1916,  Билге

Үркүнгө 100 жыл: Түптүк Жумакадыр балбан Кытайга барып, элди кулчулуктан куткарган

Үркүндүн 100 жылдыгына карата эл арасында айтылып калган эскерүүлөрдү топтоо керектиги айтпаса да түшүнүктүү. 1916-жылы Үркүндө кытайга качкан элге эрдик көрсөткөндөрдүн бири Түптөн чыккан Жумакадыр балбан болгон. Балбандын небереси Муратбек Жумакадыров чоң атасынын өзүнүн оозунан угуп жазып алган эскерүү менен бөлүштү.
Бул эскерүүнү 1975-жылы чоң атам Жумакадыр Меңмат уулунун өз оозунан угуп жазып алгам. Окуя 1917-жылы Кытайдын Текес ооданынын Көк-Терек жайлоосунда Иле дарыясынын боюнда болгон экен. 1916-жылдагы Үркүндө Түптүн элин кыргындан сактап калуу үчүн көп аракеттерди көргөн Батыркан ажы, Карамырза, Ажыбек баш болгон адамдар Кытайга качкан элдин акыбалын билели деп жөнөшөт.

Алар Көк-Терек жайлоосуна келишсе Кытайдын ошол аймактагы башчысы чоң той берип жатыптыр. Иле дарыясынын бою кытай, казак, кыргыз, уйгур элине жык толот. Кытайлар чоңдугу боз үйдөй болгон балбанын күрөшкө чыгарып, ага каршы бир да киши чыкпай коет. Батыркан менен Ажыбек, чоң атам Жумакадырды: «Жыгылсаң жер көтөрөт, жыксаң эр көтөрөт, ушундай жерде Албан-Бугудан бир адам чыкпайт деген эмне» деп күрөшкө салышат.

Чоң атам: «Мен жанына барганда, кытай балбаны тура калды эле, мен анын эмчек тушунан гана келип калдым (чоң атамдын бою 1,97 см болчу). Эр эңиште тажрыйбам бар, күрөштө жок элем. Билген ыкмам кол чалма. Эмне болсоң ошол бол деп, качырып барып ичке бир сүзүп, бутумду бутунун артына тосо койсом тоо кулагандай эле болуп, чалкасынан жатып калды. Ал убакта башынан аттап кетпесең жеңишке жеттиң деп эсептелчү эмес. Башынан аттап кеттим. Кыргыздар мени көтөрүп кетишти. Дагы 6 балбанды жеңиш керек эле, калгандары жанагы дөөнү жыккандан кийин каршы чыкпай коюшту», – деп айтып берген.

Жумакадыр балбан 90 жаш курагында

Дагы бир кызыгы — чоң атама байгесин берели деп таппай калышат. Көрсө атам күрөштөн кийин улак тартышка кирип кетиптир. Батыркан, Ажыбек мырзалар көз тийбесин деп Жумакадыр атамды калың элдин көзүнчө камчыга алышат. Аны көргөн казактар «ой-бай, карасаңдар, анау кыргыздын шалдары дөөсүн сабап жатыры гой» дешип ооздорун ачкан дешет.

Чоң атам күрөштүн байгесине кытайдын баш кийиминин ичи толо акча алып, кайтып келе жатышса, бир айылдан: «Оо баатыр, биздин башыбызга азаттык бере кет» деп аксакалдар кайрылышат. Көрсө Түптүн Сары-Дөбө, Арал, Токтоян айылдарынан үркүп барган элди уйгурдун бир байы кулчулукка жумшап алыптыр. Атамдарды көрөөрү менен уйгур: «Оо баатырлар түшкүлө, мейманым болуп кеткиле» деп жалпактайт. Алар байгеге алган акчаны уйгурга көрсөтүп: «Ушул акчаны берели колуңдагы элге эркиндик бересиңби?» десе көзү акчадан өтүп, макул болот.

Учурда урпактары Түптүн Токтоян айылында жашаган Кендирбай, Асанаалы аттуу адамдар: «Ал акчанын баарын бербеңиз, өтө эле көп акча» деп эскертишет. Атамдар эки кочуш акча берээри менен уйгур элди бошотот. Атамдар уйгурдун тамагын ичип, бир айыл элди азаттыкка чыгарып, акчанын калганын башчы кылып шайлаган Кендирбайга берип, андан ары жолун улантышат. Кытайда калгандар 1960-жылдары кайтып келишип, азыр Токтоян айылында турушат.

Чоң атам Жумакадырга Батыркан ажы: «Мен көтөрүлүштө болуштугумдагы элимди азып-тозгондон сактай албай калдым эле, сен күрөштө жеңишке жетип, байгеңе алган акчаңа 3 айылдын элин кулчулуктан куткарып калганыңа чексиз ыраазымын», – деп батасын берген экен.

Булак: Турмуш