүүгө камынды, Ошондуктан калк үрктү деген ыр саптары кездешет [7]. Бул ыр саптардан орто кылымдарда үрк- этиши жаныбарларга да, адамдарга да кандай колдонулса, күнүбүздө деле ушундай мааниде колдонулуп келе жаткандыгын баамдай алабыз. Кыргыздарда үркүү сөзү бир гана жаныбарларга эле эмес адамдарга карата да колдонулгандыгын “Манас” эпосунан да көрө алабыз. Айта кетсек, 1885-жылы Санкт-Петербург шаарында басылып чыккан белгилүү түрколог В.Радлов тарабынан жазылып алынган “Манас” эпосунун варианты жарык көргөн. “Манас” эпосунун бул вариантында мындай деген саптар кездешет:

“Чүлдүрөгөн Шүршүттү

Батыр Манас үркүттү” [8].

Дал ушул эле саптарды манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантынан да кездештире алабыз:

“Ойдо жаткан чүрчүттү.

Деңиздин Ноор көлүнө

Тегерете үркүттү” [9].

Ал эми “Манастын” 1959-жылы чыккан кыскартылып берилген вариантында, “Көкөтөйдүн ашы” деген бөлүмүндө:

“Муну көргөн кыргыздар,

Акылынан танышып,

Энтелеңдеп дүрбөштү.

Алапайын табалбай,

Көкөтөйдүн Бокмурун

Эне-атасын тилдешип,

Качып, үркүп, жүгүрүп,

Кайран жандан түңүлүп” – деген саптар кездешет [10].

“Адамдын үркүшүн” тактап алган соң талаш-тартыштын негизги себеби болгон “Үркүн” деген аталышка көңүлүбүздү бөлсөк. Дооматчылар “үркүн” деген аталышты таптакыр эле колдонбой, анын ордуна “кыргын”, “чегинди” ж.б. сыяктуу сөздөрдү колдонууну сунуштап келишет. Айласыз бир суроо туулат: Үркүн деген аталыш жаңы чыгарылган сөзбү же мурунтан эле колдонулуп келген беле? Тарыхый булактарга таянсак XI. кылымда жазылган Махмуд Кашгаринин “Диван Лугатында” үркүн деген сөз кездешип, душман келгенде калк арасында пайда болгон коркуу сезими, ал коркуудан улам чеп, коргондорго качып барып жашынуусу деп берилет [11]. Ушул эле сөздүктүн башка бир жеринде үркүнч болуп үркүлдү – үркүнч болуп [калк] үрктү деген сүйлөм кездешэрин белгилей кетсек болот [12]. Орто кылымдагы карахандарда кездешкен бул сөз азыркы кыргыз тилинде кездешип, колдонулууда. Тилчи К. Юдахин түзгөн кыргызча-орусча сөздүктө үркүн сөзүнүн эки мааниси кездешип, 1. Тополоң, баш аламандык, жалпы баш аламандуу качуу (1916-жылкы көтөрүлүштү аеосуз баскандан кийин элдин Кытайга качуусун ушинтип аташат) маанисин билдирсе, 2. Качкын маанисинде, үркүн кыргыз эли (1916-жыл) деген мисалды кошо берет [13]. Ал эми авторитеттүү чыгыш таануучу, тилчи-тюрколог, сэр Джерард Клосондун пикирине таянсак, үркүн сөзү “дүрбөлөң” (паника) маанисинде орто кылымдагы карахандарда жана азыркы кыргыз тилинде гана кездешсе [14], белгилүү түрколог В.Радлов өзүнүн “Опыт словаря тюркских наречий” (I—IV т.) деген китебинде бул сөздүн осмон диалектисинде “суу ташкыны” деп которулаарын белгилесе, үркүнтү деген сөз ушул эле диалектиде “коркунуч, дүрбөлөң” деген мааниси кездешээрин көрсөткөн [15].

