1916,  Билге

Ажар

Касымалы Баялинов

 — Жаным апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыӊда калган жалгызыӊ келип, жалооруп жаныӊда олтурат. Жалгызыӊдын сөзүн ук, ая! Жалгызыӊ бүгүндөн баштап ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуӊа ал, ач койнуӊду!..