1916,  Билге

Үркүн: эжесин издеген акын

Акын, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, маркум Медербек Акимкожоевдин Үркүндө Кытайда калган эжесин кантип издегени, кийин Кытайга кантип барып келгени тууралуу баянын сунуштайбыз. Бул баян 1992-жылы жазылган.

Ала-Тоодон Какшаалга жол жүргөндүгүм жөнүндө баян

(Очерктен үзүндү)

1916-жылдагы падышанын каарына чыдабагандыктан кыргыз элинин эркиндикти талашып чыгарган көтөрүлүшү, биримдиктин, атайы эл коргоочу куралдуу уюшулган машыккан жоокерлердин жоктугуна байланыштуу ар кайсы элден, ар кайсы жерден чыккан көтөрүлүштөр падышанын каардуу буйругу боюнча курал-жаракчан желдеттер аркылуу ырайымсыз кан төгүлүүгө айлангандыгы, адам канынын селдей аккан жылдары жүрөктөргө айыккыс жара, кылымдардан-кылымдарга унутулбай турган өчпөс тамга болгону кыргыз элинин башына кыямат түшкөн жылдарда Какшаалда калган бир тууган эжем Сайранын арбагына куран окуп, балдарын көрүп таанышып келүүгө чыккан жол эле.

… Ооба, падышанын кан төккүч, баш кесер желдеттери элди четинен кырып, кай бир айылдардын адамдарын атып кылычтап өлтүрүп тыптыйпыл кылып кырып киргенде кыргыз эли жан айласы үчүн кытай жерине үрккөндө көпчүлүк менен менин ата-энем дагы качкан экен.

Эл үрккөндөгү падышанын желдеттери элдин үйлөрүн өрттөп качкан элди артынан кууп ашууларда, капчыгайларда элди кандай кыргандыгы жөнүндөгү баяндар азыр архивдерден табылып изилдөөчүлөр аркылуу басма сөздөрдө жарыяланып атпайбы. Ошондуктан элимдин, ата-энемдин муң-зары, азап тозогу, тарткан кордугу жөнүндө ага токтолбоймун.

…1952-53-жылдар. Советтер Союзу менен Кытай Эл Республикасы жакшы мамиледе болуп турган кез. Илгери мен жаш кезимде чоң ата, чоң энем жана өзүмдүн апам тирүү кездеринде (өз атам мен кичине кезимде өлгөн). Какшаалда калган эжем Сайра жөнүндө көп айтышар эле.

Ата-энелеримдин эжемди эскерүүсүндө Какшаалдын Кызыл-Күмбөз деген жеринде эжем калгандыгы, күйөөсүнүн аты Токтомбай болгону, кудалары Казыбай, Тургунбай болгондугун эскеришчү. Ал кудалар Какшаалга үркүп барган учурда өз элинин билерман, кадырлуу жакшылары болгон дешчү.

Ошол жерлердин, кудалардын аттары жаш болсом да көңүлүмө жат болуп калыптыр. Мен СССР тышкы иштер министрине, Кытай өкмөтүнө кат жазып, эжемдин калган жерин, кайнагаларынын аттарын атап, эжемдин бар-жогун тактап берүүлөрү жөнүндө өтүндүм.

Өкмөттөн жооп келгенче мурунку Рыбачье (Балыкчы) шаарынан Какшаалдан келген адамдар менен жолугуп, жогорку көңүлүмдө калган жер аттарын атап, эжемди иликтесем: “Биз бери тоо жактан келдик, сен сураган айыл бизден көп алыс. Ошол айылда Жапар Ысак деген киши бар, ошого кат жазып сурап көр”, – дешип, Жапардын дайынын айтып беришти.

Жапарга кат жазып, жездемдин өлгөнүн, эжем Сайра, кызы Бүбүш, уулу Асек аман-эсен бар экенин, бала-бакыралуу болушканын билдим.