Бул сөз байыркы сөздүктөрдө гана кездешпестен күнүбүзгө чейин активдүү колдонулуп, ал тургай элдик оозеки чыгармычылыктын үлгүлөрүнөн да орун алган. Анын ичинен кыргыз элинин руханий байлыгынын туу чокусу болуп эсептелген “Манас” эпосунда да кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы “Манас” эпосунда үркүн деген аталыш бир нече жолу кездешет. Алардын айрымдарын гана көрсөтө кетели. Мисалы, Манастын Орго кан менен болгон согушунда:

“Чачылган бойдон дан калды,

Чала жан кыйла жан калды.

Салынган бойдон там калды,

Кылынган бойдон кам калды,

Жыгылган бойдон шам калды.

Ала качып жаныны,

Аралдагы көп маңгул,

Аркы өйүзгө жабылды.

………………………………………………..

Качкын болуп камалып,

Үркүн барды кумдан мол” [16], – деген саптардан 1916-жылкы кандуу окуяларды көз алдыңа элестетсең болот. Эпостун башка жеринде калмак-кыргыз согушун чагылдырган бир эпизоддо:

“Сары калдай калмагы,

Сапырылып баарысы,

Боз үй тиккен эл байы,

Сапырылып калганы.

Боздоп үрктү далайы,

Жетигенди бет алып,

Жер жайнаган үркүнү,

Алтын, күмүш, жамбыны,

Жерге көмдү мүлкүнү.

…………………………………

Маңгул, калмак аралаш,

Баарынын кетип куп шайы.

Үркүнүнө кошулуп,

Качып кетип баратыр,

Дүнүйөгө карабай,

Чачып кетип баратыр” [17], – деген саптар биздин оюбуздун тууралыгын далилдеп турат.

Үркүн деген аталышты кыргыздан чыккан биринчи тарыхчы, санжырачы Осмонаалы Сыдык уулунун 1913-1914-жылдары Уфа шаарынан басылып чыккан “Муктасар тарих Кыргызиа” жана “Тарих кыргыз Шадманиа” деген китептеринен кездештире алабыз. (Көңүл бурсаңыз бул китеп 1916-жылдан мурун басылып чыккан). Алсак, “Муктасар тарих Кыргызиада” черик уруусунун келип чыгуусун баяндаган текстте мындай сүйлөмдөр кездешет: “Черик Жанкороздун төртүнчү жолдошу болуп, жаш имиш. Бир үркүндөн калган имиш” [18]. Осмонаалы Сыдык уулунун “Муктасар тарих Кыргызиа” аттуу китеби 1913-жылы Уфада жарык көргөн. 1916-жылкы кандуу окуядан үч жыл мурун жазылган китепте үркүн сөзүнүн кездешиши XI. кылымда Махмуд Кашгаринин заманындагы карахандардан бери келе жаткан сөз экендигин жана бул сөз XX. кылымда кыргыздардын арасында колдонулуп келгендигин айгинелеп турат. Ошондуктан, бул сөз элди үрккөн малга теңөө үчүн атайын чыгарылган деген куру дооматтардын негизсиздигин далилдейт.

“Манас” эпосунда үркүн деген аталыш качуу маанисинде берилээрин көрсөтө алдык. Качуу менен үркүндүн мааниси бирдей экендигин XI. кылымдагы түрк аалымы Махмуд Кашгаринин “Диван Лугат ат-Түрк” сөздүгү тастыктап турат. Сөздүктө качыш деген сөз кездешип, “калк арасында пайда болгон коркуу сезими” деген мааниси берилет [19]. Бул сөздүн уңгусу болуп качуу этиши экендиги филологиялык билими жок окурманга деле көрүнүп турат. “Диван Лугатта” качыш сөзүнүн кездешүүсү “Манас” эпосундагы “Үркүнүнө кошулуп, Качып кетип баратыр” деген саптар менен үндөшүп турат жана үркүн аталышына каршы чыккандардын пикирлерин таптакыр четке кагат.

Үркүн деген сөз эски сөздүктөрдө, ар кандай тарыхый булактарда жана элдик эпосто кездешээрин жогоруда көрсөтө алдык. Бул сөз менен байланышкан аталыштар кыргыз элинин уруулук курамында да кездешет. Мисалы, кыргыздын чоң урууларынын бири болуп эсептелген наймандардын курамында үркүнчү деген урук кездешет [20].

