Билге

Жердеги жашоо булактан тараган

Жашоо океанда эмес, жердеги көлдөр менен көлмөлөрдө пайда болуу ыктымалдыгын австралиялык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Жаңы Түштүк Уэльс университетинин Астробиология борборунун доктору Тара Жокич айым баштаган изилдөөчүлөрү Батыш Австралиядагы жылуу булактардан 3,48 миллиард жылдык гейзериттин (кремний туфту) катмарынан бактериялардын изин табышты. Буга чейин Африкада 2,7-2,9 млрд жыл мурда жашаган бактериялар табылган эң байыркы микробдордун жашоосунун далили деп эсептелчү.

“Биздин изилдөөбүздүн жыйынтыгы жылуу булактарда жашоонун пайда болуусун 3 млрд жыл артка жылдыргандан башка дагы жашоо мурда эсептелгенден болжол менен 580 миллион жыл илгерирээк пайда болгонун шарданалайт. Бул өзү – азыр көп айтылып жүргөн версиядагыдай – жашоо океандын түпкүрүнөн чыгып, жерге ылайыкташпастан, кургактагы суусу ичимдүү термалдык булактарда пайда болгон дегенди билдирет”, – дейт Тара Жокич айым.

Алар мындай тыянакты Пилбар кратонундагы (жердин сырты катмарындагы Архей эонунан бери өзгөрүлбөй сакталган) байыркы Дрессер геологиялык формациядагы микроорганизмдердин ишмердигинин натыйжасын күбөлөгөн катмарлар – старомолиттерди изилдеген соң жасашты. Эң маанилүү далил: старомолиттерде көбүктөй болгон көнөкчөлөр бар экен. Аларды байыркы бактериялар же микробдор бөлгөн газ түрүндөгү заттар гана жаратышы мүмкүн. Мындай көнөкчөлөр тирүү клеткалар бөлгөн полимер заттарда – субстанцияларда эле пайда болот жана сакталат. Мурда бул старомолиттер деңиз чөйрөсүнүн калдыктары деп эсептелчү. Мындай түшүнүк натуура экенин австралиялык астробиологдордун илимий табылгасы айгине кылды.

Архей эон, архей (байыркы грек тилинде – байыркы деген) — Жердин төрт эонунун (геологиялык жашынын) бири жана 4 млрд жылдан 2,5 млрд жыл мурдагы убакытты камтыйт. Бул Жер планетасындагы жашоонун эң байыркы этабы жана 4 млрд жылдай мурда ысык Жерде жанар тоолор атылып, космостон Жерге метеориттер такай жаап турганда башталган. Архей болжол менен 1,5 млрд жыл созулуп, ал бүткөндөн кийин деңиздерде биринчи тирүү жандыктар-бактериялар пайда болгон жана Жерде жашоо өнүгө баштаган деп эсептелчү.

Архей терминин 1872-жылы америкалык геолог Жеймс Дана сунуш эткен. Архей төрт эрага (эң кийинкиден байыркыга көздөй) бөлүнөт: Неоархей, Мезоархей, Палеоархей, Эоархей.

Эон (байыркы грек тилинде кылып, доор деген) геологияда эонотема калыптанган геологиялык тарыхтын бир бөлүгү жана бир бир нече эраны камтыйт. Геологияда төрт эон бар: Фанерзой, Протерозой, Архей, Катархей.

(Булак: Азаттык)