Ошондон баштап эжем, жээндерим менен кат алышып турдум. Алар мени Кытай өкмөтү аркылуу өздөрүнө чакырышты. 1954 – 58-жылдарда мамлекеттин жетекчиси Хрущевдун убагы. Кытай менен биздин мамиле үзүлүп, катнашка тыюу салынып, чакыруу наатка кетип, мен бара албай калдым. 1962-жылы эжемдин дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө кат алдым.

Советтер Союзу менен Кытай Эл Республикасынын мамилеси оңолуп, достук калыбына келгенден кийин эски дарек боюнча кат жаздым. Жээндерим аман-эсен экен, үзбөй кат алышып, байланышта боло баштадык.

Ошентип бул жолу сапарга чыгышым Кыргызстан жаңы эгемендик алган учурга туш келип калды. Жээндерим да менин суранычым менен Кытай өкмөтү аркылуу чакыруу жиберген эле.

24.09.91. Алма-Ата – Үрүмчү аралыгына жүргүнчүлөрдү ташуучу ТУ- 154 самолету. ТУ-154 самолету Үрүмчүгө бир саат жыйырма беш мүнөттө жетти. Аэропорттон чыкканыбызда бараткан келишим түзүүчү адистерди (барар күнүн телеграмма аркылуу билишет экен) келишим түзүүчүлөрдүн кытайлык бир өкүлү, Үрүмчү академиясынын кызматкери Гемей Умит (уйгур жигит) машинасы менен күтүп туруптур. Барып Үрүмчүнүн мейманканасынан орун алдык. Кечинде келишим түзүүчү биздин адистер Бээжиндеги келишим түзүүчүлөр менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Алар эртеси кечинде Үрүмчүгө келмек болушту.

Үрүмчү шаары. Биздин багыт боюнча Тянь-Шань тоолорунун чыгыш тарабында таштак, какыр мала кызыл тоонун этегинде жайгашкан экен. Калкынын саны бир миллион эки жүз жыйырма миң адам.

Эли ошончо көп болгону менен шаар ичинде автобус сейрек жүрөт, троллейбус дээрлик жок. Жеңил машиналар да биздин шаардагыдай тынымсыз агылбайт. Бардык калкы, карысы да, жашы да, эркеги да, аялы да велосипед менен жүрүшөт. Бул автобус күтпөй, орун талашпай багытынан кечикпөөнүн бирден-бир жолу экен.

Эли сыланбай жөнөкөй жупуну кийинишкен. Ошончо көп имараттуу чоң шаарда кичине ижаралардан тартып, кабат-кабат үйлөрдүн үстүнө жабылган чымындын канатындай да шифер жок.

Үрүмчү шаарынын бир өзгөчөлүгү кабат үйлөрдүн биринчи кабатын дүкөн (магазин) ээлеген. Мындай тартипти кийин башка шаарлардан да көрдүм.

Кытайда кандай буюм болбосун кооперативчилер, фермерлер мамлекеттик баадан бир тыйын да ашык коюшпайт, соодасы келишсе арзан сатышат экен.

Мен Кызыл-Суулук чоң манасчы Жусуп Мамайды көрүп, баарлашып, жолугууну да максат кылган элем. Жусуп Мамайдын күйөө баласы, дүйнөгө белгилүү залкар дастан “Манасты” кытай тилинде которуп берип жаткан жаш жигит Шинжаң автоном район, адабият көркөм өнөрлүк коому “Манас” бөлүмчөсүндө иштеген Адыл Жуматурдунун коштоосунда, Жусуп Мамайдыкына да барууга мүмкүнчүлүк болду.

