Билге

Умай эне жөнүндө уламыш

Качандыр бир заманда Датка аттуу момун адам жашаптыр. Анын жети кызы болуптур. Эң кичүү кызынын атын Умай деп, чоң атасы Түкүбай акылман өзү койгон экен.


Жылдар өтө берет, Датканын кыздары бой тартып чоңоюшат. Турмуш деген турмуш эмеспи кыздар да биринин артынан бири турмуш сапарына аттанышып орун алып кетишине Датка бир жагынан кубанса, экинчи жагынан өкүнөт, капаланат. Үйү бөлөктүн түйшүгү бөлөк дегендей, кыздары да анда-санда көрүнүп, аларды ойлогон Датка түнү бою күңгүрөнүп чыгат.
Атасынын муңканып, кайгы тартканын эстүү кыз Умай сезип калат. Ал өзүнүн жаштыгына карабастан чоң кишилерден артыгыраак ойлонуучу. Бардык нерсеге күчү жетпесе да, акылы жетчү. Көпкө ойлонуп отуруп Умай бир чечимге келет. «Алты жаш деген оңойбу эгерде жамандыгым болбосо, жаштыгым калган жок. Сөзсүз атамдын көңүлүн көтөрүп, дартына дабаа табышым керек. Бул өз колумдан оңой менен келбейт. Келген күндө да, убакыттан уттуруп коюшум мүмкүн. Ошондуктан чоң атам тапшырып кеткен китебин тезинен окуп чыгышым керек. Мунсуз, дартка дабаа болчударыны көпкө издеп калам. Китепти толук окуп чыксам, жалаң гана ата-энеме жардамым тийбестен, элге да тийиши мүмкүн»,— деген ойго келет.
Убакыт аз өттүбү, көп өттүбү ким билсин, өзүнүн тырышчаак мүнөзүнүн аркасында Умай укмуштуудай дарыгер болуп чыга келет. Ал жөнүндө эл арасында кептер тарайт. Сыркоолуу адамдар келип андан жардам ала баштайт. Калк айтса, калп айтпайт деген эмеспи. Элге тараган имиш кептер чындыкка айланып, Умайдан дарыланып кеткендер куландан соо сакайып кетип жатышты. Ал жадагалса айбанаттарды да аяп, дарылай турган болду. Айыккандар бир эсе кубанса, аныдарылаган Умай, миң эсе кубанат. Ата-энесин сакайтып, алардын алкышына ээ болду. Умай үчүн келген кеселдердин баары бирдей боло турган. Аларды байлыгына, же мансабына карап мамиле жасоочу эмес.
Канча акылдуу болсо да, баланын балалык мүнөзү калат тура. Умай деле бала сыяктуу ата-энесине эркелегенди жакшы көрөт. Датка менен байбичеси кызынын кылык-жоругуна, боорукердигине жетине алышпайт. Бирөөнүн көзү тийбесин деп, тумар чийдирип мойнуна тагат. Умай ар дайым сыркоолуута чоң атам Түкүбайдын эми тийди деп айтып, эч качан мен дарыладым, мен сакайттым деп айтчу эмес экен.
Күндөр өтүп, жылдар жылып, Умай эне болду. Күн санап эненин аты ааламга угулуп, дүйнөгө тарады. Эми ал анын көлөкөсүнө сыйынчу болду. Ал гана эмес менменсинген дарыгерлер сыркоолууну көрөр алдында, оболу Умайга сыйынып: «Менин колум эмес, Умай эненин колу», деп туруп, андан ары өз иштерин жасашкан.
Ошентип, алты жашар кыз өз тырышчаактыгынан, акылдуулугунан, ак эмгегинен жамы журттун оозуна алынып, «Умай эне» атка конуптур. Көптүн батасын алган Умай эне түбөлүккө өлбөс болуп калыптыр. Кимдин үйүндө сыркоолуу бала-бакыра болсо, ал ошол жерде болот дейт. Табы айныганга эм-домун салып, тезирээк айыгып кетишин тилейт дейт. Эл арасында азыр да Умай эне өтө жакшы көргөн кишисине гана жолутат деген ишеним сакталып калган.
Ооба, ылайым Умай эненин, колу тийсин, дарт жолобосун, кырсык алыс кетсин!