Билге

Аккан суу. Жеңижок

Аккан суу

Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 – 1918)

Жер жүзүнө жайылып

Толуп чыккан аккан суу,

Жети кабат жер астын

Жарып чыккан аккан суу.

Жер, Ааламдын баарысын

Багып чыккан аккан суу.

Алты кабат жер астын

Жарып чыккан аккан суу.

Адам менен Обону

Багып чыккан аккан суу.

Ала-Тоонун боорунан

Жарып чыккан аккан суу.

Алтын канат, жез куйрук

Балык чыккан аккан суу.

Кара-Тоонун койнунан

Агып чыккан аккан суу.

Күмүш канат, жез куйрук

Балык чыккан аккан суу.

Кара жердин астынан

Жылып чыккан аккан суу.

Кайда барып токтоорун

Билип чыккан аккан суу.

Ак кыянын боорунан

Агып чыккан аккан суу.

Өмүр отун тутантып

Жагып чыккан аккан суу.

Көк жалгаяк асканы

Тешип чыккан аккан суу.

Көк торполуу көк жарды

Эшип чыккан аккан суу

Зоодон сынбай бир жери

Кулап түшкөн аккан суу.

Аяк-башын үзүлтпөй

Улап түшкөн аккан суу.

Ташка тийип чачырап

Баркыраган аккан суу.

Далай жерге токтолбой

Шаркыраган аккан суу.

Кууш жерге келгенде

Күркүрөгөн аккан суу.

Үрөйүңдү учуруп

Үн сүрөгөн аккан суу.

Жайык жерге барганда

Жаркыраган аккан суу.

Эңкейишке киргенде

Аркыраган аккан суу

Кулагыңды тундуруп,

Капчыгайды чуу кылып

Шаркыраган аккан суу

Коркок адам сүрүнөн

Калтыраган аккан суу.

Сурап-сурап отурсаң,

Кайда болот аккан суу?

Тескейи бийик терең сай

Коодо болот аккан суу.

Ак асаба мелжиген

Боодо болот аккан суу.

Башы туюк капчыгай

Сайда болот аккан суу.

Издегенде табылбас

Жайда болот аккан суу.

Бетегеси кулпунган

Төрдө болот аккан суу.

Жаратылыш жасаган

Өрдө болот аккан суу.

Каз-өрдөгү калкыган

Көлдө болот аккан суу

Бопбоз болуп кор болгон

Тамчы сууга зар болгон

Чөлдө болот аккан суу

Мурда болуп көрбөгоң

Жерге келген аккан суу.

Жер үстүндө жашаган

Элге келген аккан суу

Өз тулкусун жоготпой,

Бир тамчысын коротпой

Кармап келген аккан суу

Курмандыкка денесин

Арнап келген аккан суу.

Аягы жок, колу жок,

Токтойм деген ою жок

Жүрүп келген аккан суу.

Бара турган жерине,

Кире турган көрүнө

Күлүп келген аккан суу.

Бир жагына көгөртүп

Дарбыз кылат аккан суу.

Эч кимди шерик кылбастан

Жалгыз кылат аккан суу.

Алабата, көк беде,

Жалбыз кылат аккан суу.

Аюу чачы, ак сокто,

Андыз кылат аккан суу.

Үстүңө кийип жүрүшкө

Кийим кылат аккан суу.

Өз өнөрүн билбестен

Кыйын кылат аккан суу.

Чайга салып ичишке

Нават кылат аккан суу.

Барган жерин кулпунтуп

Абат кылат аккан суу.

Жердин бетин жайнатып

Чөп жаратат аккан суу.

Төрт түлүктү семиртип

Өт жаратат аккан суу.

Алма, жүзүм, алмурут,

Алча кылат аккан суу.

Четин, шилби, карагай,

Арча кылат аккан суу.

Биз билбеген дүйнөдөн

Канча кылат аккан суу

Жердин үстүн тепсеген

Малга келген аккан суу.