26.09.91. Бээжин убактысы боюнча эртең мененки саат 7.00. Мени, Адыл Жуматурду Кызыл-Суу Кыргыз обласынын борбору Артышка баруучу автобус менен жөнөтүш үчүн автобекетке алып келди. Мен түшүүчү автобус келип, жүктөрүмдү жайгаштырдым (жүктөрүм жээндериме бере турган белек-бечкек, кийим-кечелер). Адыл мени кыргызча да, кытайча да, уйгурча да такылдап сүйлөгөн Амангүл Маамыт кызына кошуп берди. Амангүл Үрүмчү шаарындагы айыл-чарба институтунун мал доктурлук адистигин бүтүрүптүр. Ошол учурда Үрүмчү аймактык мал доктурлук баш пунктунда лаборант болуп иштейт экен. Жолдошу Абрай Осмон Үрүмчү шаарындагы Эл басмасы Кыргыз редакция бөлүмүндө иштерин, Үрүмчүдө турушарын баяндады. Жол бою Амангүл жер-суу аттарын, жердин түзүлүшүн жана башкаларды баяндап жүрүп отурду.

Моңголдордун областтык шаары Корла менен уйгурлардын областтык шаары Ак-Суунун аралыгы 509 чакырым экен.

Ак-Суу шаарына да келип жеттик. Амангүл мени акчийликтердин келип кете турган базасы, бир квартал жерди ээлеген чоң короого ээрчитип барды. Короодогу турган 4-5 жигит мени өзгөчө кубандырды. Баары мени көрүп-билип жүргөндөй, биринен сала бири салам айтып кыргызстандык туугандардын аман-эсендигин сурап жатышты. Көрсө, алар менин Кыргызстандан келе жатканымды “калпагыңардын үлгүсү биздикинен башка” деп таанып жатышкан экен. Амангүл менин жайымды түшүндүрүп, мени Ак-Чийге ала кетүүлөрүн өтүндү. Ошентип, дал ушул жерден ата салтын, эне наркын туу туткан, ызатчыл, сыйчыл Амангүл кызым менен коштошууга туура келди.

Ошол турган жигиттердин баары Амангүлдүн ата-тегине чейин билишет экен. Атасы убактылуу Үч-урпанда кызматчы болуп иштеген акчийлик экен.

Эртеси Ак-Чий ооданын прокурору Казыбек Жумакундун сунушу боюнча Ак-Суунун шаарын, базарын аралап көрүп, шашпай жөнөмөк болдук. Ак-Сууну аралап түш оой бергенде ал жерден жүрүп кеттик.

Ак-Суу шаарын аралап, Ак-Суу дайрасы агып отурат экен. Эки бөлүнүп кара көк тартып, бууркандап аккан чоң дайра.

Батыш жагынан Какшаал дайрасы куйса, түндүк-батышынан Бедел, Каракол суулары кошулуп албууттанып, нук сайына мелт-калт толуп, чыгыш-түштүктү көздөй окторулуп агып жатат.

Ак-Суудан чыкканда деле таштак, какыр, бозоргон талааларды аралап, Үч-Турпан шаарына жеттик.

Үч-Турпан – түштүк тарабы кызыл таштан бүткөн уйгурлардын шаары. Үч-Турпандан чыгып, Ак-Чийге бет алганда жолдун түндүк жагы шорлуу саздак, түштүк жагы арстан азуу тоолор менен курчалган.

Ак-Чий ооданынын борборуна кеч жеттик. Казыбек мени көптөн бери көрүү үчүн эңсеп келген жээним Асектин атасы менен бир тууган агасынын баласы Ысмайылдыкына алып барды.

Келеримди күтүп жүргөн Ысмайыл, анын үй-бүлөсү көрүшкөндө көзүбүздөн кубанычтын жашы акты. Тээ алда качантан бери жүздөшүүнү эңсеген тилектерге жеткирген кудайга ыраазы болуп, үй-бүлө, бала-бакыра, жашоо-турмуш жөнүндө маектешип отуруп, түндү оодардык.

Сыйчыл боордоштор

Өкмөттүн мыйзамы боюнча келгендигим жөнүндө жергиликтүү милиция органдарына кабарлап коюу үчүн милиция кеңсесине Казыбек менен чогуу бардым. Бул жерден да Кыргызстандан келе жаткан боордош бир тууган катары кеңсенин кызматчылары биринен сала бири тура калып көрүшүп, мурда тааныш жек-жааттардай учурашып, ден-соолукту, үй-бүлөнү сурап жатышты.

