![](https://i0.wp.com/elbilge.org/wp-content/uploads/2018/08/mismildirik.jpg?resize=500%2C719&ssl=1)
Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)
Арслан Койчиев.
Кыргыздардын 1916-жылкы козголоңуна арналган роман. Романдын баш каармандары: Мукай Камбаров, Камбар болуш, Нарбото, Карагыз апа жана башкалар. 1916-жылкы окуялар “Борду” деген жерди байырлаган, “кудаян” деп аталган чакан уруунун, ушул уруунун кишилеринин тагдырынын мисалында тартылган. 20-кылымдын башында Кыргызстандын түндүгүндө “кудаян” деп аталган уруу болгон эмес, бирок автор 20-кылымдын башындагы кыргыз урууларынын тагдырын жалпылаштыруу үчүн тандап алган мисал. Роман 2009-жылдын этегинде “Бийиктик” басмаканасы тарабынан жарыяланган. Ал эми “мисмилдирик” деген сөз “ың-жыңсыз жоголуу”, “дайынсыз жоголуу”, “тукуму үзүлүү” дегенди билдирет.
![](https://i0.wp.com/elbilge.org/wp-content/uploads/2018/08/ajar.jpg?resize=75%2C75&ssl=1)
![](https://i0.wp.com/elbilge.org/wp-content/uploads/2018/08/uluttun-zhogolgon-bailygy.jpg?resize=75%2C75&ssl=1)