1916,  Билге

Үркүн: Уулкан эжемдин кейиштүү тагдыры

Төрт же беш жаштагы бала кезим болсо керек. Бир күнү чоӊ энем, атам, апам бир жакка конокко кетишти окшойт. Эртеси эртеӊ менен ойгонсом, үйдө чоочун кемпир пайда болуп калыптыр. Олбурлуу, эркек сындуу, кебетеси сүрдүү, адамды олурая карайт экен. Көзүмдү жакшы ача албай, бирок ошо көзүмдү ушалай берип да, ал кемпирди абай сала карадым. «Эмне жатасыӊ, тур ордуӊан!» – деп койду.

Көрсө бул адам чоӊ атам Акундун бир тууган эжеси Уулкан эже экен. Кийин эс тартканы ал кишини жакшы көрүп, боор тартып калдык. Бирок ойлоном. “Абышкасы жокпу? Балдары болгонбу? Эмнеге биз менен жашачу эле?”

Ошол кезден сураштырып жүрүп, кечээ жакында эле атамдын бир тууганы Бейшебек Акуновдон дагы толуктап сурап билип, ушул киши жөнүндө жазгым келди.

Уулкан эжемдин Үркүндөн мурунку жашоосун билген деле адам калган жок, ошол үчүн Үркүн жана Үркүндөн кийинки жашоосун баяндайлы.

Эл үрккөндө Уулкан эжем 30 жаштардагы келин экен. Менин чоӊ энем Маликан 21де элем дечү эле. Чоӊ-Сары-Ойдун жайлоосунда турушкан экен. Айылыбыздын эркектери чокмор, айрыларын көтөрүп алып Кара-Ойдун орустары менен чабышканы кетишти. Ал айылдын орустары тегеректеги кыргыздарга көбүрөөк ыдык көрсөтүшкөн окшобойбу. Айылда бала-бакыра, келин-кесек калдык. Бир маалда ылдыйга кетишкендерден беш-алтоо эки орусту колу-бутун таӊып, оозуна чүпүрөк тыгып, атка өӊөрүп алып келишти да: «Уулкан, аял да болсо ушул жердеги аял затынын баш көтөрүп турганы сен болуп турасыӊ. Ушул экөөнү сага тапшырдык. Биз кайра чабышка кеттик. Эгерде боор толгоп, бошотуп жибере турган болсоӊ, биз сенин үй-бүлөӊдү аяп койбойбуз. Ошол үчүн жакшылап кайтар. Биз кайра келип бул экөөнү жазалайбыз» деп кайра чаптырып кетишти.

Баягы орустарды карап отурам. Алар мени аял киши боору ооруп коё берер деген үмүт менен баштарын чайкап, бирдеме деп сүйлөп башташты.

«Божолосто, божолосто – деген сөздү эле көбүрөөк кайталап жатышты. Кебетеси бизди өлтүрбө, коё бер деп жатышты окшойт.» (Пожалуйста, не убивай нас! – дешсе керек.)

Коё берейин дейм – жалынып-жалбарганы көбөйүп, колу-бутун бошотконго аракеттенип башташты. Бошотоюн дейм – ылдыйга кеткен кыргыздар кайра келип, орустарды таппай калса, менин үй-бүлөмдү кырып салганы турат. Жөн карап турсам буларыӊ бошонсо, жөн кетпей үй-бүлөмдү жайлаша турган. Эмне кылсам? Айла жоктон, ары жакта жаткан отун жарган балтаны алып, экөөнү теӊ балтанын уӊгусу менен кежиге талаштыра чаап-чаап жибердим… Тынчып жатып калышты.

Мына балдарым: «Өз кара башымды, өз үй-бүлөмдү коргойм деп, айлам жоктон ошентип киши өлтүрдүм» – дээр эле байкуш эжем.

Ошентип эл менен кошо үркүшөт. Шатынын Кара-Баткак деген жерине жете бардык. Артыбыздан казак-орустун жазалоочу аскерлери кубалап жете келишти. (Кара-Баткак деген кандай жер? Балалыгым менен аны түшүнбөсөм керек. Аны азыр деле түшүндүрө албайм го.)