Боордоштукка, бир тууганчылыкка эч кандай салыштыруунун теңдеши жок экен го! Биринен сала бири: “Уюткулуу Ала-Тоолук туугандар аман-эсен жашап жатасыздарбы? Тартыштык, каатчылыктан кыйналган жоксуздарбы? Элдин жашоо турмушу кандай?” деген сыяктуу суроолорду берип, ал-абалды сурап жатышат.

Үналгыдан, сыналгыдан уккан, көргөндөрүн сурап “Кыргыз Туусу”, “Кыргыз маданияты” газеталарын алып окушарын айтып, Советтер Союзу бытырап бөлүнгөнүн, өлкөдөгү тартыштык жана турмуштун оордугуна кабыргалары кайыша ак пейилден кейип аңгемелешти.

Бул кеңсе Ак-Чий оодандык милициясынын жана коопсуздук комитетинин кеңсеси экен. Бул маектешип отурган жигиттер коопсуздук комитетинин башчысы Ыдырыс Султанаалы, милициянын начальниги Абдрасул Алмамбет, ички иштер бөлүмүнүн кызматчысы Акыйкат Мамлекеттик илим-изилдөө комитетинин кызматкери Мурзабек Мукаштар экенин Казыбек тааныштырды.

Мындан кийин мени Кызыл-Күмбөз айылына, жээним Асектикине милициянын начальниги Абдрасул Алмамбет жеткизмей болду. Бул мээримдүү, ызатчыл, сыйчыл адамдарды көрүп, ушуларды тарбиялаган ата-энелерине, салтты, наркты уккан, көргөнүндөй сактап колдонгон өзүлөрүнө, мени менен жакындыгы, тууганчылыгы болбосо да кызматтарына чиренбей, кайдыгер карабай, “алыстан келген мейман” деп сыйлаган Амангүл кызыма, жогорудагы аты аталаган инилериме ыраазы болуп, алкыш айтып ак батамды берем. Бул – менин карыялык милдетим. Алардын мага жасаган мамилелери менен кызматтарын эч качан унутпайм.

Кытай жеринде жашаган кандаш туугандардын адамгерчиликтеринен улам төмөндөгүлөр эске түштү. Совет бийлиги орногон, биз басып өткөн 74 жыл, “Дин-апийим”, – деп караңгы калкты шарият менен коркутуп, баш көтөргүс кылып, дин – кулдандыруучу курал, андан арылыш керек. Ким динди тутса, ал Совет өкмөтүнүн душманы” деген саясаттын күчүнөн, шарияттан маани айтып, түшүнүк берүүчү куран түшүрүп, намаз окуган молдолор, ал гана эмес жөнөкөй эле такыба адамдар түрмөгө камалып, дээрлик жок болуп кеткендиктеринен элдин көпчүлүгү шарияттан, касиетүү Курандан кол үзүп, “Биссимилла” менен “Келмени” да эске албай калганбыз (айрыкчы кийинки жаштар). Көрсө, адамдарды оң жолго салуучу тарбиядан адаштырган экен.

Ак-Чийдин кыштагында мусулмандык парзды аткаруу үчүн молдолор шарияттан маани айтуучу заңгыраган чоң кооз мечит турат.

Уурулук, ушакчылык, кумарчылык, аракечтик, баңгилик, зордук- зомбулук, бирөөнүн акысын жегендик, киши өлтүргөндүк, кыскасы, бардык жамандыктан алыс болууну адамдын дилинен чыккыс кылып үйрөткөн тарбиянын тазасы Ислам дини тура!..

Бир тууган эжем Сайранын бала-бакырасын көрүүнү эңсеп чыдамым кетет. Томолой жалгыз кишиге небак дүйнөдөн кайткан эжесинин балдарын таап учурашып, таанышып сүйлөшүү тирүүлүктүн ырахаты эмеспи!

