1916,  Билге

1916-жыл

Абылкасым Жутаке уулу

Качкан элдин артынан
Аскер кууп сүрдүрүп.
Төөгө жүктөп чөп алып,
Ылоо, союш көп алып.
Качкан элдин мал-мүлкүн,
Талап-булап жеп алып.
Ат жабу деп кап алып,
Ылоо, союш мал алып.
Каяша айткан далайы,
Навактыга камалып.
Калктын бары таланып,
Атан төөнү дагы алып.
Падышанын төбөсү
Барган сайын карарып.
Арпа, чөбүн жүктөтүп,
Ала кийиз бүктөтүп.
Актардын залим аскери,
Мылтык атып, дүптөтүп

Замбирек менен пулумут
Казарманга орнотуп,
Калган элди таап алып,
Малы-мүлкүн чаап алып.
Кыргызды камап кырганы,
Кызыл суудай кан агып.
Жалган ишти чын кылып,
Кыргыздарды кырдырып.
Миллион жыл өткөнчө,
Унутпоочу иш кылып