Мына ошол жерден эки жагыбыздан курчап замбирек менен аткылашып, элдин кыйласын кырып жиберишти, – дечү эле.

Өзүмдүн чоӊ энем Байсары кызы Маликан да кошумчалап отурчу:

«Айланайын ай, качып бара жатабыз. Айлана толгон өлүк. Эмгиче көз алдымда. Кетип бара жатсак бир сулуу кыз суналып өлүп жатат. Башында үкү топу, кийимдери адеми, күмүш иймек, колдору толо шакек. Баалуу билерик, мойнунда маржан шуру.

Кайненем мага кайрылды: – Маликан, тетиги кыздын мойнундагы шурусун чечип ал. Барган жерде кереги тиер.

– Жок, энеке! Үстүндөгү байлыгы сактап калса ушул кыз тирүү калбайт беле. Өзүнө буюрбаган буюм бизге жакшылык алып келмек беле? Ушул жерден чымындай жаныбыз аман кетсе ошол биздин олжобуз – деген экен чоӊ энем.

Ошол үчүн, балдарым, бирөөнүн байлыгына көз артпагыла. Байлыгыӊар башыӊарда, силердин аманчылыгыӊарда, – дечү энем.

Чоӊ энем жолдо бара жатып эркек бала төрөйт экен, анысы урунду болуп жолдо чарчап калат. Атын Үркүнбай коюшкан экен.

Чоӊ эжем Уулкандын бешиктеги баласы болот, анын атын дагы Үркүнбай коюшат. Ошол баланы бешиги менен оӊ колуна кармай, Иле суусун кечип баратканда, орустун мылтыгынын огу келип оӊ колунун каруусуна тиет. – Колум чабыла түшүп эле, бешигим колумдан ыргып, сууга түштү. Бөлөнгөн балам чыркырап ыйлап сууга аккан бойдон кетти. Аркасынан барып сактап калганга алым келбеди, өзүм кансырап жээкке аман чыктым. Жалгыз баламдан ошентип ажырап калдым, – дээр эле.

Чоӊ эжемдин оӊ колунун каруусунун булчуӊдары аяк ордундай болуп оӊурайып, оюулуп турар эле, мылтык огу жулуп кеткен экен.

Сол көзүнүн астында да чоӊ бези болор эле. Ошону үчүн жогоруда жазганымдай олурая карачу тура.

Ошентип, аман калган эл Кулжага барышат. Жолдо Уулкан эженин күйөөсү, баласы өлөт.

Чоӊ энем Маликан айтчу эле: – Чериктерден көп кордук көрдүк. Айылынан эмне жоголсо эле, ат чаптырып бизге келишип суракка алышат. Биз кытайча «маё» деген эле сөздү билебиз. «Маё, маё» деп башыбызды чайкап туруп беребиз. Өӊү сулуу кыз-келиндер жаман кийинип, бетибизди көө менен шыбанып алчу элек, болбосо тартып кетишчү эле.

Ошентип, Кулжада күн кечирип жүрдүк. Кытайга ооп барсак да оокаттуу, малдуу барган элек. Ар кандай кырсыктардан, оорудан ошол жердеги жети жакын тууган өлүп, жети абысын жесир калдык. Жети жесирди жети кайнибизге баш байлашты. Менин биринчи күйөөм Кайдуу уулу Ысмайыл эле. Андан бала калбады.

Ошентип жесир калган энемди кайын иниси Тыныбек уулу Акунга баш байлашат. Тыныбек менен Кайдуу бир туугандар.

Баягы оокаттан, малдан бара-бара кол жуушат. Дунгандарда иштешет. Чоӊ эжем Уулкан эл кайра Көлгө кайтып баштаганда, өзүн бир дунганга сатат. Мени алып иниме элге кеткенине бир улоо, тамак-аш бер – дейт.