Менин апам сегизди төрөптүр. Эң улуусу ушул азыр мен арбагына куран окуганы бараткан эжем Сайра. Эң кичүүсү мен экенмин. Калган алты бир тууганым жаш кездеринде дүйнөдөн кайтып, тукум калган эмес экен.

Мен жалгыздыктын азабын көп тартып өскөн кишимин. Жалгыздык- айтып түгөткүс армандуу дастан!

Ошондуктан бир тууган эжемдин балдары ысык да, кызык да сезилет.

Машина барып короонун оозуна токтогондо чогуу бараткандарым жүгүрүп сүйүнчү айтып калышты. Υй ичиндегилер жабыла чыгып тосуп алышты.

Биздин жүз көрүшүп кучакташып тургандагы жамгырдай төгүлгөн көз жаштар – бир туугандар табышкан кубанычтын жаштары эле! Бир тууган эжемдин уулунун жытын өмүр бою каңшаарыма сактап калдым.

Кыргыз тууганчыл эл эмеспи, бат эле айылдаштары чогулуп, эжемдин арбагына куран окулду.

Какшаал

Аты айтып тургандай таштак, кумай, топурагы ачкыл, чөбү сейрек, жалгыз чыккан төө куйрук, бириндек чийлүү, саян шыбак чыккан жер экен. Өзөнүнө караганда тоолордун арасы дүйүм чөптүү булаган бетегелүү дешет.

Айылдарда кыштак жок. Ар кайсы атанын уругу өзүнчө 3-5-10 түтүндөн аймакташ отурукташкан. Элинин кесиби дыйканчылык, малчылык. Айылдарда биздегидей трактор, комбайн, түрлүү машина, кыскасы, механизация жок.

Эгинди жолдон мен көргөн уйгур, моңголдордой эки унаалык кичине соколор менен айдап, сээп, малалап, жайлата багып, оруп-жыйып, моло таш менен бастырышат экен. Дыйканчылыгы – буудай, арпа, зыгыр.

Мамлекеттин жетекчиси-Коммунисттик партия

1949-жылы биринчи октябрда Коммунисттик партия коменданты (мурунку бийликти) жеңгенден кийин эркиндикке, теңдикке, укукка жеткендерин сыймыктана айтышат. 1983-жылы мурунку ортолошкон малды кайра таратып, жаңы төрөлгөн балдардан тартып, кирпиги кыймылдаган карыларга чейин эсептеп, тегиз киши башына бөлүп алышыптыр.

“Малдын азык-түлүгүн кандай пайдаланып, кандай чыгымдайсыңар” десем, “өзүбүздөн арткан жүндү, майды, терини мамлекетке сатабыз. Керегибизге жараша ич арадагы алармандарга, базарга, болбосо шаардан келип, мал алуучуларга сатабыз”, дешет.

Айдоо аянттар, суу баскан жерлер, чөп чабынды саздак шалбаалар, жайлоо, кыштоолор да калыстык менен бөлүнгөн экен.

Мен көптөн бери Какшаалдагыдай кой-эчкинин семиргенин көрө элек элем. Койлору кадимки куйруктуу кыргыз койлор. Алар “түрк кою” дешет экен. Козусунан өйдө тегиз жон алган. Семиздигинен ынтыгып, чайпалып басат. “1-Октябрь Кытай мамлекетинде Коммунисттик партиянын эзүүчү бийликти жеңген күнү” майрамы болгондуктан оодандын борбору шаңдуу, көчөлөрдө тийиштүү имараттарда кызыл туулар желбирейт. Мен дагы эл менен бирге майрамга чыктым. Он чактыбыз көчөдө турган элек. Эки жигит келип, биз менен саламдашып, кол алышып көрүштү.

– Сиз Акимкожоевсизби? -деди бирөөсү. Ага удаалаш экинчиси:

-Медербек агасызбы?-деп калды.

– Мени кайдан тааныйсыңар?

– Сизди жакшы тааныйбыз. Быйыл 71 жашка чыкканыңызды да билебиз.

