1916,  Билге

Кайран Эл

Ысак Шайбек уулу (1880 – 1957)

Айгыр ат менен атан төө
Арык кылды, кайран эл.
Өлгөн жерде терисин,
Чарык кылды, кайран эл.
Алты шаар элдерин,
Карык кылды, кайран эл.
Караңгы уйгур тамына,
Жарык кылды, кайран эл.
Бир конгон жерге бир жылкы,
Зарып кылды, кайран эл.
Айгыр, атка эки сээр,
Карып кылды, кайран эл.
Кара жанын карч уруп,
Карып кылды, кайран эл.
Өзүн өзү ар кимге,
Тарып кылды, кайран эл.
Антпегенде кантеди,
Акыл, эси, айран эл.
Бир жүз сомдук аттарын,
Сээрге сатты, кайран эл.
Алган сээрин бир конгон,
Жерге сатты, кайран эл.
Ала кийиз, төшөк жок,
Жерге жатты, кайран эл. 
Аксы, Турпан сыз жери,
Белге батты, кайран эл.
Төөлөр өлүп, эшекке,
Жүгүн артты, кайран эл.
Чылгый-чылгый терини
Бутка тартты, кайран эл.
Жүктөп алып, эшекти
Жетеледи, кайран эл.
«Арзан шаар кайда» – деп,
Төтөлөдү, кайран эл.
Карылары баса албай,
Жөтөлөдү, кайран эл.
Жаш балдарын мойнуна,
Көтөрөдү, кайран эл.
Караңгы уйгур тамына
Корголоду, кайран эл.
Баарын берип жан үчүн,
Жорголоду, кайран эл.
Жазгы жамгыр мойнуна,
Шорголоду, кайран эл.
Чыны менен ошентип,
Кор болобу, кайран эл?
Жөө басып таманы,
Чор болобу, кайран эл?
Капка аштык таба албай,
Дорболоду, кайран эл.
Убактыңда кир жуубай,
Мор болобу, кайран эл?
Антпегенде кантели.
Акыл эси кайран эл.
Ат жабууга үй боосун,
Чаргылады, кайран эл.
Көп көзөнөк алам деп,
Чачылады, кайран эл.
Кайсы күнү кабагы,
Ачылады, кайран эл?
Кийиз, тери сатышып,
Кажылады, кайран эл.
Сата электе базарчы
Бажылады, кайран эл.
Бажы деген зордукка
Зар ыйлады, кайран эл.
Бажы алуучу улугу
Калжырады, кайран эл.
Кийим, тамак таба албай,
Алсырады, кайран эл.
Ар кимге там бергин деп,
Жалдырады, кайран эл.
Бай малынан түңүлүп,
Шалдырады, кайран эл.
Жарды жанын канетип,
Калдырады, кайран эл.
Сатмак үчүн бозону,
Салдырады, кайран эл.
Антпегенде кантеди,
Акыл, эси, кайран эл.
Тополоңу тоз болуп,
Тозуп кетти, кайран эл.
Өз элинен адашып,
Бозуп кетти, кайран эл.
Элдин алды илгери,
Озуп кетти, кайран эл.
Кымбат кылып кыштакты,
Бузуп кетти, кайран эл.
Эртели-кеч дос, жарын
Көрүшпөдү, кайран эл.
Чогулушуп өлгөнүн
Көмүшпөдү, кайран эл.
Өкүмүнө Николай
Көнүшпөдү, кайран эл.
Чыдап тирүү зордукка,
Өгүз беле, кайран эл.
Койбой сатып үй ичин
Эгин тапты, кайран эл.
Иши кылып жан сактоо
Эбин тапты, кайран эл.
Баласына жеткирбей
Тегин сатты, кайран эл.
Уул, кызга калуучу
Себин сатты, кайран эл.
Соодагерге алдатып,
Жеңил сатты, кайран эл.
Жесир калган, эри өлүп,
Келин сатты, кайран эл.
Бир-биринен адашып,
Тоз-тоз болду, кайран эл.
Оoкат үчүн бир күндүк,
Ашпоз болду, кайран эл.
Эртели, кеч бир-бири
Баш кошподу, кайран эл.
Болжоп жолдун боюна
Бозо сатты, кайран эл.