Тарыхты изилдөөдө жардамчы тармактардын бири болуп антропонимика болуп эсептелет. Адам аттары кээ бир учурда колдонулбай, унутулуп калган сөздөрдү, кандайдыр бир тарыхый окуянын учугун чагылдырган сөздөрдү сактап калат. Антропонимдер туруктуу деп эсептелелип, оңой менен өзгөрүүгө учурабашы белгилүү. Кыргыз элинде Үркүн, Үркүнбай, Үркүнбек, Үркүндү, Үркүнчү деген адам ысымдары кездешет [21]. Кыргыз тарыхында сарыбагыш уруусунун атактуу баатыры Төрөгелдинин Үркүнчү деген уулу болгондугу Осмонаалы Сыдык уулунун китептеринен белгилүү. Мына ошол Төрөгелди баатырдын небереси, Үркүнчүнүн уулу Кудайберген мүнүшкөр, комузчу, өз доорунун билимдүү адамдарынын бири болгон [22]. Көрүнүп тургандай үркүнгө байланыштуу ысымдар байыркы доорлордон бери эле коюлуп келе жаткандыгы күмөн туудурбайт.

Жыйынтыктап айтканда “Үркүн” сөзү түрк элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде бери дегенде эле карахандар доорунан баштап жашап келе жаткандыгын тарыхый булактар далилдеп турат. Бул сөздүн Махмуд Кашгаринин “Диван Лугат ат-Түрк” сөздүгүнөн башка анатолиялык түрктөрдө (осмондордо) жана азыркы кыргыз тилинде кездешүүсү кыргыз элинин жогоруда көрсөтүлгөн байыркы уруулар менен болгон маданий байланыштардын бекем болгондугун, кыргыз элинин калыптануусунда карахандар жана огуздардын таасиринин болгондугун көрсөтүп турат. Ал эми үркүн сөзүнө каршы чыккан замандаштарыбыздын демилгеси бир аз туура эмес жана бул сөзгө асылууга эч кандай негиз жок экендигин көрсөтө алдык деген үмүттөбүз.

Үркүн аталышы байыркы убактардан бери эле колдонулуп, мамлекеттеги саясий туруксуздукту билдирээрин тактап алган соң 1916-жылкы болуп өткөн кандуу окуяларды атоодо кээ бир тактоолорду киргизип коюуну туура көрдүк. Белгилүү болгондой 1916-жылкы болуп өткөн трагедияны жалпы түрдө “Үркүн” деп атап келебиз. Азыркы кезде кыргыз тарых илиминде 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштү “Үркүн” деп гана аталып калган. Биздин оюбузча бул түшүнбөстүктөн улам келип чыккан аталыш деп эсептейбиз. 1916-жылы кыргыздардын падышалык орус өкмөтүнө каршы көтөрүлүшүн эки этапка бөлүп кароого болот. Биринчи этабы, эл ичинде мунт (орус тилиндеги бунт сөзүнүн кыргыз тилине ыңгайланышып, кирип кетүүсүнөн улам келип чыккан) деген ат менен белгилүү. К.Юдахин түзгөн “Кыргызча-орусча сөздүктө” мунт сөзү 1916-жылкы козголоң деген маанини билдирет [23]. Орус падышасы Николай IIнин указына каршы көтөрүлгөн элдик күрөш мунт деп аталган жана бул мунт жыйынтыгына жеткен эмес (жетүүсү мүмкүн эмес эле). Мунтчуларды басуу үчүн атайын түзүлгөн жазалоочу аскер кошууну көтөрүлгөн элди куралдын күчү менен сүрүп, ага чыдабаган эл үркүп, Кытайга кире качкан. Бул көтөрүлүштүн экинчи этабы эл арасында Үркүн деген ат менен белгилүү. Элдин тарыхый эске тутуусунуда, аң-сезиминде эң кайгылуу, эң көп жоготууга учураган трагедиялуу учур болуп көтөрүлүштүн экинчи этабы Үркүн болгондуктан тарыхый адабиятка дал ушул аталыш кирип кеткен.