Көрсө, 1990-жылы менин 70 жашка толгон мааракем белгиленгенде журнал-гезиттерге ырларым, сүрөттөрүм кыргыз калпакчан басылган экен. Ошол журнал-гезиттерди окуп, ак калпакчан сүрөттөрүмдү көрүшкөн Айсаракун Ажыбай, Дүйшөналы Осмон деген төкмө акын, комузчу жигиттер тааныган жөндөрүн баяндап беришти.

Кызыл-Суу Кыргыз облусунда Артыш, Улуу-Чат, Ак-Тоо, Ак-Чий деген төрт оодан бар экен. Биздин убактыбыз чукул болгондуктан Ак-Чийден башкасын көрө албадык.

Кетеримде баары Кыргызстандык туугандарга салам айтып, ак жол каалашты.

Ак-Сууга чейин Тургунаалы жээним менен кошо келдик. Эртеси бизди Үрүмчүгө жөнөттү.

Үрүмчү шаарына келгенде мен кызылсуулук манасчы карыя Жусуп Мамайдыкында болдум. Карыя күүлүү-күчтүү, дени сак экен. Эки уулу, бир кызы бар экен. Уулдары Какшаалда жашарын айтты. Турмушу эң жакшы. Өкмөт берген төрт бөлмөлүү үйдө эки небереси, байбичеси төртөө жашайт экен.

Дүйнөдөгү дастандардын океаны, көлөмү жагынан эч бир теңдешсиз алпы “Манасты” кытай тилине которуп чыгарып жатыптыр. Жусуп Мамай менен аңгемелешүүмдө ” Манастагы” окуялардын айрым бир “каарлуу” жерлерин жымсалдап бурмалап жазып жүрбөсүн деген шектүү оюмду карыя илгиртпей баамдады. Кытайлар пейли кенен эл, – дейт карыя. Аз улуттарды көтөрмөлөйт, колдойт. Ошол улуттардын тарыхын булар нечен кылымдан бери сактап келаткан эл. Азыр да тарыхты, ар түрдүү дастандарды өзүлөрүнүн карамагындагы башка улуттардан жыйнап алышат.

Манастын теңдешсиз баатырдыгы кытай, калмакты Алтайдан тарта азыркы Кыргызстандын турган жеринен кууп, сүрүп кырганы, Бээжинге сурак жүргүзүп, алым алганы булардын тарыхында бар. Кытайлар дастанды окушат да өзүлөрүндөгү тарыхка салыштырып көрүшөт, – деди Жусуп Мамай. Бул белгилүү манасчы менен аңгемелешүүдө кытайлар майда улуттардан армияга жоокер албастыгын, өкмөттүк кызматта иштеген гана адамдын пенсияга чыгарын, көп балалуу аялдарга жөлөкпул төлөнбөстүгүн билдим.

Үрүмчүнүн дүкөндөрүндө, ашканаларында, көчөлөрүндө ал эле эмес чайканаларынын алдында ичкиликтин нечен түрлөрү сатылат. Бирок, бир дагы мас болуп жүргөн адамды көргөнүм жок.

– Шаардыктар ичкилик ичишпейби? -деп сурадым.

– Эмнеге ичишпесин, кытайлар деле мас боло ичишет, бирок, үйлөрүндө ичишет. Он грамм ичкилик ичкен кытай машина менен сүйрөтсө да көчөгө чыкпайт,- деди.

“Манас” эпосу баш болгон темалардан баштап, улуттардын ынтымагы, биримдиги, эл аралык ал-абалга чейин бул атактуу адам менен баарлашканыма өтө ыраазы болдум.

Жусукемдин үйүндө (ал киши менден эки жаш улуу) эки күн болуп, сөз кумарына кандык. Мен аэропортко жөнөрдө карыя ак жол каалап, Кыргызстандагы тааныш жазуучуларга, кыргыз элине салам айтуумду өтүнүп коштошту.

8 – октябрь күнү Yрүмчүдөн Алматыга учтук.

Медербек Акимкожоев, акын, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1992-жыл, февраль айы.

Булак: Азаттык