Ай-Ааламда жашаган

Жанга келген аккан суу.

Арык казып төтөлөп,

Алып кетсе жетелеп

Кете берген аккан суу.

Бөлгөн жерге токтобой

Чарчаганга окшобой

Жете келген аккан суу.

Кара таштан жаркырап

Түшүп жаткан аккан суу.

Жан-жаныбар шимирип

Ичип жаткан аккан суу.

Ак жектенин жеңине

Кир койбогон аккан суу

Ай, аккан суу, аккан суу

Ай-Ааламды, баккан суу,

Сыр-Дайрадан кең туруп

Сыр аякка баткан суу!

Жабыркатпай жай-кышы

Жандын баарын баккан суу,

Дайра болуп ташкан суу,

Тар арыктан ашкан суу,

Агыны катуу болгон суу,

Ар өзөнгө толгон суу

Кара шибер, көк майдан

Саздуу болот аккан суу.

Кайырсаң келет арыка,

Баштуу болот аккан суу.

Аккан жери дайыма

Эңиш болгон аккан суу.

Ай чапчыган толкуну,

Эч билбеген коркууну

Деңиз болгон аккан суу,

А жаныбар, аккан суу.

Деңизинде сойлогон,

Алышканын койбогон,

Арыстан баштуу, мурду шиш,

Канаты бар учканга,

Бул дүнүйө жалганды

Кайраты бар жутканга,

Алтымыш кулач, беш баштуу

Ажыдаарың дагы бар.

Жарык кылган түндөсү

Кулагынын түбүндө

Күйүп турган шамы бар.

Сыпларың көп катылган,

Көк өгүздөй балыгың

Көктү көздөп атылган,

Жаркыратып түн ичин

Кайра сууга жашынган

Тоодон аккан жеринен,

Жаралганда тегинен,

Тунук болгон аккан суу.

Тазалыгы жагынан

Карап турсаң баарынан

Улук болгон аккан суу.

Кемеринин ичине

Алтын канат, жез куйрук

Балык толгон аккан суу.

Керектиги Ааламга

Анык болгон аккан суу.

Алдына шайтан жуутпай

Кууп турган аккан суу.

Ажал жетип өлгөнүн

Ак кепиндеп, аруулап

Жууп турган аккан суу

Арам менен адалды

Ылгабайсың, аккан суу,

Бир адамды жамандап

Булгабайсың, аккан суу!

Жайы-кышы барабар

Саан алган аккан суу.

Асмандан булут кубулуп

Жаан алган аккан суу.

Алты айчылык жол бассаң,

Арасынан үзүлбөй

Созуласың, аккан суу.

Алтымыш бөлөк баш жагың,

Аягың келип бир жерден

Кошуласың аккан суу.

Дыйкан чарба адамды

Бүт тындырып мурааңды

Жабыркатпай баккан суу.

Кызматы менен кишиге

Мына ушундай жакан суу!

Челек менен көтөрсө

Түгөнөм деп шашпаган,

Тиктеп туруп байкасак,

Калыбынан жазбаган

Кандай молсуң, аккан суу!..

Тоо боорунан оргуштап

Булак болгон аккан суу.

Катын менен балага

Ынак болгон аккан суу

Жоодураган бото көз,

Моймолжуган ширин сөз,

Күмүш үндүү, күн жүздүү,

Жан эргиткен бал тилдүү,

Шыбырашып, сүйлөшүп,

Бирин бири жүр дешип,

Аста күлүп, шыңк этип,

Алтындан иймек сөйкөсү

Кулагында жылт этип.

Муну көргөн жигитти

Эр жүрөгү зырп этип,

Эки челек көтөрүп

Кыздар келген аккан суу

Ай тамагын кылайтып,

Ак көйнөгүн булайтып,

«Секетпай» деп ыр ырдап,

Аккан сууга сыр айтып,

Жанаша басып кыналып,

Өңүн суудан каранып,

Тоту куштай таранып,

Келиндер келген аккан суу!