Чем-чем болуп жол-жолго,
Болжоп жатты, кайран эл.
Бир топ уук, бир түндүк,
Сайма кылды, кайран эл.
Жүгөрүнүн унунан
Жарма кылды, кайран эл.
Өз жеринен адашып,
Арман кылды, кайран эл.
Бир-биринен адашып,
Таппай жүрөт, кайран эл.
Олтурууга бир аймак,
Батпай жүрөт, кайран эл.
Бир жерине тынч алып,
Жатпай жүрөт, кайран эл.
Көзү кыйып, бай малын
Сатпай жүрөт, кайран эл.
Жарды байкуш эч нерсе
Таппай жүрөт, кайран эл.
Таяк алса колуна,
Аттай жүрөт, кайран эл.
Почто менен жиберген,
Катай жүрөт, кайран эл.
Жакындарды карабай,
Жаттай жүрөт, кайран эл.
Мурункудай тамагын,
Татпай жүрөт, кайран эл.
Казан, аяк, табактар,
Үйүн сатты, кайран эл.
Чычырканак казышып,
Түбүн сатты, кайран эл.
Кымыз, бозо ачыткан,
Күбүн сатты, кайран эл.
Тоо, токойдун ичинен,
Дүмүр сатты, кайран эл.
Үйгө жыйган төшөнчү,
Жүгүн сатты, кайран эл.
Нечен көчөт термелүү
Түрүн сатты, кайран эл.
Кийиздерин кылалбай
Жүнүн сатты, кайран эл.
Оокат үчүн аларды,
Күнүн сатты, кайран эл.
Күмүш чапкан куюшкан,
Жүгөн сатты, кайран эл.
Эч немесин калтырбай,
Түгөл сатты, кайран эл.
Түрлүү, түрлүү көчөттүү
Шырдак сатты, кайран эл.
Мал базарга бышырып
Шыйрак сатты, кайран эл.
Арзан шыйрак мында деп,
Ырдап сатты, кайран эл.
Актай чийди кызылга
Чырмап сатты, кайран эл.
Түрлүү-түрлүү чырмаган
Чийин сатты, кайран эл.
Түгөнгөн соң үй ичи
Кийим сатты, кайран эл.
Кийимдерин баарынан,
Кийин сатты, кайран эл.
Көчүп барган жерлерин
Кымбат кылды, кайран эл.
Аксы, Турпан байына
Кызмат кылды, кайран эл.
Кедеңдетип эшекти,
Жорго ат кылды, кайран эл.
Алты ай багып өз атын
Зорк ат кылды, кайран эл.
Өзү сүйгөн буюмун
Арзан сатты, кайран эл.
Аштык, саман, чөп үчүн
Арзандатты, кайран эл.
Так ошентип акылын
Айраңдатты, кайран эл.
Көйрөндөрүң чачылап,
Дардаңдатты, кайран эл.
Бегим жакшы бегим деп,
Жарбаңдатты, кайран эл.
Чакырып алып, үйүнө
Тайраңдатты, кайран эл.
Табак тартып, колдорун
Тарбаңдатты, кайран эл.
Колун улам алың деп,
Арбаңдатты, кайран эл.
Аштык салып алгыдай,
Кабын сатты, кайран эл.
Ыңырчак менен көтөрмө,
Аркан сатты, кайран эл.
Ачкасына чыдабай,
Арзан сатты, кайран эл.
Кийип турган үстүндө
Тонун сатты, кайран эл.
Эч нерсесин калтырбай,
Сонун сатты, кайран эл.
Үйгө жыйган казына
Булун сатты, кайран эл.
Энелерин ээрчитип,
Кулун сатты, кайран эл.
Илме менен сайдырган,
Сайма сатты, кайран эл.
Мал базарга бышырып
Жарма сатты, кайран эл.
Тогуз карыш, он карыш,
Казан сатты, кайран эл.
Ак кагазга көчүрүп,
Казал сатты, кайран эл.
Жылтыраган калайлуу,
Сандык сатты, кайран эл.
Атка, үйгө жарашкан,
Жабдык сатты, кайран эл.
Эң аягы бир теңге
Жандык сатты, кайран эл.
Баш кошып, чогу байыр албай,
Сайлап жүрөт, кайран эл.
Азаттыкты эңсешип,
Зарлап жүрөт, кайран эл