Жыйынтыктап айтканда “Үркүн” сөзү түрк элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде бери дегенде эле карахандар доорунан баштап жашап келе жаткандыгын тарыхый булактар далилдеп турат. Үркүн сөзү эч кандай малга катары колдонулган эмес. Бул сөздүн тамырында үрк- этиши жатат. Бирок, этиштен сөз жасоо аркылуу саясий кырдаалды билдирген жаңы сөз пайда болгон. Бул сөзгө каршы чыгуунун өзүн түркөйлүк катары караса болот. Байыртадан бери колдонулуп келе жаткан сөздөрдү жерүү менен эч кандай ийгиликке жетише албайбыз. Байыркы жазма эстеликтерди, унутта калган эски сөздөрдү, фольклоубузду, тилдик диалектилерди колдонуу аркылуу гана талаш-тартыш туудурган терминдерди тактай алабыз. Ошондуктан тээ байыртан колдонулуп келе жаткан үркүн сөзүнө каршы чыккан замандаштарыбыздын демилгеси таптакыр туура эмес жана бул сөзгө асылууга эч кандай негиз жок экендигин көрсөтө алдык деген үмүттөбүз.

Колдонулган адабияттар

1. Эрнис Турсунов “Кезинде, ээ бербеген ташкын болуп, Кезинде, билик болуп бүлбүлдөгөм”

2. Баяс Турал “Оңдолгон ката – ката эмес”.

3. Топчубек Тургуналиев “Мындан кийин үркүн деген сөздү унуткула”.

4. Кыяс Молдокасымов 1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары.

5. Севортян Э.В. Этимологический словарь тюркских языков. (Общетюркские и межтюркские основы на гласные). – Москва, 1974 – 635-бет.

6. Divanü Lügat-it-Türk Tercümesi. Cilt III.Çev. Besim Atalay. – Ankara, 1941 – 420-бет.

7. Divanü Lügat-it-Türk Tercümesi. Cilt I. Çev. Besim Atalay. – Ankara, 1939 – 155-бет.

8. Радлов В. Образцы народной литературы северных тюркских племен собраны.Часть V. Наречие дикокаменных киргизов. – Санкт-Петербург, 1885 – 62-бет.

9. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу, 1-китеп. С.Орозбаковдун варианты боюнча. – Бишкек “Кыргызстан”, 1995 – 171-бет.

10. Манас. Биринчи бөлүк. 2 китеп. Жалпы редакциялаган Б.М. Юнусалиев. – Фрунзе, 1959. – 33-бет.

11. Divanü Lügat-it-Türk Tercümesi. Cilt I… – 108-бет.

12. Divanü Lügat-it-Türk Tercümesi. Cilt I… – 250-бет.

13. Юдахин К. Киргизско-русский словарь. 2- книга, Л-Я. – Фрунзе, 1985. – 325-бет.

14. Gerard Clauson An Etymological Dictionary of pre-thirteenth-century Turkish. – Oxford, 1972 – 225-бет.

15. Радлов В. Опыт словаря тюркских наречий. Т.I. ч. 2. – Санктпетербург, 1893 – 1837-бет.

16. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. – Бишкек, 2010 – 416-бет.

17. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу. – 2010… – 646-бет.

18. Осмонаалы Сыдыков “Мухтасар тарих Кыргызиа”, “Тарих кыргыз Шадманиа”. – Бишкек, 2014 – 57-бет.

19. Divanü Lügat-it-Türk Tercümesi. Cilt I… – 369-бет.

20. Абрамзон С.М. К семантике киргизских этнонимов. // Советская этнография, Ч.3. – Москва, Ленинград – 1946 – 123 – 132-бет.

21. Жапаров Шералы Адам аттары – эл байлыгы. – Бишкек, 2004 – 201-бет.

22. Осмонаалы Сыдыков “Мухтасар тарих Кыргызиа”… – 37-бет.

23. Юдахин К. Киргизско-русский словарь. 2- книга, Л-Я. – Фрунзе, 1985– 39-бет.