Булактын башын болжошуп,

Муңайып күтүп, жол тосуп,

Жашчылык менен каңгышып,

Булактын жанын аңдышып,

Чылбырдан атын кармашып,

Чын перидей сулууга

Чын дилден сөзүн арнашып,

Чыңыртып күлүк минишип,

Чийбаркыт тандап кийишип,

Далбас уруп жаштыкта

(Алдастаткан адамды

Арагы жок мастык да!)

Бир көз салып калууга

Ынактыгын билгизип

Учуру келсе айтууга,

Жеңесин салып ортого

Желдирип эрте кайтууга,

Жашчылык иштин айынан

Башын сайып тартууга,

Булактан көзү өтүшүп

Жигиттер келген аккан суу!

Белдемчисин байланып,

Балдарына айланып,

Небересин ээрчитип

Секин басып чайпалып,

Отурганда «белим» деп,

Чоочуганда «эрим» деп,

Кемпирлер келген аккан суу!

Ак сакалын жайкалтып,

Аста сүйлөп, нарк айтып

Жолдун ташын теришип,

Булак оңдоп беришип,

Чалдар келген аккан суу!

Божурашып сүйлөшүп,

Бир күндө он беш суу кечип,

Суу боюна барышып,

Суу мултук жасап алышып,

Суу мылтык менен атышып,

Бир кумарга канышып

Балдар келген аккан суу!

Ай туяктан арнашып,

Ак боз бээ тандап союшуп,

Абыдан этке тоюшуп,

Арча көпкө чыдайт деп

Каржыгачка коюшуп,

Карагай кесип кынашып,

Карылар менен сынашып,

Чеңгек менен бекитип,

Чечилип сырга келишип,

Суу кечпей малы өтсүн деп,

Сугун артпай кетсин деп,

Эл катташып оңсун деп,

Эбин таап жасаарга

Эпчил уста болсун деп,

Көпүрө салып көпчүлүк

Элдер келген аккан суу!

Таң кашкайып сүргөндө,

Булутту шамал түргөндө,

Суу катуулап киргенде,

Тараза жылдыз бөлүнүп,

Ой-тоонун бары көрүнүп,

Сүрүлүп жылдыз качканда,

Таңкы Чолпон батканда,

Өзөндөн ак шамал жүрүп ыркырап,

Суудан кара буу чыгып буркурап,

Асмандан жылдызы качып дыркырап,

Токойдо гүлдөр гүл бурап,

Бутакта булбул ыр курап,

Шыбакта торгой чулдурап,

Жылгадан алты миң булак шылдырап,

Жарашкансың, аккан суу!..

Күн жайылып келгенде

Күңгүрөнүп күч алып,

Күмүш комуз күү чалып,

Аңкыраган күч алып,

Алтын комуз күү чалып,

Күн келбетин бетине

Жаркыратып түшүрүп,

Чаңкап келген мал-жанга

Тартынбастан ичирип.

Күмүштөй болуп жалтылдап,

Берекесин арттырып,

Ийип берген балкылдап!

Бири консо, бири учуп,

Бири келсе, бири кетип,

Эки жагын карашып,

Канаттарын тарашып,

Мукам-мукам сайрашып,

Өз тилинде күү чертип,

Жагжагына толтуруп

Балапанга суу берип

Куштар келген аккан суу

Куйрук-жалы бир карыш

Кулан келген аккан суу.

Аягы жок, колу жок

Жылан келген аккан суу.

Түш мезгили маалында

Күкүктөнүп күүлөнгөн,

Күкүк болуп сүйлөгөн,

Шамал чыгып өзүнөн

Шапатасы жыргаткан,

Шайырланып шар агып,

Шаңшыттырып ырдаткан.

Жандап барган мал ичип,

Суусап барган жан ичип,

Боору менен сойлогон

Буту менен баскан да,

Асман менен учкан да,

Мурду менен тынган да,

Бары өзүңө келишкен,

Асилденсин, аккан суу!..