Туугандардын өлгөндөн калганы ошентип ар кими ар кандай жол менен Көлгө кайтып келишет. Уулкан эже уялаш иниси Акун жана анын үй-бүлөсү үчүн кара башын сайып Кытай жергесинде бөлүнүп кала берет.

Чоӊ атам Акун Көлгө келип жашоосун бир аз оӊдоп алып, 1920-жылдары апийим ташыган аткезчилердин жолу менен Кытайга кайра барган экен. Жашыруун түрдө Уулкан эжеме жолугуп, качуу тууралуу сүйлөшөт.

Уулкан эжем дунганга турмушка чыгып, андан бир кыздуу болот. Күнүлөштөрү ага абдан кас чыгышат. Көргөн күнү абдан эле оор өтөт. Дунгандын коюн кайтарчу экен. Ошол кайтарган коюнан бирөөнү колу-бутун тушап, оозун байлап, токойдон аӊ казып таштап коёт. Жолго талкан, нан камдайт. Үйгө келип кызын жуунтуп – тазалап, чачын өрүп, коштошуп, күйөөсүнө билгизбей, ыйлай-сыктай качып чыгат. Кызын кошо ала кетейин дейт, алып чыга албайт. Айласыз жолго түшүшөт. Жолдо баратып, баягы аӊдагы койду союп алышып, жолго азык кылып алышат.

Ошентип, эжем Көлүнө кайтып келет. Көлгө келгенден кийин Чырпыктылык (Аӊылдак) Ыраман деген чабанга турмушка чыгат. Ал кишинин Мукамбет, Кадыр деген эки уулу бар экен. Кадыр энесинен эмчектеги кезинде калган экен. Ошол Кадыр уулун эмизсе, эмчегинен сүт чыгат. Ошентип ал баланы өз эмчек сүтү менен багып чоӊойтот.

Кийин Кадыр чоӊойгончо багып, үйлөнтөт. Кадыр балалуу-чакалуу болот.

Элүүнчү жылдардын бир жылдары (аны билбейм) чоӊ энем Маликан кайнежеси Уулкан менен учурашканы Чырпыктыга барат. Байкап отурса, улгайып калган эжебиз ошол үйдүн энесиндей эмес, улагадагы үй кызматчысындай абалда калган экен. Үйүн жыйнап, тамагын жасап, бөйпөктөп жүрөт. Энем конуп калат. Кадырдын эмчектеги уулу бар экен, түн ичинде ыйлайт. Чоӊ эжем күйпөлөӊдөп туруп, сүттү чөмүчкө куюп, гезитти бурап күйгүзүп, сүттү жылытып бөтөлкөгө куюп, балага ичирет экен, келини козголбой уктап жатат.

Анан келип өз балдарына айтат экен – «Эжеӊерди келини кор кармап жаткан экен. Атаӊардын бир тууганы, колубузга алып келели» – деп.

Мына ошентип Уулкан эже атамдын колуна келип калган тура.

Чоӊ эжемдин кара чапаны болор эле. Көчөдөн бир чүпүрөктүн үзүндүсүн таап алса, алып келип, жууп, кургатып, ошол чапандын ички өӊүрүнө көктөп коёр эле. «Кимге керек болсо айткыла, мен сөгүп берем».

Көчөдөн мык, зым, бурама тапса да терип келип чемоданына салып койчу. – Керек болсо менден сурагыла. Берем. Ушул чүпүрөк менен темир-терсекке Кытайда жүргөндө абдан зар болчу элек,- деп калчу.

Ошентип, атамдын, Бейшебек байкемдин колунда жүрүп, 1970-жылы 83 жашында дүйнө салды.

Бул Үркүндө үй-бүлө, бала-чака, дүнүйө мүлкүнөн ажыраган, бирок адамгерчилигин сактап кала алган бир гана кыргыздын, кыргыз аялынын тарыхы.

Тарыхыӊды унутпа, кыргыз!

27-март, 2016-жылы тактадым.

Акунова Эркингүл Абыловна

Булак: Азаттык