Битик,  Видео

Гүлнур Сатылганова. Асман

Гүлнур Сатылганова. Асман

Обону Райхан Бейшеналиева

Сөзү Кыялбек Урмамбетов

Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,

Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.

Эли жерин көктөн колдоп турганга,

Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:

Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,

Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.

Асман, асман кээде булут жамынып,

Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,

Жашап келет, ачык асман эл тилеп.

Көз алдыңан канча заман өтсө да,

Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,

Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.

Асман, асман кээде булут жамынып,

Адамдардын тардыгына ыйлайсың…

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?

Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.

Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,

Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:

Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,

Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.

Асман, асман кээде булут жамынып,

Адамдардын тардыгына ыйлайсың..